Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу К.Д. Шаршекеевадан арыз келип түштү
2017-жылдын 28-июнунда Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу Кыргыз Республикасынын жараны, 1957-жылдын 30-мартында туулган, Борбор Азиядагы Эл аралык университеттин провосту Шаршекеева Камила Дуйшебаевнадан БШКга арыз келип түштү.
Эске сала кетсек, 2017-жылдын 28-июнуна карата Борбордук шайлоо комиссиясына:
- 7 жарандан Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына өзүн өзү талапкер катары көрсөтүү арызы келип түшкөн.
-1 жаран Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн.
КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу Б.К.Дегенбаевден жана С.С.Султанидиновдон арыз келип түштү
2017-жылдын 27-июнунда Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу 1975-жылдын 14-августунда туулган Кыргыз Республикасынын жараны, “Ата мекендик өндүрүшчүлөр” Ассоциациясынын төрагасы Дегенбаев Бакыт Кудусовичтен БШКга арыз келип түштү.
Андан тышкары, Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу арызы менен БШКга 1955-жылдын 5-июнунда туулган Кыргыз Республикасынын жараны, Латвия Республикасынын «Маро» фирмасынын Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Сайнидин Султанидинович Султанидинов кайрылды.
Эске сала кетсек, 2017-жылдын 27-июнуна карата (20:30) Борбордук шайлоо комиссиясына:
-6 жарандан Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына өзүн өзү талапкер катары көрсөтүү арызы келип түшкөн;
- 1 жаран Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн.
КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК шайлоо участкаларынын чек араларын башкарууну тартипке келтирүү жана шайлоо алдындагы үгүткө катышууга айрым ЖМКлар менен интернет-басылмаларды аккредитациядан өткөрдү
2017-жылдын 27-июнунда КР БШКнын жыйынында 2017-жылдын 15-октябрында өтүүчү Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү ишин чагылдырууда БШКнын бекитилген Жобосуна ылайык документтерин тапшырган 41 жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларды аккредитациядан өткөрүү боюнча чечим кабыл алынды.
Документтерди кабыл алуу ушул жылдын 15-июнунда башталган. КР БШКнын маалымат берүү Жумушчу тобунун маалыматына ылайык бүгүнкү күнгө 87 документтердин топтому келип түшкөн, алардын ичинен 41 жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалары тийиштүү документтердин толук тизмесин өткөргөн. Алардын ичинде 16 телекомпания, 10 радиокомпания, 10 басылмалар (газет-журнал) жана 4 интернет-басылма бар. Массалык маалымат каражаттар жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо үчүн документтерди кабыл алуу 2017-жылдын 4-июлуна чейин жүргүзүлөт.
Ошондой эле КР БШКнын мүчөлөрү “Шайлоо участкаларынын чек араларын башкаруу тартиби тууралуу” Инструкцияны карап, талкуулап, жактырышты.
Ушул документке ылайык, шайлоо участкаларынын чек аралары ЖӨБлар менен макулдашылып, тийштүү АШКлар тарабынан жергиликтүү жана башка шарттарды эске алуу менен 2500 шайлоочуга ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында ишке ашырылат. Шайлоочулардын санынын көп болушу ошол жердеги географиялык өзгөчөлүктөргө байланыштуу болот. Мисалы, ошол аймактагы жаңы шайлоо участкасын ачуу шарттарынын жоктугу.
Шайлоочулардын санын көп болушу, ошол жерде убактылуу жашагандар, же шайлоочулардын саны мыйзамда көрсөтүлгөн нормадан ашып кеткенде кошумча шайлоо участкалары түзүлмөкчү.
Республикадан тышкары жашаган же турган Кыргыз Республикасынын жарандары бир гана Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктүн аймагында же консулдук мекемелерде добуш беришет.
Жыйында ошондой эле Кадамжай, Сузак, Майлуу-Суу, Базар-Коргон, Нарын, Ак-Суу жана Түп аймактык шайлоо комиссияларында жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгына байланыштуу бошогон депутаттык мандатты кийинки шайланган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерине шайланган кийинки талапкерге берүү чечими кабыл алынды.
Жыйында Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер А.Б. Абдылдаевдин каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо чечими кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу Р.Р. Карасартовадан арыз келип түштү
2017-жылдын 7-июнунда Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу Кыргыз Республикасынын жараны, «Коомдук иликтөөлөр институту» КУнун директору Карасартова Рита Рахмановнадан БШКга арыз келип түштү.
Эске сала кетсек, 2017-жылдын 27-июнуна карата Борбордук шайлоо комиссиясына:
-4 жарандан Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына өзүн өзү талапкер катары көрсөтүү арызы келип түшкөн.
-1 жаран Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн.
КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандарга, саясий партияларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органдарына (жергиликтүү кеңештерге) КАЙРЫЛУУСУ
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы аймактык шайлоо комиссиялардын (мындан ары-АШК) резервдерин толуктоо максатында, саясий партиялардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органдарынан өкүлдөрдү көрсөтүү тууралуу жарыялайт.
АШКлардын резервдерине талапкерлерди көрсөтүүдө жарандардын өз макулдугун, шайлоо өнөктүктөрүнө, коомдук жашоодо катышуу тажрыйбасын, кесиптик жана жеке сапаттарын эске алуу зарыл.
Көрсөтүп жаткан субъекттер шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө талапкер, эреже катары, тиешелүү калктуу конуштун аймагында жашоого тийиш.
АШКлардын резервдерине найлоочулардын жыйналыштарынан талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдорду, жыйналыштын төрагасы жана катчысы өз колдору менен күбөлөндүрүшү керек. Протоколго, алардын колу коюлган, жашаган жерин көрсөтүлгөн жыйналыштын катышууларынын тизмеси тиркелүүгө тийиш. Жогоруда көрсөтүлгөн документтерге төмөнкүлөр тиркелет:
-талапкердин АШКнын курамында иштөөгө макулдугу жөнүндө арызы жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин сактоо жөнүндө милдеттенмеси;
-паспортунун көчүрмөсү;
-иштеген, окуган жерин, билимин көрсөтүү менен өмүр баянынын маалыматтары (кадрларды эсепке алуу боюнча жеке баракчасы, өмүр баянынын таржымалы);
-байланыш маалыматтары: жашаган жеринин дареги, телефондору (үй, уюлдук, электрондук дарек).
АШКлардын резервдерине найлоочулардын жыйналыштарынан талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор 2017-жылдын 15-июлу саат 18.00гө чейин тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органдарында (шаардык, айылдык кеңештерде) кабыл алынат.
АШКлардын резервдерине саясий партиялардан талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор 2017-жылдын 15-июлу саат 18.00гө чейин Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында кабыл алынат.
(Тизме)
Кошумча маалыматтарды төмөнкү телефондор аркылуу алсаңыздар болот: 0(312) 66 51 86; 66 01 18 www.shailoo.gov.kg
Кененирээк билүү >>
БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу А.Б. Абдылдаевден арыз келип түштү
2017-жылдын 26-июнунда Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу Кыргыз Республикасынын жараны, “Аурдин” чектелган ачык коомунун директору Арстанбек Бейшеналиевич Абдылдаевден БШКга арыз келип түштү.
Эске сала кетсек, 2017-жылдын 26-июнуна карата Борбордук шайлоо комиссиясына:
-3 жарандан Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына өзүн өзү талапкер катары көрсөтүү арызы келип түшкөн.
-1 жаран Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн.
КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүүдө жана өткөрүүдөгү Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын Жумушчу топтору
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкерден каттоодон өткөрүү үчүн документтерин кабыл алуу боюнча Жумушчу тобу
Джилкичиева Е.Дж.-Жумушчу топтун жетекчиси;
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
Арипов Н.Т.-БШК мүчөсү;
Асаналиев А.Т.-БШК мүчөсү;
Алыбаева Ч.Б.-БШК аппаратынын кызматкери;
Козобаев М.С.-БШК аппаратынын кызматкери;
Мамытова К.-Жумушчу топтун мүчөсү.
Байланыш телефондору: 626285,665860,620184.
Электрондук дарек: shailoo_toktom@shailoo.gov.kg
Кол коюлган баракчаларды кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топ
Эшимов А.Ж.-Жумушчу топтун жетекчиси;
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
Абдрахматова А.Б.-БШК төрагасынын орун басары;
Баатырова Г.М.-БШК мүчөсү;
Абдилатов К.А.-БШК аппаратынын кызматкери;
Эрназаров А.С.-БШК аппаратынын кызматкери;
Шаршеналы уулу Адилет-БШК аппаратынын кызматкери;
Малабаев Б.Н.-Жумушчу топтун мүчөсү;
Берикбаева К.-Жумушчу топтун мүчөсү.
Байланыш телефондору: 620184, 660276, 660157.
Электрондук дарек: adilet@shailoo.gov.kg
КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөп-текшерүү тобу
Баатырова Г.М.-Көзөмөлдөп-текшерүү тобунан жетекчиси;
Эшимов А.Ж.- Көзөмөлдөп-текшерүү тобунан жетекчисиинин орун басары:
Көзөмөлдөп-текшерүү тобунун мүчөлөрү:
Сатыгулов А.С.-БШК мүчөсү;
Акунов Т.К.-БШК аппаратынын кызматкери;
Батырканов К.К.-Жумушчу топтун мүчөсү;
Асанбекова А.Н.-Жумушчу топтун мүчөсү.
Байланыш телефондору: 626315, 660286.
Электрондук дарек: akunov@shailoo.gov.kg
Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт иштеринин эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөө боюнча Жумушчу тобу
Арипов Н.Т.-Жумушчу топтун жетекчиси;
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
Осмоналиев К.М.-БШК мүчөсү;
Иметов И.Б.-Жумушчу топтун мүчөсү;
Туржанов А.Ж.-Жумушчу топтун мүчөсү;
Осонов Т.С.-Жумушчу топтун мүчөсү;
Жумаканова Ж.К. - член Рабочей группы.
Байланыш телефондору: 660143,626290.
Электрондук дарек: i.imetov@shailoo.gov.kg
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү процессинде шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыз даттанууларын кароо боюнча жумушчу тобу
Асаналиев А.Т.-Жумушчу топтун жетекчиси;
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
Абдрахматова А.Б.-БШК төрагасынын орун басары;
Кадыров Б.С.-БШК мүчөсү;
Уметалиев К.К.-БШК аппаратынын кызматкери;
Самаков Б.-Жумушчу топтун мүчөсү;
Мамытова К.-Жумушчу топтун мүчөсү.
Байланыш телефону: 620184.
Электрондук дарек: umetaliev@shailoo.gov.kg
Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо Кыргыз Республикасынын ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын шайлоо укугун турмушка ашырууну өркүндөтүү боюнча Жумушчу тобу
Кадыров Б.С.-Жумушчу топтун жетекчиси;
Мукашев Э.Ж.-Жумушчу топтун жетекчисинин орун басары;
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
Джилкичиева Е.Дж.-БШК мүчөсү;
Бакиров Ж.Ж.-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынын өкүлү;
Полотова Ж.А.-Кыргыз Республикасынын социалдык өнүктүрүү министрлигинин өкүлү;
Эшенкулова Н.А.-Бишкек шаар мэриясынын өкүлү;
Мамеева Б.-Кыргыз Республикасында Шайлоо тутуму Эл аралык фондунун өкүлчүлүгүнүн Программалык адиси;
Исаков Т.М.-«Майыптарга юридикалык жардам берүү» Коомдук фондунун президенти;
Джунушалиева А.-«Психикалык ден соолук жана коомчулук» КБ жетекчиси;
Омурканова Ч.А.-КБ «Эгль»;
Мусаева А.М.-Кыргызстандын майып аялдарынын республикалык көз каранды эмес ассоциациясы;
Сыдыков Ж.М.-Кыргыз республикалык майыптар коому;
Абдылдаев Т.А.-Майыптардын «Талыкпас-Ата» коомдук бирикмеси;
Исаков Б.-Кыргыз улуттук паралимпиадалык комитети;
Мураталиева У.- «Назик-кыз» коомдук бирикмесинин өкүлү;
Алымбек к Г.- «Назик-кыз» коомдук бирикмесинин өкүлү;
Каныбеков У.К.-БШК аппаратынын кызматкери.
Байланыш телефону: 626287.
Электрондук дарек: kanybekov@shailoo.gov.kg
Республикадан тышкары жерлерде жашаган же турган Кыргыз Республикасынын жарандарын Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого катыштырууну уюштуруу боюнча Жумушчу тобу
Абдрахматова А.Б.-Жумушчу топтун жетекчиси;
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
Кадыров Б.С.-БШК мүчөсү;
Маматов К.А.-Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы;
Турумбеков М.Б.-БШК аппаратынын кызматкери;
Береналиев А.Б.-Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигинин өкүлү;
Калчабаев С.М.-Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) аппаратынын өкүлү;
Сартбаев К.Ш.-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлү;
Мамбетов Б.М.-БШК аппаратынын кызматкери;
Каныбеков У.К-БШК аппаратыныгн кызматкери;
Мурзаев У.О.-БШК аппаратынын кызматкери.
Байланыш телефондору: 660152,626287,626324, 660116.
Электрондук дарек: kanybekov@shailoo.gov.kg
Ыкчам чечим кабыл алуу боюнча Координациалык тобу
Осмоналиев К.М.-Координациялык топтун жетекчиси;
Координациялык топтун мүчөлөрү:
Джурабаева Г.К.-БШК мүчөсү;
Уметалиев К.К.-БШК аппаратынын кызматкери;
Айтикеев Т.О.-БШК аппаратынын кызматкери;
Усупбекова А.-“Гражданская платформа” коомдук фондусунун директору;
Пирманов Б.Р.- КР ИИМ өкүлү.
Байланыш телефондору:620184,620829.
Электрондук дарек: umetaliev@shailoo.gov.kg
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Н. Шайлдабекова Швейцариянын Атайын жана Толук Ыйгарым Укуктуу Элчиси Рене Холленштейн менен жолукту
2017-жылдын 21-июнунда КР БШКнын төрагасы Н.Шайлдабекованын Швейцариянын Атайын жана Толук Ыйгарым Укуктуу Элчиси Рене Холленштейн менен жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушууда Н.Шайлдабекова өлкөдө жүргүзүлүп жаткан шайлоо реформасына туруктуу жана иштиктүү колдоо көрсөтүп жаткандыгы үчүн Элчи Холленштейнге ыраазычылык билдирди. “Швейцариянын Өкмөтүнө жана жеке Сизге көрсөтүп жаткан колдооңуздар үчүн терең ыраазычылык билдиргим келет, биз муну абдан жогору баалайбыз”,-деп белгиледи Борборшайлоокомдун төрагасы.
Жолугушуунун жүрүшүндө БШКнын башчысы Элчи Холленштейнди КРнын Президентин шайлоого карата көрүлүп жаткан даярдыктын жүрүшү менен тааныштырды. Шайлоону уюштурууну жакшыртуу боюнча кабыл алынып жаткан чараларды жана мындан аркы реформалоонун милдеттерин жана негизги принциптерин талкуулоо менен БШКнын башчысы шайлоо процессине автоматтык эсептөөчү урналардын киргизилиши ар бир жарандын добушун анык эсептөө системасын түзүүгө, шайлоочулардын добушун так, калыс эсептөөгө жана өлкөдөгү шайлоо процесстеринин жыйынтыгын чыгарууга өбөлгө түздү.
Өз кезегинде Элчи Холленштейн төрага Н.Шайлдабековага кенен маалымат бергени үчүн ыраазычылык билдирди жана “биз көрүп тургандай, КРнын Сиз баш болгон Борбордук шайлоо комиссиясы таза жана адилет шайлоо өткөрүүнү камсыз кылууга багытталган чоң иштерди жүргүзүүдө. Кыргызстан мындан улам чыныгы демократиялык шайлоолорду өткөрүүдө аймакта үлгү болууда жана Швейцариянын Өкмөтү Кыргызстан менен болгон мындай үзүрлүү кызматташтыкты жактырат”, - деп белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгын чыгарып жатып тараптар ортодогу мазмуундуу жолугушуу жана кызыктуу талкуу үчүн бири бирине ыраазычылык айтышты жана мындан аркы үзүрлүү кызматташтыкка ишеним билдиришти.
Эске салсак, 2015-жылы, Кыргызстандын шайлоо системасын реформалоонун башталышында Швейцариянын Өкмөтүнүн колдоосу менен алгачкы 200 автоматтык эсептөөчү урналар (АЭУ) сатылып алынган жана ошол эле жылдын жазында өткөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо ийгиликтүү сынактан өткөн. АЭУ биометрикалык маалыматтарды чогултуу жана жарандарды биометрикалык идентификациялоо технологиясы менен бир катарда шайлоо реформасынын негизи болуп калганын белгилей кетүү маанилүү.
Аталган жаңылануулардын аркасы менен шайлоо жыйынтыгын бурмалоонун ар кандай мүмкүнчүлүгү жокко чыгарылды жана бүгүнкү күндө Кыргызстандагы шайлоо процесстери ачык, адилет жана таза өтүүдө.
КР БШК Аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын мүчөлөрү Монголиядагы Президенттик шайлоого байкоочу катары катышууда
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү К.Осмоналиев жана А.Эшимов Кыргызстан менен Монголиянын шайлоо комиссиялары ортосундагы эки тараптуу келишимдин алкагында 2017-жылдын 26-июнундагы Монголиянын Президентин шайлоого мониторинг жасоого катышууда.
Программа боюнча БШКнын мүчөлөрү Монголиянын шайлоо комиссиясынын Башкы төрагасы Ч.Содномцэрэн менен жолугушту. Анын айткандарына караганда Президенттикке атаандашкан үч талапкерди Монголиянын парламентиндеги саясий партиялар көрсөткөн.
Өз кезегинде К.Осмоналиев Кыргыз Республикасындагы жаңы шайлоо модели, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча, Президенттикке талапкерлерге коюлган талаптар, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы шайлоо мыйзамындагы жаңы толуктоолор жөнүндө айтып берди.
Мындан тышкары БШКнын мүчөлөрү КР БШКнын төрагасынын атынан Монголиянын шайлоо комиссиясынын Башкы төрагасын Кыргыз Республикасында күздө өтө турган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого байкоочу катары катышып берүүнү сунушташты жана мындан ары эки мамлекеттин шайлоо комиссиялырынын ортосундагы кызматташтык чыңдала берээрине ишенгендик билдиришти.
Маалымат ирээтинде: 2015-жылдын 23-декабрында Улан-Батор шаарында Кыргыз Республикасы менен Монголиянын шайлоо комиссиялары ортосунда өз ара түшүнүшүү тууралуу Меморандумга кол коюлган.
КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Ош, Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Чүй облусунун сегиз айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоо дайындалды
2017-жылдын 22-июнунда КР БШКнын жыйынынын чечими менен Ош, Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Чүй облусунун сегиз айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоо чечими кабыл алынды.
Борборшайлоокомдун тиешелүү чечимине ылайык Чүй облусунун Жайыл районунун Сосновка айыл өкмөт башчысын 2017-жылдын 10-июлунда саат 9-00дөн 12-00гө чейин, Красно-Восток айыл Өкмөтүнүн башчысын шайлоо саат 15-00 дөн 18-00 гө чейин өткөрүү дайындалды.
Ошондой эле Чүй облусунун Сокулук районунун Фрунзе, Ново-Павловка, Жайыл районунун Полтавка айыл өкмөт, Жалал-Абад обулусунун Аксы районунун Кара-Жыгач айыл өкмөт, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Улахол айыл өкмөт, Ош облусунун Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл өкмөт башчыларын шайлоо 2017-жылдын 11-июлуна дайындалды.
Ак-Таш, Улахол, Кара-Жыгач, Полтавка, Ново-Павловка айыл өкмөт башчыларын шайлоо саат 9-00дөн 12-00гө, Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо саат 15-00дөн 18-00гө чейин өткөрүү белгиленди.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан шайлоо дайындалгандан тартып 20 календардык күндүн ичинде өткөрүлүшү керек.
Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык даярдап өткөрүү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына тапшырылды.
КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК Кыргыз Республикасынын Президентине талапкер Т.Сариевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады
2017-жылдын 22-июнунда КР БШКнын жыйынында Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына “Ак Шумкар” саясий партиясынан талапкер Т.Сариевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо маселеси каралды.
Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Т.Сариевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо тууралуу берилген документтерди текшерип, карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлерден документтерди кабыл алуу боюнча КР БШКнын Жумушчу тобу Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкердин шайлоо жана каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо чечимин БШКнын жыйынына сунуш кылды.
Ошентип, Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Т.Сариевдин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп А.Орозакунова, Г.Барыктабасова, К.Ниязбеков жана А.Джабиев катталды.
Ал эми Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Т.Сариевдин каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Б.Мусаев катталды.
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө КРнын конституциялык Мыйзамынын” 19-беренесинин 1-пунктуна ылайык талапкерлер, саясий партиялар шайлоого катышууларына байланыштуу маселелер, анын ичинде каржы маселеси боюнча тиешелүү талапкерлердин, саясий партиялардын атынан чыгуучу ыйгарым укуктуу өкүлдөрдү дайындоого укуктуу.
КР БШКнын аппаратынын маалыматтык кызматы
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин күнү менен куттуктоосу
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин күнү менен куттуктоосу
Урматтуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлери!
Урматтуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын кызматкерлери, атайын өкүлдөрү жана системалык администраторлору!
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Сиздерди кесиптик майрам – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин күнү менен куттуктоого уруксат этиңиздер.
Мамлекеттик кызматчы болуу – бул жигер, күн сайын ак ниеттүү, сапаттуу эмгекти, өз учурунда туура чечимдерди жана чечкиндүү аракеттерди көрүүнү, жоопкерчиликтин жогорку деңгээлин, жарандык жана кесипкөйлүк эстүүлүктү талап кылган ардактуу жана жооптуу милдет.
Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүн, мыйзамдын жана укуктун үстөмдүгүн бекемдөөгө багытталган Сиздердин күндөлүк иш-аракеттериңиз, биздин элдин бакубат жашоосунун өсүшүнө, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматкерлерине болгон ишенимди жана сый-урматты жогорулатууга көмөктөшөт деп ишенем.
Сиздерге чын дилимден чың ден соолук, бейпилдик, ынтымак, үй-бүлөлүк бакубаттуулук, Кыргызстан калкына кызмат кылуу жагындагы асыл иштериңизде жана өзүңүздөрдүн кесиптик чеберчиликти арттырууда ийгиликтерди каалайм!
Урматтоом менен,
КР БШКнын төрагасы Н.Шайлдабекова
Кененирээк билүү >>
КР БШК Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлердин каржы жана шайлоо маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү үчүн семинар өткөрдү
2017-жылдын 21-июнунда КР БШК Эл аралык шайлоо тутуму фонду (IFES) менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлердин каржы жана шайлоо маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү үчүн “Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлерди көрсөтүү жана каттоонун тартиби“ деген темада практикалык семинар уюштуруп, өткөрдү.
Борборшайлоокомдун төрайымы Н.Шайлдабекова семинардын катышуучуларын куттуктап, “бул өтө маанилүү семинарды өткөрүүдө колдоо көрсөткөн IFESтин жетекчилигине ыраазычылык билдирди жана бүгүнкү шайлоодогу добуш берүүнүн акыйкат жыйынтыгы талапкерлер арасында ак ниет атаандаштыктын негизин түздү.Ошол эле учурда шайлоодогу ак ниет атаандаштык үчүн керектүү билим эрежелерин жана шайлоо мыйзамдарынын нормаларын билип, аларды сактоо зарыл.
Биздин башкы тапшырмаларыбыздын бири, анын ичинде ушул семинардын алкагында, шайлоо процессинин катышуучулары жана уюштуруучулары менен конструктивдүү кызматташуунун негизинде эксперттик жардам көрсөтүү болуп саналат-деп билдирди.
БШКнын төрайымы өзүнүн куттуктоо сөзүндө, семинардын катышуучуларын КР БШКнын мүчөлөрүн, Борборшайлоокомдун Жумушчу топторунун жетекчилерин, КР Президентинин кызматына талапкерлердин документтерин кабыл алууда жооптуу кызматкерлер жана шайлоо фондунун түзүү маселеси боюнча жооптуу кызматкерлерди тааныштырды.
Семинардын биринчи бөлүгүндө КР БШКнын мүчөлөрү, эксперттер жана Борборшайлоокомдун Жумушчу топторунун жетекчилери Президенттин кызматына талапкерлерди көрсөтүү, шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн эрежелери, шайлоо талаш-тартыштарын чечүү маселелери жана процедуралары тууралуу кенен айтып беришип, анын бет ачарын өткөрүштү.
Семинардын экинчи бөлүгүндө каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөр үчүн шайлоо компаниясын каржылоонун эрежелерин сактоо жана шайлоо фонддорун түзүү маселеси боюнча атайын теманын бет ачары өттү.
Семинардын жүрүшүндө Борборшайлоокомдун төрайымы, мүчөлөрү, эксперттер жана КР БШКнын Жумушчу тобунун жетекчилери Президенттин кызматына талапкерлердин жана алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн семинардын темасына байланышкан көптөгөн суроолоруна кенен жоопторду беришти.
Семинарга, Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер, шайлоо жана каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөр, ошондой эле саясий партиялардын өкүлдөрүнөн бардыгы болуп 60 адам катышты.
КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК алты айыл өкмөт башчыларын шайлоону дайындады
Бул жөнүндө тиешелүү чечим КР БШКнын 2017-жылдын 20-июнундагы жыйынында кабыл алынды. КР БШКнын чечимине ылайык Ош облусунун Кара-Суу районунун Жоош айыл өкмөт, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Кара-Ой айыл өкмөт, Жети–Өгүз районунун Кызыл-Суу айыл өкмөт, Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл өкмөт башчыларын шайлоо 2017-жылдын 7-июлунда саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүү белгиленди.
Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Бозтери айыл өкмөт, Чүй облусунун Сокулук районунун Кызыл-Туу айыл өкмөт башчыларын шайлоо 2017-жылдын 7-июлунда саат 15-00дөн 18-00гө чейин өткөрүү чечими кабыл алынды. 14-19-июнда аталган айылдык кеңештеринде биринчи сессия өтүп, кеңештердин төрагалары шайланган:
Жоош айылдык кеңешине - Памирбек Жакыпов (31ден 29);
Кызыл-Суу айылдык кеңешине – Ренат Байдолотов (21ден 11);
Кара-Ойс айылдык кеңешине – Бакыт Усенбеков (11ден 8);
Бостери айылдык кеңешине – Чолпонбек Джилкыбаев (21ден 11);
Кызыл-Туу айылдык кеңешине – Кайрат Иманалиев (20дан 11);
Орок айылдык кеңешине – Эрик Долоткулов (19дан 16 добуш менен) шайланды.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аткаруу бийлигинин башчыларын шайлоо аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоо өткөндөн кийин 20 календардык күндүн ичинде өткөрүлөт.
Тийиштүү аймактык шайлоо комиссияларына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүү тапшырылды.
КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Н.Шайлдабекова: «Шайлоо алдындагы иш-чараларды, атап айтканда, талапкерлерди көрсөтүүнүн жүрүшүн чагылдыруу менен бир катар ЖМКлар маалымдоонун так чегин сактоо менен маалымат берип жатат, айрым ЖМКлар болсо бул чектен чыгып кетти»
Бүгүн, 2017-жылдын 20-июнунда, өз отурумунда КР БШК Жарандарга, саясий партиялардын, ЖМКнын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрүнө кайрылууну бекитти.
Кайрылуу Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди көрсөтүп жаткан саясий партиялар ЖМКда жана интернет-басылмаларда маалымдоонун чегинен чыккан жана шайлоо алдындагы үгүттүн белгилерин камтыган материалдарды жигердүү тарата баштагандыгына байланыштуу иштелип чыкты жана таратылды.
Мында «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-пунктуна ылайык «Жалпыга маалымдоо каражаттарында жайгаштырылган же башка ыкма менен таратылган маалыматтык материалдардын мазмуну калыс, так болушу керек, талапкерлердин, саясий партиялардын теңдигин бузбоосу тийиш, аларда кандайдыр бир талапкерге, саясий партияга артыкчылык берилбеши керек».
Тиешелүү түрдө, өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде көрсөтүлүп жаткан жарандар жана Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөткөн саясий партиялар, ЖМКлар жана интернет-басылмалар учурдагы өнөктүктүн жүрүшү жөнүндө маалымдоо учурунда үгүттү жүргүзүүгө тыюу салган мыйзамдардын ченемдерин эске алууга тийиш.
«Шайлоо алдындагы иш-чараларды, атап айтканда, талапкерлерди көрсөтүүнүн жүрүшүн чагылдыруу менен бир катар ЖМКлар маалымдоонун так чегин сактоо менен маалымат берип жатат, айрым ЖМКлар болсо бул чектен чыгып кетти»,-деп айтты Н.Шайлдабекова бул кайрылууга комментарий берүү менен.
КР БШК шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктагандан кийин, башкача айтканда, 2017-жылдын 10-сентябрынан тартып башталаарын жана добуш берүү башталганга чейин 24 саат калганда, башкача айтканда, 2017-жылдын 14-октябрында аяктаарын эске салат.
Кабыл алынган чечимге ылайык, БШКнын Маалымдоо маселелери боюнча Жумушчу тобуна жана үгүт жүргүзүү эрежелеринин сакталышына контролдук кылуу боюнча Жумушчу тобуна шайлоочуларга маалымдоо тартибин, шарттарын жана эрежелерин сактоо боюнча ЖМКнын жана интернет-басылмалардын мониторингин жүргүзүү милдети тапшырылды.
Жыйналышта КР Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча жана кол коюу барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтор жөнүндө жоболор бекитилди.
Ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Президентин, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону жана Кыргыз Республикасында референдумду даярдоо жана өткөрүү мезгилинде КР БШКнын жана КР МККнын өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби жөнүндө» Жобого өзгөртүүлөрдү жана Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү маселелер каралды.
КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын жарандарга, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына жана интернет-басылмаларга кайрылуусу
Урматтуу жарандар, саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү жол-жоболору жүрүп жатат. Мында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди көрсөтүп жаткан айрым саясий партиялар жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернет-басылмаларда маалымдоонун чегинен чыккан жана шайлоо алдындагы үгүттүн белгилерин камтыган материалдарды жигердүү тарата баштады.
Өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде көрсөтүлүп жаткан жарандарга, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөткөн саясий партияларга КР Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү процессинде жүргүзүлүп жаткан чаралар жөнүндө ЖМКга жана интернет-басылмаларга маалымдоо учурунда үгүттүн белгиленген мөөнөттөрү башталганга чейин шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүүгө тыюу салган мыйзамдардын ченемдерин эске алууну өтүнөбүз.
Шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктагандан кийин, башкача айтканда, 2017-жылдын 10-сентябрынан тартып башталаарын жана добуш берүү башталганга чейин 24 саат калганда, башкача айтканда, 2017-жылдын 14-октябрында саат 08.00дө аяктаарын эске салабыз.
"КР Президентин жана КР ЖК депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-пунктуна ылайык «Жалпыга маалымдоо каражаттарында жайгаштырылган же башка ыкма менен таратылган маалыматтык материалдардын мазмуну калыс, так болушу керек, талапкерлердин, саясий партиялардын теңдигин бузбоосу тийиш, аларда кандайдыр бир талапкерге, саясий партияга артыкчылык берилбеши керек».
КР БШКнын 2017-жылдын 14-июнундагы №150 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшү жөнүндө шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка катышуучуларын маалымдоо жөнүндө» Жобонун (мындан ары – Маалымдоо жөнүндө жобо) 2-беренесинин 6, 10-пункттарына ылайык, шайлоочуларга маалымдоого мыйзамдарда белгиленген чектерде гана жол берилет жана шайлоо алдындагы үгүттүн элементтерин же белгилерин камтууга тийиш эмес.
Урматтуу жарандар, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөткөн саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
Жогоруда баяндалгандарга таянып жана мыйзамдардын көрсөтүлгөн талаптарын эске алып, шайлоо алдындагы үгүттүн белгиленген мөөнөтү башталганга чейин, башкача айтканда, 2017-жылдын 10-сентябрына чейин үгүт белгилери бар маалыматтык жана башкаматериалдарды таратууга жол берилбейт.
Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого катышууга ниеттенген Кыргыз Республикасынын бардык саясий партияларына жана жарандарына, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарына жана интернет-басылмаларга үгүт белгилери бар материалдарды күн мурунтан таратуудан карманууга чакырабыз.
Жарандар, саясий партиялар, жалпыга маалымдоо каражаттары, интернет-басылмалар шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка катышуучуларына маалымдоо тартибин, шарттарын жана эрежелерин сакташынын максатында шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин так сактоону жана маалымдоо учурунда Маалымдоо жөнүндө жобонун ченемдерин жетекчиликке алууну өтүнөбүз, Жобо мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жалпыга маалымдоо каражаттары, интернет-басылмалар, шайлоо комиссиялары, жеке жана юридикалык жактар шайлоочуларга маалымдоосунун тартибин, шарттарын кең-кесири жөнгө салат жана аныктайт.
Мыйзамдарын жогоруда көрсөтүлгөн талаптарын сактабагандык маалыматтык материалдарды үгүт материалдары деп таанууга жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке алып келет.
Борбордук шайлоо комиссиясынын Маалымдоо маселелери боюнча жумушчу тобуна жана Үгүт жүргүзүү эрежелеринин сакталышына контролдук кылуу боюнча жумушчу тобуна шайлоочуларга маалымдоо тартибин, шарттарын жана эрежелерин сактоо боюнча ЖМКнын жана интернет-басылмалардын мониторингин жүргүзүү милдети тапшырылган.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
25.09.2026
Шайлоо участокторунун чек аралары маселеси жөнүндө
25.09.2026
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоочуларга, талапкерлерге, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жана шайлоо процессинин катышуучуларына кайрылуусу!
25.09.2026
«Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону 2027-жылдын 27-январында эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду
25.09.2026
«Элдик Банк» жана «АБанк» КР Президентин шайлоого катышуучу талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн банк катары аныкталды
25.09.2026
КР БШКсы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча иш-чаралардын календардык планын бекитти
25.09.2026
КР БШКсы шайлоо жана референдум мезгилинде ЖМКларды аккредитациялоо жөнүндө жобону бекитти