Башкы Жаңылыктар Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук …

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандарга, саясий партияларга, коомдук бирикмелерге жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнө (жергиликтүү кеңештерге) КАЙРЫЛУУСУ

18-Апр, 2017

Аймактык шайлоо комиссияларынын резервин толуктоо максатында (мындан ары-АШК) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан жана саясий партиялардан өкүлдөрүн көрсөтүү жөнүндө жарыялайт.

Талапкерлерди АШКлардын резервине көрсөтүүдө жарандардын өздөрүнүн макулдугун, ошондой эле шайлоо компанияларына, коомдук иштерге катышуу тажрыйбасын, кесиптик жана жеке сапаттарын эске алуу зарыл.

Көрсөтүү субьектилери, шайлоо комиссияларынын мүчөлүгүнө талапкерлер эреже катары, тийиштүү калктуу пунктун аймагында жашоосу керектигин эске алуулары зарыл.

Шайлоочулардын жыйындарынын АШКнын резервине талапкерди көрсөткөндүгү жөнүндө протоколдору жыйындын төрагасынын жана катчысынын колу менен күбөлөндүрүлүшү зарыл.. Протоколго жыйынга катышкандардын жашаган жерин көрсөтүү менен тизмеси, алардын колдору коюлуп, тиркелиши керек. Жогорку көрсөтүлгөн документтерге тиркелет:

- талапкердин АШКнын курамында иштөөгө макулдугу жөнүндө арызы жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын сактоо жөнүндө милдеттенмеси;

- паспортунун көчүрмөсү:

- иштеген, окуган жерин, билимин көрсөтүү менен биографиялык маалыматтары (кадрларды эсепке алуу баракчасы, резюме);

- байланыш маалыматтары: жашаган жеринин дареги, телефондору (үйдүкү, уюлдук, электрондук почтасы).

АШКлардын резервине талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө жыйындардын протоколдору, 2017-жылдын 12-майы, саат 18.00гө чейин тийиштүү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарында  (шаардык, райондук кеңештер) кабыл алынат.

АШКлардын резервине саясий партиялардын талапкерлерин көрсөтүү жөнүндө протоколдору, 2017-жылдын 12-майы, саат 18.00гө чейин  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында кабыл алынат.




Сурап-билүү телефондору : 66-51-86, 66-01-18,  www.shailoo.gov.kg.




Саясий партиялардан:

 

Чүй облусу

1.Аламүдүн АШКсы

2.Жайыл АШКсы

3.Кемин АШКсы

4.Москва АШКсы

5.Панфилов АШКсы

6.Сокулук АШКсы

7.Чуй АШКсы

8.Ысык-Ата АШКсы

 

Ыссык-Көл облусу

9.Ак-Суу АШКсы

10.Балыкчы АШКсы

11.Жети-Өгүз АШКсы

12.Ыссык-Көл АШКсы

13.Тоң АШКсы

14.Тюп АШКсы

15.Каракол АШКсы

 

Нарын облусу

16.Нарын ш.

17.Ак-Тала АШКсы

18.Ат-Башы АШКсы

19.Нарын АШКсы

20.Жумгал АШКсы

21.Кочкор АШКсы

 

Талас облусу

22. Талас ш.

23.Бакай-Ата АШКсы

24.Кара-Буура АШКсы

25.Манас АШКсы

26.Талас АШКсы

 

Ош облусу

27.Алай АШКсы

28.Араван АШКсы

29.Кара-Кулжа АШКсы

30.Кара-Суу АШКсы

31.Ноокат АШКсы

32.Өзгөн АШКсы

33.Чоң-Алай АШКсы

 

Жалал-Абад облусу

34.Аксы АШКсы

35.Ала-Бука АШКсы

36.Базар-Коргон АШКсы

37.Кара-Көл АШКсы

38.Майлуу-Суу АШКсы

39.Ноокен АШКсы

40.Сузак АШКсы

41.Таш-Көмүр АШКсы

42.Тогуз-Торо АШКсы

43.Токтогул АШКсы

44.Чаткал АШКсы

 

Баткен облусу

45. Баткен ш.

46.Баткен АШКсы

47.Кадамжай АШКсы

48.Лейлек АШКсы

49.Сүлүктү АШКсы

50.Кызыл-Кыя АШКсы

 

Өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан:

 

Чүй облусу

1.Аламүдүн АШКсы

2.Кемин АШКсы

3.Москва АШКсы

 

Ыссык-Көл облусу

4.Ак- Суу АШКсы

5.Балыкчы АШКсы

 

Нарын облусу

6.Нарын АШКсы

 

Жалал-Абад облусу

7.Ала- Бука АШКсы

8.Базар-Коргон АШКсы

9.Майлуу-Суу АШКсы

10.Таш-Көмүр АШКсы

11.Тогуз-Торо АШКсы

12.Чаткал АШКсы


 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында аяктайт. Бул акыркы күн! Шашылыңыздар! Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” https://accreditation.srs.kg/ автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>