Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
Борборшайлоокомго Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары Т.Сариевди көрсөткөн “Ак Шумкар” партиясынын чечими келип түштү
Бүгүн, 2017-жылдын 20-июнунда, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерликке Т.Сариевди көрсөтүү тууралуу “Ак Шумкар” саясий партиясынын чечими келип түштү.
Муну менен кошо КР БШКга талапкердин шайлоо компаниясын каржылоо жана шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн тийиштүү документтери да каттоого көрсөтүлдү.
Кененирээк билүү >>
КР БШК билдирет:
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү, каттоо жана колдорду чогултуу процессинде керектүү документтерди тариздөөдө, КР БШК тарабынан бекитилген төмөнкү формаларды жана жоболорду жетекчиликке алуу тийиш экендиги тууралуу маалымдайт.
1. Арыздардын формалары;
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер үчүн Колдонмо;
3. Кол коюу барагынын формасы.
Бардык суроолор боюнча КР БШКнын КР Президентинин кызмат ордуна талапкелердин документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу тобуна, төмөнкү телефон номер аркылуу 0(701) 035 133, 0(312) 626 285 кайрылсаңыздар болот.
Кененирээк билүү >>
КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликке өзүн өзү көрсөтүү боюнча эки арыз түштү
КР БШК, 2017-жылдын 18-июнуна карата Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликке өзүн өзү көрсөтүү жолу менен көрсөтүп жаткандыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын эки жаранынан арыздар түшкөндүгү тууралуу маалымдайт.
Биринчи, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликке өзүн өзү көрсөтүү тартибинде өз талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арызы менен 1961-жылдын 20-мартында туулган, «Лига-Антикризис» КБнин президенти Нышанов Назарбек Айтбекович, 2017-жылдын 16-июнунда кайрылган.
2017-жылдын 18-июнунда, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликке өзүн өзү көрсөтүү тартибинде өз талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арызы менен 1958-жылдын 22-декабрында туулган, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Текебаев Өмүрбек Чиркешович кайрылды.
КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2017-жылдын 5-7-июлунда Жалал-Абад жана Баткен облустарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо дайындалды
КР БШКнын 2017-жылдын 17-июнундагы жыйынында Жалал-Абад жана Баткен облустарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо 2017-жылдын 5-7-июлуна дайындалды.
-Баткен облусунун Кадамжай районунун Совет айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2017-жылдын 5-июлунда саат 9-00дөн 12-00гө,
-Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр, Сузак районунун Көк-Жаңгак, Баткен облусунун Кадамжай районунун Айдаркен шаарларынын мэрлерин шайлоо 2017-жылдын 6-июлунда саат 9-00дөн 12-00гө;
-Баткен облусунун Кадамжай районунун Кадамжай шаарынын мэрин шайлоо 2017-жылдын 7-июлунда саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлөт.
КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Чүй, Ош жана Нарын облустарындагы айрым жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын аткаруу бийлигинин башчыларын шайлоо 2017-жылдын 3-июлуна дайындалды
КР БШКнын 2017-жылдын 14-июнундагы жыйынында айрым жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын аткаруу бийлигинин башчыларын шайлоо маселеси талкууланды.
Ошентип, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Таш-Мойнок айыл өкмөт жана Панфилов районунун Курамин айыл өкмөт, Кемин районунудагы Көк-Ойрок айыл өкмөт, Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айыл өкмөт, Ош облусунун Алай районунун Бүлөлү айыл өкмөт, Араван районунун С.Юсупов айыл өкмөт башчыларын шайлоо 2017-жылдын 3-июлунда өткөрүү дайындалды.
Маалымат: Чүй облусунун Аламүдүн районунун Таш-Мойнок айылдык кеңешинин жана Панфилов районунун Курамин айылдык кеңешинин, Кемин районунудагы Көк-Ойрок айылдык кеңешинин, Нарын облусундагы Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылдык кеңешинин, Ош облусунун Алай районунун Бүлөлү айылдык кеңешинин, Араван районунун С.Юсупов айылдык кеңешинин биринчи сессиясы болуп өттү.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКда жети Жумушчу топ түзүлдү
2017-жылдын 15-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүүнүн алкагында КР БШКда жети Жумушчу топ түзүлдү.
Жумушчу топтун ишмердиги шайлоочуларды маалымат менен камсыз кылуу, талапкерлерге бирдей деңгээлде, акыйкат шарттарды түзүүнү камсыз кылуу, үгүт иштерин жүргүзүүдө жарандардын шайлоо укугун сактоо, республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттарын максаттуу пайдаланууну көзөмөлдөөгө багытталган.
БШКнын чечими менен төмөндөгүдөй Жумушчу топтор түзүлдү:
- Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка катышуучуларын маалыматтар менен камсыз кылуу маселелери боюнча;
- Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт иштеринин эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөө боюнча;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкерден жана анын ыйгарым укуктуу өкүлүнөн каттоодон өткөрүү үчүн документтерин кабыл алуу боюнча;
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү процессинде шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыз даттанууларын кароо боюнча;
-КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөп-текшерүү тобу;
- Ыкчам чечим кабыл алуу боюнча Координациалык топ;
- Каттоодон өткөрүү үчүн кол коюлган баракчаларды кабыл алуу жана текшерүү боюнчаЖумушчу тобу.
Топтун катарына КР БШКнын мүчөлөрү, КР БШКнын аппаратынын кызматкерлери, эксперттер, мамлекеттик органдарынын, басма сөз коомчулугу жана жарандык коомдун өкүлдөрү кирет.
КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Урматтуу жарандар, Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына өздөрүнүн талапкерлерин көрсөткөн саясий партиялар, өзүн өзү көрсөтүү жолу менен президенттикке ат салышууну көздөгөндөр!
2017-жылдын 15-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого байланыштуу Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы талапкерликке көрсөтүү жана каттоо маселелери, шайлоо фонддорун жүргүзүү, шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүу жана ошондой эле шайлоо талаш-тартыштарын чечүүгө байланышкан маселелер боюнча саясий партиялардын жана талапкерлердин өкүлдөрү үчүн окутуу иш-чараларын баштайт.
Ушуга байланыштуу КР БШК Эл аралык шайлоо тутумунун фондусу (IFES), ошондой эле укук аркылуу демократия Европалык комиссия (Венециан комиссиясы) менен биргеликте саясий партиялардын талапкерлеринин экиден өкүлдөрүн окутуу семинарына чакырат. Төмөндө иш-чаралардын графиги көрсөтүлгөн:
№
Окутуунун аталышы
Уюштуруучу
Өткөрүү датасы
Катышуучулар
1
Шайлоо боюнча саясий партиялардын, талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү үчүн семинар
КР БШКнын (IFES) окутуу борбору
21.06.2017
Шайлоо боюнча саясий партиялардын, талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү
2
Каржы маселеси боюнча саясий партиялардын, талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү үчүн семинар
КР БШКнын (КРГ, IFES) окутуу борбору
21.06.2017
Каржы маселелери боюнча саясий партиялардын, талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү
3
Саясий партиялардын, талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү боюнча штабдарынын PR кызматы үчүн семинар
КР БШКнын шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүнүн эрежесин сактоого көзөмөл боюнча Жумушчу тобу Венециан комиссиясы
28.06.2017
Саясий партиялардын, талапкерлердин юристтер штабы, PR-кызматы
4
Шайлоо талаш-тартыштары боюнча саясий партиялардын, талапкерлердин өкүлдөрү үчүн семинар.
КР БШКнын даттануулар боюнча Жумушчу тобу
Укуктук камсыз кылуу борбору, Венециан комиссиясы
29.06.2017
Саясий партиялардын, талапкерлердин юристтер штабы
КР БШКнын окутуу иш-чараларына катышууну каалаган партиялардын өкүлдөрү 20-июнга чейин 0-312-62-62-87 телефонуна чалсаңыздар болот.
e-mail: abdybekova@shailoo.gov.kg, bermet@shailoo.gov.kg
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы
Кененирээк билүү >>
Борбордук шайлоо комиссиясы Жалал-Абад, Ош жана Ысык-Көл облусунун жергиликтүү кеңештеринин кезектеги жана мөөнөтүнөн мурда шайлоонун бир катар маселелерин бекитти
2017-жылдын 16-июнундагы БШКнын жыйынында 2017-жылдын 28-майында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжасы жана добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу протоколдор бекитилди.
Шайлоого 7 саясий партия катышты. 31 мандаттык Жалал-Абад шаардык кеңешке 7 пайыздык чектен 6 саясий партия өттү. Мандаттар төмөдөгүдөй бөлүштүрүлдү:
1.“Кыргызстан Социал-демократиялык партиясы” саясий партиясы - 8;
2. “Өнүгүү - Прогресс” саясий партиясы - 9;
3.“МЕКЕНИМ КЫРГЫЗСТАН” саясий партиясы – 4;
4.“РЕСПУБЛИКА” саясий партиясы – 3;
5.“Патриоттук партия “Ата-Журт” саясий партиясы – 4;
6. “КЫРГЫЗСТАН” саясий партиясы - 3 мандат.
Ошондой эле жыйында төмөндөгүдөй маселелер бекитилди:
-2017-жылдын 12-майында өткөн шайлоодо Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Жети-Өгүз айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланган А.З. Сейдакматовду бекитүү тууралуу протокол;
-Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын аткаруу бийлигинин айрым башчыларын шайлоо протоколдору.
Ошентип, Чүй облусунун Москва районунун Александровка айыл өкмөтүнүн, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн, Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн, Сузак районундагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн, Токтогул районундагы А. Сүйөркүлов айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2017-жылдын 5-июлунда саат 9дан 12ге чейин өткөрүү дайындалды.
Ал эми Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кара-Жал айыл өкмөт, Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн, Чүй облусунун Москва районунун Төлөк айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоо 2017-жылдын 5-июлунда саат 15тен 18ге чейин өткөрүү дайындалды .
КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК 2017-жылдын 15-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча негизги иш чаралардын Календардык планын бекитти
2017-жылдын 14-июнундагы (№1681-VI) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому менен Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо 2017-жылдын 15-октябрына дайындалды, ушуга байланыштуу КР БШКсына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эркин, акыйкат жана таза шайлоону өткөрүүнү камыз кылуу тапшырылды.
КР Президентин шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүүнү уюштуруунун алкагында, КР БШК 2017-жылдын 14-июнунда өткөн өзүнүн жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча негизги иш чаралардын Календардык планын бекитти. (КР Президентин шайлоонун Календардык планы)
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча конституциялык Мыйзамдын” негизинде КР Президентин шайлоонун Календардык планы КРда жана республикадан тышкары жерлерде шайлоо участкаларын түзүү, шайлоочулардын тизмесин тактоо, талапкерлерди колдоо боюнча кол топтоо, КР Президентине талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо ММКларды, байкоочуларды жана эл аралык байкоочуларды аккредитациядан өткөрүү, добуш берүү, жыйынтыгын чыгаруу, (республикадан тышкары жерлерде) ошондой эле кайра шайлоо дайындалган учурда анын мөөнөтүн, жол жоболорун аныктайт ж.б.у.с.
КР Президентин шайлоо боюнча Календардык планда, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн жана башка шайлоо процессинин катышуучуларын анын ичинде республикадан тышкары жерлерде түзүлгөн участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү үчүн окутуу семинар-тренингдерди өткөрүү каралган.
Ошондой эле КР Президентин шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүүнүн алкагында КР БШКнын жыйынында КР Президентин шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүүдө каралган каражаттын сметасы жана талапкерлердин шайлоо фондусунун атайын эсептерин ААК «РСК Банк» жана ААК «Айыл Банкта” ачуу бекитилди.
КР Президентин шайлоо боюнча Календардык пландын бекитилген тексти менен бул жерден таанышса болот.
КР БШК аппаратынын маалыматтык кызматы
Кененирээк билүү >>
КР БШК өзүнүн жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун бардык катышуучуларына кайрылуу кабыл алды
2017-жылдын 14-июнундагы БШКнын жыйынында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 14-июнундагы № 1681-VI токтому менен Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо 2017-жылдын 15-октябрына дайындалганына байланыштуу Кыргыз Республикасынын жарандарына, саясий партияларынын өкүлдөрүнө, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана коомдук бирикмелердин өкүлдөрүнө кайрылуу кабыл алды.
Кайрылууда Жалпыга бирдей шайлоо укугунун принциптерине ылайык, Кыргыз Республикасынын 18 жашка толгон жарандары Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого катышууга жана добуш берүүгө укуктуу экендиги айтылды.
Добуш берүү күнү шайлоочулардын тизмесине киргизилген жарандар гана добуш берүүгө укуктуу. Шайлоочулардын тизмелерине шайлоо күнүндө жигердүү шайлоо укугуна ээ болгон жана “Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен белгиленген тартипте биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын жарандары киргизилет. Шайлоочулардын тизмесин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы шайлоочулардын маалыматтарынын алардын биометрикалык жана жеке маалыматтарынын негизинде шайлоочуларды эсепке алуу системасын пайдалануу менен түзөт. Шайлоочуларды биометрикалык маалыматтары боюнча идентификациялоо - башка шайлоочу үчүн добуш берүүгө жана шайлоонун жыйынтыгын жасалмалоого жол берүүнү жокко чыгарат.
Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын жарандары өздөрүн www.shailoo.srs.kg порталынан шайлоочулардын тизмесинен текшере алышат же Мамлекеттик каттоо кызматынын чалуу-борборуна 119 номери аркылуу кайрылышса болот (чалуу акысыз). Мындан тышкары, добуш берүү күнүнө 60 күн калганда, б.а. 2017-жылдын 16-августуна чейин шайлоочулардын алдын ала тизмелери шайлоо участокторуна илинет, ошол жерден өзүңөр жөнүндө маалыматтарды тактасаңар болот.
Ката же так эместиктер бар болсо же шайлоочулардын алдын ала тизмесинде жок болсоңуз Сиз добуш берүүчү күнгө чейин 15 календардык күн мурда, б.а. 2017-жылдын 30-сентябрына чейин тийиштүү участкалык шайлоо комиссиясына арыз менен, ID-картанын көчүрмөсүн тиркөө менен кайрылууга укуктуусуз деп айтылат кайрылууда.
Добуш берүү күнүнө чейин 20 календардык күн калганда, б.а. 2017-жылдын 24-сентябрынан тартып участкалык шайлоо комиссиялары шайлоочулардын контролдук тизмелерин таанышуу үчүн илүүгө милдеттүү.
Добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күндөн кечиктирбестен, б.а. 2017-жылдын 12-октябрына чейин участкалык шайлоо комиссиялары шайлоо участогунда тийиштүү шайлоо участогундагы шайлоочулардын биротоло тизмелеринин кагаз нускасын илүүгө милдеттүү.
Аймактык жана участкалык шайлоо комиссиялары шайлоочулардын тизмелерин тактоо боюнча биринчи кезектеги чараларды кабыл алууга тийиш, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого катышуунун тартиби жана добуш берүүнүн жол-жобосу боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл.
Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларына шайлоочулардын тизмелерин тактоо, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого катышуунун тартиби жана добуш берүү жол-жобосу боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө жардамдашууга милдеттүү.
Үгүт мезгилинде, 2017-жылдын 10-сентябрынан 13-октябрына чейин мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге чогулуштарды жана жарандар менен жолугушууларды, ачык дебаттарды жана дискуссияларды, митингдерди, демонстрацияларды жана жүрүштөрдү уюштурууда бирдей шартта жардам көрсөтүүгө, массалык иш чараларды өткөрүүдө коопсуздукту камсыздоого милдеттүү.
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер болгон Кыргыз Республикасынын жарандарына шайлоо өткөрүүдө мамлекет тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо жөнүндө конституциялык Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык үгүттү эркин жүргүзүү камсыздалат.
Шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди каттоо мөөнөтү бүткөндөн кийин, б.а. 2017-жылдын 10-сентябрында башталат жана добуш берүүгө чейин 24 саат мурда, б.а. 2017-жылдын 14-октябрында саат 08:00дө токтотулат.
Ошондой эле кайрылууда эфир убактысын берүүнүн, мезгилдүү басма сөздө же интернет-басылмада жарыялоо үчүн акы төлөөнүн өлчөмү бардык талапкерлер үчүн бирдей болууга тийиш жана акы төлөнүүчү эфир убактысынын, мезгилдүү басма сөздөгү же интернет-басылмадагы баа шайлоо дайындалган күнгө чейинки 6 ай үчүн алынган баадан ашышы мүмкүн эместиги айтылат.
Добуш берүүчү күнгө чейинки соңку 5 күндө, б.а. 2017-жылдын 10-октябрында саат 08:00дөн тарта жана добуш берүү күнү, жалпыга маалымдоо каражаттарына коомдук пикирди сурамжылоонун натыйжаларын, шайлоонун божомолдорун, шайлоого байланыштуу башка изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын жарыялоого болбойт.
Саясий партияларды Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун жүрүшүндө таза атаандашууга, мамлекетте демократияны, тынчтыкты чыңдоого салым кошууга жана өзүнүн талапкерлери жөнүндө маалыматты ар бир шайлоочуга жеткирүүгө чакырабыз.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы өзүнүн ишин мыйзамдуулуктун, ачык-айкындыктын, көз каранды эместиктин жана адилеттүүлүктүн принциптеринде жүргүзүү менен Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого катышуучулардын баары үчүн эшиги ачык экендигин билдирет.
Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого байланыштуу пайда болгон баардык суроолор боюнча Сиздер аймактык, участкалык шайлоо комиссияларына жана Борбордук шайлоо комиссиясынын Бишкек жана Ош шаарларында уюштурулган коомдук кабылдамаларына төмөндө көрсөтүлгөн даректери жана телефондору аркылуу кайрылсаңыздар болот:
Бишкек шаары, Раззаков көчөсү 59, 101-кабинет, тел.: + (996 312) 66 02 40; Ош шаары, Ленин көчөсү 221, №9-кабинет, тел.: + (996 3222) 5 55 50.
КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2017-жылдагы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо мезгилинде шайлоо алдындагы үгүткө катышууну каалаган Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарына жана интернет-басылмаларына кайрылуу
«Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 14- июнунун № 1681-VI токтому менен Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо 2017-жылдын 15-октябрына дайындалды.
Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо мезгилинде шайлоо алдындагы үгүт ишине катышууну каалаган Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалары эфирдик убакыттын, басылма аянттын же интернет-басылмада жарыялоо укугун төлөөнүн өлчөмү жөнүндө маалыматтарды коштомо кат менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 2017-жылдын 4-июлуна чейин берүүгө тийиш.
Аккредитациялоо үчүн жалпыга маалымдоо каражаттар жана интернет-басылмалар билдирүү менен бирге Борбордук шайлоо комиссиясына төмөнкү документтерди берүү керек:
- эфирдик убакыттын, басылма аянттын же интернет-басылмада жарыялоо укугун төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө маалыматтарды;
- жалпыга маалымдоо каражаттын Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде катталгандыгы жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн;
- жеке жактын мамлекеттик каттосу (кайра каттоо) же жеке ишкердин мамлекеттик каттоосу (интернет-басылмалар үчүн) жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн;
- жалпыга маалымдоо каражаттын уставынын көчүрмөсүн (бар болсо) берүү керек;
Документтер Бишкек ш., Раззаков к. 59, 210 каб. тапшырылат (документтик камсыздоо бөлүмү).
Жалпыга маалымдоо каражаттар жана интернет-басылмалар билдирүүсүндө камтылган маалыматты Борбордук шайлоо комиссиясынын электрондук вариантын дагы “Кыргыз Республикасынын Президентинин шайлоого аккредитациялоо үчүн” деген белги коюу менен төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүүгө тийиш: pr.shailoo@gmail.com
Берилген маалыматтар жалпыга тааныштыруу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына 2017-жылдын 9-июлуна чейин жарыяланат.
Эскерте кетсек, эфир убактысын берүүнүн, мезгилдүү басма сөздө же интернет-басылмада жарыялоо үчүн акы төлөөнүн өлчөмү бардык талапкерлер үчүн бирдей болууга тийиш. Акы төлөнүүчү эфир убактысынын, мезгилдүү басма сөздөгү же интернет-басылмадагы баа шайлоо дайындалган күнгө чейинки 6 ай үчүн алынган баадан ашышы мүмкүн эмес.
Билдирүүлөрүн жана керектүү документтерин 2017-жылдын 4-июлунан кийин берген жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалар Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан аккредитацияланбайт. Билдирүүгө көрсөтүлгөн талаптарга жооп бербеген же керектүү документтерсиз жиберилгендер каралбайт.
Жалпыга маалымдоо каражат, интернет-басылма жана алардын өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы жалпыга маалымдоо каражаттын, интернет-басылманын жана алардын өкүлдөрүнүн аккредитациясын чакыртып алууга укуктуу.
Жалпыга маалымдоо каражаттардын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрүнүн саны чектелбейт.
Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аккредитацияланбаган жалпыга маалымдоо каражаттар, интернет-басылмалар шайлоону маалыматтык камсыздоого расмий маалыматтарды жана маалыматтык (жаңылыктар) билдирүүлөрдү чагылдыруу жолу аркылуу гана, шайлоо алдындагы үгүт белгилерисиз катышууга укуктуу
Чет мамлекеттердин жалпыга маалымдоо каражаттарынын кабарчыларын шайлоонун даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүн чагылдыруу үчүн аккредиттациялоо Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан, алардын тапшырыктары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 19-апрелиндеги № 215 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын аймагында чет мамлекеттердин жалпыга маалымдоо каражаттарынын кабарчыларын аккредиттациялоо жөнүндө” Жобого ылайык Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан берилген аккредиттациялоо жөнүндө күбөлүктү көрсөткөн учурда жүргүзүлөт.
Кошумча маалыматтарды алуу үчүн телефондор:
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү: +(996 312) 66-54-52,
Маалымдоо тобу: +(996 312) 66 01 43.
Документтик камсыздоо бөлүмү: +(996 312) 62 08 23
КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Жайыл жана Сокулук райондорунун жергиликтүү кеңештеринин, Кара-Балта шаардык кеңешинин мөөнөтүнөн мурда жана кезектеги шайлоонун натыйжасы жана добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу протоколдор бекитилди
2017-жылдын 13-июнунда КР БШКнын жыйынында 2017-жылдын 28-майында болуп өткөн Жайыл жана Сокулук райондорунун жергиликтүү кеңештеринин, Кара-Балта шаардык кеңешинин мөөнөтүнөн мурда жана кезектеги шайлоонун натыйжасы жана добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу протоколдор бекитилди. Шайлоого 11 саясий партия катышып, жыйынтыгы боюнча 31 мандаттык Кара-Балта шаардык кеңешине 7 пайыздык чектен 7 партия өттү. Мандаттар төмөндөгүдөй бөлүштүрүлдү:
“Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясы - 7 мандат;
“Эл АМАН” саясий партиясы - 5 мандат;
“МЕКЕНИМ КЫРГЫЗСТАН” саясий партиясы – 5 мандат;
“РЕСПУБЛИКА” саясий партиясы – 4 мандат;
“АК ШУМКАР”саясий партиясы – 4 мандат;
“ЭЛДИК-НАРОДНАЯ” саясий партиясы- 3 мандат;
“КЫРГЫЗСТАН” саясий партиясы- 3 мандат.
Мындан тышкары БШК Тогуз-Торо, Токтогул, Таш-Көмүр, Сокулук, Жайыл, Тоң жана Кадамжай жергиликтүү кеңештеринин он депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана 10 депутаттык мандатты кийинки шайланган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү тууралуу протоколдорду бекитти.
Ошондой эле жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынан беш талапкерди резервке киргизүү тууралуу протоколдор бекитилди. Ошентип, Жалал-Абад облусунун Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынын резерви толукталды.
Бул маселе боюнча жарандарга кайрылууну КР БШКсы 2017-жылдын 18-апрелинде жарыялаган. Талапкерлерди көрсөтүү боюнча документтерди, тийиштүү маалыматтарды кабыл алуу 2017-жылдын 12-майында аяктап, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынан жалпы 5 талапкерден документ түшкөн.
Кененирээк билүү >>
2017-жылдын 29-30-июнунда Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын аткаруу бийлигиннин башчыларын шайлоо дайындалды
КР БШКнын жыйынында Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын аткаруу бийлигинин башчыларын шайлоо маселеси талкууланды.
Бул маселени кароонун жүрүшүндө Борбордук шайлоо комиссиясы Чүй облусунун Кемин районунун Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысын 2017-жылдын 29-июнунда (саат 9-12ге чейин) жана Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын (саат 15-18ге чейин) шайлоо боюнча токтом кабыл алды.
Чүй облусунун Кемин районундагы Кемин шаарынын мэрин жана Ош облусунун Ноокат районунун Ноокат шаарынын мэрин, Чүй облусунун Сокулук районунун Камышановка айыл өкмөтүнүн, Талас облусундагы Талас районунун Жергетал айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоо 2017-жылдын 30-июнунда саат 9-12ге чейин өткөрүү дайындалды.
Маалымат: 2017-жылдын 6-июнунда Сокулук мамлекеттик администрациясынын башчысынын буйругу менен берген арызына ылайык Камышановка айылдык өкмөтүнүн башчысы Я.Асеев ээлеген кызматынан бошотулду. Чүй облусунун Кемин районунун Кемин шаарында, Кара-Булак, Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинде, Ош облусунун Ноокат районунун Ноокат шаардык кеңешинде, Талас облусунун Талас районунун Жергетал айылдык кеңешинде кайра шайланган кеңештердин биринчи сессиясы болуп, шаардык жана айылдык кеңештердин төрагалары шайланды.
Кененирээк билүү >>
12.06.2017
-
-
Кененирээк билүү >>
Н.Шайлдабекова: «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо учурунда добуштарды кол менен саноонун жыйынтыгы биринчи жолу бир сутканын ичинде ыкчам жарыяланды»
2017-жылдын 2-июнунда Борбордук шайлоо комиссиясынын кезектеги жыйынында айрым шаардык жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдор бекитилди:
-Чүй облусунун Кемин шаардык, Кемин райондук кеңешинин;
-Чүй облусунун Кемин районунун Кара-Булак, Көк-Ойрок, Кызыл-Октябрь айылдык кеңештеринин;
-Чүй облусунун Аламудун районунун Таш-Мойнок айылдык кеңешинин
-Чүй облусунун Панфилов районунун Курамин айылдык кеңешинин;
-Чүй облусундагы Москва районунун Төлөк, Александровка айылдык кеңештеринин;
-Талас облусундагы Талас районунун Жерге-Тал айылдык кеңешинин;
-Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылдык кеңешинин.
“2017-жылы 28-майдагы шаардык жана айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоодо участкалардагы добуш берүүнүн жыйынтыгы бир сутканын ичинде кол менен саналып, жыйынтыгы БШКнын сайтына ыкчам жайгаштырылды. Бул шайлоо процессинин ачыктыгынан кабар берет жана күмөн жаралган учурда шайлоонун катышуучулары добуш берүүнүн жыйынтыгына өз учурунда ыкчам даттанууга мүмкүнчүлүк түзүүнү жакшыртат. Түшкөн арыздарга ылайык 14 шайлоо участкаларында бюллетендер кайра саналды”, - деп белгиледи БШКнын төрагасы Нуржан Шайлдабекова.
Ошондой эле жыйында, 2017-жылдын 25-майындагы Баткен облусунун Лейлек районунун Бешкент айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун натыйжасы жана добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу протоколу бекитилди. Айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Мусаев К.И. ырасталды.
Маалымат: 2017-жылдын 28-майында 41 жергиликтүү кеңеште, анын ичинде 2 шаардык жана 19 айылдык кеңештеринде кезектеги, ал эми 6 шаардык жана 14 айылдык кеңештеринде мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү. Шайлоодо 214 добуш берүүчү участкалар иштеди.
Кененирээк билүү >>
2017-жылдын 28-майында Кыргыз Республикасында айрым жергиликтүү кеңештерге шайлоону даярдап жана өткөрүүдө келип түшкөн арыз жана даттануулардын РЕЕСТРи.
2017-жылдын 28-майында Кыргыз Республикасында айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдап өткөрүүдө арыз даттанууларды кароо боюнча Жумушчу тобуна келип түшкөн шайлоо процессинин катышуучуларынын арыз жана даттанууларынын РЕЕСТРи.
Тизмеси тиркелет
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
25.09.2026
Шайлоо участокторунун чек аралары маселеси жөнүндө
25.09.2026
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоочуларга, талапкерлерге, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жана шайлоо процессинин катышуучуларына кайрылуусу!
25.09.2026
«Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону 2027-жылдын 27-январында эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду
25.09.2026
«Элдик Банк» жана «АБанк» КР Президентин шайлоого катышуучу талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн банк катары аныкталды
25.09.2026
КР БШКсы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча иш-чаралардын календардык планын бекитти
25.09.2026
КР БШКсы шайлоо жана референдум мезгилинде ЖМКларды аккредитациялоо жөнүндө жобону бекитти