КР БШК Талас облусундагы Аманбаев айыл аймагындагы №6035, Шекер айыл аймагындагы №6024 жана  Көк-Сай айыл аймагындагы №6022 шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү боюнча токтом кабыл алды

20 сентября 2017

2017-жылдын 20-сентябрында КР  БШКнын жыйынында   Талас облусундагы Аманбаев айыл аймагындагы №6035, Шекер айыл аймагындагы №6024 жана  Көк-Сай айыл аймагындагы №6022 шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү боюнча токтом кабыл алынды.  

Ошентип, Талас облусунун Кара-Буура районунун Көк-Сай айыл айма-гындагы №6022 шайлоо участкасын Керимбай атындагы орто мектептин имаратынан Кайнар селосундагы клубдун имаратына көчүрүлдү.

Талас облусундагы Кара-Буура районундагы Шекер айыл аймагындагы №6024  шайлоо участкасы Дүйшөн атындагы орто мектептин имаратынан Арчагул селосундагы клубдун имаратына көчүрүлдү.

Талас облусундагы Кара-Буура районундагы Аманбаев айыл аймагындагы  № 6035 шайлоо участкасы  ФАПтын имаратынан  О.Тургунбаев атындагы орто мектептин имаратына көчүрүлдү.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү