БШК Кыргыз Республикасынын АИК жана УШКнын төрагаларына, катчыларына жана мүчөлөрүнө төлөнүүчү сый акылардын чыгымдар сметасын бекитти
10 мая 2017
БШК Кыргыз Республикасынын аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын төрагаларына, катчыларына жана мүчөлөрүнө төлөнүүчү сый акылардын чыгымдар сметасын бекитти
2017-жылы 10-майда КР БШКнын жыйынында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңешинин депутаттарын шайлоо, мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдык көрүү жана Кыргыз Республикасынын аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын төрагаларына, катчыларына жана мүчөлөрүнө сый акы төлөө чыгымынын сметасы бекитилди.
Ошондой эле 2017-жылы 4-майда өткөн Чүй облусундагы Чүй районуна караштуу Чүй айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун жыйынтыгы тууралуу протоколу жана добуш берүүнүн жыйынтыгы бекитилди. Чүй аймактык шайлоо комиссиясына бекитилген үлгүдөгү күбөлүк берүү тапшырылды.
Жыйында Жайыл районундагы аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасынын кайрылуусунун негизинде комиссиянын тутумун толуктоо тууралуу, Чүй облусундагы Жайыл АИКинин тутумуна өзгөртүү киргизилип, резердик тутумдан комиссиянын тутумуна жергиликтүү өзүн өзү башкаруу өкүлчүлүктүү органдарынан Давлетов Усен Карыкеевич, Джунушалиева Жылдызхан Сагынбековна, Рыскулова Алия Насыралиевна киргизилген.
БШКнын басма сөз кызматы




