КР БШК Турсунбек Акунду  Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына  талапкер катары каттоодон баш тартты

09 сентября 2017

2017-жылдын 9-сентябрындагы КР БШКнын жыйынында Турсунбек Акунду Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына каттоодон баш тартуу маселеси каралды.

2017-жылдын 31-июлунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумду өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына “Адам укугу” саясий партиясынын Кыргыз Республикасынын жараны, Турсунбек Акунду   Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары көрсөтүү  чечими   келип түшкөн.

2017-жылдын 25-августунда Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Турсунбек Акун  КР БШКга өзүнүн талапкерлигин колдогон шайлоочулардын 35 462 кол тамгасын тапшырган.

Кол коюлган барактарды текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Турсунбек Акунду колдогон шайлоочулардын 35 462 колунун ичинен 20 930 кол тамгасы ишенимдүү эмес, 14 532 кол тамга анык деп табылды.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 62-беренесине жана конституциялык Мыйзамдын 49-беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык, Президенттикке талапкер шайлоочулардын 30 миңден кем эмес кол тамгаларын чогулткан учурда катталышы мүмкүн. Конституциялык Мыйзамдын 53-беренесинин 7-бөлүмүнө ылайык, тиешелүү документтер тапшырылбаган учурда, талапкерди каттоодон баш тартууга негиз болот.

КР “Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында көрсөтүлгөн талаптарды аткарбагандыгына байланыштуу, 2017-жылдын 9-сентябрындагы КР БШКнын №427-Токтому менен Турсунбек Акунду Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары каттоодон баш тартылды.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Турсунбек Акундун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн укуктары токтотулду.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү