Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

Участкалык шайлоо комиссияларында техникалык жабдууларды тестирлөө башталды
02.10.2017

Участкалык шайлоо комиссияларында техникалык жабдууларды тестирлөө башталды

Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону уюштурууну жана өткөрүүнүн алкагында участкалык шайлоо комиссияларында техникалык жабдууларды тестирлөө башталды. Кыргыз Республикасынын аймагында 2 375 участкалык шайлоо комиссиялары иштеп жатат. Республикадан тышкары жерлердеги элчиликтерде, консулдуктарда 37 участкалык шайлоо комиссиялары ачылды. Ал эми Бишкек шаарында кошумча 33 участкалык шайлоо комиссиясы уюштурулган. УШКлардын инфраструктуралары жакшырды: электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз болууда, интернетке туташтырылган, автоматтык саноо урнасы жеткирилген. Ошондой эле участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү КР БШК менен тыкыс байланышта болуу жана оперативдүү иштери үчүн планшеттер менен камсыз болгон. Ошондой эле участкалык шайлоо комиссияларында коопсуздукту камсыз кылуу максатында укук коргоо органдарынын кызматкерлери тартылды. Добуш берүү күнү автоматтык саноо (АСУ) техникасынин үзгүлтүксүз иштешине техникалык жактан  колдоо көрсөтүү үчүн 500 техникалык адис  окутулган.  Ошондой эле 2017-жылдын 3-4-октябрында, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүүгө карата Календарлык планга ылайык даярдалган шайлоо бюллетендерин аймактык шайлоо комиссияларына жөнөтүү жол жобосу өткөрүлөт. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо 2017-жылдын 15-октябрында өтөт. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК  К.Чороевдин шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө чечим кабыл алды
02.10.2017

КР БШК К.Чороевдин шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө чечим кабыл алды

Бүгүн, 2017-жылдын 2-октябрындагы КР БШК жыйынында К.Чороевдин шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө чечим кабыл алынды. 2017-жылдын 9-июлунда Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумду өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына өзүн өзү көрсөткөн Кыргыз Республикасынын жараны К.Чороевден арыз келип түшкөн. 2017-жылдын 25-августунда Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер К.Чороев КР БШКга анын талапкерлигин колдогон шайлоочулардын 40 224 кол тамгасын тапшырган. Кол коюлган барактарды кабыл алуу жана текшерүү жумушчу тобунун “Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер К.Чороевдин кол коюлган барактарынын текшерүүнүн жыйынтыктары жөнүндө” 2017-жылдын 4-сентябрдагы №67 Протоколу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен бекитилген. Кол коюлган барактарды текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер К.Чороевди колдогон шайлоочулардын 40 224 колунун ичинен 22 235 кол тамгасы ишенимдүү эмес, 17 989 кол тамга анык деп табылды. Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары каттоодон баш тартууга чейин К.Чороевдин шайлоо фондусунун каражаттарынан 1 млн. сом өлчөмүндөгү каражат Борбордук шайлоо комиссиясынын депозиттик эсебине шайлоо күрөөсү катарында которулган. КР “Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамында көрсөтүлгөн талаптарды аткарбагандыгына байланыштуу, 2017-жылдын 8-сентябрындагы КР БШКнын №425-Токтому менен К. Чороевду Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары каттоодон баш тартылды. К.Чороевдин 1 млн. сом өлчөмүндө шайлоо күрөөсү Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиянын депозиттик эсебинен кайтарылып берилет. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
КР БШК Турсунбек Акундун шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө чечим кабыл алды
02.10.2017

КР БШК Турсунбек Акундун шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө чечим кабыл алды

Бүгүн, 2017-жылдын 2-октябрындагы КР БШК жыйынында Турсунбек Акундун шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө чечим кабыл алынды. 2017-жылдын 31-июлунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумду өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына “Адам укугу” саясий партиясынын Кыргыз Республикасынын жараны, Турсунбек Акунду Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары көрсөтүү чечими келип түшкөн. 2017-жылдын 25-августунда Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Турсунбек Акун КР БШКга өзүнүн талапкерлигин колдогон шайлоочулардын 35 462 кол тамгасын тапшырган. Кол коюлган барактарды кабыл алуу жана текшерүү жумушчу тобунун “Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Турсунбек Акундун кол коюлган барактарынын текшерүүнүн жыйынтыктары жөнүндө” 2017-жылдын 4-сентябрдагы №65 Протоколу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен бекитилген. Кол коюлган барактарды текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Турсунбек Акунду колдогон шайлоочулардын 35 462 колунун ичинен 20 930 кол тамгасы ишенимдүү эмес, 14 532 кол тамга анык деп табылды. Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары каттоодон баш тартууга чейин Турсунбек Акундун шайлоо фондусунун каражаттарынан 650 000 (алты жүз элүү миң) сом өлчөмүндөгү каражат Борбордук шайлоо комиссиясынын депозиттик эсебине шайлоо күрөөсү катарында которулган. КР “Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында көрсөтүлгөн талаптарды аткарбагандыгына байланыштуу, 2017-жылдын 9-сентябрындагы КР БШКнын №427-Токтому менен Турсунбек Акунду Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары каттоодон баш тартылды. Ушул чечим менен Турсунбек Акундун 650 000 (алты жүз элүү миң) сом шайлоо күрөөсү Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиянын депозиттик эсебинен кайтарылып берилет. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК  И.Масалиевдин шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө чечим кабыл алды
02.10.2017

КР БШК И.Масалиевдин шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө чечим кабыл алды

Бүгүн, 2017-жылдын 2-октябрындагы КР БШК жыйынында И.Масалиевдин шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө чечим кабыл алынды. 2017-жылдын 24-июлунда Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумду өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына “Кыргызстан Коммунисттер партиясынын” И.Масалиевди Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары көрсөткөн чечими түшкөн. 2017-жылдын 25-августунда Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер И.Масалиев КР БШКга анын талапкерлигин колдогон шайлоочулардын 36 673 кол тамгасын тапшырган. Кол коюлган барактарды кабыл алуу жана текшерүү жумушчу тобунун “Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер И.Масалиевдин кол коюлган барактарынын текшерүүнүн жыйынтыктары жөнүндө” 2017-жылдын 4-сентябрдагы №72 Протоколу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен бекитилген. Кол коюлган барактарды текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер И.Масалиевди колдогон шайлоочулардын 36 673 колунун ичинен 30 470 кол тамгасы ишенимдүү эмес, 6 203 кол тамга анык деп табылды. Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары каттоодон баш тартууга чейин И.Масалиевдин шайлоо фондусунун каражаттарынан 1 млн. сом өлчөмүндөгү каражат Борбордук шайлоо комиссиясынын депозиттик эсебине шайлоо күрөөсү катарында которулган. “Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамында көрсөтүлгөн талаптарды аткарбагандыгына байланыштуу, 2017-жылдын 9-сентябрындагы КР БШКнын №429 Токтому менен И.Масалиевди Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары каттоодон баш тартылды. И.Масалиевдин 1 млн. сом шайлоо күрөөсү Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиянын депозиттик эсебинен кайтарылып берилет. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
КР БШК К.Исаевдин шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө чечим кабыл алды
02.10.2017

КР БШК К.Исаевдин шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө чечим кабыл алды

Бүгүн, 2017-жылдын 2-октябрындагы КР БШК жыйынында К.Исаевдин шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө чечим кабыл алынды. 2017-жылдын 31-июлунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумду өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына “Кыргызстан” саясий партиясынын К.Исаевди Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары каттоо тууралуу чечими келип түшкөн. 2017-жылдын 25-августунда Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер К.Исаев КР БШКга өзүнүн талапкерлигин колдогон шайлоочулардын 37 621 кол тамгасын тапшырган. Кол коюлган барактарды кабыл алуу жана текшерүү жумушчу тобунун “Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер К.Исаевдин кол коюлган барактарынын текшерүүнүн жыйынтыктары жөнүндө” 2017-жылдын 4-сентябрдагы №73 Протоколу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен бекитилген. Кол коюлган барактарды текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер К.Исаевди колдогон шайлоочулардын 37 621 колунун ичинен 10 400 кол тамгасы ишенимдүү эмес, 27 221 кол тамга анык деп табылды. Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары каттоодон баш тартууга чейин К.Исаведин шайлоо фондусунун каражаттарынан 1 млн. сом өлчөмүндөгү каражат Борбордук шайлоо комиссиясынын депозиттик эсебине шайлоо күрөөсү катарында которулган. КР “Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында көрсөтүлгөн талаптарды аткарбагандыгына байланыштуу, 2017-жылдын 9-сентябрындагы КР БШКнын №428 Токтому менен К.Исаевди Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары каттоодон баш тартылды. К.Исаевдин 1 млн. сом шайлоо күрөөсү Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиянын депозиттик эсебинен кайтарылып берилет. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК А.Келдибековдун шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө чечим кабыл алды
02.10.2017

КР БШК А.Келдибековдун шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө чечим кабыл алды

Бүгүн, 2017-жылдын  2-октябрындагы КР БШК жыйынында А.Келдибековдун шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө чечим кабыл алынды.  2017-жылдын 21-июлунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын жараны А.Келдибековдон Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына  өзүн өзү талапкер катары көрсөтүү тууралуу арызы келип түшкөн. Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары каттоодон баш тартууга чейин А.Келдибековдун шайлоо фондусунун каражаттарынан 1 млн. сом өлчөмүндөгү каражат Борбордук шайлоо комиссиясынын депозиттик эсебине шайлоо күрөөсү катарында  которулган. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамда көрсөтүлгөң пассивдүү шайлоо укугунун жоктугунан, Борбордук шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 4-сентябрдагы №405 токтому менен К.Келдибековду Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына каттоодон баш тартылган. А.Келдибековдун  1 млн. сом шайлоо  күрөөсү Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиянын депозиттик эсебинен кайтарылып берилет. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы №1031, №1047 жана №1036 шайлоо участкаларынын схемасы жана чек аралары өзгөртүлдү
02.10.2017

Бишкек шаарындагы №1031, №1047 жана №1036 шайлоо участкаларынын схемасы жана чек аралары өзгөртүлдү

2017-жылдын 2-октябрында КР БШК жыйынында 2017-жылдын 15-октябрында өтүүчү Кыргыз Республикасынын  Президентин шайлоого карата Бишкек шаарындагы №1031, №1047 жана №1036 шайлоо участкаларынын схемасын жана чек араларын өзгөртүү жөнүндө токтом кабыл алынды.  Ошентип: - Космическая көчөсүндөгү №160 турак жай  №1031-шайлоо участкасынын чек арасына киргизилди; -Мир проспектисиндеги №29 турак жай №1047 шайлоо участкасынын чек арасына киргизилди; - “Жал, 30” кичи районундагы  №43 турак жай  №1036 шайлоо участкасынын чек арасына киргизилди. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондунун акча каражаттары жөнүндө маалыматы
02.10.2017

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондунун акча каражаттары жөнүндө маалыматы

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондусунан акча каражаттарынын жүгүртүлүшү жөнүндө 2017-жылдын 2-октябрына карата маалыматы № Талапкерлер Түштү Чыгымдалды Калдыгы 1 Абдылдаев А.Б. 2 225 000 2 217 200 7 800 2 Торобаев Б.Э. 47 230 000 13 080 447 34 149 553 3 Малиев А.К. 7 206 800 6 916 304 290 496 4 Зарлыков Э.З. 2 177 970 2 158 028 19 942 5 Сариев Т.А. 37 001 000 35 002 787 1 998 213 6 Масадыков Т.Ш. 4 796 150 4 108 883 687 267 7 Бабанов Ө.Т. 175 589 866 170 926 356 4 663 510 8 Мадумаров А.К. 1 314 388 1 308 914 5 474 9 Жээнбеков С.Ш. 85 400 000 74 885 813 10 514 187 10 Кочкоров У.Т. 3 256 465 3 176 081 80 384 11 Бекназаров А.А. 2 426 600 2 133 522 293 078 12 Уметалиева Т.Д. 2 035 915 1 992 095 43 820
Кененирээк билүү >>
Ысык-Көл облусунун  Кудургу айыл аймагындагы №3055 шайлоо участкасынын  жана Түп айыл аймагындагы  №3062 шайлоо участкасынын дареги өзгөртүлдү
02.10.2017

Ысык-Көл облусунун Кудургу айыл аймагындагы №3055 шайлоо участкасынын жана Түп айыл аймагындагы №3062 шайлоо участкасынын дареги өзгөртүлдү

2017-жылдын 2-октябрдагы КР БШК жыйынында  Ысык-Көл обулсунун Кудургу айыл аймагындагы №3055 шайлоо участкасынын жана  Ысык-Көл облусунун Түп айыл аймагындагы №3062 шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү жөнүндө токтом кабыл алынды. Ысык-Көл облусунун Түп районунун  Кудургу айыл аймагындагы №3055 шайлоо участкасы Ой-Булак айылындагы клубдун имаратынан Ой-Булак айылындагы орто мектептин имаратына көчүрүлдү.   Ысык-Көл облусундагы Түп районундагы Түп айыл аймагындагы №3062 шайлоо участкасы Шаты айылындагы клубдун имаратынан Д.Молдогазиев атындагы орто мектептин имаратына көчүрүлдү.  КР БШК аппаратынын  маалыматтык кызматы
Кененирээк билүү >>
КР БШК Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Т.Уметалиеванын ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
02.10.2017

КР БШК Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Т.Уметалиеванын ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады

2017-жылдын 2-октябрындагы КР БШКнын жыйынында  Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Т.Уметалиеванын ыйгарым укуктуу өкүлүн  каттоо тууралуу токтом кабыл алынды.  Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Т.Уметалиеванын шайлоо боюнча  ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Бердикеев Эркин Токтоназарович катталды. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Ысык-Көл облусунун АШКларын жана УШКлардын көрүп чыкты
30.09.2017

КР БШК төрагасы Ысык-Көл облусунун АШКларын жана УШКлардын көрүп чыкты

Бүгүн, 2017-жылдын 30-сентябрында, КР БШКнын төрагасы Н.Шайлдабекова Ысык-Көл облусунун аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын активи менен жолугушту. Иш сапардын алкагында Н.Шайлдабекова Ысык-Көл, Түп, Каракол, Жети-Өгүз жана Тон АШКларын жана УШКларын көрүп чыкты. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы жыйындын катышуучуларына шайлоочуларды маалымдоо максатында жүрүп жаткан иш-чаралар жана шайлоо процессинин негизги этаптарынын жыйынтыгы тууралуу маалымат берди. Ошондой эле шайлоону камсыздоо боюнча уюштуруу-техникалык, шайлоочулардын тизмесин тактоо, участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө автоматтык саноо түзмөктөрүн (АСУ) үйрөтүү, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын биргелешкен аракеттери жөнүндө маселелер талкууланды. Жолугушуунун катышуучуларына кайрылуусунда, Н.Шайлдабекова келе жаткан шайлоодо АШК жана УШКнын бардык кызматкерлери менен адистери аракеттеги мыйзамдын бардык нормалары менен талаптарын аткарууну камсыз кылып, ошондой эле шайлоо процессинин бардык катышуучуларына бирдей мүмкүнчүлүк түзүү керек экендигин билдирди. Ошондой эле Борборшайлоокомдун төрагасы ден соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочуларга камкор мамиле жасоо менен бирге шайлоо укуктарын сактоону камыз кылуу керек экендигин баса белгилеп, ар бир жаран социалдык акцияга катышып кошунасынын активдүү шайлоо укуктарын ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө катыша ала турган “Кошунаңды ээрчите кел” аттуу акция тууралуу баяндап берди. КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы иш сапар менен Нарын облусуна келди
29.09.2017

КР БШК төрагасы иш сапар менен Нарын облусуна келди

Бүгүн, 2017-жылдын 29-сентябрында, КР БШКнын төрагасы Н.Шайлдабекова Нарын облусунун аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын активи менен жолугушту. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы жыйындын катышуучуларына шайлоочуларды маалымдоо максатында жүрүп жаткан иш-чаралар жана шайлоо процессинин негизги этаптарынын жыйынтыгы тууралуу маалымат берди. Ошондой эле шайлоону камсыздоо боюнча уюштуруу-техникалык, шайлоочулардын тизмесин тактоо, участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө автоматтык саноо түзмөктөрүн (АСУ) үйрөтүү, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын биргелешкен аракеттери жөнүндө маселелер талкууланды. Ат-Башы районундагы жолугушуу учурунда, Н.Шайлдабекова келе жаткан шайлоодо АШК жана УШКнын бардык кызматкерлери менен адистери аракеттеги мыйзамдын бардык нормалары менен талаптарын аткарууну камсыз кылып, ошондой эле шайлоо процессинин бардык катышуучуларына бирдей мүмкүнчүлүк түзүү керек экендигин билдирди. Ошондой эле Борборшайлоокомдун төрагасы ден соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочуларга камкор мамиле жасоо менен бирге шайлоо укуктарын сактоону камыз кылуу керек экендигин баса белгилеп, ар бир жаран социалдык акцияга катышып кошунасынын активдүү шайлоо укуктарын ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө катыша ала турган “Кошунаңды ээрчите кел” аттуу акция тууралуу баяндап берди. Мындан ары КР БШКнын төрагасы Ысык-Көл облусунун АШК жана УШКларына сапар алмакчы. КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК талапкерлерди  шайлоо алдындагы үгүт   учурунда чет элдик лидерлер менен  жолугушууну  пайдаланбоону эскертет
29.09.2017

БШК талапкерлерди  шайлоо алдындагы үгүт   учурунда чет элдик лидерлер менен  жолугушууну  пайдаланбоону эскертет

2017-жылдын 28-сентябрында КР БШК жыйынында Кыргыз Республикасынын  Президенти кызматына талапкер  Ө.Бабановдун  чет элдик лидер менен жолуккан фактысы боюнча жаран Турсунбек Акундун арызы каралды. Арыз берүүчүнүн ою боюнча аталган жолугушуу, анын жүрүшүндө көтөрүлгөн маселелер Кыргыз Республикасынын  “Кыргыз Республикасынын Президентин  жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык  Мыйзамынын нормаларын бузгандык болуп саналат.  Конституциялык Мыйзамдын 22-беренесинин 15-бөлүмүнө ылайык  “чет өлкөлүк  жарандар жана уюмдар үгүт жүргүзүүгө укугу жок”, ошондой эле  28-берененин 2-бөлүмүндө “үгүт иштерин жүргүзүүдө  башка мамлекеттердин мамлекеттик жана саясий ишмерлеринин фото- жана көрмө материалдарын пайдаланууга тыюу салынат” деп айтылат.   Арыз берүүчү  жолугушуу Ө.Бабановдун демилгеси  менен өткөнүн, талапкер шайлоо алдындагы үгүт иштери  учурунда  чет элдик лидер менен  жолугушуусун  өзүнүн талапкерлигин колдоо максатында болгонун билдирет. Ошондой эле  ал Ө.Бабанов аталган жолугушууну үгүт ишине активдүү колдонуп жатканын көрсөттү. Сокулук селосундагы шайлоочулар менен жолугушуу учурунда ал коңшу мамлекеттин Президенти менен жолугушканын жана ал аны колдой турганын билдиргендигин айтат. Талкуунун жүрүшүндө талапкер Ө.Бабанов чет элдик лидер менен жолугушуусунан тартылганды өзүнүн үгүт материалында түзмө түз колдонгон эмес, ошондуктан мыйзам бузуу болгон эмес деген пикирлер айтылды.  Бирок, БШКнын башка мүчөлөрү  мындай  жолугушуулар жөнүндө маалыматтар фотолору менен чогуу Кыргызстандын маалымат мейкиндигине кеңири тарап жаткандыгы, талапкер үгүт материалдарында  алардын фотосун түзмө түз колдонууга мыйзамда тыюу салынгандан да кеңири таратылып жаткандыгы, талапкерге да белгилүү жана түшүнүктүү деп эсептешет.   Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлер  шайлоо алдындагы үгүт ишинде ушундай формадагы жана мүнөздөгү чет элдик мамлекеттердин башчыларын үгүт иштерине  колдонуу мыйзамсыз жана кабыл алынгыс деп эсептеп, талапкерлерди  шайлоо алындагы  үгүттө  ушундай формадагы үгүт жүргүзүүдөн  этият болууларын  эскертет. Ошол эле учурда, арыз берүүчү мыйзамда каралган арыз берүү мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу, ошондой эле арыздарды кароодо бардык формага  бирдей мамиле жасоо максатында  БШК төмөндөгүдөй чечим кабыл алды: 1. Кыргыз Республикасынын жараны Турсунбек Акундун  арызын кантааттандыруудан баш тартылсын. 2.Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына  катталган талапкерлерге өздөрүнүн шайлоо алдындагы үгүт иштеринде чет өлкөлөрдүн мамлекеттик жана коомдук ишмерлерин пайдаланууга жол берилбестиги, эгерде андай болгон учурда жазуу жүзүндө эскертүү берилип, жана талапкерлердин каттоосу    жокко чыгарылаарын эскертет. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
-
28.09.2017

-

-
Кененирээк билүү >>
КР БШК “Демократия үчүн жана жарандык коом Коалициясынын” арызын канааттандыруудан баш тартты
28.09.2017

КР БШК “Демократия үчүн жана жарандык коом Коалициясынын” арызын канааттандыруудан баш тартты

2017-жылдын 24-сентябрында  “Демократия үчүн жана жарандык коом Коалиция” Коомдук Бирикмеси  Борбордук шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылган (мындан ары-Арыздануучу).  Арыздануучу өзүнүн арызында 20-сентябрда “Азаттык” радосунун интернет-басылмасындагы: “Кара-Суу: Жээнбековдун штабынын айынан талаш-тартыш” деген макалада Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл башкармалыгында №65-орто мектебинин имаратында Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер С.Жээнбековдун шайлоо штабы, ушул эле имаратта №5237 УШК, ошондой эле милициянын таяныч пункту жайгашканын билдирет.    Арыздануучу өзүнүн талаптарында Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер С.Жээнбековдун шайлоо штабынын №5237 УШК орун алган бир имаратта жайгашканынын мыйзамдуулугун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер С.Жээнбековдун пайдасына шайлоо алындагы мыйзамсыз үгүт жүргүзүү маселесин кароону суранат.  КР БШК материалдарды изилдеп чыгып, төмөнкүлөрдү билдирет. Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясы катта көрсөтүлгөн фактылар боюнча Кара-Суу районунун прокуратурасы жана Кара-Суу райондук аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү менен текшерүү жүргүзгөн. Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган имаратта почто бөлүмү, участкалык инспектордун кабинети жана Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин депутаттарынын коомдук кабыл алуусу жайгашканы такталды. Ошондой эле катта көрсөтүлгөн, Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер С.Жээнбековдун шайлоо штабы участкалык шайлоо комиссиясы менен бир имаратта жайгашкан деген факт аныкталган жок.  Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын 43-беренесинин 4-бөлүгүнүн 5-абзацына ылайык Мамлекеттик жана башка органдардын, алардын кызмат адамдарынын, шайлоо процессинин башка катышуучуларынын чечимдерине жана (же) аракеттерине (аракетсиздигине) арыздар (даттануулар) менен шайлоочулар, талапкерлер, саясий партиялар коммерциялык эмес уюмдар, алардын өкулдөрү жана байкоочуларкайрылда алышат. Арыздар (даттануулдар) жүйөөлүү болуп, алрга негиздеоген далилдер менен бирге берилүүгө тийиш. Ушуларды эске алып, арызда көрсөтүлгөн фактылардын далилдеринин жоктугуна байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясы арызды канааттандыруудан баш тартуу чечимин кабыл алды.  КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК  “Жогору турган шайлоо комиссиясына  шайлоо документтерин жеткирип берүү учурунда кабыл алуу жана өткөрүп берүү учурунда, уруксат берилбеген аракеттен коргоону камсыз кылуунун тартиби жөнүндө” Жобону бекитти
28.09.2017

КР БШК  “Жогору турган шайлоо комиссиясына  шайлоо документтерин жеткирип берүү учурунда кабыл алуу жана өткөрүп берүү учурунда, уруксат берилбеген аракеттен коргоону камсыз кылуунун тартиби жөнүндө” Жобону бекитти

2017-жылдын 28-сентябрындагы КР БШКнын жыйынында “Жогору турган шайлоо комиссиясына  шайлоо документтерин жеткирип берүү учурунда кабыл алуу жана өткөрүп берүү, уруксат берилбеген аракеттен коргоону камсыз кылуунун тартиби жөнүндө” Жобо бекитилди. Жобо “Жогору турган шайлоо комиссиясына  шайлоо документтерин жеткирип берүү учурунда кабыл алуу жана өткөрүп берүү, уруксат берилбеген аракеттен коргоону камсыз кылууда баштыктарды, мүшөктөрдү, кагаз кутучаларды жана атайын сейф-баштыктарды пайдаланууда  коргоону камсыз кылуу белгиленет. Ошондой эле ушул Жобо менен шайлоо документтеринин  коопсуздугун  жана сакталышын камсыз кылуу, анын ичинде шайлоо бюллетендерин сактоо  шайлоо комиссиясына жүктөлөт.  Коопсуздук аракеттерди  камсыз кылуу  укук коргоо органдарына жүктөлөт (ички иштер органы).   “Жогору турган шайлоо комиссиясына  шайлоо документтерин жеткирип берүү учурунда кабыл алуу жана өткөрүп берүү, уруксат берилбеген аракеттен коргоону камсыз кылуунун тартиби жөнүндө” “Жобону бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын   2011-жылдын 17-августундагы №151 токтому күчүн жоготту деп табылды. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
1 … 398 400 … 483

Акыркы жаңылыктар

26.09.2026 ЖМК жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо боюнча кайрылуу 25.09.2026 Шайлоо участокторунун чек аралары маселеси жөнүндө 25.09.2026 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоочуларга, талапкерлерге, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жана шайлоо процессинин катышуучуларына кайрылуусу! 25.09.2026 «Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону 2027-жылдын 27-январында эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду 25.09.2026 «Элдик Банк» жана «АБанк» КР Президентин шайлоого катышуучу талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн банк катары аныкталды 25.09.2026 КР БШКсы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча иш-чаралардын календардык планын бекитти