Башкы Жаңылыктар «Шайлоо процессин өркүндөтүү боюнча БШКнын иш чаралар планын» …

«Шайлоо процессин өркүндөтүү боюнча БШКнын иш чаралар планын» жүзөгө ашыруунун алкагында шайлоочулардын тизмеси жана идентификациялоону жакшыртууга байланышкан бир катар ченемдик-укуктук актылар бекитилди.

27-Апр, 2017

Бүгүн 2017-жылдын 26-апрелинде БШКнын жыйынында–шайлоо  процессин өркүндөтүү, КР БШКсы  жана МККнын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжасын жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 16-февралындагы №35- токтому менен бекитилген, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо өз ара кызматташуусунун тартиби жөнүндө”  Жобосуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди.

 Киргизилген толуктоолорго ылайык, “шайлоочунун №3-формадагы арызын кабыл алууда УШК мүчөсү туура толтурулганын жана паспортундагы маалыматтарга дал келерин текшергенден кийин, шайлоочуга №3-формадагы арыздын төмөн жагында жайгашкан,  арыздын иштелип чыгуу статусун  тактап алуу боюнча маалыматтар камтылган,  УШКнын номери көрсөтүлүп, өзүнүн фамилиясы, койгон колу жана УШК мөөрү басылган, айырма талонду тапшырат”.

 Ошондой эле көрсөтүлгөн Жобонун 4-пунктундагы “Шайлоочуларды идентификацияга даярдоо жана өткөрүү тартибине” өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип, ага ылайык “эгерде манжаларынын тактары боюнча идентификациядан өтпөй калган учурларда, шайлоочу бетинин биометриялык параметри боюнча идентификациядан өтөт. Мында шайлоочунун бети тийиштүү шайлоо участогунун базасындагы  биометриялык маалыматтардагы сүрөтү менен салыштырылат. Бетинен идентификациялоонун саны -1. Бети боюнча идентификациядан ийгиликтүү өткөн учурларда – шайлоочунун идентификациядан өткөндүгү жөнүндө автоматтык түрдө чек басылып чыгат”.

  Мындан тышкары жаңы тейлөө киргизилүүдө, ага ылайык шайлоочу өзү тизмеге кирген шайлоо участогунун дареги жана номери көрсөтүлгөн маалыматтарды ала алат. Ошондой эле 119-номерине бекер чалып билсе болот. Добуш берүү күнүндө шайлоочу жөнүндө маалыматтарды тактоо үчүн, киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык “шайлоо участоктору “УШК сурап-билүүсү” автоматтык маалыматтык системасы коюлган компьютерлер менен жабдылат (мындан ары-АМС  “УШК сурап-билүүсү”). АМС  “УШК сурап-билүүсү” бул УШКнын тизмесине кирбеген шайлоочуларга көмөк көрсөтүү үчүн белгиленген. АМС  “УШК сурап-билүүсүнө” шайлоочу жөнүндө суроо-талап жөнөтүү, шайлоочунун ID–картындагы ПИНинин негизинде жүргүзүлөт.  Жооп шайлоочу тизмеге кирген шайлоо участогунун дарегин, номерин көрсөтүү түрүндө түзүлөт.   АМС  “УШК сурап-билүүсүнүн” иштешине атайын даярдалган, тийиштүү жетүү формасы бар  оператор жооп берет. АМС  “УШК сурап-билүүсүнө” өзүнчө логин жана парол менен кирет.

 Ошондой эле КР БШКнын жыйынында, шайлоочулардын, референдумга катышуучулардын эсебин алуу жана түзүү, КР БШКсы бекиткен шайлоо участкаларынын схемалары жана чектеринин негизинде шайлоочулардын тизмесин түзүүнү автоматташтыруу максатында “ Кыргыз Республикасынын  шайлоочуларынын тизмесин  башкаруунун Маалыматтык системасын түзүү жана пайдалануу тартиби жөнүндө” Жобо бекитилди.

Кыргыз Республикасында шайлоо системасынын айкындыгын камсыз кылуу  жана жарандардын мамлекеттик органдардын карамагында турган маалыматтарга жетүү укуктарын жүзөгө ашыруу, жарандардын шайлоочулардын тизмеси жана шайлоо системасы жөнүндө маалыматтарды эркин жана тоскоолдуктарсыз алуу укуктарын жүзөгө ашыруу, ошондой эле  шайлоочуларга, референдумдун катышуучуларына анын тизмеде бардыгын текшерип алуу мүмкүнчүлүгүн берүү максатында,”Мамлекеттик “Шайлоо” Порталы” жөнүндө” Жобо каралды жана бекитилди.

 Көрсөтүлгөн Жобо, ошондой эле “КР БШКсы жана МККнын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо өз ара аракеттенүүнүн тартиби жөнүндө”  Жобосун өзгөртүү КР БШКсынын 2017-жылдын 29-мартындагы №77 токтому менен бекитилген “Шайлоо процесстерин өркүндөтүү боюнча иш чаралар Планын” аткаруунун алкагында кабыл алынды.

КР БШКсынын басма сөз кызматы

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү
16-Окт, 2026

КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-октябрындагы жыйынында 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо маселесин карады.Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун сунушун эске алып, КР БШКсы жалпысынан 81 ЖМКны аккредитациялады.Алардын ичинде:-        басылмалар – 19;-        телерадиоуюмдар – 22; -        радиолор – 13;-        интернет-басылмалар – 27. КР БШКнын расмий сайтындагы “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” бөлүмүндө ЖМКнын эфир убактысын, басылма аянтын жана интернет-басылмаларда жарыялоо укугун бергендиги үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары боюнча маалыматтар жайгаштырылат.Аккредитациядан өткөн ЖМК жана интернет-басылмалар талапкерлердин үгүт иштерин өлкөнүн мыйзамдарынын алкагында так жана калыс жүргүзүүгө милдеттүү.Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлдү.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
16-Окт, 2026

КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Касенов Аймен Абдыталиповичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө токтом кабыл алды. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А. А. Касеновдун шайлоого катышуу менен байланышкан маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Мазыкин Виталий Валерьевич катталды.Белгилей кетсек, талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүгү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
16-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрда өз жыйынында Токтогул, Түп, Сүлүктү, Нарын, Ак-Талаа жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.- Токтогул районунун Э. Иманалиев айылдык кеңешинин депутаты Бекишов Абдыбек Дүйшебековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тейтиев Улан Керимбаевичке өткөрүлүп берилди;   - Түп районунун Карасаев айылдык кеңешинин депутаты Кожомкулова Зыягүл Үсөнбековнанын ыйгарым укуктары Карасаев айылдык кеңешинин 2026-жылдын 9-октябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Шаршеев Руслан Исаевичке өткөрүлүп берилди;   - Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаты Исаков Бекзат Каюмовичтин (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары Сүлүктү шаардык кеңешинин 2026-жылдын 28-сентябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Дүйшөбай уулу Абдумуталипке (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан) өткөрүлүп берилди;   - Нарын районунун Чет-Нура айылдык кеңешинин депутаты Оролов Бек Магдыбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тилекмат уулу Байжигитке өткөрүлүп берилди;- Ак-Талаа районунун Ала-Буга айылдык кеңешинин депутаты Самибаева Гульбарчын Баатырбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдраим уулу Канатбекке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат
16-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат

Бүгүн, 16-октябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Коомдук байкоо борборунун ишмердигин уюштуруу тартибин бекитти.Борбордун негизги максаты - Кыргыз Республикасында өтүүчү шайлоолордо жана референдумдарда добуш берүү күнү шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү реалдуу режимде көрүү үчүн шарттарды түзүү.Борбор шайлоо процессинин ачыктыгын камсыз кылуу жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоо максатында Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан добуш берүү күнү уюштурулат.Белгиленген талаптарды сактоо менен Борборго жарандар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, эл аралык жана башка байкоочулар, ошондой эле башка кызыкдар адамдар эркин кире алышат.Борбордун иш тартибинде келүүчүлөрдү каттоо, убактылуу бейдждерди берүү жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү эрежелери каралган.Борборго келгендерге үгүт жүргүзүүгө, жабдуулардын ишине кийлигишүүгө жана коомдук тартипти бузууга тыюу салынат. Ошондой эле видеокөрсөтүүлөрдү үгүт максатында пайдаланууга жана шайлоочунун эркин билдирүүсүнүн мазмунун аныктоого багытталган аракеттерге жол берилбейт.
Кененирээк билүү >>