Башкы Жаңылыктар Борбордук шайлоо комиссиясы Ө.Бабановдун ыйгарым укуктуу өкүлү Э. …

Борбордук шайлоо комиссиясы Ө.Бабановдун ыйгарым укуктуу өкүлү Э. Ирискулбековдун арызын канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө чечимин кабыл алды

04-Окт, 2017

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ө.Т. Бабановдун ыйгарым укуктуу өкүлү Э.Б. Ирискулбековдон (мындан ары-арыз ээси) 2017-жылдын 16-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ө.Т. Бабановдун (мындан ары-талапкер) шайлоо укуктарынын бузулушу жөнүндө арыз келип түштү.

Арыздануучу арызында 2017-жылдын 15-сентябрында Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Темир Жумакадыров журналисттерге: “Өмүрбек Бабанов премьер-министр болуп турганда “Коопсуз шаар” долбоорун жүзөгө ашырууга бардык мүмкүнчүлүгү бар эле. Ал аны демилгеледи, бирок акырына чыккан жок...” деп билдиргенин көрсөткөн.

Арыз ээси Т. Жумакадыров тарабынан жайылтылган “Коопсуз шаар” долбоорун жүзөгө ашырууга байланышкан окуяларды талкууланышы талапкердин абийирине жана ар-намысына, ишкер беделине шек келтирет, анткени чындыкка дал келбейт, атайын жалган болуп эсептелет жана анын ишкер беделине жана шайлоочулардын ага карата мамилесине таасир этиши мүмкүн деп эсептейт.

Ошондой эле арыз ээси Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Темир Жумакадыровдун Ө.Т. Бабановго карата зекүү менен анын “Коопсуз шаар” долбоорун жүзөгө ашырбагандыгы жөнүндө жогоруда чыгып сүйлөгөн сөзү анын иш жүзүндө Ө.Т. Бабановдун талапкерлигине каршы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү болуп саналат деп эсептейт.

 Демек, арыз ээси Т. Жумакадыров тарабынан “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын (мындан ары- конституциялык Мыйзам) 22-беренесинин 15-бөлүгүнүн талаптары бузулган жана Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2017-жылдын 11-сентябрындагы чечими четке кагылган деп эсептейт жана Борбордук шайлоо комиссиясынан өтүнөт:

 1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ө.Т. Бабановдун шайлоо укуктарынын,ошондой эле Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Темир Жумакадыров тарабынан Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2017-жылдын 11-сентябрындагы чечиминин бузулушу жөнүндө маселени кароону.

2.  Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Темир Жумакадыровду өзүнүн чыгып сүйлөгөн сөзүндөгү Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ө.Т. Бабановдун дарегине караштуу бөлүгүнө төгүндөө жарыялоого милдеттендирүүнү. 

3. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2017-жылдын 11-сентябрындагы чечиминин 2-пунктун жүзөгө ашырууга Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жарандардын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо укуктарын бузууга жол берилбестиги тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кайрылуу кабыл алууну.

Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт иштеринин эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөө боюнча жумушчу тобу (мындан ары-Жумушчу топ) жогоруда айтылган арызды карап чыкты.

Өз далилдерин негиздөөгө арыз ээси, чындыгында эле Ө.Т. Бабанов Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматын ээлеп турганда “Коопсуз шаар” долбоорун демилгелегенин көрсөткөн. Бирок Т. Жумакадыров, Ө. Т. Бабанов бул долбоорду ага көз каранды болбогон жагдайлардан улам жүзөгө ашыра албаганын, ал саясий интригалардан улам 2011-жылдын декабрынан 2012-жылдын августуна чейин ээлеген кызматынан кетүүгө аргасыз болгонун айтпай, коомчулукту адаштырганын көрсөткөн. Андан бери 5 жыл өттү, бирок бул мезгилде бир да Өкмөт, жадагалса, аны аяктамак тургай, аталган долбоорду жүзөгө ашырууга киришкен да эмес.

 Борбордук шайлоо комиссиясы арызды, «Информационное агентство 24.kg» интернет-сайтынын 2017-жылдын 15-сентябрындагы макаласын карап чыгып жана арыз ээсин угуп, төмөнкүлөрдү белгилейт:

Конституциялык Мыйзамдын 1-беренесинин 12 –абзацына ылайык, жарандардын шайлоо укугу бул Кыргыз Республикасынын жарандарынын мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоого жана шайланууга, анын ичинде талапкерлерди көрсөтүү, шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү, шайлоону өткөрүүгө байкоо жүргүзүү, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөнү жана шайлоонун натыйжаларын аныктоону кошуп алганда, шайлоо комиссияларынын ишине байкоо жүргүзүү, ошондой эле башка шайлоо аракеттерине катышуу укугу.

Өзүнүн арызында жана Жумушчу топтун жыйналышында арыз ээси Т. Жумакадыров тарабынан талапкердин кайсы шайлоо укугу бузулганын көрсөткөн эмес. 

Конституциялык Мыйзамдын 2-беренесине ылайык Кыргыз Республикасында шайлоо жашыруун добуш берүү менен, жалпыга тең жана тикелей шайлоо укугунун негизинде жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасында шайлоо республиканын жарандарынын өздөрүнүн шайлоо укуктарын эркин жана ыктыярдуу жүзөгө ашырууларына негизденет. Жарандарды шайлоого катышууга же катышпоого мажбурлоо максатында, ошондой эле өз эркин аң-сезимдүү билдирүүлөрүндө аларга таасир тийгизүүгө эч кимдин укугу жок.

Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 1-августундагы № 185 Мыйзамы менен ратификацияланган 2002-жылдын 7-октябрындагы КМШ катышуучу-мамлекеттердеги демократиялык шайлоолордун, шайлоо укуктарынын жана эркиндиктеринин стандарты жөнүндө Конвенциянын 8-беренесинин 2–пунктуна ылайык, жарандын шайлоого катышуусу эркин жана ыктыярдуу болуп эсептелет. Аны эч ким кайсы бир талапкерге (талапкерлерге), кайсы бир талапкерлердин тизмесине“макул” же “каршы” добуш бергенге мажбурлай албайт, эч ким ага шайлоого катышууга же катышпоого, ошондой эле анын эркин билдирүүсүнө мажбурлоо максаты менен таасир эте албайт. Бир да шайлоочу ким тарабынан болбосун, ал талапкерге (талапкерлерге), талапкерлердин тизмесине кандай добуш бере тургандыгы же кандай добуш бергендигин жарыялоого мажбурланууга тийиш эмес.

Демек, “эркин аң-сезимдүү билдирүү” түшүнүгү өзүнө купуя добуш берүү, б.а. шайлоочулардын эркин билдирүүсүнө көзөмөлдүн жоктугу жана эркин билдирүү процессинде мажбурлоо жок экендиги сыяктуу түзүмдөрдү камтыйт.

 Жогоруда айтылгандарды көңүлгө алып, Борбордук шайлоо комиссиясы Т.Жумакадыровдун билдирүүсүн жарандардын эркин аң-сезимдүү билдирүүсүнө таасир этүүчү форма деп эсептей албайт, демек, аталган билдирүү Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2017-жылдын 11-сентябрындагы чечиминин бузулушу боло албайт.

Конституциялык Мыйзамдын 1-беренесинин 22–абзацына ылайык, шайлоо алдындагы үгүт болуп Кыргыз Республикасынын жарандарынын, талапкерлердин, шайлоо өнөктүгүнүн мезгилинде маалыматтарды даярдоо жана таратуу боюнча талапкерлердин, саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана ишенимдүү адамдарынын шайлоочуларды тигил же бул талапкерлер (талапкерлердин тизмелери) үчүн же аларга каршы добуш берүүгө түрткөн, же түртүү максаты бар же иштери таанылат.

Арыз берүүгө негиз болгон Т.Жумакадыровдун басма-сөз жыйынында жасаган билдирүүсү шайлоо өнөктүгү мезгилинде маалыматты даярдоо жана таратуу боюнча ишмердүүлүк болуп эсептелбейт жана Конституциялык Мыйзамдын 22-беренесинин 10 –бөлүгүндө көрсөтүлгөн шайлоо алдындагы үгүттөөнүн бир да белгисин камтыбайт.

Мындан тышкары, өзүнүн билдирүүсүндө Т. Жумакадыров аракеттер кийинчерек да болгонун, бирок долбоорду эч ким жүзөгө ашыра албаганын белгилеген.

Арыз ээсинин Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Темир Жумакадыровду өзүнүн чыгып сүйлөгөн сөзүндөгү Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ө.Т. Бабановдун дарегине караштуу бөлүгүнө төгүндөө жарыялоого милдеттендирүүгө карата Борбордук шайлоо комиссиясы төмөнкүлөрдү белгилейт.

Конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 5–бөлүгүнө ылайык, талапкердин талабы боюнча төгүндөө жарыялоого же чындыкка ылайык келбеген же аны бурмалаган макалага же билдирүүлөргө төгүндөө же түшүндүрмө жарыялоого милдети мындай жарыялоолорго жол берген жалпыга маалымдоо каражаттарына жүктөлгөн.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын 43-беренесин,“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 07-июлундагы №212 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүү учурунда шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин (катышуучуларынын) арыздарын (даттанууларын) шайлоо комиссиялары тарабынан кароо тартиби жөнүндө» Жобонун 1.6. пунктун, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү процессинде шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыз даттанууларын кароо боюнча Жумушчу тобунун жана Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт иштеринин эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөө боюнча жумушчу тобунун 2017-жылдын 3–октябрындагы биргелешкен чечимин жетекчиликке алып, Ө.Т. Бабановдун ыйгарым укуктуу өкүлү Э.Б. Ирискулбековдун Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ө.Т. Бабановдун шайлоо укуктарынын бузулушу жөнүндө арызын канааттандыруудан баш тартты.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү

 

 

 

 

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШКнын 2026-жылдын 9-октябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
08-Окт, 2026

КР БШКнын 2026-жылдын 9-октябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүлүүчү жери:  Бишкек ш., Пушкин көчөсү, 503-кабат, жыйындар залы          Өткөрүү убактысы:  Саат 11:00                                                                        1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитүү тууралуу ‎” токтом долбоору жөнүндөБаяндамачы: Жупуева А. С. - шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы 2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтом долбоору жөнүндө                                                            Баяндамачы: Жупуева А. С. - шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы  3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтом долбоору жөнүндө                                                            Баяндамачы: Жупуева А. С. - шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы 4. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Айрым аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтом долбоору жөнүндө                                           Баяндамачы: Жупуева А. С. - шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы           5. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Жайыл, Сокулук, Өзгөн, Ноокат, Сузак, Чаткал жана Айтматов аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды шайлаган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү тууралуу” токтом долбоору жөнүндө                 Баяндамачы: Манасбеков Р. М. - шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу                            
Кененирээк билүү >>
Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды
07-Окт, 2026

Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды

Бүгүн, 7-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын (Civic Trainers Lab) жыйынтыктоочу жолугушуусу өттү. Долбоордун уюштуруучулары - КР БШКнын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси, ошондой эле «Жаштарды өнүктүрүү институту» коомдук бирикмесинин колдоосу менен өткөрүлдү. Иш-чарага өлкөнүн жети аймагынан келген программанын эки агымынын бүтүрүүчүлөрү - жаш тренерлер катышты.Катышуучуларга КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР БШКнын ЖБББнын директору Анара Бейшембаева, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин өкүлү жана ЖӨИнин директору Элизар Тилебалды уулу куттуктоо сөздөрү менен кайрылышты.Жаш тренерлерди даярдоо программасынын негизги окуялары жана жыйынтыктары, окутуу раунддарынын жана практикалык фазанын жыйынтыктарын, анын ичинде камтылган географияны, өткөрүлгөн каскаддык тренингдердин саны менен ЖӨИнин өкүлү Адельфия Аманкулова тааныштырды.КР БШКнын Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар башкармалыгынын башчысы Аскар Акимбаевдин шайлоо процессиндеги заманбап санариптик инструменттерге арналган, ошондой эле КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү Бакай Кожомкул уулунун катышуучуларды мамлекеттик жаштар саясатынын багыттары жана аймактардагы жаштардын жарандык катышуу механизмдери менен тааныштырган конок лекциялары өттү.«Окутуудан практикага: эмне реалдуу иштеп кетти?» аттуу интерактивдүү сессияда катышуучулар аймактык кейстерди сунуштап, натыйжалуу усулдарды, тоскоолдуктарды талкуулашты жана биргелешкен «Жарандык тренерлер лабораториясынын тажрыйба картасын» түзүштү.Катышуучулар жана уюштуруучулар жаш тренерлердин КР БШК алдындагы ЖБББ жана мамлекеттик түзүмдөр менен кызматташуу форматтарын талкуулашты.
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү
07-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү

Үстүбүздөгү жылдын 6-7-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Миргүл Темирбаева Баткен облусунун Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунда жана Ош облусунун Ноокат районунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жыйындарды өткөрүштү.Жыйындардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүүнүн алкагында шайлоочулардын өз шайлоо укуктарын ишке ашыруусу үчүн тиешелүү шарттарды түзүү, ошондой эле шайлоону өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктарын жана эркиндиктерин сактоо боюнча маселелер талкууланды.БШК төрагасынын орун басары шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, шайлоо технологияларынын жаңыланышы, аралыктан добуш берүүнүн артыкчылыктары, автоматташтырылган маалыматтык тутумдар жана талапкерлерди колдоонун өзгөчөлүктөрү боюнча кеңири маалымат берди.Р. Жакышов шайлоону уюштуруу жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн ролуна токтолду.“Сиздердин милдетиңиздер – шайлоону уюштурууда анын калыс жана ачык өтүшү үчүн шарт түзүүгө көмөктөшүү. Ошол эле учурда процесске аралашпай, бардык процедуралардын мыйзамга ылайык өтүп жатканына көз салуу керек. Шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын жана шайлоо комиссияларынын уюштуруу-техникалык маселелерди чечүү боюнча ишине жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көмөк көрсөтүүсү зарыл”, – деп белгиледи Р. Жакышов.Мындан тышкары, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн мыйзам бузуулардын алдын алуу, кысым көрсөтүү же кийлигишүү аракеттерине өз убагында чара көрүү жана процесстин бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды түзүүгө чакырды.Жыйындарга облус жана шаар бийлигинин өкүлдөрү, акимдер, райондук уюмдар менен мекемелердин жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештердин төрагалары жана депутаттары, айыл башчылары, ошондой эле билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышты. 
Кененирээк билүү >>
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>