Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катталды
2017-жылдын 5-сентябрында КР БШКнын жыйынында Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына өзүн өзү талапкер катары көрсөткөн Т. Масадыковду каттоо маселеси каралды.
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 53-беренесинин талабына ылайык, КР Президенти кызматына талапкер тарабынан төмөндөгү документтер тапшырылган:
-Президенттик кызматка талапкер болууга макулдугу жөнүндө арызды тиркөө менен өзүн өзү көрсөтүү жөнүндө арызды;
-өмүр баян маалыматтарын көрсөтүү менен, талапкер жөнүндө маалыматтардын таризин;
-паспорттун көчүрмөсүн;
-иштеген же окуган жеринен маалымдаманы;
-шайлоо күрөөсүн төккөнүн ырастоочу документти;
-мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу сертификат.
Талапкер Т.Масадыков КР Борбордук шайлоо комиссиясына 55 440 кол тамгаларды тапшырды, Кол коюлган баракчаларды кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ 51 175 колдун аныктыгы тууралуу ырастама берген.
КР БШКнын 2017-жылдын 5-сентябрындагы №409-токтомуна ылайык Таалатбек Масадыков Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер болуп катталды.
КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катталды
2017-жылдын 5-сентябрында КР БШКнын жыйынында Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына өзүн өзү талапкер катары көрсөткөн А.Малиевди каттоо маселеси каралды.
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 53-беренесинин талабына ылайык, КР Президенти кызматына талапкер тарабынан төмөндөгү документтер тапшырылган:
-Президенттик кызматка талапкер болууга макулдугу жөнүндө арызды тиркөө менен өзүн өзү көрсөтүү жөнүндө арызды же саясий партиянын талапкерди көрсөтүү жөнүндө чечиминин протоколун;
-өмүр баян маалыматтарын көрсөтүү менен, талапкер жөнүндө маалыматтардын таризин;
-паспорттун көчүрмөсүн;
-иштеген же окуган жеринен маалымдаманы;
-шайлоо күрөөсүн төккөнүн ырастоочу документти;
-мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу сертификат.
Талапкер А.Малиев КР Борбордук шайлоо комиссиясына 56 047 кол тамгаларды тапшырды, Кол коюлган баракчаларды кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ 45 997 колдун аныктыгы тууралуу ырастама берген.
КР БШКнын 2017-жылдын 5-сентябрындагы №412-токтомуна ылайык Арсланбек Малиев Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер болуп катталды.
КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катталды
2017-жылдын 5-сентябрында КР БШКнын жыйынында Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына өзүн өзү талапкер катары көрсөткөн У.Кочкоровду каттоо маселеси каралды.
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 53-беренесинин талабына ылайык, КР Президенти кызматына талапкер тарабынан төмөндөгү документтер тапшырылган:
-Президенттик кызматка талапкер болууга макулдугу жөнүндө арызды тиркөө менен өзүн өзү көрсөтүү жөнүндө арызды же саясий партиянын талапкерди көрсөтүү жөнүндө чечиминин протоколун;
-өмүр баян маалыматтарын көрсөтүү менен, талапкер жөнүндө маалыматтардын таризин;
-паспорттун көчүрмөсүн;
-иштеген же окуган жеринен маалымдаманы;
-шайлоо күрөөсүн төккөнүн ырастоочу документти;
-мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу сертификат.
Талапкер У.Кочкоров КР Борбордук шайлоо комиссиясына 51 391 кол тамгаларды тапшырды, Кол коюлган баракчаларды кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ 32 216 колдун аныктыгы тууралуу ырастама берген.
КР БШКнын 2017-жылдын 5-сентябрындагы №-410токтомуна ылайык Улукбек Кочкоров Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер болуп катталды.
КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катталды
2017-жылдын 5-сентябрында КР БШКнын жыйынында Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына өзүн өзү талапкер катары көрсөткөн Т.Үмөталиеваны каттоо маселеси каралды.
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 53-беренесинин талабына ылайык, КР Президенти кызматына талапкер тарабынан төмөндөгү документтер тапшырылган:
- Президенттик кызматка талапкер болууга макулдугу жөнүндө арызды тиркөө менен өзүн өзү көрсөтүү жөнүндө арызды же саясий партиянын талапкерди көрсөтүү жөнүндө чечиминин протоколун;
-өмүр баян маалыматтарын көрсөтүү менен, талапкер жөнүндө маалыматтардын таризин;
- паспорттун көчүрмөсүн;
- иштеген же окуган жеринен маалымдаманы;
- шайлоо күрөөсүн төккөнүн ырастоочу документти;
- мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу сертификат.
Талапкер Т.Үмөталиева КР Борбордук шайлоо комиссиясына 48 746 кол тамгаларды тапшырды, Кол коюлган баракчаларды кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ 40 656 колдун аныктыгы тууралуу ырастама берген.
КР БШКнын 2017-жылдын 5-сентябрындагы №411-токтомуна ылайык Токтайым Үмөталиева Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер болуп катталды.
КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК Ысык-Көл облусундагы Түп районунун Михайловка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындады
КР БШКнын 2017-жылдын 4-сентябрындагы жыйынында Ысык-Көл облусундагы Түп районунун Михайловка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө чечими кабыл алынды.
Түп райондук мамлекеттик администрациясынын 2017-жылдын 29-августундагы №61-буйругуна ылайык Михайловка айыл өкмөтүнүн башчысы Асакеев Алманбек Иманович берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулду.
Ушуга байланыштуу 2017-жылдын 22-сентябрында саат 9:00дөн 12:00гө чейин Михайловка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо дайындалды.
Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруп өткөрүү Түп аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондунун акча каражаттары жөнүндө маалыматы
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобу Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондусунан акча каражаттарынын жүгүртүлүшү жөнүндө 2017-жылдын 4-сентябрына карата маалыматы
Талапкер
Түштү
Чыгымдалды
Калдыгы
1
Абдылдаев А.Б.
2 015 000
2 010 300
4 700
2
Торобаев Б.Э.
47 373 600
5 358 473
42 015 127
3
Малиев А.К.
4 259 800
3 525 823
733 977
4
Исаев К.К.
1 274 000
1 154 103
119 897
5
Шайымбетов К.О.
20 000
12 020
7 980
6
Кожогулов Т.А.
1 015 500
1 005 080
10 420
7
Зарлыков Э.З.
1 260 000
1 239 461
20 539
8
Сариев Т.А.
14 000 000
7 054 758
6 945 242
9
Масадыков Т.Ш.
2 536 700
2 178 930
357 770
10
Бабанов О.Т.
52 200 000
50 499 412
1 700 588
11
Мадумаров А.К.
1 103 150
103 109
1 000 041
12
Жээнбеков С.Ш.
29 250 000
18 827 756
10 422 244
13
Асанбеков Т.И.
215 000
214 520
480
14
Шаршекеева К.Д.
345 000
339 652
5 348
15
Карасартова Р.Р.
64 180
41 173
23 007
16
Турсунбек Акун
134 000
133 625
375
17
Чороев К.А.
1 289 580
1 270 594
18 986
18
Кочкоров У.Т.
1 420 900
1 404 918
15 982
19
Бекназаров А.А.
1 426 600
1 306 107
120 493
20
Уметалиева Т.Д.
1 653 275
1 598 150
55 125
21
Масалиев И.А.
100 000
67 000
33 000
22
Ташиев К.К.
1 100 000
1 094 125
5 875
23
Келдибеков А.К.
1 116 985
1 063 832
53 153
24
Текебаев О.Ч.
-
-
-
Кененирээк билүү >>
Саясий партиялардын шайлоо фондусундагы акча каражаттарынын чыгымдалышы тууралуу отчету
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобунун 2017-жылдын 4-сентябрына карата жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катыша турган саясий партиялардын шайлоо фонддорундагы акча каражаттарынын чыгымдалышы тууралуу маалыматы.
Кара-Суу ш.
Саясий партиялар
Түштү
Чыгымдалды
Калдыгы
1
Өнүгүү-Прогресс
204 650
204 642
8
2
КСДП
188 460
188 460
0
3
Мекеним Кыргызстан
220 200
220 200
0
4
Бир Бол
20 500
20 020
480
5
Республика
81 000
80 149
851
6
Кыргызстан
182 500
182 460
40
Кененирээк билүү >>
КР БШК “Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер А.Малиевдин кол топтоо барактарын текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө” Кол топтоо барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу тобунун протоколун бекитти
2017-жылдын 4-сентябрындагы КР БШКнын жыйынында “Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер А.Малиевдин кол топтоо барактарын текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө” Кол топтоо барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу тобунун протоколу бекитилди.
Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер А.Малиевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнөн шайлоочулардын 56 047 кол тамгалары түшкөн.
Кол топтоо барактарын кабыл алуу жана текшерүү жумушчу тобунун тыянагына ылайык, 2010 кол тамга ишенимсиз жана жараксыз болуп чыккан, бул кабыл алынган колдордун санынан 10 050нү түздү.
Кол топтоо барактарын кабыл алуу жана текшерүү жумушчу тобунун тыянагынын негизинде 45 997 кол тамга ишенимдүү деп табылган.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК “Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Т.Үмөталиеванын кол топтоо барактарын текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө” Кол топтоо барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу тобунун протоколун бекитти
2017-жылдын 4-сентябрындагы КР БШКнын жыйынында “Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Т. Үмөталиеванын кол топтоо барактарын текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө” Кол топтоо барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу тобунун протоколу бекитилди.
Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Т. Үмөталиеванын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнөн шайлоочулардын 48 746 кол тамгалары түшкөн.
Кол топтоо барактарын кабыл алуу жана текшерүү жумушчу тобунун тыянагына ылайык, 1618 кол тамга ишенимсиз жана жараксыз болуп чыккан, бул кабыл алынган колдордун санынан 8 090дү түздү.
Кол топтоо барактарын кабыл алуу жана текшерүү жумушчу тобунун тыянагынын негизинде 40 656 кол тамга ишенимдүү деп табылган.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК “Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер А.Абдылдаевдин кол топтоо барактарын текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө” Кол топтоо барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу тобунун протоколун бекитти
2017-жылдын 4-сентябрындагы КР БШКнын жыйынында “Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер А.Абдылдаевдин кол топтоо барактарын текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө” Кол топтоо барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу тобунун протоколу бекитилди.
Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер А.Абдылдаевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнөн шайлоочулардын 51 286 кол тамгалары түшкөн.
Кол топтоо барактарын кабыл алуу жана текшерүү жумушчу тобунун тыянагына ылайык, 2 230 кол тамга ишенимсиз жана жараксыз болуп чыккан, бул кабыл алынган колдордун санынан 11 150нү түздү.
Кол топтоо барактарын кабыл алуу жана текшерүү жумушчу тобунун тыянагынын негизинде 40 136 кол тамга ишенимдүү деп табылган.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК “Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Р.Карасартованын кол топтоо барактарын текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө” Кол топтоо барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу тобунун протоколун бекитти
2017-жылдын 4-сентябрындагы КР БШКнын жыйынында “Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Р.Карасартованын кол топтоо барактарын текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө” Кол топтоо барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу тобунун протоколу бекитилди.
Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Р.Карасартованын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнөн шайлоочулардын 31 706 кол тамгалары түшкөн.
Текшерүүнүн жүрүшүндө, жумушчу топ тарабынан КР БШКнын 2017-жылдын 17-июнундагы №165-токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлерди колдоого шайлоочулардын кол тамгаларын чогултуунун тартиби жана талапкерлер жана (же) алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тапшырган кол коюлган барактардын ишенимдүүлүгүн текшерүү жөнүндө” Нускаманын төмөндөгү нормалары бузулгандыгы аныкталган:
-1-абзац 57-пункту «шайлоочунун кол тамгасын бирөөлөр коюп, башкалар толтурган”
-5-абзац 57-пункту «кол коюлган баракта шайлоочу жөнүндө маалымат өз колу менен жазылган эмес»;
-8-абзац 57-пункту «шайлоочунун кол тамгасында керектүү маалыматтар көрсөтүлгөн эмес»;
-1-абзац 58-пункту «активдүү шайлоо укугу жок жарандын колу».
Кол топтоо барактарын кабыл алуу жана текшерүү жумушчу тобунун тыянагына ылайык, 936 кол тамга ишенимсиз жана жараксыз болуп чыккан, бул кабыл алынган колдордун санынан 4 680ди түздү.
Кол топтоо барактарын кабыл алуу жана текшерүү жумушчу тобунун тыянагынын негизинде 27 026 кол тамга ишенимдүү деп табылган, бул Кыргыз Респрубликасынын мыйзамында бекитилген минималдуу эсепке жетпей калган.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК “Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер К.Чороевдин кол топтоо барактарын текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө” Кол топтоо барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу тобунун протоколун бекитти
2017-жылдын 4-сентябрындагы КР БШКнын жыйынында “Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер К. Чороевдин кол топтоо барактарын текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө” Кол топтоо барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу тобунун протоколу бекитилди.
Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер К.Чороевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнөн шайлоочулардын 40 224 кол тамгалары түшкөн.
Текшерүүнүн жүрүшүндө, жумушчу топ тарабынан КР БШКнын 2017-жылдын 17-июнундагы №165-токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлерди колдоого шайлоочулардын кол тамгаларын чогултуунун тартиби жана талапкерлер жана (же) алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тапшырган кол коюлган барактардын ишенимдүүлүгүн текшерүү жөнүндө” Нускаманын төмөндөгү нормалары бузулгандыгы аныкталган:
-1-абзац 57-пункту «шайлоочунун кол тамгасын бирөөлөр коюп, башкалар толтурган”
-5-абзац 57-пункту «кол коюлган баракта шайлоочу жөнүндө маалымат өз колу менен жазылган эмес»;
-1-абзац 58-пункту «активдүү шайлоо укугу жок жарандын колу».
“Кол топтоо барактарын кабыл алуу жана текшерүү жумушчу тобунун тыянагына ылайык, 4 447 кол тамга ишенимсиз жана жараксыз болуп чыккан, бул кабыл алынган колдордун санынан 22 235 түздү.
Кол топтоо барактарын кабыл алуу жана текшерүү жумушчу тобунун тыянагынын негизинде 17 989 кол тамга ишенимдүү деп табылган, бул Кыргыз Респрубликасынын мыйзамында бекитилген минималдуу эсепке жетпей калган.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК “Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер К.Шаршекееванын кол топтоо барактарын текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө” Кол топтоо барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу тобунун протоколун бекитти
2017-жылдын 4-сентябрындагы КР БШКнын жыйынында “Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер К.Шаршекееванын кол топтоо барактарын текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө” Кол топтоо барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу тобунун протоколу бекитилди.
Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер К.Шаршекееванын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнөн шайлоочулардын 39 481 кол тамгалары түшкөн.
Текшерүүнүн жүрүшүндө, жумушчу топ тарабынан КР БШКнын 2017-жылдын 17-июнундагы №165-токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлерди колдоого шайлоочулардын кол тамгаларын чогултуунун тартиби жана талапкерлер жана (же) алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тапшырган кол коюлган барактардын ишенимдүүлүгүн текшерүү жөнүндө” Нускаманын төмөндөгү нормалары бузулгандыгы аныкталган:
-1-абзац 57-пункту «шайлоочунун кол тамгасын бирөөлөр коюп, башкалар толтурган”
-5-абзац 57-пункту «кол коюлган баракта шайлоочу жөнүндө маалымат өз колу менен жазылган эмес»;
-1-абзац 58-пункту «активдүү шайлоо укугу жок жарандын колу».
“Кол топтоо барактарын кабыл алуу жана текшерүү жумушчу тобунун тыянагына ылайык, 3 166 кол тамга ишенимсиз жана жараксыз болуп чыккан, бул кабыл алынган колдордун санынан 15 580 түздү.
Кол топтоо барактарын кабыл алуу жана текшерүү жумушчу тобунун тыянагынын негизинде 23 901 кол тамга ишенимдүү деп табылган, бул Кыргыз Респрубликасынын мыйзамында бекитилген минималдуу эсепке жетпей калган.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК “Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Турсунбек Акундун кол топтоо барактарын текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө” Кол топтоо барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу тобунун протоколун бекитти
2017-жылдын 4-сентябрындагы КР БШКнын жыйынында “Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Турсунбек Акундун кол топтоо барактарын текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө” Кол топтоо барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу тобунун протоколу бекитилди.
Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Турсунбек Акундун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнөн шайлоочулардын 35 462 кол тамгалары түшкөн.
Текшерүүнүн жүрүшүндө, Жумушчу топ тарабынан КР БШКнын 2017-жылдын 17-июнундагы №165-токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлерди колдоого шайлоочулардын кол тамгаларын чогултуунун тартиби жана талапкерлер жана (же) алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тапшырган кол коюлган барактардын ишенимдүүлүгүн текшерүү жөнүндө” Нускаманын төмөндөгү нормалары бузулгандыгы аныкталган:
-1-абзац 57-пункту «шайлоочунун кол тамгасын бирөөлөр коюп, башкалар толтурган”
-5-абзац 57-пункту «кол коюлган баракта шайлоочу жөнүндө маалымат өз колу менен жазылган эмес»;
-8-абзац 57-пункту «шайлоочунун кол тамгасында керектүү маалыматтар көрсөтүлгөн эмес»;
-1-абзац 58-пункту «активдүү шайлоо укугу жок жарандын колу».
Кол топтоо барактарын кабыл алуу жана текшерүү жумушчу тобунун тыянагына ылайык, 4 186 кол тамга ишенимсиз жана жараксыз болуп чыккан, бул кабыл алынган колдордун санынан 20 930ду түздү.
Кол топтоо барактарын кабыл алуу жана текшерүү жумушчу тобунун тыянагынын негизинде 14 532 кол тамга ишенимдүү деп табылган, бул Кыргыз Респрубликасынын мыйзамында бекитилген минималдуу эсепке жетпей калган.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК “Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Т.Кожогуловдун кол топтоо барактарын текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө” Кол топтоо барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу тобунун протоколун бекитти
2017-жылдын 4-сентябрындагы КР БШКнын жыйынында “Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Т.Кожогуловдун кол топтоо барактарын текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө” Кол топтоо барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу тобунун протоколу бекитилди.
Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Т.Кожогуловдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнөн шайлоочулардын 34 027 кол тамгалары түшкөн.
Текшерүүнүн жүрүшүндө, Жумушчу топ тарабынан КР БШКнын 2017-жылдын 17-июнундагы №165-токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлерди колдоого шайлоочулардын кол тамгаларын чогултуунун тартиби жана талапкерлер жана (же) алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тапшырган кол коюлган барактардын ишенимдүүлүгүн текшерүү жөнүндө” Нускаманын төмөндөгү нормалары бузулгандыгы аныкталган:
-1-абзац 57-пункту «шайлоочунун кол тамгасын бирөөлөр коюп, башкалар толтурган”
-5-абзац 57-пункту «кол коюлган баракта шайлоочу жөнүндө маалымат өз колу менен жазылган эмес»;
-8-абзац 57-пункту «шайлоочунун кол тамгасында керектүү маалыматтар көрсөтүлгөн эмес»;
-1-абзац 58-пункту «активдүү шайлоо укугу жок жарандын колу».
Кол топтоо барактарын кабыл алуу жана текшерүү жумушчу тобунун тыянагына ылайык, 5 203 кол тамга ишенимсиз жана жараксыз болуп чыккан, бул кабыл алынган колдордун санынан 26 015ти түздү.
Кол топтоо барактарын кабыл алуу жана текшерүү жумушчу тобунун тыянагынын негизинде 8 012 кол тамга ишенимдүү деп табылган, бул Кыргыз Респрубликасынын мыйзамында бекитилген минималдуу эсепке жетпей калган.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
04.09.2017
ЕККУнун Адам укуктары жана демократиялык институттар боюнча Бюросу Миссиясы (БДИПЧ/ОБСЕ) Кыргызстанда өзүнүн Миссиясын ачат
4-сентябрда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Н.Шайлдабекова ЕККУнун Адам укуктары жана демократиялык институттар боюнча Бюросу Миссиясынын Башчысы жана Элчи Александр Кельчевски менен жолугушту.
Тараптар 2017-жылдын 15-октябрында өтүүчү Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого байланыштуу ЕККУнун Адам укуктары жана демократиялык институттар боюнча Бюросу Миссиясынын Штабынын ишмердиги тууралуу маселени талкуулашты.
Александр Кельчевски алдыдагы мамлекет башчысын шайлоодо эл аралык байкоочу катары чакыргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына ыразычылык билдирди жана Миссиянын башкы милдети эл аралык талапка жооп берген, ЕККУнун жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого байкоо жүргүзүү болуп саналат деди.
ЕККУнун Адам укуктары жана демократиялык институттар боюнча Бюросунун директору Ингибьёрг Сольрун Гисладоттирдун келиши күтүлүүдө деди элчи. Жалпысынан Миссиядан 400дөй эл аралык байкоочулардын келиши күтүлүүдө.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
26.09.2026
ЖМК жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо боюнча кайрылуу
25.09.2026
Шайлоо участокторунун чек аралары маселеси жөнүндө
25.09.2026
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоочуларга, талапкерлерге, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жана шайлоо процессинин катышуучуларына кайрылуусу!
25.09.2026
«Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону 2027-жылдын 27-январында эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду
25.09.2026
«Элдик Банк» жана «АБанк» КР Президентин шайлоого катышуучу талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн банк катары аныкталды
25.09.2026
КР БШКсы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча иш-чаралардын календардык планын бекитти