КР БШК К.Шаршекееваны Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына  талапкер катары каттоодон баш тартты

09 сентября 2017

2017-жылдын 9-сентябрындагы КР БШКнын жыйынында  К.Шаршекееваны Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына каттоодон баш тартуу маселеси каралды.

2017-жылдын 31-июлунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумду өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын жараны, К.Шаршекеевадан  Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары каттоо тууралуу арызы   келип түшкөн.

2017-жылдын 25-августунда Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер К. Шаршекеева  КР БШКга өзүнүн талапкерлигин колдогон шайлоочулардын 39 481 кол тамгасын тапшырган.

Кол коюлган барактарды текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер К.Шаршекееваны колдогон шайлоочулардын 39 481 колунун ичинен 15 580 кол тамгасы ишенимдүү эмес, 23 901 кол тамга анык деп табылды.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 62-беренесине жана конституциялык Мыйзамдын 49-беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык, Президенттикке талапкер шайлоочулардын 30 миңден кем эмес кол тамгаларын чогулткан учурда катталышы мүмкүн. Конституциялык Мыйзамдын 53-беренесинин 7-бөлүмүнө ылайык, тиешелүү документтер тапшырылбаган учурда, талапкерди каттоодон баш тартууга негиз болот.

КР “Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында көрсөтүлгөн талаптарды аткарбагандыгына байланыштуу, 2017-жылдын 9-сентябрындагы КР БШКнын №430-Токтому менен К.Исаевди Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары каттоодон баш тартылды.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер К.Шаршекееванын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн укуктары токтотулду.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү