Башкы Жаңылыктар 2018-жылдын 28-январына дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого шайлоочулардын …

2018-жылдын 28-январына дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого шайлоочулардын тизмесин тактоо иштери улантылууда

05-Янв, 2018

2018-жылдын 28-январына дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого шайлоочулардын тизмесин тактоо иштери улантылууда.

Жарандардын шайлоочулардын тизмесинен өзүлөрү тууралуу маалыматтарды тактап алуу мүмкүнчүлүктөрү бар:

- 2018-жылдын 13-январына чейин – кезектеги шайлоо өтө турган Чүй облусунун Кемин районунун Жаңы-Алыш, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айылдык кеңештериндеги 2 жергиликтүү жамааттын тургундары

- 2018-жылдын 17-январына чейин – мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтө турган Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Таш-Көмүр шаардык, Кара-Жыгач, Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок-Молдо, Ош облусунун Араван районунун С. Юсупова, Кара-Суу районунун Ак-Таш, Чүй облусунун Жайыл районунун Кара- Балта шаардык, Кемин районунун Кара-Булак жана Көк-Ойрок, Москва районунун Александровка айылдык кеңештериндеги 9 жергиликтүү жамааттын тургундары.

Өзүңүз тууралуу маалыматты төмөнкүдөй жолдор менен тактасаңыз болот:

-катталган жериңиз боюнча өз шайлоо учаткаңыздан

- www.shailoo.srs.kg порталынан

- 119 номери боюнча кайрылып (МКК call-борбору);

- ПИНиңизди көрсөтүү менен 119 номерине смс-билдирүү (14 сандуу идентификациялык номер).

Телефон чалуу жана смс-билдирүүлөр акысыз

Жеке маалыматтарыңызда ката же так эместиктер табылган жана шайлоочулардын тизмесинде жок болгон учурда жарандар катталган жери боюнча УШКга ID-картасынын көчүрмөсүн тиркөө менен №3 формадагы арыз менен 2018-жылдын 13-январына чейин (кезектеги шайлоо боюнча), 17-январына чейин (мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча) кайрылууга укуктуу.

Ал арыз (Форма №3) токтоосуз УШК тарабынан МККга кароо жана иштеп чыгуу үчүн жиберилет.

Маалымат үчүн: Шайлоо өткөрүлүп жаткан тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү жамаатынын мүчөлөрү болуп саналган, 18 жашка толгон, шайлоочулардын тизмесине киргизилген Кыргыз Республикасынын жарандары жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо укугуна ээ.

Шайлоочулардын тизмесине добуш берүү күнүнө карата активдүү шайлоо укугуна ээ болгон, жергиликтүү жамааттын мүчөсү болуп саналган жана "Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын бардык жарандары киргизилет.

Биометрикалык катоодон өтпөй калган жарандар бул жол-жобону жашаган жери боюнча МКК органдарынын биометрикалык маалыматтарды чогултуу пункттардын даректерине кайрылып өтүүгө болот. Эскертебиз, биометрикалык маалыматтар боюнча шайлоочуларды идентификациялоо башка шайлоочу үчүн добуш берүүнү жана шайлоонун жыйынтыктарын бурмалоону жокко чыгарууга мүмкүнчүлүк берет.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында аяктайт. Бул акыркы күн! Шашылыңыздар! Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” https://accreditation.srs.kg/ автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>