Башкы Жаңылыктар КР БШКнын төрагасы Н. Шайлдабекова Швейцариянын Атайын жана …

КР БШКнын төрагасы Н. Шайлдабекова Швейцариянын Атайын жана Толук Ыйгарым Укуктуу Элчиси Рене Холленштейн менен жолукту

25-Июн, 2017

2017-жылдын 21-июнунда КР БШКнын төрагасы Н.Шайлдабекованын Швейцариянын Атайын жана Толук Ыйгарым Укуктуу Элчиси Рене Холленштейн менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда Н.Шайлдабекова өлкөдө жүргүзүлүп жаткан шайлоо реформасына туруктуу жана иштиктүү колдоо көрсөтүп жаткандыгы үчүн Элчи Холленштейнге ыраазычылык билдирди. “Швейцариянын Өкмөтүнө жана жеке Сизге көрсөтүп жаткан колдооңуздар үчүн терең ыраазычылык билдиргим келет, биз муну абдан жогору баалайбыз”,-деп белгиледи Борборшайлоокомдун төрагасы. 

Жолугушуунун жүрүшүндө БШКнын башчысы Элчи Холленштейнди КРнын Президентин шайлоого карата көрүлүп жаткан даярдыктын жүрүшү менен тааныштырды. Шайлоону уюштурууну жакшыртуу боюнча кабыл алынып жаткан чараларды жана мындан аркы реформалоонун милдеттерин жана негизги принциптерин талкуулоо менен БШКнын башчысы шайлоо процессине автоматтык эсептөөчү урналардын киргизилиши ар бир жарандын добушун анык эсептөө системасын түзүүгө, шайлоочулардын добушун так, калыс эсептөөгө жана өлкөдөгү шайлоо процесстеринин жыйынтыгын чыгарууга өбөлгө түздү.

Өз кезегинде Элчи Холленштейн төрага Н.Шайлдабековага кенен маалымат бергени үчүн ыраазычылык билдирди жана “биз көрүп тургандай, КРнын Сиз баш болгон Борбордук шайлоо комиссиясы таза жана адилет шайлоо өткөрүүнү камсыз кылууга багытталган чоң иштерди жүргүзүүдө. Кыргызстан мындан улам чыныгы демократиялык шайлоолорду өткөрүүдө аймакта үлгү болууда жана Швейцариянын Өкмөтү Кыргызстан менен болгон мындай үзүрлүү кызматташтыкты жактырат”, - деп белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгын чыгарып жатып тараптар ортодогу мазмуундуу жолугушуу жана кызыктуу талкуу үчүн бири бирине ыраазычылык айтышты жана мындан аркы үзүрлүү кызматташтыкка ишеним билдиришти.

Эске салсак, 2015-жылы, Кыргызстандын шайлоо системасын реформалоонун башталышында Швейцариянын Өкмөтүнүн колдоосу менен алгачкы 200 автоматтык эсептөөчү урналар (АЭУ) сатылып алынган жана ошол эле жылдын жазында өткөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо ийгиликтүү сынактан өткөн. АЭУ биометрикалык маалыматтарды чогултуу жана жарандарды биометрикалык идентификациялоо технологиясы менен бир катарда шайлоо реформасынын негизи болуп калганын белгилей кетүү маанилүү.

 Аталган жаңылануулардын аркасы менен шайлоо жыйынтыгын бурмалоонун ар кандай мүмкүнчүлүгү жокко чыгарылды жана бүгүнкү күндө Кыргызстандагы шайлоо процесстери ачык, адилет жана таза өтүүдө.

 КР БШК Аппаратынын маалымат бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында аяктайт. Бул акыркы күн! Шашылыңыздар! Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” https://accreditation.srs.kg/ автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>