Башкы Жаңылыктар ЕБнин Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү, элчи Петер …

ЕБнин Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү, элчи Петер Буриан: "ЕБ Кыргызстандагы шайлоо реформасын колдоого кызыкдар".

26-Апр, 2017

 

25-апрелде БШКнын төрагасы Нуржан Шайлдабекова Европа Союзунун Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү, элчи Петер Буриан менен  жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө, БШКнын  төрагасы  элчиге  Кыргыз Республикасындагы шайлоо тутумундагы реформалар тууралуу айтып берди. Ошондой эле   шайлоо тутумун өркүндөтүү багытында  жүргүзүлгөн  иштер менен тааныштырды. Алдыда боло турган КРнын Президентин шайлоого карата даярдык,  шайлоо процессине арналган коомдук эксперттик аянтчанын түзүлүшү тууралуу баяндады.

Петер Буриан мындай деди: "ЕБ Кыргызстанга зор   үмүт менен карап турат. Шайлоо тутумуна реформалар жүргүзүлүп,  коомчулуктун ага болгон  ишеними жогорулап жатканына күбө болдук.  Алдыда боло турган президенттик шайлоодо азыркы шайлоо тутуму өтө ишенимдүү иштейт деп ишенгибиз келет. Бул өлкөгө туруктуулук жана калкка зор ишеним алып келет”.

БШКнын төрагасы Н. Шайлдабекова шайлоо реформасынын  биринчи этабы өткөрүлдү жана ал шайлоо моделинин процедуралык модели бардык деңгээлде–жергиликтүү, парламенттик шайлоого референдумга киргизилгенин айтты. -Биз биринчи жолу аны президенттик шайлоодо байкайбыз. Азыркы учурда шайлоонуну бардык түрлөрүнө моделди унификациялоо жүрүүдө. Биз шайлоо процессине болгон комплекстүү мамилени өркүндөтүү ишин улантмакчыбыз-деп кошумчалады төрага.  

Борбор Азия боюнча Атайын өкүл шайлоо системасын колдоо боюнча өз максаттарына жетүү үчүн, максималдуу түрдө акыйкат жана бардык тараптардын ачык-айкын ишинин зарылдыгын белгиледи.

БШКнын төрагасы  эркин демократиялык шайлоолорду камсыз кылууга багытталган Кыргызстандын шайлоо тутумун  колдоосу үчүн элчи Петер Бурианга ыраазычылык билдирди.

Жолугушууга БШКнын төрагасынын орун басары  А. Aбдрахматова, БШКнын мүчөлөрү Г. Журабаева жана Б. Кадыров катышты.

БШКнын басма сөз кызматы 

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоочуларга, талапкерлерге, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жана шайлоо процессинин катышуучуларына кайрылуусу!
25-Сен, 2026

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоочуларга, талапкерлерге, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жана шайлоо процессинин катышуучуларына кайрылуусу!

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоочуларга, талапкерлерге, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жана шайлоо процессинин катышуучуларына кайрылуусу!Урматтуу шайлоочулар, талапкерлер, саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана шайлоо процессинин катышуучулары!Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын (мындан ары – конституциялык Мыйзам) 48-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык:Президентти кезектеги шайлоо Президенттин шайланган ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктоочу жылдын январь айынын төртүнчү шаршембисинде өткөрүлөт жана шайлоо күнүнө чейин 4 айдан кечиктирбестен Жогорку Кеңеш тарабынан дайындалат.Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 24-сентябрындагы № 715-VIII токтому менен Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоо 2027-жылдын 27-январына (шаршемби) дайындалды.Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары, шайлоочулар!Жалпы шайлоо укугунун принциптерине ылайык, 18 жашка толгон Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого  жана добуш берүүгө катышууга укуктуу.Шайлоо мезгилинде Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган же жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктары тышкы иштер маселелерин тескеген мамлекеттик орган тарабынан өзүнүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери аркылуу камсыз кылынат. Шайлоо күнү активдүү шайлоо укугуна ээ болгон жана «Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын бардык жарандары шайлоочулардын тизмесине киргизилет.Эгерде Сиз шайлоочулардын тизмесинде жок болсоңуз, ошондой эле биометрикалык каттоодон өтпөсөңүз, Калкты тейлөө борборлорунда (КТБ) биометрикалык каттоодон өтүп, паспорттук маалыматтарыңызды жаңыртсаңыз болот.Добуш берүү күнүнө 80 календардык күн калганда, башкача айтканда, 2026-жылдын 8-ноябрына чейин, www.tizme.gov.kg мамлекеттик порталында шайлоочулардын алдын ала тизмеси жайгаштырылат, анда Сиз өзүңүз жөнүндө маалыматтарды тактай аласыз.Ошондой эле шайлоочулардын алдын ала тизмеси тиешелүү шайлоо участкаларында 2026-жылдын 18-ноябрына чейин илинет.Кандайдыр бир ката же так эместик табылган учурда, Сиз 2026-жылдын 18-ноябрынан 2027-жылдын 12-январына чейин мыйзамдарда белгиленген тартипте авторизациядан өтүү менен www.tizme.gov.kg мамлекеттик порталындагы «Шайлоочунун кабинети» сервиси аркылуу электрондук форматта арыз берүүгө укуктуусуз.Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары, саясий партиялардын өкүлдөрү!Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык, 35 жашка чыккан, мамлекеттик тилди билген жана республикада жалпысынан 15 жылдан кем эмес жашаган Кыргыз Республикасынын жараны Президент болуп шайлана алат. Шайлоочулардын 30 миңден кем эмес колун топтогон жана өз шайлоо фондунун каражатынан Борбордук шайлоо комиссиясынын эсебине мыйзамда белгиленген эсептик көрсөткүчтүн он миң эсе өлчөмүндө шайлоо төгүмүн төккөн адам Президенттикке талапкер болуп каттала алат.Президенттин кызмат ордуна талапкер мамлекеттик тилди билүүнүн деңгээлин аныктоо тутумунун талаптарына ылайык «Ортодон жогору» деңгээл катары мүнөздөлүүчү, карым-катыштын бардык чөйрөлөрүндө кесиптик ишти жүзөгө ашыруу үчүн коммуникативдик компетенциянын деңгээлинде мамлекеттик тилди билүүгө тийиш. Мамлекеттик тилди билүү деңгээли мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу сертификат менен ырасталат. Мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу сертификат тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же мекеме тарабынан берилет.Конституциялык Мыйзамга ылайык, Президенттин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күндөн кийинки күндөн тартып башталат жана шайлоо күнүнө 75 календардык күн калганда, башкача айтканда, 2026-жылдын 13-ноябрына чейин аяктайт.Президенттин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү укугу жарандарга өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен, ошондой эле шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күнгө карата белгиленген тартипте катталган саясий партияларга таандык.Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди саясий партия тарабынан көрсөтүү анын уставында каралган тартипте жана конституциялык Мыйзамдын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.Талапкерди көрсөтүү жөнүндө саясий партиянын чечиминин протоколу Президенттин кызмат ордуна талапкерлигин коюуга макулдугу жөнүндө арыз тиркелүү менен талапкер тарабынан Борбордук шайлоо комиссиясына машинада окулуучу түрдө берилет.Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде көрсөтүү Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлигин коюу ниети жөнүндө арызды Борбордук шайлоо комиссиясына берүү жолу менен жүзөгө ашырылат.Талапкерлигин коюуга каалоосун билдирген жаран же Президенттин кызмат ордуна талапкерди көрсөткөн саясий партия документтерди бергенге чейин шайлоо алдындагы өнөктүктү каржылоо үчүн өзүнүн шайлоо фондун түзөт. Шайлоо фонддорунун каражаттары максаттуу багытка ээ. Алар шайлоо өнөктүгүн өткөрүүгө байланышкан чыгымдарды жабууга гана пайдаланылышы мүмкүн.Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер 30 миңден кем эмес шайлоочунун колу менен колдоого алынууга тийиш, мында берилген колдордун саны шайлоочулардын 60 миң колунан ашпоого тийиш. Президенттикке талапкерлерди колдогон колдорду чогултуу талапкерлер көрсөтүлгөн күндөн тартып жүргүзүлөт жана талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан уюштурулат. Конституциялык Мыйзамга ылайык, кол чогултуунун тартиби жана кол коюу барагынын таризи Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленет.Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колдорун чогултуу автоматташтырылган маалыматтык тутум аркылуу электрондук форматта жүзөгө ашырылат. Тутум шайлоочуну авторизациялоо жана ал тарабынан тандалган талапкерди колдоосун билдирүү жолу менен «Түндүк» электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы аркылуу Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колдорун электрондук түрдө чогултууну камсыз кылат, ошондой эле талапкерлерге жана Борбордук шайлоо комиссиясынын ыйгарым укуктуу кызмат адамдарына чогултулган колдор жөнүндө маалыматтарды көрүү жана кол коюу барактарын түзүү мүмкүнчүлүгүн берет.Президенттикке талапкерди колдогон колдорду чогултуу боюнча кол коюу барактары ыйгарым укуктуу өкүлдөр тарабынан шайлоо күнүнө 50 календардык күн калгандан кечиктирбестен, башкача айтканда, 2026-жылдын 8-декабрына чейин Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырылат. Борбордук шайлоо комиссиясы каттоо кызматтарынын кызматкерлерин тартуу менен 10 күндүк мөөнөттө колдордун аныктыгын текшерет. Кол коюу барактарын кабыл алууда Борбордук шайлоо комиссиясы ар бир кол коюу барагын мөөр менен күбөлөндүрөт жана кол коюу барактары кабыл алынгандыгы жөнүндө жазуу жүзүндө ырастама берет.Каттоо үчүн Президенттин кызмат ордуна талапкер же анын ыйгарым укуктуу өкүлү шайлоо күнүнө 45 календардык күн калгандан кечиктирбестен, башкача айтканда, 2026-жылдын 13-декабрына чейин, Борбордук шайлоо комиссиясына төмөнкү документтерди берет:1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна саясий партиядан талапкерлигин коюуга макулдугу жөнүндө жарандын арызы (саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн талапкер берет);2. Өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер болуу ниетин билдирген жарандын арызы;3. Эсептик көрсөткүчтүн он миң эсе өлчөмүндө шайлоо төгүмүн (талапкердин шайлоо фондунан) төккөндүгүн ырастоочу банктык документтин түп нускасы;4.  Саясий партиянын Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди көрсөтүү жөнүндө чечиминин протоколу (саясий партия көрсөткөн талапкер тарабынан берилет);5. Саясий партиянын мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүгүнүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (саясий партия көрсөткөн талапкер тарабынан берилет);6. Саясий партиянын уставынын нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (саясий партия көрсөткөн талапкер тарабынан берилет);7.   Улуттук паспорттун типтеринин биринин көчүрмөсү;8.    Жеке маалыматтарды чогултууга жана иштеп чыгууга макулдук;9.  Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер жөнүндө маалыматтар;10. Башка мамлекеттин жарандыгы жок экендиги жөнүндө декларация; 11. Диний ишмерлер үчүн чектөөлөрдү сактоо жөнүндө декларация; 12.  Кыргыз Республикасынын аймагында, ошондой эле чет мамлекетте соттуулугу, реабилитацияланбаган негиздер боюнча токтотулган кылмыш иши бар же жок экендиги жөнүндө декларация;13.  Мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же мекеме тарабынан берилген мамлекеттик тилди билүү деңгээли “Ортодон жогору” деңгээлинен төмөн эмес экендиги тууралуу сертификат;14.  Талапкердин иштеген жеринен маалымкат. Анын кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууну токтотуу же токтото туруу жөнүндө тиешелүү буйруктардын (тескемелердин) күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (талапкер көрсөтүлгөн учурдан тартып берилет);15.  Мамлекеттик жана расмий тилдерде биографиялык маалыматтары камтылган талапкердин анкетасы; 16. Талапкердин мамлекеттик жана расмий тилдердеги шайлоо алдындагы программасы.Борбордук шайлоо комиссиясы документтер кабыл алынган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди көрсөтүү тартибинин Конституциянын жана конституциялык Мыйзамдын талаптарына ылайык келишин текшерет жана талапкерди каттайт же болбосо каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөлөштүрүлгөн чечим чыгарат.Мында, эгерде Борбордук шайлоо комиссиясы талапкердин документтеринде аны каттоого тоскоолдук кылган ылайык эместиктерди тапса, документтерди алгандан кийин 48 сааттын ичинде Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерге табылган ылайык эместиктер жөнүндө билдирет. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер билдирүүнү алган учурдан тартып 48 сааттын ичинде зарыл болгон өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана оңдолгон документтерди Борбордук шайлоо комиссиясына берүүгө укуктуу.Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди каттоо шайлоо күнүнө 35 календардык күн калганда, башкача айтканда, 2026-жылдын 23-декабрына чейин аяктайт.Борбордук шайлоо комиссиясы каттоодон өткөндөн кийин 2 календардык күндүн ичинде Президенттин кызмат ордуна талапкерлерге катталган күнүн көрсөтүү менен талапкердин тиешелүү күбөлүгүн берет.Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна төмөнкү адамдар шайланууга укуксуз:1) соттолгондугу бар, анын ичинде алып салынган же жоюлган;2) аларга карата кылмыш иши реабилитацияланбаган негиздер боюнча кыскартылган, төмөнкүлөрдү кошпогондо:- коркунучтуулугу аз кылмыштар, этиятсыздыктан жасалган анча оор эмес кылмыштар;- Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жана аларда каралган тартипте жабырлануучу жеке-ачык айыптоону колдоодон баш тарткан жана (же) жабырлануучу айыпталуучу менен макулдашууга жетишкен учурлар;3) диний ишмерлер өздөрүнүн диний ишин токтоткондон кийин 5 жыл ичинде.Конституциялык Мыйзамга ылайык талаптарды аткарбаган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы каттоодон баш тарта алат.Каттоодон баш тартуу үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат:конституциялык Мыйзамга ылайык талапкерди каттоо үчүн зарыл болгон документтерди бербөө;талапкерди колдоп берилген шайлоочулардын ишенимдүү колдорунун санынын жетишсиздиги;3) талапкердин пассивдүү шайлоо укугунун жоктугу;4) конституциялык Мыйзамда белгиленген учурларда талапкер өзүнүн шайлоо фондун түзбөгөндүгү;5) шайлоо төгүмүн төккөндүгүн ырастоочу банктык документтин (түп нускасынын) жоктугу;6) конституциялык Мыйзамдын 21-1-беренесинде каралган административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу;7) эгерде адам уюшкан кылмыштуу топко, кылмыштуу коомдоштукка (кылмыштуу уюмга), куралдуу топко (бандага) тиешеси бар адам катары алдын алуучу, ыкчам-алдын алуучу каттоодо турса же турган болсо.Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди каттоодо жарандарга жана саясий партияларга көмөк көрсөтүү максатында Борбордук шайлоо комиссиясы атайын семинарларды уюштурат:- Президенттин кызмат ордуна талапкерлер же алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү үчүн шайлоого катышууга байланышкан маселелер боюнча -  Президенттин кызмат ордуна талапкерди көрсөтүүнүн жана каттоонун жол-жоболору, шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүүнүн эрежелери, шайлоо талаш-тартыштарын чечүү жана Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого катышууга байланышкан башка маселелер боюнча;- Президенттин кызмат ордуна талапкерлер же алардын финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү үчүн - шайлоо фонддорун түзүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылоо эрежелерин сактоо маселелери боюнча.Урматтуу аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү!Сиздер менен биргелешкен ишибиздин негизги принциптери мыйзамдуулук, ачыктык, коллегиалдуулук, айкындуулук, адилеттүүлүк, маалымдуулук жана калыстык болуп саналат. Биздин иш-аракеттерибизден калктын бүтүндөй шайлоо процессине болгон ишениминин деңгээли олуттуу даражада көз каранды болот. Мекенге болгон сүйүү, жарандык парзды жогорку деңгээлде сезүү жана коом алдындагы жоопкерчилик бизге мыйзамдуу, айкын жана ишенимдүү демократиялык шайлоо өткөрүүгө мүмкүндүк берет деп ишенебиз!Өз кезегинде Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык зарыл чараларды көрөт.Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет- басылмалардын өкүлдөрү!Конституциялык Мыйзамга ылайык, шайлоону маалыматтык камсыз кылуу жарандарды кабарландырууну жана шайлоо алдында үгүт жүргүзүүнү өзүнө камтыйт, алардын максаты жарандардын аң-сезимдүү жана эркин эрк билдирүүсүн жана шайлоонун айкын өтүшүн камсыз кылуу болуп саналат. Үгүт процессине катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалар Борбордук шайлоо комиссиясында аккредитациядан өтүүгө тийиш.Санариптик сервистердин киргизилишине байланыштуу аккредитациядан өтүү жөнүндө арыздар Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий порталында жайгаштырылган тиешелүү сервис аркылуу электрондук түрдө кабыл алынат.Эфир убактысын, басылма аянтты же интернет-басылмада жарыялоо укугун берүүнүн акысынын өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө маалыматтар тиешелүү телерадиоберүү уюму, мезгилдүү басылманын редакциясы, интернет-басылманын ээлик кылуучусу тарабынан аккредитация максатында шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күндөн тартып 20 календардык күндөн кечиктирбестен Борбордук шайлоо комиссиясына берилүүгө тийиш. Мында телеберүү же басылма аянт үчүн акынын өлчөмү бардык партиялар үчүн бирдей болууга жана шайлоо дайындалган күнгө чейинки 6 ай үчүн алынган баадан ашпоого тийиш.Жалпыга маалымдоо каражаттары же интернет-басылмалар шайлоо мыйзамдарынын талаптарын бузган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы алардын аккредитациясын чакыртып алууга укуктуу.Шайлоо алдындагы үгүт талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып башталат жана добуш берүү башталганга 24 саат калганда токтойт, башкача айтканда, 2026-жылдын 23-декабрынан 2027-жылдын 26-январындагы саат 08:00гө чейин жүргүзүлөт.Борбордук шайлоо комиссиясында аккредитациядан өтпөгөн жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалар шайлоо алдындагы үгүттүн белгилери болбогон шартта шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү маалыматтык чагылдырууга катышууга укуктуу.Шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү маалыматтык чагылдырууга катышкан жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү төмөнкүлөргө укуктуу:шайлоо комиссияларынын жыйындарына катышууга;шайлоо комиссиясынын протоколу менен таанышууга; шайлоо комиссиясынан протоколдордун жана аларга тиркелген документтердин көчүрмөлөрүн алууга;шайлоого даярдык көрүү мезгилинде фото- жана видео тартууну, ал эми добуш берүү күнү – шайлоочулардын добуш берүүсүнүн жашыруундуулугун бузбастан, добуш берүүнүн жүрүшүнө жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарууга тоскоолдук кылбастан, участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы тарабынан аныкталган жерден жүргүзүүгө;шайлоо алдындагы үгүттүн белгилерин камтыбаган, өзүнүн статусу, фамилиясы, аты жана атасынын аты, ошондой эле өзү өкүлү болгон уюмдун аталышы көрсөтүлгөн төш белгилерди тагынып жүрүүгө.Борбордук шайлоо комиссиясы жалпыга маалымдоо каражаттарын маалыматтык кампанияга активдүү катышууга чакырат жана өз кезегинде шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшү жана эрежелери, шайлоого катышкан талапкерлер, шайлоо комиссияларынын иши жөнүндө бардык зарыл маалыматтарды берүүгө даяр.www.shailoo.gov.kg – Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайты.www.tizme.gov.kg - шайлоочулардын тизмесинин порталы.
Кененирээк билүү >>
«Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону 2027-жылдын 27-январында эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду
25-Сен, 2026

«Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону 2027-жылдын 27-январында эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону 2027-жылдын 27-январында эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жарлыгына кол койду (мындан ары – Жарлык).Жарлык шайлоо процессинин мыйзамдуулугун жана ачык-айкындыгын камсыз кылууга, жарандардын шайлоо укуктарын сактоого жана шайлоонун бардык катышуучулары үчүн тең шарттарды түзүүгө багытталган. Мамлекеттик жана муниципалдык органдардын шайлоо процессине мыйзамсыз кийлигишүүсүнө, ошондой эле административдик ресурстардын айрым шайлоо процессинин катышуучуларынын кызыкчылыгында пайдаланылышына жол бербөөгө өзгөчө көңүл бурулат.Тактап айтканда, билим берүү мекемелеринин мугалимдерин жана окуучуларын, жогорку окуу жайларынын окутуучуларын жана студенттерин, социалдык камсыздоо органдарынын кызматкерлерин, медициналык мекемелердин персоналын, калкка кызмат көрсөтүүчү башка мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлерин кандайдыр бир талапкерди колдоп шайлоо алдындагы үгүт иштерине тартууга катуу тыюу салынат.Министрлер Кабинетине мыйзамсыз түрдө шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышкан, ошондой эле кызматтык же башка кызмат абалынан пайдаланып кандайдыр бир талапкердин пайдасына иш жүргүзгөн аткаруу бийлигинин органдарынын, укук коргоо органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин жана кызмат адамдарын, ведомстволук караштуулуктагы уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлерин тартиптик жоопкерчиликке тартуу, ал эми зарыл болгон учурда ээлеген кызматынан токтоосуз бошотуу тапшырмасы коюлган.Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына шайлоо мыйзамдарын бирдей колдонууну жана жарандарга түшүндүрүү иштерин камсыз кылуу боюнча кошумча чараларды көрүү сунушталат.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эл аралык байкоочулардын шайлоого катышуусун камсыз кылуу боюнча чаралар каралган. 
Кененирээк билүү >>
«Элдик Банк» жана «АБанк» КР Президентин шайлоого катышуучу талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн банк катары аныкталды
25-Сен, 2026

«Элдик Банк» жана «АБанк» КР Президентин шайлоого катышуучу талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн банк катары аныкталды

Бүгүн, 25-сентябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоого катышып жаткан Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин жана саясий партиялардан талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн “Элдик Банк” менен “АБанк” ачык акционердик коомдорун аныктады.Аталган банктардын жана башка бир катар банктардын мобилдик тиркемелерин талапкерлердин шайлоо фонддоруна ыктыярдуу кайрымдуулук салымдарын жүргүзүү үчүн пайдаланууга уруксат берилди.“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык мыйзамына ылайык, өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлер жана талапкерлерди көрсөткөн саясий партиялар шайлоо өнөктүгүн каржылоо үчүн өзүнүн шайлоо фонддорун түзүүгө милдеттүү.Шайлоо фондун түзгөн бардык каражаттар атайын эсепке которулат. Бул эсеп талапкер тарабынан КР БШК аныктаган банктарда ачылат. Талапкердин шайлоо фонду мыйзамдын талаптарына ылайык төмөнкү булактардан түзүлүшү мүмкүн:– талапкердин, саясий партиянын өздүк каражаттары;– жарандар жана юридикалык жактар берген ыктыярдуу кайрымдуулук салымдары (тыюу салынган салымдардан тышкары).Шайлоо фондуна каражаттарды киргизүү талапкердин эсептик эсеби аркылуу, банктын мобилдик тиркемеси аркылуу накталай эмес төлөм жолу менен же банктын эсеп-касса бөлүмдөрү аркылуу накталай акча түрүндө жүргүзүлөт.Анонимдүү салым катары таанылбаш үчүн аныкталбай турган төлөм системалары аркылуу накталай эмес которууга, же накталай акча киргизүүгө тыюу салынат.Шайлоо фонддорундагы каражаттар максаттуу пайдаланылат жана аларды шайлоо өнөктүгүнө байланыштуу чыгымдарды жабуу үчүн гана колдонууга болот.Атайын эсептерди ачуу, шайлоо фонддорун түзүү жана каражаттарды пайдалануу тартиби тууралуу кененирээк маалымат КР БШКнын расмий сайтында www.shailoo.gov.kg, “ЧУА БШК / “БШКнын жоболору” бөлүмүндө жайгашкан “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин шайлоо фондун түзүү, акча каражаттарынын түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуу тартиби” жөнүндө жобосунда берилген..
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча иш-чаралардын календардык планын бекитти
25-Сен, 2026

КР БШКсы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча иш-чаралардын календардык планын бекитти

Бүгүн, 25-сентябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын календардык планын бекитти (тиркелет).Календардык план “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамына ылайык, шайлоо процессинин бардык катышуучулары үчүн иштелип чыккан. Анда иш-чаралар датасы, аткаруу мөөнөтү жана аткарууга жооптуу адамдар көрсөтүлгөн.Календардык планда төмөнкү бөлүмдөр боюнча негизги иш-чаралар камтылган: -    шайлоону маалыматтык жактан камсыздоо; -    Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде шайлоо участокторун түзүү;-    майыптыгы бар шайлоочулар үчүн добуш берүүчү жайдын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу;-   эл аралык жана коомдук байкоочулар; -    шайлоочулардын тизмеси;-    шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн жана шайлоо процессинин башка катышуучуларын окутуу;-    талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо;-    шайлоо алдындагы үгүт;-    шайлоону каржылоо;-    шайлоо бюллетендери;-    добуш берүү тартиби; -    добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана шайлоонун натыйжаларын белгилөө.Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 24-сентябрындагы №715-VIII токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоо 2027-жылдын 27-январына дайындалды..
Кененирээк билүү >>