Башкы Жаңылыктар КР БШК аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын өкүлдөрүн, …

КР БШК аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын өкүлдөрүн, БШК аппаратынын жана МКК кызматкерлерин Ардак грамоталар менен сыйлады

КР БШК аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын өкүлдөрүн, БШК аппаратынын жана МКК кызматкерлерин Ардак грамоталар менен сыйлады
30-Авг, 2017

Бүгүн, 30-августта Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк  күнүнүн 26 жылдыгына карата салтанатуу иш-чара болуп өттү.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Н.Шайлдабекова аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын өкүлдөрүн, БШК аппаратынын  кызматкерлерин жана КРӨгө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрүн Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап, КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ардак грамоталары менен сыйлады.

БШК төрагасы бардыгын Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап, ар бирине иштериндеги ийгиликтерди, чың ден соолук, ошондой эле өз өлкөбүздүн максатка умтулган, жооптуу жана чынчыл жараны болушун каалады.

КР Президенттик  шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө Мамлекеттик каттоо кызматынын кошкон зор салымын белгиледи. 

Майрамдык иш-чарага КРӨгө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Д.Догоев, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы мамлекеттик башкаруу Академиясынын ректору А.Насыров, БШК жана МКК кызматкерлери катышты.

«Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызматынын отличниги” төш белгиси менен:

- Акунов Тыныбек Казыевич – БШК аппаратынын пландоо, эсеп жана отчеттуулук бөлүмүнүн эксперти;

- Маматалиева Назифа Якубовна – БШКнын Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын системдик  администратору;

- Шапакова Райкул Кучкачовна – БШКнын Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын атайын өкүлү сыйланды.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын Ардак грамотасы менен:

- Айтикеев Төлөгөн Ороскулович – БШК аппаратынын шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн эксперти;

- Кушнарева Ирина Ильинична – БШКнын Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын системдик  администратору;

- Боромбаева Алмагуль Элемановна – БШКнын Ош аймактык шайлоо комиссиясынын системдик  администратору;

- Усенов Тазабек – БШКнын Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын системдик  администратору;

- Омокоев Жыргалбек Дуйшобаевич – БШКнын Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясындагы  атайын өкүлү;

- Казиев Токтосун Сатыбалдиевич – БШКнын Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясындагы  атайын өкүлү;

- Сулайманов Нурмамат – БШКнын Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясындагы  атайын өкүлү сыйланды.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын Грамотасы менен:

- Суванбекова Гулнара Бакировна – БШКнын Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынын системдик администратору;

- Кулиев Ашыркул Тыныкулович – БШКнын Чаткал аймактык шайлоо комиссиясындагы атайын өкүлү;

- Маматалиев Мамасали Мамытович – БШКнын Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын системдик  администратору сыйланды.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ардак грамотасы  менен:

  • Эгизбаев Азис Ибраимович – БШК аппаратынын маалыматтык-технологиялык башкармалыгынын начальниги;
  • Алыбаева Чынара Бердишалиевна – БШК аппаратынын документтер менен камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы;
  • Камчибекова Мырза-Айым Афтандиловна – БШК аппаратынын укук бөлүмүнүн эксперти;
  • Мамбетжанова Айгул Рыспаевна – БШКнын Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясындагы атайын өкүлү;
  • Молдобаев Мамыт – БШКнын Алай аймактык шайлоо комиссиясындагы атайын өкүлү;
  • Сетеков Таалайбек Болокбаевич – БШКнын Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясындагы атайын өкүлү;
  • Турсуналиева Тинатин Болотбековна – БШКнын Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын  системдик  администратору;
  • Укубаева Айгуль Токторалиевна – БШКнын Кара-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын системдик  администратору;
  • Торокулов Омурбек Максытович – БШКнын Ош аймактык шайлоо комиссиясынын системдик  администратору;
  • Атабеков Ноокатбек Канымбекович – БШКнын Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын системдик  администратору;
  • Чоронбаева Асыл Муратовна – БШКнын Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын системдик  администратору;
  • Ниязалиева Кундуз Торогелдиевна – БШКнын Талас аймактык шайлоо комиссиясынын системдик  администратору;
  • Шайдуллаев Мурат Болотбекович – БШКнын Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссиясынын системдик  администратору;
  • Чокоев Мирбек Ашымович – БШКнын Алай аймактык шайлоо комиссиясынын системдик  администратору;
  • Жекшенбаев Кычан Жекшенбаевич – БШКнын Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын системдик  администратору сыйлданды.

Борбордук шайлоо комиссиясынын Ардак грамотасы менен төмөнкү аймактык шайлоо комиссиялары  сыйланды:

  • Бишкек АШК;
  • Манас АШК;
  • Ак-Суу АШК;
  • Жумгал АШК;
  • Аксы АШК;
  • Алай АШК;
  • Лейлек АШК.

Ошондой эле КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ардак грамотасы менен КРӨгө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын 198 кызматкери сыйланды.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКнын 2026-жылдын 16-октябрында өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
15-Окт, 2026

КР БШКнын 2026-жылдын 16-октябрында өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

1.        Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Коомдук байкоо борборунун ишмердигин уюштуруу тартибин бекитүү жөнүндө” чечим долбоору жөнүндө                 Баяндамачы: Алимбаев Е. А. – укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти  2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Айрым аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин толуктоо жөнүндө ‎” токтом долбоору жөнүндө                                                           Баяндамачы: Жупуева А. С. - шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы  3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Айрым аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтом долбоору жөнүндө                                                            Баяндамачы: Жупуева А. С. - шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы      4. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Токтогул, Түп, Сүлүктү, Нарын, Ак-Талаа жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү тууралуу” токтом долбоору жөнүндө                                                            Баяндамачы: Манасбеков Р. М. - шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн  башчысынын милдетин аткаруучу                             5. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Касенов Аймен Абдыталиповичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө” чечим долбоору жөнүндө                                             Баяндамачы: Манасбеков Р. М. - шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн  башчысынын милдетин аткаруучу                                    6. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “2027-жылдын 27-январына дайындалган  Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоодо шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо жөнүндө” токтом долбоору жөнүндө                                                                Баяндамачы: Алымбаев Р. А. - маалыматтык камсыздоо секторунун башчысы      ТӨРАГА                 
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасынын орун басары Л. Лурова A-WEB уюмунун 7-Башкы ассамблеясына катышууда
15-Окт, 2026

КР БШК төрагасынын орун басары Л. Лурова A-WEB уюмунун 7-Башкы ассамблеясына катышууда

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Лейла Лурова 2026-жылдын 12–17-октябрында Филиппиндин Манила шаарында өтүп жаткан Шайлоо органдарынын дүйнөлүк ассоциациясынын (A-WEB) 7-Башкы ассамблеясына катышууда.Башкы ассамблея ар кайсы өлкөлөрдүн шайлоо органдарынын өкүлдөрүн бириктирип, тажрыйба алмашуу, шайлоону уюштуруунун актуалдуу маселелерин талкуулоо жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоо максатында өткөрүлүүдө. Иш-чаранын алкагында 14-октябрда 7-Башкы ассамблеянын жыйыны өттү, ал эми 15-октябрда «Технологиялар, ишеним жана шайлоочу: жасалма интеллект доорунда шайлоонун ак ниеттүүлүгүн коргоо» темасында эл аралык конференция өткөрүлүүдө.Конференциянын негизги темаларынын бири - жасалма интеллекттин жана санариптик технологиялардын шайлоо процесстерине тийгизген таасири. Катышуучулар жалган маалыматтарга жана дипфейктерге каршы күрөшүү, бурмаланган маалыматтардын таралышына ыкчам чара көрүү, ошондой эле жарандардын шайлоо жөнүндө ишенимдүү маалыматтарга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу маселелерин карашат.Күн тартибине шайлоочуларга маалымат берүү үчүн санариптик сервистерди колдонуу, добуштарды саноонун ачык-айкындуулугун камсыз кылуу, добуш берүүнүн жыйынтыктарын текшерүү, шайлоо инфраструктурасын коргоо жана шайлоо талаштарын чечүү маселелери да киргизилген. Технологиялардын өнүгүшүнүн шартында жарандардын шайлоо жол-жоболоруна болгон ишенимин сактоого өзгөчө көңүл бурулат.Кыргыз Республикасы  2013-жылдан бери A-WEB уюмунун мүчөсү болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Ассоциациянын ишмердүүлүгүнө катышуусу эл аралык тажрыйба алмашууга жана шайлоо процесстерин өркүндөтүү маселелери боюнча башка мамлекеттердин шайлоо органдары менен өз ара кызматташууга өбөлгө түзөт.A-WEB - 2013-жылы түзүлгөн Шайлоо органдарынын дүйнөлүк ассоциациясы. Анын ишмердүүлүгү шайлоо органдарынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө, кесиптик билимдер жана тажрыйба алмашууга, ошондой эле шайлоону уюштуруу жаатындагы дараметти чыңдоого багытталган.
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады
14-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады

2026-жылдын 13–14-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Алмаз Айбалаев Ош шаарында, Ош облусунун Кара-Суу, Араван жана Алай райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жыйындарды өткөрүштү.Жолугушуулардын негизги темасы 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу маселелери болду.Талкуунун жүрүшүндө шайлоочулардын шайлоо укуктарын толук кандуу ишке ашыруусуна зарыл шарттарды түзүү, шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктары менен эркиндиктерин сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары, аралыктан добуш берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, автоматташтырылган маалыматтык тутумдардын колдонулушу жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди.Ошондой эле шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигине токтолду. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, мыйзамсыз кысым көрсөтүү жана шайлоо процессине кийлигишүү аракеттеринин алдын алуу, ошондой эле анын бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.Өткөрүлгөн жолугушуулар шайлоого даярдык көрүү боюнча жергиликтүү деңгээлдеги уюштуруу иштерин талкуулоого, тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга жана шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоо маселелерине көңүл бурууга багытталды.
Кененирээк билүү >>
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>