КР БШК Нарын облусунун Таш-Дөбө айыл аймагындагы №4110 шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү боюнча токтом кабыл алды

15 сентября 2017

2017-жылдын 15-сентябрындагы КР БШКнын жыйынында Нарын облусунун Жумгал районунун Таш-Дөбө  айыл аймагындагы №4110 шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү боюнча токтом кабыл алынды.

Ошентип, Нарын облусунун Жумгал районунун Таш-Дөбө  айыл аймагындагы №4110 шайлоо участкасы Таш-Дөбө орто мектебинен Н.Бийсеев атындагы спорт залынын имаратына көчүрүлдү.

КР БШКнын аппаратынын  маалыматтык бөлүмү