2017-жылдын 11-майында ТИМде Евросоюз менен кызматташуу боюнча Координациялык кеңештин биринчи жыйыны болуп өттү
13 мая 2017
2017-жылдын 11-майында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигинде Евросоюз менен кызматташуу боюнча Координациялык кеңештин биринчи жыйыны болуп өттү. Ага Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Б.Абдрахматова жана Евросоюз менен кызматташуу боюнча Координациялык кеңештин мүчөлүгүнө кирген мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.
А.Б.Абдрахматова “Шайлоо системасын реформалоо аркылуу демократияны жакшыртуу” жана реформанын максаттарына жетүүгө карата ЕСтин программасынын алкагында КР БШКсы тарабынан аткарылып жаткан иш чаралар тууралуу кыскача маалымат менен чыгып сүйлөдү. Ал КР БШК тарабынан жүргүзүлгөн иштерге токтолду:
- ачыктыкты жана арыз берүү механизиминин жол жоболорун кеңейтүү;
-КР БШКга келген арыздардын ачык режимин жүргүзүү, аны кароонун жана жыйынтыгын билүүнүн мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу;
-Кыргыз Республикасындагы шайлоо системасын реформалоонун Стратегиясын иштеп чыгуу.
Ошондой эле жыйындын жүрүшүндө ЕС менен кызматташуу боюнча Координациялык кеңештин 2017-жылга иш планы бекитилди.
Аягында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Э. Абдылдаев министрликтер менен ведомстваларга ЕС менен кызматташуу боюнча бардык кабыл алынган иш чараларды аткарууну суранып кетти. Ал эми ЕС менен кызматташуунун алкагында кабыл алынган тапшырмаларды аткарууда ТИМ тарабынан мамлекеттик органдарга ар тараптуу көмөк көрсөтө тургандыгы айтылды.
БШКнын басма сөз кызматы


