Башкы Жаңылыктар Джаннис Букиккио, Европа Советинин Венециан комиссиясынын төрагасы: «Кыргызстан …

Джаннис Букиккио, Европа Советинин Венециан комиссиясынын төрагасы: «Кыргызстан демократиялык шайлоо системасын түзүүдө көп иш аткарды, биз эми сиздерге көп нерселерди сунуштай албайбыз”

15-Май, 2017

“Кыргызстан демократиялык шайлоо системасын түзүүдө көп иш аткарды, биз эми сиздерге көп нерселерди сунуштай  албайбыз”-деп айтты Европа Советинин Венециан комиссиясынын төрагасы Джанни Букиккио бүгүн  15-майда КР БШКнын төрагасы Н. Шайлдабекова менен Санкт-Петербургдагы жолугушуу учурунда.

Кыргызстандагы демократиялаштыруу анын ичинде шайлоо процессине токтолуп, Дж Букиккио мындай деди:”албетте азыр деле  иштер көп, ошол эле учурда Кыргызстандагыдай бийик  деңгээлдеги ийгиликке жетүү үчүн учурда башка мамлекеттер алдында аткарылуучу көп милдеттер турат».

Дж.Букиккионун айткандарына караганда ал, Кыргызстан менен 1993-жылдан баштап тыкыс кызматташып келет, мурун өлкөнүн көптөгөн жетекчилери менен пикир алышкан, алар алгачкы эле иштеринде демократиялык баалуулуктарды сактай тургандыгын билдиришкен,  бирок алардын аягына чыкпай эле калышкан.

Ал, өлкө өз жолун табууда узак жылдарды басып өттү, бирок азыркы этапта өнүгүү  прогресси көрүнүп турат-деген БШКнын төрагасынын пикирине кошулду.

БШКнын төрагасы  Н.Шайлдабекова, шайлоо реформасындагы жана өлкөдөгү  башка кайра куруулар боюнча, башкы милдет, жетишкендиктердин  туруктуулугун камсыз кылуу  жана аларды андан ары өркүндөтүү болуп саналат-деди.

Н.Шайлдабекова шайлоо процессин  реформалоо боюнча конкреттүү аракеттер туурасында, жарандардын шайлоо укугун  ишке ашырууну жакшыртуу жана калктын шайлоо институтуна болгон ишеничи жөнүндө маалымат берди.

Дж.Букиккио Борбордук Азия  мамлекеттери менен кызматташуунун маанилүүлүгүн, анын ичинен Европа Советинин мүчөсү катары Кыргызстан жана Казакстанга артыкчылык берерин белгиледи.  Ал Венециан комиссиясы менен БШКнын ортосундагы белгиленген өз ара конкреттүү пландары демократиянын жалпы баалуулуктарына кошкон салым болоорун жана Кыргызстанга ийгиликтерди каалады.

БШКнын төрагасы Венециан комиссиясынын  өкүлдөрүн Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого карата даярдыктын жана өткөрүүнүн  жүрүшүнүн алкагындагы иш чараларга катышууга чакырды.

Жолугушууга КР Жогорку Кеңештин депутаты А.Карашев, КР БШКнын мүчөсү Б.Кыдыров, Жогорку Кеңештин  КМШнын ПААнын өкүлү М.Сатвалдиев катышты.

Маалымат үчүн:

Бүгүнкү күндө, Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын реформалоо жаатында КР-ЕС долбоорундагы Каржылык макулдашуунун негизи менен “Шайлоо системасына реформа  жүргүзүү аркылуу демократияны бекемдөө - секторду жакшыртуу үчүн грант” аталышындагы долбоорду  ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасы жана Венециан  комиссиясы жигердүү тартипте кызматташып жатат.

Кызматташуунун негизги максаты КР БШК ишмердүүлүгүн колдоого алуу,  шайлоо системасын жакшыртуу,  шайлоо системасында жүрүп жаткан реформаларга консультатция берүү, 2040-жылга чейин жүргүзүлө турган шайлоо системасынын реформаларынын концепциясын иштеп чыгуу жана сунуштарды берүү болуп саналат. Мындан тышкары,  шайлоо системасынын башка да иш-аракеттерине байланыштуу кызматташуу каралган. Мисалы, мониторинг жүргүзүү жана арыздар, шайлоо өнөктүгү маалында МКК менен иштешүү,  шайлоо жана башка маселелер боюнча саясий партиялардын катышуусу менен шайлоо жана башка маселелер боюнча кызматташуу.

2008-жылдын 24-июлундагы №165 КР Мыйзамына ылайык  Кыргыз Республикасы Укук аркылуу демократияга карата (Венециан комиссиясы) Европа комиссиясынын Уставына кошулган. Ошондон тарта Кыргыз мамлекети менен Венециан комиссиясынын ортосундагы кызматташтык жогорку деңгээлде болуп, айрыкча КРнын сот системасында  жүрүп жаткан реформада Венециан комиссиясынын орду абдан чоң болду. Белгилей кете турган нерсе, Кыргыз Республикасы Борбордук Азиядагы ПАСЕнин "Демократия боюнча өнөктөш" макамына ээ болгон жападан жалгыз өлкө. Кыргыз Республикасында мыйзам үстөмдүгүн өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашырууда Венециан комиссиясы  Кыргыз Республикасынын  Жогорку сотунун Конститутциялык палатасы менен да тыгыз кызматташып келет.

 

БШК Аппаратынын маалымат бөлүмү 



Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады
14-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады

2026-жылдын 13–14-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Алмаз Айбалаев Ош шаарында, Ош облусунун Кара-Суу, Араван жана Алай райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жыйындарды өткөрүштү.Жолугушуулардын негизги темасы 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу маселелери болду.Талкуунун жүрүшүндө шайлоочулардын шайлоо укуктарын толук кандуу ишке ашыруусуна зарыл шарттарды түзүү, шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктары менен эркиндиктерин сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары, аралыктан добуш берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, автоматташтырылган маалыматтык тутумдардын колдонулушу жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди.Ошондой эле шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигине токтолду. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, мыйзамсыз кысым көрсөтүү жана шайлоо процессине кийлигишүү аракеттеринин алдын алуу, ошондой эле анын бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.Өткөрүлгөн жолугушуулар шайлоого даярдык көрүү боюнча жергиликтүү деңгээлдеги уюштуруу иштерин талкуулоого, тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга жана шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоо маселелерине көңүл бурууга багытталды.
Кененирээк билүү >>
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>