Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
КР БШК Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкердин ишенимдүү адамдарын каттады
2017-жылдын 9-сентябрындагы КР БШКнын жыйынында Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер А.Мадумаровдун ишенимдүү адамдарын каттоо тууралуу токтом кабыл алынды.
Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер А.Мадумаровдун ишенимдүү адамдары болуп:
Сатарова Айгул Эркебаевна
Полотов Мирлан Шамшиевич
Ыбрайымов Динимухамед Сатымбаевич
Акунбаев Каныбек Алимбаевич
Таабалдиев Исматилла Эргешович
Мамытов Нурлан Мамбетжанович
Алибаева Айгерим Абдижалиловна
Осмонов Илгиз Сапарбаевич
Муратбек уулу Азамат
Бекенов Кутманбек Садирбекович
Бекташев Авазбек Муктаралиевич
Кошоева Клара Токтогуловна
Мидинов Ардакбек Имараалиевич
Рахманбердиева Айша
Жеенбаев Абдисамат Ниязбекович
Таиров Шайырбек Азимжанович
Чыбышев Токтогул Акматович
Торокулов Зайирбек Давлатбекович катталды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК Турсунбек Акунду Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары каттоодон баш тартты
2017-жылдын 9-сентябрындагы КР БШКнын жыйынында Турсунбек Акунду Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына каттоодон баш тартуу маселеси каралды.
2017-жылдын 31-июлунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумду өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына “Адам укугу” саясий партиясынын Кыргыз Республикасынын жараны, Турсунбек Акунду Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары көрсөтүү чечими келип түшкөн.
2017-жылдын 25-августунда Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Турсунбек Акун КР БШКга өзүнүн талапкерлигин колдогон шайлоочулардын 35 462 кол тамгасын тапшырган.
Кол коюлган барактарды текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Турсунбек Акунду колдогон шайлоочулардын 35 462 колунун ичинен 20 930 кол тамгасы ишенимдүү эмес, 14 532 кол тамга анык деп табылды.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 62-беренесине жана конституциялык Мыйзамдын 49-беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык, Президенттикке талапкер шайлоочулардын 30 миңден кем эмес кол тамгаларын чогулткан учурда катталышы мүмкүн. Конституциялык Мыйзамдын 53-беренесинин 7-бөлүмүнө ылайык, тиешелүү документтер тапшырылбаган учурда, талапкерди каттоодон баш тартууга негиз болот.
КР “Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында көрсөтүлгөн талаптарды аткарбагандыгына байланыштуу, 2017-жылдын 9-сентябрындагы КР БШКнын №427-Токтому менен Турсунбек Акунду Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары каттоодон баш тартылды.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Турсунбек Акундун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн укуктары токтотулду.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК К.Шаршекееваны Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары каттоодон баш тартты
2017-жылдын 9-сентябрындагы КР БШКнын жыйынында К.Шаршекееваны Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына каттоодон баш тартуу маселеси каралды.
2017-жылдын 31-июлунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумду өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын жараны, К.Шаршекеевадан Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары каттоо тууралуу арызы келип түшкөн.
2017-жылдын 25-августунда Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер К. Шаршекеева КР БШКга өзүнүн талапкерлигин колдогон шайлоочулардын 39 481 кол тамгасын тапшырган.
Кол коюлган барактарды текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер К.Шаршекееваны колдогон шайлоочулардын 39 481 колунун ичинен 15 580 кол тамгасы ишенимдүү эмес, 23 901 кол тамга анык деп табылды.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 62-беренесине жана конституциялык Мыйзамдын 49-беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык, Президенттикке талапкер шайлоочулардын 30 миңден кем эмес кол тамгаларын чогулткан учурда катталышы мүмкүн. Конституциялык Мыйзамдын 53-беренесинин 7-бөлүмүнө ылайык, тиешелүү документтер тапшырылбаган учурда, талапкерди каттоодон баш тартууга негиз болот.
КР “Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында көрсөтүлгөн талаптарды аткарбагандыгына байланыштуу, 2017-жылдын 9-сентябрындагы КР БШКнын №430-Токтому менен К.Исаевди Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары каттоодон баш тартылды.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер К.Шаршекееванын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн укуктары токтотулду.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК К.Исаевди Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары каттоодон баш тартты
2017-жылдын 9-сентябрындагы КР БШКнын жыйынында К.Исаевди Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына каттоодон баш тартуу маселеси каралды.
2017-жылдын 31-июлунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумду өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына “Кыргызстан” саясий партиясынын К.Исаевди Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары каттоо тууралы чечими келип түшкөн.
2017-жылдын 25-августунда Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер К.Исаев КР БШКга өзүнүн талапкерлигин колдогон шайлоочулардын 37 621 кол тамгасын тапшырган.
Кол коюлган барактарды текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер К.Исаевди колдогон шайлоочулардын 37 621 колунун ичинен 10 400 кол тамгасы ишенимдүү эмес, 27 221 кол тамга анык деп табылды.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 62-беренесине жана конституциялык Мыйзамдын 49-беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык, Президенттикке талапкер шайлоочулардын 30 миңден кем эмес кол тамгаларын чогулткан учурда катталышы мүмкүн. Конституциялык Мыйзамдын 53-беренесинин 7-бөлүмүнө ылайык, тиешелүү документтер тапшырылбаган учурда, талапкерди каттоодон баш тартууга негиз болот.
КР “Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында көрсөтүлгөн талаптарды аткарбагандыгына байланыштуу, 2017-жылдын 9-сентябрындагы КР БШКнын №428 Токтому менен К.Исаевди Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары каттоодон баш тартылды.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер К. Исаевдин шайлоо жана каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү Т.Турумбеков менен Н.Кудайбергеновдун ыйгарым укуктары токтотулду.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер И. Масалиевди каттоодон баш тартты
2017-жылдын 9-сентябрындагы КР БШКнын жыйынында талапкер И. Масалиевди каттоодон баш тартуу маселеси каралды.
2017-жылдын 24-июлунда Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумду өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына “Кыргызстан Коммунисттер партиясынын” И.Масалиевди Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары көрсөткөн чечими түшкөн.
2017-жылдын 25-августунда Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер И.Масалиев КР БШКга анын талапкерлигин колдогон шайлоочулардын 36 673 кол тамгасын тапшырган.
Кол коюлган барактарды текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер И.Масалиевди колдогон шайлоочулардын 36 673 колунун ичинен 30 470 кол тамгасы ишенимдүү эмес, 6 203 кол тамга анык деп табылды
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 62-беренесине жана конституциялык Мыйзамдын 49-беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык, Президенттикке талапкер шайлоочулардын 30 миңден кем эмес кол тамгаларын чогулткан учурда катталышы мүмкүн.
Конституциялык Мыйзамдын 53-беренесинин 7-бөлүмүнө ылайык, тиешелүү документтер тапшырылбаган учурда, талапкерди каттоодон баш тартууга негиз болот.
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамында көрсөтүлгөн талаптарды аткарбагандыгына байланыштуу, 2017-жылдын 9-сентябрындагы КР БШКнын №429 Токтому менен И.Масалиевди Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары каттоодон баш тартылды.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер И.Масалиевдин шайлоо жана каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн укуктары токтотулду.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлер Т.Сариевдин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
2017-жылдын 9-сентябрындагы КР БШКнын жыйынында Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлер Т.Сариевдин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо тууралуу токтом кабыл алынды.
Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Т.Сариевдин каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп:
Кылжыев Самат Аскербекович катталды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер А.Малиевдин өкүлүнүн ыйгарым укуктары токтотулду
2017-жылдын 9-сентябрындагы КР БШКнын жыйынында Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер А.Малиевдин өкүлү Айдосов Айболот Абдурахмановичтин ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө токтом кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
«СЕНИН ДОБУШУН - СЕНИН КЕЛЕЧЕГИН! ТВОЙ ВЫБОР – ТВОЕ БУДУЩЕЕ!»
2017-жылдын 10-сентябрында саат 18:00дө Бишкек шаарынын студенттери, жаш активисттери үчүн «Сенин добушуң-сенин келечегин! Твой выбор-твое будущее!» аттуу үгүт поезддин башталыш акциясы өтөт. Иш-чарага Бишкек шаарынын жашоочулары, студенттер, жаш активисттер катышат.
Үгүтпоезд «СЕНИН ДОБУШУҢ – СЕНИН КЕЛЕЧЕГИҢ! ТВОЙ ВЫБОР – ТВОЕ БУДУЩЕЕ!» - бул мобилдик маалыматтык тобу, шайлоочуларды шайлоо процессинини этаптары, жаңы шайлоо моделинин өзгөчөлүктөрү, добуш берүүнүн жол-жоболору тууралуу тааныштырат. Ошондой эле анын мазмунуна Президенттин ыйгарым укуктары тууралуу, добуш берүүнүн купуялуулугу, ден соолугу жактан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн “Кошунаңды ээрчите кел”! акциясы, добуш сатууга каршы аракет аттуу темалар киргизилген.
Акцияга жаш активисттер, эстрада ырчылары, ди-джейлер, чыгармачыл топтор катышат. Иш-чаранын программасында: маалыматтык роликтер көрсөтүлөт, маанилүү викториналар, флеш-мобдор, тематикалык буклеттер, чакыруулар таркатылат.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Борбордук шайлоо комиссиясы эл аралык 25 байкоочуну аккредитациядан өткөрдү
КМШ миссиясынын тутумундагы Парламенттер аралык Ассамблеясынын байкоочулары, РФ БШКсы, Румынянын туруктуу шайлоо органы, Молдованын БШКсы, Шайлоо системасынын эл аралык фонду, Эл аралык демократиялык институтунан бардыгы болуп 25 эл аралык байкоочу аккредитациядан өттү.
2017-жылдын 8-сентябрына карата Борбордук шайлоо комиссиясы 86 эл аралык байкоочуну аккредитациядан өткөрдү.
Эл аралык байкоочулардын тизмеси менен бул шилтемеден таанышсаңар болот.
КР БШК аппратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө протоколду бекитүү тууралуу токтом кабыл алды
Бугүн 2017-жылдын 9-сентябрында КР БШК “2017-жылдын 3-сентябрында өткөн Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө” протоколду бекитүү тууралуу токтом кабыл алды.
Шайлоого катышуу үчүн каттоого жана шайлоо бюллетенине “Республика”, “Кыргызстан”, “Мамлекеттин биримдиги жана Мекенчил” “Бир бол” партиясы, “Мекеним Кыргызстан”, Өнүгүү-Прогресс”, “Кыргызстан социал-демократиялык саясий” партиясынан өкүлдөр киргизилген.
Шайлоонун жыйынтыгы боюнча 7 пайыздык чекти 3 саясий партия өттү. Төмөндөгү таблицада мандаттардын бөлүнүшү көрсөтүлгөн:
31 мандат
Саясий партиялар үчүн берилген добуштар
% катышы
7% босогону аттаган партиялар
1 мандат-тын квотасы
Мандаттын бөлуштү- рүлүшү
РЕСПУБЛИКА
311
5,27
Кыргызстан
578
9,79
578
3
Бир Бол
13
0,22
Мекеним Кыргызстан
757
12,82
757
5
ӨНҮГҮҮ-ПРОГРЕСС
346
5,86
СДПК
3789
64,19
3789
23
Против всех
109
1,85
Всего (без недействи-тельных бюллетней)
5903
5124
165,29
31
Шайлоо күнү ар бир шайлоо участкасында шайлоо башталгандан тартып, добуш берүүнүн жыйынтыгы чыкканга чейин саясий партиялардан жана коомдук уюмдардан байкоочулар катышышты.
Шайлоо комиссиясынын аракеттерине добуш берүү боюнча, добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарууда жана шайлоо мыйзамдуулугун бузган арыз жана даттануулар түшкөн жок.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Т.Кожогуловду каттоодон баш тартты
2017-жылдын 8-сентябрындагы КР БШКнын жыйынында талапкер Т.Кожогуловду каттоодон баш тартуу маселеси каралды.
2017-жылдын 31-июлунда Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумду өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына өзүн өзү талапкер катары көрсөткөн Кыргыз Республикасынын жараны Т.Кожогуловдон арыз түшкөн.
2017-жылдын 25-августунда Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Т.Кожогулов КР БШКга анын талапкерлигин колдогон шайлоочулардын 34 027 кол тамгасын тапшырган.
Кол коюлган барактарды текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Т.Кожогуловду колдогон шайлоочулардын 34 027 колунун ичинен 26 015 кол тамгасы ишенимдүү эмес, 8 012 кол тамга анык деп табылды.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 62-беренесине жана конституциялык Мыйзамдын 49-беренесинин 1 бөлүмүнө ылайык, Президенттикке талапкер шайлоочулардын 30 миңден кем эмес кол тамгаларын чогулткан учурда катталышы мүмкүн. Конституциялык Мыйзамдын 53-беренесинин 7-бөлүмүнө ылайык, тиешелүү документтер тапшырылбаган учурда, талапкерди каттоодон баш тартууга негиз болот.
КР “Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамында көрсөтүлгөн талаптарды аткарбагандыгына байланыштуу, 2017-жылдын 8-сентябрындагы КР БШКнын №424-Токтому менен Т.Кожогуловду Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары каттоодон баш тартылды.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Т. Кожогуловдун шайлоо жана каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн укуктары токтотулду.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Р.Карасартованы каттоодон баш тартты
2017-жылдын 8-сентябрындагы КР БШКнын жыйынында талапкер Р.Карасартованы каттоодон баш тартуу маселеси каралды.
2017-жылдын 27-июлунда Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумду өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына өзүн өзү талапкер катары көрсөткөн Кыргыз Республикасынын жараны Р.Карасартовадан арыз түшкөн.
2017-жылдын 25-августунда Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Р.Карасартова КР БШКга анын талапкерлигин колдогон шайлоочулардын 31 706 кол тамгасын тапшырган.
Кол коюлган барактарды текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Р.Карасартованы колдогон шайлоочулардын 31 706 колунун ичинен 4 680 кол тамгасы ишенимдүү эмес, 27 026 кол тамга анык деп табылды.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 62-беренесине жана конституциялык Мыйзамдын 49-беренесинин 1 бөлүмүнө ылайык, Президенттикке талапкер шайлоочулардын 30 миңден кем эмес кол тамгаларын чогулткан учурда катталышы мүмкүн. Конституциялык Мыйзамдын 53-беренесинин 7-бөлүмүнө ылайык, тиешелүү документтер тапшырылбаган учурда, талапкерди каттоодон баш тартууга негиз болот.
КР “Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамында көрсөтүлгөн талаптарды аткарбагандыгына байланыштуу, 2017-жылдын 8-сентябрындагы КР БШКнын №423-Токтому менен Р.Карасартованы Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары каттоодон баш тартылды.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Р.Карасартованын шайлоо жана каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн укуктары токтотулду.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Т.Асанбековду каттоодон баш тартты
2017-жылдын 27-июлунда Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумду өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына “Мекен ынтымагы” саясий партиясынын чечими менен Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына Кыргыз Республикасынын жараны Т.Асанбеков көрсөтүлгөн.
2017-жылдын 25-августунда Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Т.Асанбеков КР БШКга анын талапкерлигин колдогон шайлоочулардын 33 461 кол тамгасын тапшырган.
Кол коюлган барактарды текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Т.Асанбековду колдогон шайлоочулардын 33 461 колунун ичинен 22 560 кол тамгасы ишенимдүү эмес, 10 901 кол тамга анык деп табылды.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 62-беренесине жана конституциялык Мыйзамдын 49-беренесинин 1 бөлүмүнө ылайык, Президенттикке талапкер шайлоочулардын 30 миңден кем эмес кол тамгаларын чогулткан учурда катталышы мүмкүн.Конституциялык Мыйзамдын 53-беренесинин 7-бөлүмүнө ылайык, тиешелүү документтер тапшырылбаган учурда, талапкерди каттоодон баш тартууга негиз болот.
КР “Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамында көрсөтүлгөн талаптарды аткарбагандыгына байланыштуу, 2017-жылдын 8-сентябрындагы КР БШКнын №422-Токтому менен Т.Асанбековду Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары каттоодон баш тартылды.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Т.Асанбековдун шайлоо жана каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн укуктары токтотулду.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер К.Чороевди каттоодон баш тартты
2017-жылдын 8-сентябрында КР БШКнын жыйынында талапкер К.Чороевди каттоодон баш тартуу маселеси каралды.
2017-жылдын 9-июлунда Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумду өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына өзүн өзү көрсөткөн Кыргыз Республикасынын жараны К.Чороевден арыз келип түшкөн.
2017-жылдын 25-августунда Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер К.Чороев КР БШКга анын талапкерлигин колдогон шайлоочулардын 40 224 кол тамгасын тапшырган.
Кол коюлган барактарды текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер К.Чороевди колдогон шайлоочулардын 40 224 колунун ичинен 22 235 кол тамгасы ишенимдүү эмес, 17 989 кол тамга анык деп табылды.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 62-беренесине жана конституциялык Мыйзамдын 49-беренесинин 1 бөлүмүнө ылайык, Президенттикке талапкер шайлоочулардын 30 миңден кем эмес кол тамгаларын чогулткан учурда катталышы мүмкүн.
Конституциялык Мыйзамдын 53-беренесинин 7-бөлүмүнө ылайык, тиешелүү документтер тапшырылбаган учурда, талапкерди каттоодон баш тартууга негиз болот.
КР “Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамында көрсөтүлгөн талаптарды аткарбагандыгына байланыштуу, 2017-жылдын 8-сентябрындагы КР БШКнын №425-Токтому менен К. Чороевду Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары каттоодон баш тартылды.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер К. Чороевдин шайлоо жана каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн укуктары токтотулду.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүм
Кененирээк билүү >>
КР БШК Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер К.Шайымбетовду каттоодон баш тартты
2017-жылдын 8-сентябрында КР БШКнын жыйынында талапкер К.Шайымбетовду каттоодон баш тартуу маселеси каралды.
2017-жылдын 27-июлунда Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумду өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына өзүн өзү көрсөткөн Кыргыз Республикасынын жараны К.Шайымбетовдон арыз келип түшкөн.
2017-жылдын 25-августунда Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер К.Шайымбетов КР БШКга анын талапкерлигин колдогон шайлоочулардын 38 660 кол тамгасын тапшырган.
2017-жылдын 30-августунда кол коюлган барактарды текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер К.Шайымбетовду колдогон шайлоочулардын 38 660 кол тамгасы ишенимдүү эмес деп табылды.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 62-беренесине жана конституциялык Мыйзамдын 49-беренесинин 1 бөлүмүнө ылайык, Президенттикке талапкер шайлоочулардын 30 миңден кем эмес кол тамгаларын чогулткан учурда катталышы мүмкүн.
Конституциялык Мыйзамдын 53-беренесинин 7-бөлүмүнө ылайык, тиешелүү документтер тапшырылбаган учурда, талапкерди каттоодон баш тартууга негиз болот.
КР “Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамында көрсөтүлгөн талаптарды аткарбагандыгына байланыштуу, 2017-жылдын 8-сентябрындагы КР БШКнын №421-Токтому менен Казыбек Орозакунович Шайымбетовду Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары каттоодон баш тартылды.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер К. Шайымбетовдун шайлоо жана каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү Ж. Анарбекова менен С.Разаковдун ыйгарым укуктары токтотулду.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер А.Абдылдаевге жазуу жүзүндө эскертүү берди
Бүгүн, 2017-жылдын 8-сентябрындагы БШКнын жыйынында каржы эрежесин бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер А.Абдылдаевге жазуу жүзүндө эскертүү берүү тууралуу чечим кабыл алынды.
2017-жылдын 30-августунда Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер А.Абдылдаевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү КР БШКга КР “Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 53-беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерди каттоо үчүн тиешелүү документтерди тапшырган.
КР БШКнын 2017-жылдын 14-июнундагы №158-токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкердин шайлоо фондусундагы каражаттарды чыгымдоо жана эсептөөнү түзүүнүн эрежеси жөнүндө” Нускаманын 39-пунктуна ылайык, талапкер Борбордук шайлоо комиссиясына биринчи каржы отчетун тапшырууга, бир эле учурда Борбордук шайлоо комиссиясына шайлоо күрөөсүн төккөндүгүн тастыктаган жана башка каттоого керектүү документтерди тапшырууга милдеттүү.
Бирок, Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер А.Абдылдаевдин каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Н.Алыбаева, биринчи финансылык отчетту белгиленген мөөнөттү бузуу менен тапшырган.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
26.09.2026
ЖМК жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо боюнча кайрылуу
25.09.2026
Шайлоо участокторунун чек аралары маселеси жөнүндө
25.09.2026
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоочуларга, талапкерлерге, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жана шайлоо процессинин катышуучуларына кайрылуусу!
25.09.2026
«Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону 2027-жылдын 27-январында эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду
25.09.2026
«Элдик Банк» жана «АБанк» КР Президентин шайлоого катышуучу талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн банк катары аныкталды
25.09.2026
КР БШКсы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча иш-чаралардын календардык планын бекитти