Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

2017-жылдын 9-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлер ортосунда Меморандумга кол коюлат
08.09.2017

2017-жылдын 9-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлер ортосунда Меморандумга кол коюлат

2017-жылдын 9-сентябрында саат 9:00дө Парк отель мейманканасында Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлердин шайлоо алдында үгүт жүргүзүү, каржылоо жана шайлоо талаш-тартыштарын чечүү боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү үчүн  семинар болот.  Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлер ортосунда Меморандумга кол коюлат. Семинар Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан уюштурулган. “Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлер ортосунда Меморандумга” кол коюу аземи саат 12:00дө болмокчу. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын Бишкек шаарынын шайлоочуларына, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарына, коомдук уюмдарга жана коммерциялык эмес уюмдарга  кайрылуусу
08.09.2017

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын Бишкек шаарынын шайлоочуларына, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарына, коомдук уюмдарга жана коммерциялык эмес уюмдарга кайрылуусу

Алдыдагы  Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун босогосунда Бишкек шаарынын 234 участкалык шайлоо комиссияларынын резервин толуктоонун   зарылчылыгы  келип чыкты.   Ушуга байланыштуу резервди толуктоо максатында  Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы  жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан өкүлдөрдү көрсөтүүнү жарыялайт.  УШКтин резервине  талапкерлерди көрсөтүүдө, жарандардын өздөрүнүн макулдугу болуусу керек, анын ишке жөндөмдүүлүгүнүн деңгээли, шайлоо комиссияларында иштөө тажрыйбасы, ошондой эле кесипкөйлүк жана өздүк сапаты эске алынат. Шайлоо комиссиясынын мүчөсүнө талапкер тиешелүү элдик  аймакта жашоосу керек экенин эске алынуусу зарыл.   Жарандардын жыйынынан, коомдук бирикмелерден шайлоо комиссияларынын тутумуна талапкерлерди көрсөтүү тууралуу Протоколдорго жыйындын төрагасынын жана катчынын колу коюлушу зарыл. Протоколго жашаган жерлери көрсөтүлүп, колдору коюлган жыйындын катышуучуларынын тизмеси тиркелиши керек. Жогорку документтерге: -Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын нормаларын сактаган милдеттенме жана шайлоо комиссиясынын тутумунда иштөөгө макулдугу боюнча арыз; - паспорттун көчүрмөсү; -иштеген жери, окуусу, билими көрсөтүлгөн биографиялык маалыматтар (кадрларды каттоо боюнча өздүк баракча же резюме); -байланыш  маалыматтар: жашаган жеринин дареги, телефон номерлери, электрондук почтасы тиркелиши зарыл. Жарандардын жыйынынан, коомдук жана коммерциялык эмес уюмдардан участкалык шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлерди көрсөтүү боюнча Поротоколдор  2017-жылдын 16-сентябрында саат 18.00 чейин Бишкек шаардык кеңешинде кабыл алынат. Сурап-билүү телефондору: Бишкек шаардык кеңеши 0 (312) 62 58 14 Бишкек АШК 0 (312) 36 03 32.
Кененирээк билүү >>
КР БШК Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлердин  ишенимдүү адамдарын каттады
07.09.2017

КР БШК Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлердин  ишенимдүү адамдарын каттады

2017-жылдын 7-сентябрындагы КР БШКнын жыйынында Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер А.Бекназаров менен Т.Сариевдин ишенимдүү  адамдарын  каттоо тууралуу токтом кабыл алынды. Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер А.Бекназаровдун ишенимдүү адамдары болуп: 1. М. Кенжебаева 2. Т. Тазабеков 3. Аскарбек кызы К. 4. Ш. Музуров 5. М. Эгенбердиева 6. Ж. Жээнтаев 7. А. Чалыбаев 8. Ш. Кайкиев 9. С. Наркеев 10. А. Чилетова 1 Р. Асанкулова 12. С. Эшимкулова 13. Т. Жолдошбаев 14. О. Абдрахманов 15. М. Мамбеткулов катталды. Республикасынын Президенти кызматына талапкер Т.Сариевдин ишенимдүү адамдары болуп: 1. Ч. Алышев 2. А. Жолдошбеков 3. Дж. Абдыкалыков 4. Б. Мергенбаев 5. О. Жанпейишов 6. Д. Нефедов 7. К. Айтакунов 8. Н. Шамбетов 9. Т. Султаналиев 10. К. Жумагулов 11. Н. Самаков 12. Н. Бектуров 13. Э. Абдыраимов 14. С. Оморов 15. Ж. Салбанов 16. К. Бакиров 17. М. Шамшидинов 18. С. Откеев 19. Н. Дженалиев 20. Д. Раимкулов 21. Б. Абдыгулов 22. Н. Чыныбаев 23. А. Мусаходжаев 24. Э. Шамбетов 25. Х. Орозов 26. Н. Иманалиева 27. М. Иманбаев 28. Ж. Айдарбаев 29. Н. Байбосунов 30. Т. Самарбеков 31. Н. Жапакова 32. А. Орозобаев 33. Ж. Абакиров 34. У. Ашикеев 35. К. Дүйшоев 36. К. Асанбаев 37. Т. Садыков 38. А. Аскаров 39. М. Шералиев 40. М. Жунушов 41. Т. Калбаев 42. Э. Монкоев 43. А. Базаров 44. А. Мейманбеков 45. С. Калиев 46. Р. Султанбеков 47. Жумабек кызы А. 48. Ч. Байгазиева 49. Ж. Зарнаев 50. Н. Акебаев 51. К. Абдиев 52. М. Рыскулов 53. Т. Байтемиров 54. Н. Эшеналиев 55. А. Садыков 56. С. Джумаев 57. Дж. Чолпонбаев 58. А. Абдыкадыров 59. К. Ашымбаева 60. С. Керимбаев 61. Р. Токтокеева 62. А. Осмоналиев 63. М. Чоколокова 64. Азизбек уулу У. 65. Ж. Белеков 66. Эмилбек кызы Ж. 67. С. Узбеков 68. А. Ахметов 69. Ш. Суюнтбеков 70. Асилбек кызы М. 71. А. Тажибаев 72. М. Шакиржанов 73. У. Батыров 74. И. Мамажанов 75. М. Машрабхужаев 76. А. Байбубаев 77. Э. Мойдунов 78. А. Ташиева 79. Б. Толубаев 80. Б. Маматумаров 81. Н. Джумабаева 82. С. Карымшаков 83. А. Маматкожоев 84. А. Саитов 85. Ж. Аталыков 86. И. Эркебаев 87. М. Адилов 88. Абдижалил кызы А. 89. К. Абдыкадыров 90. Эркинбек кызы Н. 91. Б. Дуванаев 92. Ж. Орунбаева 93. Т. Туркбаев 94. С. Сайдрахманов 95. Ш. Шоруков 96. А. Калмурзаев 97. М. Кочконбаев 98. Н. Маматжанов 99. А. Мырзаев 100. О. Шеркулов 101. А. Шоруков 102. А. Байиева 103. Н. Шералиев 104. Р. Сарбаев 105. Ч. Калматов 106. Ч. Мурзакулов 107. А. Алымов 108. М. Козуев 109. А. Максутов 110. Ж. Кылжыров 111. С. Шакиев 112. Т. Кабылбеков 113. К. Озбеков 114. М. Буванова 115. Б. Калпаев 116. Малабеков Жорготай Жумашович 117. Ходжаев Арыстанбек Бусурманкулович 118. Джалалова Халима Зайнабидиновна 119. Эргешов Акынбек Калдарович 120. Аккулов Абдижапар Ураимович 121. Кадыралиев Арсен Маматалиевич катталды. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Т.Сариевдин өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктары токтотулду
07.09.2017

Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Т.Сариевдин өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктары токтотулду

2017-жылдын 7-сентябрындагы КР БШКнын жыйынында Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Т.Сариевдин өкүлдөрү Алиев Болот Нажимидинович менен Момунбеков Станбек Джылдызовичтин ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө токтом кабыл алынды. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы  добуш берүү участкалары  тууралуу маалымат 2ГИС картасына  жайгаштырылды
06.09.2017

Бишкек шаарындагы  добуш берүү участкалары  тууралуу маалымат 2ГИС картасына  жайгаштырылды

Борбордук шайлоо комиссиясы Шаардык маалымат сервиси менен биргеликте «2ГИС Бишкек» картасына Бишкек шаарынын аймагындагы участкалык шайлоо комиссиялары тууралуу маалыматтарды  киргизди.  Ошондой эле Чүй жана Ысык-Көл облусундагы  айрым участкалык шайлоо комиссиялары тууралуу маалыматтар да  киргизилген. Шаардык сервисте  УШКлардын даректери, иштөө тартиби. телефон номерлери, ага барчу маршруттар көрсөтүлгөн. Шайлоо участкасы тууралуу маалымат алыш үчүн анын номерин издөө сабына киргизүү керек, мисалы, №1003 ал ошол замат картада чыгып калат. Эгер, участканын номери белгисиз болсо, үйгө жакынды караштырыш керек. Бул үчүн аны картадан белгилеп, андан ары “шайлоо участкасын” издөө зарыл. Сервис справка жана картадагы жайгашууну чыгарат. Шайлоо участкасын бул шилтеме боюнча кароо керек: http://go.2gis.com/jxyat. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
Кыргыз  Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын эмгек жамааты Батырова Гүлнара  Маришовнага көңүл айтат
06.09.2017

Кыргыз  Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын эмгек жамааты Батырова Гүлнара  Маришовнага көңүл айтат

Кыргыз  Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын эмгек жамааты Борборшайлоокомдун мүчөсү Батырова Гүлнара  Маришовнанын уулу Сабиров  Бакайдын мезгилсиз  дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу  терең кайгыруу менен көңүл айтып, орду толгус аза кайгысын тең бөлүшөт. 
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасынын орун басары А.Бекматов: “Адам укугу тармагында ченемдик-укуктук актыларын өркүндөтүүдө Акыйкатчынын (Омбудсмен) ролу: күтүүлөр жана келечеги” аттуу Эл аралык форумга катышты
06.09.2017

КР БШК төрагасынын орун басары А.Бекматов: “Адам укугу тармагында ченемдик-укуктук актыларын өркүндөтүүдө Акыйкатчынын (Омбудсмен) ролу: күтүүлөр жана келечеги” аттуу Эл аралык форумга катышты

А.Бекматов өз сөзүндө  КР БШК 2015-жылдан тарта шайлоо системасын кеңири масштабда, толук өлчөмдө реформалоону жүргүзүп келе жаткандыгын баяндап берди. “Эки жылдын ичинде шайлоонун жыйынтыктарын ишенимдүү камсыз кылган добуштарды саноонун автоматтык тутуму ишке киргизилди. Автоматтык саноо урнасынын  жана Мамлекеттик каттоо кызматынын операторлорун, техникалык колдоо тобунун иши жакшырды, шайлоо комиссияларында чечимдерди кабыл алуунун ачыктыгы жогорулады. Биометрикалык каттонун жардамы менен шайлоочуларды идентификациялоо жана добуштарды автоматтык саноо, максималдуу ишенимдүүлүккө жетишүүгө мүмкүнчүлүк берди. Бул ар бир жарандын добушун эске алуу мүмкүнчүлүгүн жана конституциялык Мыйзамды, пассивдүү шайлоо укукту натыйжалуу ишке ашырууга негиз түзөт. Ошондой эле А.Бекматов, шайлоо процессин реформалоодогу бардык иш-чараларага кеңири катышуу (инклюзивность) деген принциптер сакталгандыгын, шайлоо системасын реформалоонун алкагында ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын шайлоо укугун  ишке ашыруунун аракеттер Планы кабыл алынганын билдирди. “Ден соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга көңүл буруунун дагы бир форматы аркылуу шайлоо процессинде ошол жарандардын жана адамдардын укугун камсыз кылуу болуп саналат. Мисалы, алдыдагы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо “Кошунаңды ээрчите кел!” акциясы майып жарандарды да жалпы ишке катыштырууга багытталган, аларга болгон мамиле конституциялык шайлоо укугун ишке ашыруу менен коштолгон”, - деп кошумчалады ал. Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институтунун 15 жылдыгына арналган Эл аралык форумда биздин тарыхыбызда биринчи жолу ар кайсы мамлекеттен 15 Акыйкатчы катышты. Кыргызстандагы жогорку деңгээлдеги бул жыйынга Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин катчысы Жеңиш Разаков, Вице-премьер-министр Темир Жумакадыров жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты. Ошондой эле аталган иш-чарага БУУнун балдар укугу  боюнча төрагасы Ренат Вингер жана Эл аралык Акыйкатчы институтунун Башкы катчысы Гюнтер Кройтер, БУУ, ЕККУнун өкүлдөрү, Казакстан жана Өзбекстан республикаларынын парламенттеринин депутаттары, аймактык укук коргоо уюмдарынын өкүлдөрү катышууда. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Айрым аймактык шайлоо комиссиясынын резервине өзгөртүүлөр киргизилди
05.09.2017

Айрым аймактык шайлоо комиссиясынын резервине өзгөртүүлөр киргизилди

2017-жылдын 8-августунда, КР БШК аймактык шайлоо комиссияларынын резервин толуктоо максатында  саясий партияларга, коомдук бирикмелерге  жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарына (жергиликтүү кеңештерге) аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине талапкерлерди көрсөтүү  боюнча  кайрылды. Кайрылуунун негизинде, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан 12 адам көрсөтүлдү. Келип түшкөн документтерди текшерүүдөн кийин, жергиликтүү кеңештердин органдары боюнча төмөндөгүдөй болуп бөлүндү: Нарын облусу боюнча резервке киргизилген талапкерлер, Нарын аймактык шайлоо комиссиясы: -С. Байтоков жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы; -А. Акитаева жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы; -Э.Ажыгулова  жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы; -Г.Мамбетакунова жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы; -К. Кашкаров жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы; -К.Кудайбергенова жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы; -А. Тилекова  жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы; Чүй облусу боюнча резервке киргизилген талапкерлер, -А.Джумагазиева жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы; -А.Темирбекова жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы; -Т.Алманбетов  жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы; Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясы: -М.Джаманкулова жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы; -А. Кенебаева  жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК Ө.Текебаевди каттоодон баш тартты
05.09.2017

КР БШК Ө.Текебаевди каттоодон баш тартты

Борбордук шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 4-сентябрындагы жыйынында талапкер Ө.Текебаевди каттоодон баш тартуу жөнүндө маселе каралды.  2017-жылдын 7-августунда  Борбордук шайлоо комиссиясы  талапкер Ө.Текебаевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнөн    38 643 кол коюлган барактарды кабыл алган. Каржылоо эрежеси бузулгандыктан  КР БШКнын 2017-жылдын 17-августундагы  №48-чечими менен талапкер Ө.Текебаевдин 38 643 сандагы  кол коюлган барактары ишенимдүү эмес деп табылды. 2017-жылдын 22-августундагы Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун чечими менен талапкер Ө. Текебаевдин “Борбордук шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 17-августундагы  чечимин мыйзамдуу эмес деп табуу даттануусун” канааттандыруудан баш тартылды. КР Жогорку сотунун 2017-жылдын 30-августагы Токтому менен Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун  2017-жылдын 22-августундагы чечими күчүндө калтырылды. Конституциялык Мыйзамдын  45-беренесинин 9-бөлүмүнө ылайык, КР Жогорку сотунун токтому чыккан күндөн тартып күчүнө кирет, биротоло болуп саналат жана арызданууга жатпайт. Конституциялык  Мыйзамдын 49-беренесинини 1-бөлүмүндө Президенттикке талапкер 30 миңден ашуун кол топтогон учурда  катталышы мүмкүн деп айтылган.  Конституциялык мыйзамдын 53-беренесинин 1-бөлүмүнүн 5-пунктуна ылайык,   Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер шайлоо  күрөөсүн төккөндүгүн тастыктаган документти  тапшыруусу керек. Конституциялык Мыйзамдын 53-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык каттоодон баш тартууга  төмөндөгүлөр негиз болот: -шайлоо күрөөсүн төккөндүгү тууралуу документти тапшырбаганда.  -шайлоочулардын талапкерди колдогон   жетиштүү сандагы ишенимдүү колдорун  тапшырбаганда . 2017-жылдын 31-августуна карата талапкер Ө. Текебаев шайлоо күрөөсүн төккөн документ  тапшырган эмес. КР “Кыргыз Республикасынын Президентин  жана  КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык  Мыйзамында көрсөтүлгөн талаптарды аткарбагандыгына байланыштуу  Ө.Текебаевди Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары каттоодон баш тартылды. Ошондой эле талапкер Ө.Текебаевдин шайлоо жана каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү А.Жолдошбеков  менен А.Токтакунованын ыйгарым укуктары токтотулду.  КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Айрым аймактык шайлоо комиссияларынын тутумуна жана резервине өзгөртүүлөр киргизилди
05.09.2017

Айрым аймактык шайлоо комиссияларынын тутумуна жана резервине өзгөртүүлөр киргизилди

2017-жылдын  5-сентябрындагы КР БШКнын жыйынында  айрым аймактык шайлоо комиссияларынын тутумуна жана резервине өзгөртүүлөрдү  киргизүү тууралуу  токтом кабыл алынды. Берген арызына байланыштуу Ош аймактык шайлоо комиссиясынын тутумунан (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы)  М.Шадиева чыгарылды.  Комиссиянын тутумуна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы) резервден З.Шербаева киргизилди.   Берген арызына байланыштуу Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын тутумунан (“Туран” саясий партиясы) Д. Шамшиева чыгарылды. Комиссиянын тутумуна  («Акшумкар» саясий партиясы) резервден  Ж. Асанбаев киргизилди. Берген арыздарына байланыштуу Г.Алиаскарова (“КСДП саясий партиясы”)  Л.Жээналиева,  (“Республика” саясий партиясы), М.Жанбосунова  (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы)   Түп аймактык шайлоо комиссиясынын тутумунан чыгарылды.  Комиссиянын тутумуна  резервден (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы) В.Алымжанова, А.Макарова, Ф.Матаева киргизилди.   Берген арыздарына байланыштуу Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын тутумунан (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы) Г.Бектурова,  Н.Жакыпбекова, А.Байгубатов, Ч.Дүйшекеев, Ү.Райымбаева  чыгарылды. Комиссиянын тутумуна М.Муталипова, (“Акшумкар” саясий партиясы), Бекжан кызы Чолпон, (“Республика” саясий партиясы), (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы) С.Байтоков, А.Акитаева, Э.Ажыгулова киргизилди.    Берген арызына байланыштуу (“КСДП” саясий партиясы) Н.Касымбеков, (Кыргызстандын коммунисттик партиясы) Ж.Бадиров, (“Республика-Ата-Журт” саясий партиясы) Т.Казыбаев Аламүдүн  аймактык шайлоо комиссиясынын тутумунан чыгарылды. Комиссиянын тутумуна резервден А.Джаналиева (“Акшумкар” саясий партиясы), Н.Жунушова, Г.Мамасадыкова (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди. Берген арызына байланыштуу Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын тутумунан  (“Туран” саясий партиясы) У.Алымкулов, (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы) Д.Джумабаева, Ж.Алмазбекова  чыгарылды. Комиссиянын тутумуна резервден М.Джаманкулова, А.Кенебаева (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы) киргизилди. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын  ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда  токтоту жана бошогон мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндө токтом кабыл алды
05.09.2017

КР БШК жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын  ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда  токтоту жана бошогон мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндө токтом кабыл алды

  2017-жылдын 5-сентябрындагы  КР БШКнын жыйынында Сузак жана Манас аймактык шайлоо комиссияларында жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бошогон мандаттарды депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө токтом кабыл алынды. Ошентип: -Жалал-Абад облусунун Көк-Арт айылдык кеңешинде С.Жуманазаров муниципалдык кызматка дайындалгандыгына байланыштуу өзүнүн ыйгарым укуктарын токтотту, анын мандаты жеке ишкер Н.Жолдошевге  өткөрүлүп берилди; -Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Көк-Жаңгак  шаардык кеңешинде  У.Исмаилов мунипипалдык кызматка дайындалгандыгына байланыштуу өзүнүн ыйгарым укугун токтотту, анын мандаты Б.Ташбулатовго өткөрүлүп берилди; -Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кызыл-Туу айылдык округунда М.Калмаматов муниципалдык кызматка дайындалгандыгына байланыштуу өзүнүн ыйгарым укугун токтотту, анын мандаты Т.Ашырбаевге өткөрүлүп берилди; -Талас облусунун Манас районунун Кайыңды айылдык округунда А.Отомбаев өз арызы менен ыйгарым укугун токтотту, анын мандаты А.Үсөнбаев атындагы орто мектептин мугалими У.Кенжекараевага өткөрүлүп берилди. КР БШК аппаратынын маалыматтык кызматы  
Кененирээк билүү >>
Райондор аралык сот КР БШКнын ”Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер А.Абышевди каттоодон баш тартуу жөнүндө” токтомун күчүндө калтырды
05.09.2017

Райондор аралык сот КР БШКнын ”Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер А.Абышевди каттоодон баш тартуу жөнүндө” токтомун күчүндө калтырды

4-сентябрда Бишкек шаарынын райондор аралык соту  шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ”Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер А.Абышевди каттоодон баш тартуу жөнүндө” 2017-жылдын 26-августундагы №395-токтомун жокко чыгаруу боюнча А.Абышевдин доо арызын канааттандыруудан  баш тартты.   Райондор аралык сот Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын  ”Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер А.Абышевди каттоодон баш тартуу жөнүндө” 2017-жылдын 26-августундагы токтомун мыйзамдуу жана негизделген деп тапты.  2017-жылдын 26-августуна карата  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына талапкер А. Абышев же анын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү талапкерди колдогон шайлоочулардын колдору коюлган барактарды тапшырган эмес.  КР “Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын 49-беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык,  Президенттикке талапкер 30 миңден ашуун шайлоочулардын колун топтогондо гана  талапкер катары катталышы мүмкүн.  Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер шайлоого 50 календардык күн калганга чейин, башкача айтканда 2017-жылдын 26-августуна дейре анын талапкердигин колдогон шайлоочулардын колдору коюлган барактарды  тапшырууга милдеттүү.  Конституциялык Мыйзамга ылайык каттоо үчүн тиешелүү документтерди тапшырбоо, талапкерди каттоодон баш тартууга негиз болот.  26-августта “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер А.Абышевди каттоодон баш тартуу жөнүндө” токтом кабыл алды.     КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү   
Кененирээк билүү >>
КР БШК “Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер И.Масалиевдин  кол топтоо барактарын текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө” Кол топтоо барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу тобунун протоколун бекитти
05.09.2017

КР БШК “Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер И.Масалиевдин кол топтоо барактарын текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө” Кол топтоо барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу тобунун протоколун бекитти

2017-жылдын 4-сентябрындагы КР БШКнын жыйынында “Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер И.Масалиевдин кол топтоо барактарын текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө” Кол топтоо барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу тобунун протоколу бекитилди. Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер И. Масалиевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнөн шайлоочулардын 36 673 кол тамгалары түшкөн. 2017-жылдын 31-августунда  Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер И.Масалиевди колдогон  кол коюлган барактарды Жумушчу тобу тарабынан  текшерүүнүн  жүрүшүндө, шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук  комиссиясынын  алдындагы  көзөмөл-текшерүү тобунан (КРГ) маалымат  түшкөн. Анда Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер И.Масалиевдин шайлоо фондунан  бөлүнгөн чыгым  2017-жылдын 18-августунда  жүргүзүлгөн, талапкердин фондунан 2017-жылдын 18-августуна  чейин башка чыгым  болгон эмес. Текшерүүнүн  жыйынтыгы  боюнча Жумушчу топ  тарабынан  Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер И.Масалиевди колдоо  үчүн шайлоочулардын көпчүлүк  колу  2017-жылдын 18-августуна чейин топтолгону аныкталды. Текшерүүнүн жүрүшүндө, Жумушчу топ тарабынан КР БШКнын 2017-жылдын 17-июнундагы №165-токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлерди колдоого шайлоочулардын кол тамгаларын чогултуунун тартиби жана талапкерлер жана (же) алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тапшырган кол коюлган барактардын ишенимдүүлүгүн текшерүү жөнүндө” Нускаманын 3 абзацынын 57-пунктунун нормалары бузулган. Анда кол коюлуучу барактарды даярдоого талапкердин  шайлоо  фондусунан  каражатты бөлгөнгө  чейинки  күндө  чогултулган кол тамгалардын баары  ишенимсиз деп табылары айтылат. Кол топтоо барактарын кабыл алуу жана текшерүү жумушчу тобунун тыянагына ылайык, 30 470 кол тамга ишенимсиз жана жараксыз болуп чыккан. Кол топтоо барактарын кабыл алуу жана текшерүү жумушчу тобунун тыянагынын негизинде 6 203 кол тамга ишенимдүү деп табылган, бул Кыргыз Респрубликасынын мыйзамында бекитилген минималдуу чекке  жетпей калган. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК “Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер К.Исаевдин  кол топтоо барактарын текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө” Кол топтоо барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу тобунун протоколун бекитти
05.09.2017

КР БШК “Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер К.Исаевдин кол топтоо барактарын текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө” Кол топтоо барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу тобунун протоколун бекитти

2017-жылдын 4-сентябрындагы КР БШКнын жыйынында “Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер  К.Исаевдин кол топтоо барактарын текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө” Кол топтоо барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу тобунун протоколу бекитилди. Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер К.Исаевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнөн шайлоочулардын 37 621 кол тамгалары түшкөн. Текшерүүнүн жүрүшүндө, жумушчу топ тарабынан КР БШКнын 2017-жылдын 17-июнундагы №165-токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлерди колдоого шайлоочулардын кол тамгаларын чогултуунун тартиби жана талапкерлер жана (же) алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тапшырган кол коюлган барактардын ишенимдүүлүгүн текшерүү жөнүндө” Нускаманын төмөндөгү нормалары бузулган: -1- абзацтын  57-пункту «шайлоочунун кол тамгасын бирөө коюуп, башкасы толтурган»; -5- абзацтын  57-пункту «кол коюуу барагын шайлоочу өз колу менен толтурган эмес»; - 1-абзацтын  58-пункту «активдүү шайлоого укугу  жоктун колу коюлган». “Кол топтоо барактарын кабыл алуу жана текшерүү жумушчу тобунун тыянагына ылайык, 2080 кол тамга ишенимсиз жана жараксыз болуп чыккан, бул кабыл алынган колдордун санынан 10 400дү түздү. Кол топтоо барактарын кабыл алуу жана текшерүү жумушчу тобунун тыянагынын негизинде 27 231 кол тамга ишенимдүү деп табылган, бул Кыргыз Республикасынын мыйзамында бекитилген минималдуу чекке  жетпей калган. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катталды
05.09.2017

Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катталды

2017-жылдын 5-сентябрында КР БШКнын жыйынында Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына  өзүн өзү талапкер катары көрсөткөн  А. Абдылдаевди каттоо маселеси каралды. «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык  Мыйзамынын 53-беренесинин талабына ылайык, КР Президенти кызматына талапкер тарабынан төмөндөгү документтер тапшырылган: -Президенттик кызматка талапкер болууга макулдугу жөнүндө арызды тиркөө менен өзүн өзү көрсөтүү жөнүндө арызды же саясий партиянын талапкерди көрсөтүү жөнүндө чечиминин протоколун; -өмүр баян маалыматтарын көрсөтүү менен, талапкер жөнүндө маалыматтардын таризин; -паспорттун көчүрмөсүн; -иштеген же окуган жеринен маалымдаманы; -шайлоо күрөөсүн төккөнүн ырастоочу документти; -мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу сертификат. Талапкер А.Абдылдаев КР Борбордук шайлоо комиссиясына 51 286 кол тамгаларды тапшырды, Кол коюлган баракчаларды кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ 40 136 колдун аныктыгы тууралуу ырастама берген. КР БШКнын 2017-жылдын 5-сентябрындагы №413-токтомуна ылайык Арстанбек Абдылдаев   Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер болуп катталды. КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катталды
05.09.2017

Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катталды

2017-жылдын 5-сентябрында КР БШКнын жыйынында Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына  “Ата  Журт” мекенчил  саясий партиясы  тарабынан талапкер катары көрсөтүлгөн К.Ташиевди каттоо маселеси каралды. «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык  Мыйзамынын 53-беренесинин талабына ылайык, КР Президенти кызматына талапкер тарабынан төмөндөгү документтер тапшырылган: - Президенттик кызматка талапкер болууга макулдугу жөнүндө арызды тиркөө менен саясий партиянын талапкерди көрсөтүү жөнүндө чечиминин протоколун; - өмүр баян маалыматтарын көрсөтүү менен, талапкер жөнүндө маалыматтардын таризин; - паспорттун көчүрмөсүн; - иштеген же окуган жеринен маалымдаманы; - шайлоо күрөөсүн төккөнүн ырастоочу документти; - мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу сертификат. Талапкер К. Ташиев КР Борбордук шайлоо комиссиясына 44 223 кол тамгаларды тапшырды, Кол коюлган баракчаларды кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ 31 258 колдун аныктыгы тууралуу ырастама берген. КР БШКнын 2017-жылдын 5-сентябрындагы №408-токтомуна  ылайык Камчыбек Ташиев Кыргыз Республикасынын  Президенти  кызматына талапкер болуп катталды. КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
1 … 404 406 … 483

Акыркы жаңылыктар

26.09.2026 ЖМК жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо боюнча кайрылуу 25.09.2026 Шайлоо участокторунун чек аралары маселеси жөнүндө 25.09.2026 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоочуларга, талапкерлерге, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жана шайлоо процессинин катышуучуларына кайрылуусу! 25.09.2026 «Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону 2027-жылдын 27-январында эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду 25.09.2026 «Элдик Банк» жана «АБанк» КР Президентин шайлоого катышуучу талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн банк катары аныкталды 25.09.2026 КР БШКсы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча иш-чаралардын календардык планын бекитти