Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
КР БШКнын жамааты Балыкчы АИКинин системалык администратору Кемелуулу Кайраттын атасы Чукуев Кемелдин каза болгондугуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтат
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын жамааты Балыкчы АИКнин системалык администратору Кемел уулу Кайраттын атасынын каза болгондугуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Башка түшкөн оорду толгус кайгыны тең бөлүшүп, Чукуев Кемелдин үй-бүлөсүнө жана жакын туугандарына чын жүрөктөн чыккан терең кайгырууну билдиребиз.
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын жамааты
Кененирээк билүү >>
Арыздарды жана даттанууларды каттоо
2016-жылдын 11-декабрына белгиленген Кыргыз Республикасында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана референдум өткөрүү учурунда Кыргыз Республикасында референдум жана жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү тартибин сактоо жана көзөмөлдөө боюнча шайлоо процессинде шайлоочулардын жана башка катышуучулардын арыздары жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу тобуна келип түшкөн арыздар менен даттанууларды каттоо.
Тизме тиркелет
Кененирээк билүү >>
2016-жылдын 11-декабрында Кыргыз Республикасында референдумга даярдануу жана өткөрүү учурунда Арыздарды жана даттанууларды каттоо
2016-жылдын 11-декабрына белгиленген Кыргыз Республикасынын референдум өткөрүү жана Кыргыз Республикасында референдум жана жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо учурунда шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү тартибин сактоо жана көзөмөлдөө боюнча шайлоо процессинде шайлоочулардын жана башка катышуучулардын арыздары жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу тобуна келип түшкөн арыздар менен даттанууларды каттоо.
Тизме тиркелет
Кененирээк билүү >>
Джаннис Букиккио, Европа Советинин Венециан комиссиясынын төрагасы: «Кыргызстан демократиялык шайлоо системасын түзүүдө көп иш аткарды, биз эми сиздерге көп нерселерди сунуштай албайбыз”
“Кыргызстан демократиялык шайлоо системасын түзүүдө көп иш аткарды, биз эми сиздерге көп нерселерди сунуштай албайбыз”-деп айтты Европа Советинин Венециан комиссиясынын төрагасы Джанни Букиккио бүгүн 15-майда КР БШКнын төрагасы Н. Шайлдабекова менен Санкт-Петербургдагы жолугушуу учурунда.
Кыргызстандагы демократиялаштыруу анын ичинде шайлоо процессине токтолуп, Дж Букиккио мындай деди:”албетте азыр деле иштер көп, ошол эле учурда Кыргызстандагыдай бийик деңгээлдеги ийгиликке жетүү үчүн учурда башка мамлекеттер алдында аткарылуучу көп милдеттер турат».
Дж.Букиккионун айткандарына караганда ал, Кыргызстан менен 1993-жылдан баштап тыкыс кызматташып келет, мурун өлкөнүн көптөгөн жетекчилери менен пикир алышкан, алар алгачкы эле иштеринде демократиялык баалуулуктарды сактай тургандыгын билдиришкен, бирок алардын аягына чыкпай эле калышкан.
Ал, өлкө өз жолун табууда узак жылдарды басып өттү, бирок азыркы этапта өнүгүү прогресси көрүнүп турат-деген БШКнын төрагасынын пикирине кошулду.
БШКнын төрагасы Н.Шайлдабекова, шайлоо реформасындагы жана өлкөдөгү башка кайра куруулар боюнча, башкы милдет, жетишкендиктердин туруктуулугун камсыз кылуу жана аларды андан ары өркүндөтүү болуп саналат-деди.
Н.Шайлдабекова шайлоо процессин реформалоо боюнча конкреттүү аракеттер туурасында, жарандардын шайлоо укугун ишке ашырууну жакшыртуу жана калктын шайлоо институтуна болгон ишеничи жөнүндө маалымат берди.
Дж.Букиккио Борбордук Азия мамлекеттери менен кызматташуунун маанилүүлүгүн, анын ичинен Европа Советинин мүчөсү катары Кыргызстан жана Казакстанга артыкчылык берерин белгиледи. Ал Венециан комиссиясы менен БШКнын ортосундагы белгиленген өз ара конкреттүү пландары демократиянын жалпы баалуулуктарына кошкон салым болоорун жана Кыргызстанга ийгиликтерди каалады.
БШКнын төрагасы Венециан комиссиясынын өкүлдөрүн Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого карата даярдыктын жана өткөрүүнүн жүрүшүнүн алкагындагы иш чараларга катышууга чакырды.
Жолугушууга КР Жогорку Кеңештин депутаты А.Карашев, КР БШКнын мүчөсү Б.Кыдыров, Жогорку Кеңештин КМШнын ПААнын өкүлү М.Сатвалдиев катышты.
Маалымат үчүн:
Бүгүнкү күндө, Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын реформалоо жаатында КР-ЕС долбоорундагы Каржылык макулдашуунун негизи менен “Шайлоо системасына реформа жүргүзүү аркылуу демократияны бекемдөө - секторду жакшыртуу үчүн грант” аталышындагы долбоорду ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасы жана Венециан комиссиясы жигердүү тартипте кызматташып жатат.
Кызматташуунун негизги максаты КР БШК ишмердүүлүгүн колдоого алуу, шайлоо системасын жакшыртуу, шайлоо системасында жүрүп жаткан реформаларга консультатция берүү, 2040-жылга чейин жүргүзүлө турган шайлоо системасынын реформаларынын концепциясын иштеп чыгуу жана сунуштарды берүү болуп саналат. Мындан тышкары, шайлоо системасынын башка да иш-аракеттерине байланыштуу кызматташуу каралган. Мисалы, мониторинг жүргүзүү жана арыздар, шайлоо өнөктүгү маалында МКК менен иштешүү, шайлоо жана башка маселелер боюнча саясий партиялардын катышуусу менен шайлоо жана башка маселелер боюнча кызматташуу.
2008-жылдын 24-июлундагы №165 КР Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасы Укук аркылуу демократияга карата (Венециан комиссиясы) Европа комиссиясынын Уставына кошулган. Ошондон тарта Кыргыз мамлекети менен Венециан комиссиясынын ортосундагы кызматташтык жогорку деңгээлде болуп, айрыкча КРнын сот системасында жүрүп жаткан реформада Венециан комиссиясынын орду абдан чоң болду. Белгилей кете турган нерсе, Кыргыз Республикасы Борбордук Азиядагы ПАСЕнин "Демократия боюнча өнөктөш" макамына ээ болгон жападан жалгыз өлкө. Кыргыз Республикасында мыйзам үстөмдүгүн өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашырууда Венециан комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конститутциялык палатасы менен да тыгыз кызматташып келет.
БШК Аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Санкт-Петербургдагы “Натыйжалуу шайлоо органдары жана демократиялык шайлоо” аттуу 14-Европалык конференцияга катышууда
КР БШКнын төрагасы Н Шайлдабекова жана КР БШКнын мүчөсү Б Кадыров 2017-жылдын 15-16-майында Санкт-Петербургдагы Таврикалык дворецинде өтүп жаткан “Натыйжалуу шайлоо органдары жана демократиялык шайлоо” аттуу 14-Европалык конференцияга катышууда.
Бүгүн 15-майда Конференциянын биринчи пленардык сессиясында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын төрагасы Нуржан Шайлдабекова “Кыргызстандагы жаңы шайлоо модели: жетишкендиктер жана тапшырмалар” деген темада доклад менен чыгып сүйлөп, жыйындын катышуучуларына шайлоо системасындагы реформалар туурасында кеңири баяндап берди.
Шайлоолорду уюштурууга жооптуу болгон Европалык конференция жыл сайын өтүүчү иш чара болуп эсептелет. Бул жылы Европа Советинин Венециан комиссиясы Россиянын Борбордук шайлоо комиссиясы жана Көз каранды эмес шериктеш мамлекеттердин кызматташтыгынын парламенттер аралык ассамблеясы менен биргелешип өткөрүп жатат.
40кка жакын мамлекеттерден 120дан ашуу катышуучулар ошондой эле эл аралык уюмдардан, борбордук шайлоо комиссияларынын төрагалары жана мүчөлөрү, Европа жана башка мамлекеттерден келген өкүлдөр, шайлоо органдарынын ишмердүүлгүн жакшыртуу ага карата ар кандай иш чараларды кабыл алуу, алдыңкы иш тажрыйбалар менен бөлүшүү боюнча талкууларга катышат. Конференциянын жүрүшүндө анын катышуучулары шайлоо системасын өркүндөтүү жана мыйзам актыларын жакшыртып, демократиялык шайлоону камсыз кылуу боюнча “Санкт-Петербург декларациясына” кол коюшмакчы.
БШКнын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
БШК кезектеги отурумда «“Маалыматтык шайлоо системасы жөнүндө” Жобону бекитти.
2017-жылдын 13-майында КР БШКнын жыйынында “Маалыматтык шайлоо системасы жөнүндө” Жобо каралып бекитилди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым аймактык шайлоо комиссиялардын чечимдери бекитилди.
БШКнын структуралык бөлүмдөрүнүн жетекчилерине,атайын өкүлдөрө жана системалык администраторлорго, аймактык шайлоо комиссияларына аталган Жобону жетекчиликке алып иш жүргүзүү милдеттендирилди. Мындан тышкары жыйында Түп, Ала-Бука, Токмок шаардык, Талас шаардык, Талас, Манас аймактык шайлоо комиссиялар жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилди. Тийиштүү аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан жергиликтүү кеңештердин депутаттарын каттоо жүргүзүлү,п аларга кабыл алынган үлгүдөгү төш белги жана күбөлүк тапшырылмакчы.
БШКнын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
2017-жылдын 11-майында ТИМде Евросоюз менен кызматташуу боюнча Координациялык кеңештин биринчи жыйыны болуп өттү
2017-жылдын 11-майында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигинде Евросоюз менен кызматташуу боюнча Координациялык кеңештин биринчи жыйыны болуп өттү. Ага Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Б.Абдрахматова жана Евросоюз менен кызматташуу боюнча Координациялык кеңештин мүчөлүгүнө кирген мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.
А.Б.Абдрахматова “Шайлоо системасын реформалоо аркылуу демократияны жакшыртуу” жана реформанын максаттарына жетүүгө карата ЕСтин программасынын алкагында КР БШКсы тарабынан аткарылып жаткан иш чаралар тууралуу кыскача маалымат менен чыгып сүйлөдү. Ал КР БШК тарабынан жүргүзүлгөн иштерге токтолду:
- ачыктыкты жана арыз берүү механизиминин жол жоболорун кеңейтүү;
-КР БШКга келген арыздардын ачык режимин жүргүзүү, аны кароонун жана жыйынтыгын билүүнүн мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу;
-Кыргыз Республикасындагы шайлоо системасын реформалоонун Стратегиясын иштеп чыгуу.
Ошондой эле жыйындын жүрүшүндө ЕС менен кызматташуу боюнча Координациялык кеңештин 2017-жылга иш планы бекитилди.
Аягында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Э. Абдылдаев министрликтер менен ведомстваларга ЕС менен кызматташуу боюнча бардык кабыл алынган иш чараларды аткарууну суранып кетти. Ал эми ЕС менен кызматташуунун алкагында кабыл алынган тапшырмаларды аткарууда ТИМ тарабынан мамлекеттик органдарга ар тараптуу көмөк көрсөтө тургандыгы айтылды.
БШКнын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын Бишкек шаарынын шайлоочуларына, саясий партияларга, коомдук мекемелерге жана Бишкек шаардык кеңешине КАЙРЫЛУУСУ
Урматтуу шайлоочулар жана саясий партиялардын өкүлдөрү!
“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 5- бөлүгүнүн 19-статьясына ылайык Бишкек АИКтин чечими менен 2015-жылы участкалык шайлоо комиссиясы 2 жылдык мөөнөткө түзүлгөн, анын иштөө мөөнөтү ушул жылдын июнь айында аяктайт, мындан сырткары жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары тарабынан жылдырылган участккалык шайлоо комиссияларынын резервинин мөөнтү да аяктайт.
Ушуга байланыштуу Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы жергиликтүү өзүн өзү башкаруу өкүлчүлүктүү органдарынан УШКтын тутумун түзүү үчүн УШКнын резервин түзүүгө, жана УШКнын тутумуна кирүүгө саясий партиялардын талапкерлеринен УШКтын тутумун түзүп жаткандыгын кулактандырат.
УШКнын аракеттеги резервинде турган жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын талапкерлери, өздөрүнүн талапкерлигин жылдыра алат. УШКнын мүчөлүгүнө талапкер резервине талапкерлерди жылдыруу учурунда алардын административдик аймакта жашоосун эсепке алуулары зарыл.
УШК шайлоого даярдык көрүүнү уюштуруп өткөрүүчү, жарандардын шайлоо укугун камсыз кылуу жана коргоочу коллегиялык орган. УШКнын тутумунда иштөө жооптуулукту талап кылат жана шайлоо мыйзамына ылайык келген иштерди аткарат.
Ушуга байланыштуу УШКнын резервине талапкерлерди жылдырууда ошол жарандын макулдугун, ишке даярдык деңгээлин, ошондой эле профессионалдуулугу, шайлоо комиссияларда иштөө тажрыйбасы, өзүк касиети эсепке алынат.
УШКнын резервине талапкерлерди коомдук мекемелерден, шайлоочулардын жыйынынан жылдырууда жыйындын төрагасы жана катчысынын колу коюлуп, мөөрү басылышы керек. Протоколго жыйналыштын катышуучуларынын тизмеси, алардын жашаган жери көрсөтүлүп, колдору коюлушу зарыл.
Саясий партиялардан жылдыруу алардын уставына ылайык өтүшү зарыл. УШКга тийиштүү документ, саясий партиянын жетекчисинин (жыйындын төрагасынын) колу коюлуп, печаты басылышы зарыл.
Жогоруда көрсөтүлгөн документтерге тиркелет:
-Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын нормаларын милдеттүү сактай тургандыгы тууралуу жана участкалык шайлоо комисиясынын тутумунда иштегенге макулдугу болгон арызы;
-паспорттун көчүрмөсү;
-билими, окуусу, иш орду көрсөтүлгөн биографиялык маалыматы (кадрга тийиштүү өздүк баракча жана резюме);
-Байланыш дареги: жашаган жеринин адреси, телефон номерлери.
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиясы тууралуу” жана шайлоо комиссиясынын резервин түзүүнүн тартиби тууралуу Жобосунун негизинде УШКтин мүчөлөрүнүн резервине төмөндөгүлөр мүчө боло алышпайт:
- Жогорку Кенештин депутаты, жергиликтүү кеңештин депутаты;
-мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын жооптуу кызматкерлери;
-судья, укук коргоо жана фискалдык органдын, аскеркызматчысы;
- талапкер, саясий партиялардын жана талапкердин өкүлдөрү;
- башка мамлекеттин жарандары;
- соттулугу алынбаган же тийиштүү мыйзам чегинде жокко чыгарылбагандар;
- башка шайлоо комиссиясынын мүчөсү.
УШКнын резервине талапкерлерди жылдыруудагы шайлоочулардын жана коомдук уюмдардын чогулушунун Протоколу Бишкек шаардык кеңешинде 2017-жылдын 31-майына дейре саат 18ге чейин кабыл алынат.
Бул тууралуу толук маалыматты «Шайлоо комисияларын түзүү жана таратуунун тартиби тууралуу» жана «Шайлоо комиссияларынын резервин түзүүнүн тартиби тууралуу» Жоболордон, ошондой эле участкалык шайлоо комиссиялардын тутумуна жана резервине талапкерлерди жылдыруудагы документтердин үлгүсү менен КР БШКнын расмий сайтындагы материалдардан таанышса болот: www.shailoo.gov.kg.
Сурап билүү телефону: Бишкек шаардык кеңеши 62- 58-14,
Бишкек АИК 62 -08- 24
Кененирээк билүү >>
БШКда Кыргыз Республикасындагы мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын шайлоо укугун турмушка ашыруу маселесин өркүндөтүү боюнча Жумушчу топтун кезектеги жыйыны өттү
12-майда Жумушчу топтун жетекчиси Бахтияр Кадыров кириш сөз сүйлөп, жыйындын ишин алып барды. Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Актан Балбаков шайлоо укугуна ээ, мүмкүнчүлүгү чектелган 18 жаштан өткөн жарандардын тизмесин тактоо маселесине токтолду. Анын маалыматына караганда 36 райондон жана шаардан маалыматтар алынды. Министрлик 1-июнга чейин ал адамдардын тизмелерин тактоо милдетин алат. Ден соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген, шайлоо курагындагы жарандардын саны 16 300 адамды түзөт.
«Эгль» коомдук фондусунун директору Чолпон Омурканова ведомство аралык комиссия түзүп, сот системасы, психиатриялык кызмат, жаза аткаруу мамкызматы жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн киргизип, абакта жана психиатриялык ооруканада жаткан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын шайлоо укугун турмушка ашыруу ишин жүргүзүүнү сунуштады. Бул категориядагы шайлоочулардын саны 1100 адамга жетет.
Ал эми Бишкек шаардык мэриясынын социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Лариса Губинанын маалыматына караганда угуусу жана көрүүсү начар 2778 шайлоочу бар, 954 жаран үйлөрүндө тейленет. Шайлоо укугуна ээ 250 адам жатак мекемелерде жашашат.
«Назик-кыз» коомдук бирикмесинин өкүлү Үкей Мураталиева падустарды пайдаланып, шайлоо участкаларына кирүүдө кошумча адам күчү керек болоорун айтып, жарандардын аларга болгон мамилесинин өзгөрүлүшүн жана алар да кадимки жарандардын катарында иштеп, жашагылары келээрин кошумчалады.
Кыргыз Республикасындагы шайлоо системасы Эл аралык фонд өкүлчүлүгүнүн прогаммалык координатру Бермет Мамееванын маалыматына караганда мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар менен иштөөдө тажрыйбасы бар консультаттар ишке тартылмакчы. БШКнын кызматкерлери, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жана мамлекеттик органдар менен биргеликте аталган адамдар үчүн шайлоо участкалары боюнча маалымат алууну уюштура тургандыгын кошумчалады. Жыйындын акырында кийинки чогулушка чейин Жумушчу топтун жакынкы жана келечектеги практикалык аткара турган иштери бөлүштүрүлдү.
КР БШКнын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Айылдык кеңешке депутаттарды шайлоого катыша турган талапкерлерди каттоо аяктады. Мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2017-жылдын 28-майында өтөт
Календарлык планга ылайык 2017-жылдын -майында айылдык кеңешке депутаттарды шайлоого катыша турган талапкерлерди каттоо аяктады. Мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2017-жылдын 28-майында өтөт.
Жалал-Абад облусундагы Токтогул райондук айылдык кеңешке депутаттарды мөөнөтүнөн мурда шайлоого катыша турган талапкерлердин тизмеси катталды (тиркелет).
Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районундагы айылдык кенешке депутаттарды мөөнөтүнөн мурда шайлоого катыша турган талапкерлердин тизмеси катталды (тиркелет)
Ош облусунун Алай районундагы айылдык кеңешке депутаттарды мөөнөтүнөн мурда шайлоого катыша турган талапкерлердин тизмеси катталды (тиркелет)
Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы айылдык кеңешке депутаттарды мөөнөтүнөн мурда шайлоого катыша турган талапкерлердин тизмеси катталды (тиркелет)
Талас облусунун Талас районундагы айылдык кеңешке депутаттарды мөөнөтүнөн мурда шайлоого катыша турган талапкерлердин тизмеси катталды (тиркелет)
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы айылдык кеңешке депутаттарды мөөнөтүнөн мурда шайлоого катыша турган талапкерлердин тизмеси катталды (тиркелет)
Чүй облусунун Жайыл районундагы айылдык кеңешке депутаттарды мөөнөтүнөн мурда шайлоого катыша турган талапкерлердин тизмеси катталды (тиркелет)
Чүй облусунун Кемин районундагы айылдык кеңешке депутаттарды мөөнөтүнөн мурда шайлоого катыша турган талапкерлердин тизмеси катталды (тиркелет)
Чүй облусунун Москва районундагы айылдык кеңешке депутаттарды мөөнөтүнөн мурда шайлоого катыша турган талапкерлердин тизмеси катталды (тиркелет)
Чүй облусунун Панфилов районундагы айылдык кеңешке депутаттарды мөөнөтүнөн мурда шайлоого катыша турган талапкерлердин тизмеси катталды (тиркелет)
Чүй облусунун Сокулук районундагы айылдык кеңешке депутаттарды мөөнөтүнөн мурда шайлоого катыша турган талапкерлердин тизмеси катталды (тиркелет)
Кененирээк билүү >>
БШК эл аралык өнөктөштөр ПРООН, ЕККУ жана IFES менен координациялык жолугушуу өткөрдү
11-майда БШКда эл аралык өнөктөштөр менен координациялык жолугушуу өттү. Анда алдыда боло турган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого байланышкан кызматташуу тууралуу иш пландары менен бөлүшүү болду.
БШКнын төрагасы Н. Шайлдабекова колдоо көрсөткөндүгү үчүн эл аралык өнөктөштөргө ыраазычылык билдирип, борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо реформасын алдыга жылдырууда ар тараптуу, конструктивдүү кызматташууга даяр экенин билдирди.
"Борбордук шайлоо комиссиясы ушул этапта эл аралык өнөктөштөрдүн активдүү жардамы менен шайлоонун бардык тармагында көзгө көрүнөөрлүк ийгиликтерге жетишти. ПРООН, ЕККУ, Европа Союзу, Японии өкмөтү, Швейцарии, Корея республикасы, Дания, Индия, ошондой эле эл аралык уюмдар KOICA, JICA, USAID, IFES жана башка бир катар эл аралык уюмдар ар тараптуу колдоо көрсөтүүдө"-деди БШКнын төрагасы.
КР БШКнын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Айылдык кеңешке депутаттарды шайлоого катыша турган талапкерлерди каттоо аяктады. Кезектеги шайлоо 2017-жылдын 28-майында өтөт
Календарлык планга ылайык 2017-жылдын 6-майында айылдык кеңешке депутаттарды шайлоого катыша турган талапкерлерди каттоо аяктады. Кезектеги шайлоо 2017-жылдын 28-майында өтөт.
Жалал-Абад облусундагы Сузак райондук айылдык кеңешке депутаттарды кезектеги шайлоого катыша турган талапкерлердин тизмеси катталды. (тиркелет).
Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районундагы айылдык кенешке депутаттарды кезектеги шайлоого катыша турган талапкерлердин тизмеси катталды. (тиркелет).
Баткен облусундагы Кадамжай районунун айылдык кеңешке депутаттарды кезектеги шайлоого катыша турган талапкерлердин тизмеси катталды. (тиркелет).
Ош облусунун Араван районундагы айылдык кеңешке депутаттарды кезектеги шайлоого катыша турган талапкерлердин тизмеси катталды. (тиркелет).
Ош облусундагы Кара-Суу районундагы айылдык кеңешке депутаттарды кезектеги шайлоого катыша турган талапкерлердин тизмеси катталды. (тиркелет).
Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы айылдык кеңешке депутаттарды шайлоого катыша турган талапкерлердин тизмеси катталды. (тиркелет).
Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районундагы айылдык кеңешке кезектеги депутаттыкка шайлоого катыша турган талапкерлердин тизмеси каттталды (тиркелет).
Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районундагы айылдык кеңешке кезектеги депутаттарды шайлоого катыша турган талапкерлердин тизмеси катталды (тиркелет).
Ысык-Көл облусундагы Ысык-Көл районундагы айылдык кеңешке кезектеги депутаттарды шайлоого катыша турган талапкерлердин тизмеси катталды (тиркелет).
Ысык-Көл облусундагы Тоң районундагы айылдык кеңешке кезектеги депутаттык шайлоого катыша турган талапкерлердин тизмеси катталды. (тиркелет).
Чүй облусундагы Жайыл районундагы айылдык кеңешке кезектеги депутаттык шайлоого катыша турган талапкерлердин тизмеси катталды. (тиркелет).
Чүй облусундагы Кемин райондук айылдык кеңешке кезектеги депутаттык шайлоого катыша турган талапкерлердин тизмеси катталды. (тиркелет).
Чүй облусундагы Аламүдүн районундагы айылдык кеңешке кезектеги депутаттарды шайлоого катыша турган талапкерлердин тизмеси катталды. (тиркелет).
Чүй облусундагы Москва районундагы айылдык кеңешке кезектеги депутатарды шайлоого катыша турган талапкерлердин тизмеси катталды. (тиркелет).
Чүй облусундагы Сокулук районундагы айылдык кеңешке кезектеги депутаттык шайлоого катыша турган талапкерлердин тизмеси катталды. (тиркелет).
Кененирээк билүү >>
ЖМКлар үчүн
2017-жылдын 11-майында, КР БШКсы шайлоо системасынын ачык-айкындуулук саясатынын алкагында, шайлоо тутумундагы болуп жаткан реформаларды шайлоочуларга жеткирүү жана түшүндүрүү максатында өлкөдөгү алдыңкы массалык маалымат каражаттарынын (ММК) өкүлдөрү үчүн "Маалыматтык шайлоо тутумунун иштөө тартиби” аттуу атайын семинар өткөрдү.
Бул семинарга телерадио, газета жана интернет басылмаларынын, «Пирамида», «5-канал», «НТС», «КТРК», «ЭлТР», «Азаттык», «24.kg», «Заноза», «Биринчи Радио», «BBC», «InterNews», “24kg,” «Эмгек Туусу» ж.б. өкүлдөрү катышты.
Иш-чаранын алкагында катышуучулар маалыматтык шайлоо системасынын иштөө тартиби, автоматтык түрдө эсептөөчү үкөктөрдүн пайдалануу эрежелери, маалыматты сактоочу сервер, маалыматтар Борборунун иши менен таанышты.
Интерактивдүү семинардын жүрүшүндө жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө жеткиликтүү түшүндүрүү үчүн тесттик добуш берүү жүргүзүлдү. Бул үчүн атайын шайлоо өткөрүп, ага курамы журналисттерден турган атайын участкалык шайлоо комиссиясы түзүлдү. Ал эми калган журналисттерден турган шайлоочулар добуш берип бүткөн соң, автоматтык түрдө эсептөөчү үкөктөр маалыматтык борбордук серверге маалыматты токтоосуз жөнөттү. Бул учурда 24.kg, zanoza.kg, BBC, НТС ММКларынын журналисттери борбордук серверден жыйынтыкка көз салып турушту.
Журналисттер бир шайлоо участкасынын мисалында шайлоочу катары добуш берүүгө, комиссия мүчөсү болуп, байкоочу жана шайлоочу катары катышты. ЖМК өкүлдөрү тесттик бюллетендерди автоматтык саноо үкөгүнө салып, добуштарды кол менен саноо менен салыштырышты, ошондой эле автоматтык түрдө саноонун жыйынтыгын БШКнын сайтына жайгашуу процессине көңүл бурушту. Семинардын катышуучулары шайлоочуларды идентификациялоо иш-тартиби менен да таанышты.
Ошондой эле интерактивдүү семинардын алкагында ЖМК өкүлдөрүнө БШК борбордук сервер, анын иштөө коопсуздугу, ага адам факторунун тиешеси жоктугун практика жүзүндө көрсөттү.
БШКнын төрагсы Н.Шайлдабекова мындай деди: “жаңы шайлоо модели менен иштеп жаткан шайлоо комиссиялар системасы ар бир шайлоочунун добушун так эсепке алуу үчүн шарт түздү жана шайлоо тутумун башкаруу системасындагы коррупцияга негиз болгон тоскоолдуктарды жойду».
Колдонулуп жаткан шайлоо модели мурунку режимде болуп келген добуштарды бурмалаганга, “бюллетендерди массалык салууга» жана “карусель” жасаганга жол бербейт.
“Азыр шайлоо системасын реформа кылуу милдети турат, ошондуктан реформанын биринчи этабында ушул шайлоо моделининин ишинин ачыктыгына, тактыгына эч кимдин күмөнү болбосуна ишенгим келет. Жүргүзүлүп жаткан реформанын негизинде өлкөнүн жарандары шайлоонун тагдырын өздөрү чечишине мүмкүнчүлүк алууда”-деди Н. Шайлдабекова.
Өз кезегинде БШК журналисттерди келечектеги талапкерлер тууралуу жарандарга максимум өз убагында туура, так, чындыкка ширелген маалыматтарды таркатып, ар бир шайлоочу мамлекет башчысын шайлоодо өз эрки жана жооптуулук менен туура тандоодо Массалык маалымат каражаттарынын ишин өзгөчө белгилеп, өздөрүнүн бул маанилүү миссиясын аткарууга чакырып кетти.
БШКнын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Саясий партиялардын шайлоо фондусундагы каражаттардын чыгымдалышы жөнүндө отчет
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобунун талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фондусундагы акча каражаттардын чыгымдалышы тууралуу 2017-жылдын 10-майына карата маалыматы.
Ноокат
Саясий партия
Түштү
Чыгымдалды
Калганы
1
Республика
21 000
20 020
980
2
Замандаш
20 400
20 150
250
3
КСДП
30 000
20 000
10 000
4
Народная партия
25 000
20 000
5 000
5
Өнугуу-Прогресс
20 500
20 300
200
Көк Жангак
Саясий партия
Түштү
Чыгымдалды
Калганы
1
КСДПК
20 050
20 025
25
2
Партия коммунистов Кыргызстана
20 050
20 025
25
3
Өнугуу-Прогресс
22 000
20 025
1 975
Жалал-Абад ш
Саясий партия
Түштү
Чыгымдалды
Калганы
1
Кыргызстан
20 150
20 020
130
2
Өнугуу-Прогресс
20 500
20 150
350
3
Республика
125 000
20 020
104 980
4
Ата-Журт
206 000
200 965
5 035
5
Мекеним Кыргызстан
20 150
20 150
0
6
КСДП
845 000
393 508
451 492
7
Бутун Кыргызстан
25 000
20 150
4 850
Кара-Балта ш
Саясий партия
Түштү
Чыгымдалды
Калганы
1
Өнугуу-Прогресс
21 100
20 150
950
2
Акшумкар
20 250
20 150
100
3
Элдик-Народная
35 100
20 150
14 950
4
Кыргызстан
20 150
20 020
130
5
Содружество народов Кыргызстана
20 250
20 150
100
6
Мекеним Кыргызстан
63 000
20 020
42 980
7
Партия труда
100 000
35 170
64 830
8
Жакшылык-Добро
121 700
20 150
101 550
9
КСДП
34 000
33 130
870
10
Эламан
25 000
20 020
4 980
11
Республика
110 200
20 150
90 050
Кемин ш
Саясий партия
Түштш
Чыгымдалды
Калганы
1
КСДП
52 000
21 530
30 470
2
Республика
25 670
25 670
0
3
Өнугуу-Прогресс
20 020
20 020
0
4
Патриот ынтымагы
20 150
20 150
0
5
Кыргызстан
20 020
20 020
0
6
Баба Дыйкан
20 530
20 530
0
Кадамжай ш
Саясий партия
Түштү
Чыгымдалды
Калганы
1
КСДП
20 100
20 020
80
2
Бутун Кыргызстан
20 100
20 020
80
3
Ата-Журт-Мекенчил
40 400
20 020
20 380
4
Кыргызстан
20 150
20 020
130
5
Республика
20 020
20 020
0
6
Мекеним Кыргызстан
20 100
20 020
80
7
Өнугуу-Прогресс
20 150
20 150
0
Айдаркен ш
Саясий партия
Түштү
Чыгымдалды
Калганы
1
Бир Бол
20 100
20 020
80
2
Бутун Кыргызстан
21 000
20 150
850
3
КСДП
20 150
20 150
0
4
Ата-Журт-Мекенчил
45 150
20 020
25 130
5
Мекеним Кыргызстан
20 150
20 150
0
6
Республика
20 040
20 020
20
7
Жаны-Доор
20 100
20 020
80
8
Өнугуу-Прогресс
20 100
20 020
80
Таш-Көмүр ш
Саясий партия
Түштү
Чыгымдалды
Калганы
1
Молодежь Таш-Кумыра
20 250
20 150
100
2
КСДП
50 000
20 150
29 850
3
Кыргызстан
20 250
20 150
100
4
Ата-Журт
57 430
57 320
110
5
Мекеним Кыргызстан
20 150
20 020
130
6
Республика
44 250
20 150
24 100
7
Өнугуу-Прогресс
20 300
20 150
150
Айылдык кенештер
Талапкер
Айылдык кеңештер
Түштү
Чыгымдалды
Калдык
1
Калдыкеев. М.Ж.
Новопавловский
5 000
0
5 000
2
Эсенаманов Б.А.
Новопавловский
2 000
0
2 000
3
Шапаков О.М.
Новопавловский
2 000
0
2 000
4
Табалдиев С.Б.
Новопавловский
1 500
0
1 500
5
Автандил у. Ж.
Новопавловский
1 500
0
1 500
6
Глинкин С.А.
Новопавловский
500
0
500
7
Гусеинов И.С.
Новопавловский
500
0
500
8
Сурабалдиева А.К.
Новопавловский
500
0
500
9
Сайпидинов К.Ж.
Новопавловский
1 000
0
1 000
10
П/П Республика
Новопавловский
1 000
0
1 000
11
Усупов И.К.
Кызыл-Суйский
1 000
0
1 000
12
Турдуев А.Р.
Кызыл-Суйский
1 000
0
1 000
13
Давлетбаков К.У.
Кызыл-Суйский
3 000
0
3 000
14
Акматов К.Т.
Кызыл-Суйский
1 000
0
1 000
15
Шамырканов М.Т.
Кызыл-Суйский
1 000
0
1 000
16
Байтоков А.К.
Кызыл-Суйский
10 000
0
10 000
17
Токтомушев М.Б.
Кызыл-Суйский
1 000
0
1 000
18
Ниязов П.
Кызыл-Суйский
1 000
0
1 000
19
Орозон у. С.
Кызыл-Суйский
3 000
0
3 000
20
Бакчиев Н.Ж.
Кызыл-Суйский
1 500
1 500
0
21
Бекбоев Н.С.
Кызыл-Суйский
2 000
0
2 000
22
Абдраев А.Н.
Кызыл-Суйский
2 000
0
2 000
23
Алыбаев Ж.Ж.
Кызыл-Суйский
1 000
0
1 000
24
Мукамбетов К.С.
Кызыл-Суйский
1 550
1 520
30
25
Токбаев
Кызыл-Суйский
2 000
0
2 000
26
Сулаймбеков Т.Ш.
Кызыл-Суйский
1 000
0
1 000
27
Акымбаев
Кызыл-Суйский
1 500
0
1 500
28
Карабаев А.Б.
Кызыл-Суйский
1 500
0
1 500
29
П/П Республика-Ата-Журт
Кызыл-Суйский
20 020
18 000
2 020
30
Оторбаев М.К.
Кок-Ойрокский
5 000
0
5 000
31
Алимов Н.С.
С. Юсуповский
2 000
0
2 000
32
Нурматов Ф.К.
С. Юсуповский
2 000
0
2 000
33
Байсадаев Н.А.
Кызыл-Туйский а/к Сокулукского р-на
500
0
500
34
Абдыкадыров А.А.
Кызыл-Туйский а/к Сокулукского р-на
500
0
500
35
Энназаров Т.К.
Кызыл-Туйский а/к Сузакского р-на
1 000
0
1 000
36
Орозбекова А.Д.
Кара-Ойский
3 000
0
3 000
37
Казыбаев Э.К.
Александровский
500
0
500
38
П/П Республика
Александровский
0
0
0
39
Молдобаев Т.Т.
Таш-Мойнокский
6 000
0
6 000
КР БШКнын мүчөсү,
КР БШКнын КТТ жетекчиси Г. М. Баатырова
Кененирээк билүү >>
БШК Кыргыз Республикасынын АИК жана УШКнын төрагаларына, катчыларына жана мүчөлөрүнө төлөнүүчү сый акылардын чыгымдар сметасын бекитти
БШК Кыргыз Республикасынын аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын төрагаларына, катчыларына жана мүчөлөрүнө төлөнүүчү сый акылардын чыгымдар сметасын бекитти
2017-жылы 10-майда КР БШКнын жыйынында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңешинин депутаттарын шайлоо, мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдык көрүү жана Кыргыз Республикасынын аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын төрагаларына, катчыларына жана мүчөлөрүнө сый акы төлөө чыгымынын сметасы бекитилди.
Ошондой эле 2017-жылы 4-майда өткөн Чүй облусундагы Чүй районуна караштуу Чүй айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун жыйынтыгы тууралуу протоколу жана добуш берүүнүн жыйынтыгы бекитилди. Чүй аймактык шайлоо комиссиясына бекитилген үлгүдөгү күбөлүк берүү тапшырылды.
Жыйында Жайыл районундагы аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасынын кайрылуусунун негизинде комиссиянын тутумун толуктоо тууралуу, Чүй облусундагы Жайыл АИКинин тутумуна өзгөртүү киргизилип, резердик тутумдан комиссиянын тутумуна жергиликтүү өзүн өзү башкаруу өкүлчүлүктүү органдарынан Давлетов Усен Карыкеевич, Джунушалиева Жылдызхан Сагынбековна, Рыскулова Алия Насыралиевна киргизилген.
БШКнын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Кыргызстанда шайлоо жана референдум өткөрүү мезгилине аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын төрагалары, катчылары жана мүчөлөрүнө сый акы белгиленди
2017-жылдын 28-майында өтүүчү айрым жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого даярдыктын алкагында БШКнын төрагасынын аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын төрагалары, катчылары жана мүчөлөрү менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө БШКнын төрагасы Н.Шайылдабекова жолугушуунун катышуучуларын “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары тууралуу” мыйзамдын 22-статьясын ишке ашыруу максатында, 2017-жылы 26-апрелдеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен Аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын төрагалары, катчылары жана мүчөлөрү шайлоо мезгилинде сый акы белгиленгенин баяндап берди.
Токтомго ылайык сый акыны төмөндөгүлөр алышат:
-аймактык шайлоо комиссияларынын төрагасы жана катчысы 3500 сом,
-аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү 2500 сом,
-участкалык шайлоо комиссияларынын төрагасы жана катчысы 3000сом,
-участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү 2000сом
-участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү (автоматтык саноо урнасынын оператру) 3000 сом өлчөмүндө.
КР БШКсынын төрагасы комиссия мүчөлөрүнө кайрылып, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн токтому менен аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларына сый акы төлөөнү, шайлоо комиссиясынын ролу менен миссиясын түшүнүп, мамлекеттик жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарына шайланууга жана шайлоого болгон жарандардын конституциялык укугун камсыз кылуу, шайлоо процессин мамлекет тарабынан колдоо катары билсек болот деди.
БШКнын төрагасы Н Шайлдабекова КРнын Президенти Алмазбек Атамбаевдин 2013-жыл 22-майдагы “Кыргыз Республикасында шайлоо тутумун өркүндөтүү боюнча иш чаралары” аттуу Жарлыгында Кыргыз Республикасынын Улуттук Туруктуу өнүгүү тутумундагы, “таза шайлоо –туруктуу өнүгүүнүн өбөлгөсү” деген маселенин астында жаңы шайлоо моделин түзүү, шайлоочулардын биометрикалык маалыматтарынын негизинде идентификациялоо, автоматтык саноо урнасынын жардамы менен шайлоочулардын добушун саноо жолго коюлганын билдирди.
Көрсөтүлгөн иш-чараларды ишке ашыруунун аркасында ар бир шайлоочунун эсебин алуу системасы түзүлдү, шайлоо процессин башкаруудагы коррупцияга негиз түзгөн тоскоолдуктар жоюлууда, ушул иштер бардык деңгээлдеги шайлоо процессине киргизилди.
БШКнын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
25.09.2026
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоочуларга, талапкерлерге, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жана шайлоо процессинин катышуучуларына кайрылуусу!
25.09.2026
«Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону 2027-жылдын 27-январында эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду
25.09.2026
«Элдик Банк» жана «АБанк» КР Президентин шайлоого катышуучу талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн банк катары аныкталды
25.09.2026
КР БШКсы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча иш-чаралардын календардык планын бекитти
25.09.2026
КР БШКсы шайлоо жана референдум мезгилинде ЖМКларды аккредитациялоо жөнүндө жобону бекитти
25.09.2026
КР БШКсы 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитти