Башкы Жаңылыктар Н.Шайлдабекова: «Шайлоо алдындагы иш-чараларды, атап айтканда, талапкерлерди көрсөтүүнүн …

Н.Шайлдабекова: «Шайлоо алдындагы иш-чараларды, атап айтканда, талапкерлерди көрсөтүүнүн жүрүшүн чагылдыруу менен бир катар ЖМКлар маалымдоонун так чегин сактоо менен маалымат берип жатат, айрым ЖМКлар болсо бул чектен чыгып кетти»

21-Июн, 2017

Бүгүн, 2017-жылдын 20-июнунда, өз отурумунда КР БШК Жарандарга, саясий партиялардын, ЖМКнын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрүнө кайрылууну бекитти.

Кайрылуу Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди көрсөтүп жаткан саясий партиялар ЖМКда жана интернет-басылмаларда маалымдоонун чегинен чыккан жана шайлоо алдындагы үгүттүн белгилерин камтыган материалдарды жигердүү тарата баштагандыгына байланыштуу иштелип чыкты жана таратылды.

Мында «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-пунктуна ылайык «Жалпыга маалымдоо каражаттарында жайгаштырылган же башка ыкма менен таратылган маалыматтык материалдардын мазмуну калыс, так болушу керек, талапкерлердин, саясий партиялардын теңдигин бузбоосу тийиш, аларда кандайдыр бир талапкерге, саясий партияга артыкчылык берилбеши керек».

Тиешелүү түрдө, өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде көрсөтүлүп жаткан жарандар жана Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөткөн саясий партиялар, ЖМКлар жана интернет-басылмалар учурдагы өнөктүктүн жүрүшү жөнүндө маалымдоо учурунда үгүттү жүргүзүүгө тыюу салган мыйзамдардын ченемдерин эске алууга тийиш.

«Шайлоо алдындагы иш-чараларды, атап айтканда, талапкерлерди көрсөтүүнүн жүрүшүн чагылдыруу менен бир катар ЖМКлар маалымдоонун так чегин сактоо менен маалымат берип жатат, айрым ЖМКлар болсо бул чектен чыгып кетти»,-деп айтты Н.Шайлдабекова бул кайрылууга комментарий берүү менен.

КР БШК шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктагандан кийин, башкача айтканда, 2017-жылдын 10-сентябрынан тартып башталаарын жана добуш берүү башталганга чейин 24 саат калганда, башкача айтканда, 2017-жылдын 14-октябрында аяктаарын эске салат.

Кабыл алынган чечимге ылайык, БШКнын Маалымдоо маселелери боюнча Жумушчу тобуна жана үгүт жүргүзүү эрежелеринин сакталышына контролдук кылуу боюнча Жумушчу тобуна шайлоочуларга маалымдоо тартибин, шарттарын жана эрежелерин сактоо боюнча ЖМКнын жана интернет-басылмалардын мониторингин жүргүзүү милдети тапшырылды.

Жыйналышта КР Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча жана кол коюу барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтор жөнүндө жоболор бекитилди.

Ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Президентин, Жогорку Кеңештин  депутаттарын шайлоону жана Кыргыз Республикасында референдумду даярдоо жана өткөрүү мезгилинде КР БШКнын жана КР МККнын өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби жөнүндө» Жобого өзгөртүүлөрдү жана Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү маселелер каралды.

КР БШКнын аппаратынын маалыматтык  бөлүмү

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады
14-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады

2026-жылдын 13–14-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Алмаз Айбалаев Ош шаарында, Ош облусунун Кара-Суу, Араван жана Алай райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жыйындарды өткөрүштү.Жолугушуулардын негизги темасы 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу маселелери болду.Талкуунун жүрүшүндө шайлоочулардын шайлоо укуктарын толук кандуу ишке ашыруусуна зарыл шарттарды түзүү, шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктары менен эркиндиктерин сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары, аралыктан добуш берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, автоматташтырылган маалыматтык тутумдардын колдонулушу жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди.Ошондой эле шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигине токтолду. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, мыйзамсыз кысым көрсөтүү жана шайлоо процессине кийлигишүү аракеттеринин алдын алуу, ошондой эле анын бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.Өткөрүлгөн жолугушуулар шайлоого даярдык көрүү боюнча жергиликтүү деңгээлдеги уюштуруу иштерин талкуулоого, тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга жана шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоо маселелерине көңүл бурууга багытталды.
Кененирээк билүү >>
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>