Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
КР БШКсы Ш.Атазовду Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тартты
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 28-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына көп мандаттуу №6 шайлоо округу боюнча өзүн-өзү талапкер катары көрсөткөн Атазов Шайлообек Карыбековичти каттоодон баш тартуу чечимин кабыл алды.
Ш.Атазов №6 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңешке талапкер кылып өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде шайлоого катышуу ниети жөнүндө арызды 2025-жылдын 17-октябрында КР БШКга тапшырган.
Талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ
Атазов Шайлообек Карыбековичтин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлерге коюлуучу мыйзамдардын талаптарына ылайык келбестигин аныктап, аны талапкер кылып каттоодон баш тартууну сунуштаган.
Кыргыз республикасынын Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 2025-жылдын 23-октябрдагы маалымкатына ылайык, Ш. Атазов уюшкан кылмыштуу топко, кылмыштуу коомдоштукка (кылмыштуу уюмга), куралдуу топко (бандага) тиешеси бар адам катары алдын алуучу, ыкчам-алдын алуучу каттоодо 2024-жылдан бүгүнкү күнгө чейин тургандыгы аныкталды.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын 2025-жылдын 22-октябрындагы тиешелүү маалымкатына ылайык, Ш.Атазов “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 59-беренесинин 4-бөлүгүнүн талаптарына ылайык келбей тургандыгы аныкталды. Тагыраак айтканда, Ш.Атазов 2024-жылдын
13-мартынан 29-ноябрына чейин Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жүргөн (260 күн).
2025-жылдын 28-октябрында болуп өткөн Жумушчу топтун отурумунда Ш.Атазовдун жана КР Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкери катышып, алар угулду.
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын 61-беренесинин 11-бөлүгүнө ылайык, эгерде адам уюшкан кылмыштуу топко, кылмыштуу коомдоштукка (кылмыштуу уюмга), куралдуу топко (бандага) тиешеси бар адам катары алдын алуучу, ыкчам-алдын алуучу каттоодо турса же болгон болсо талапкерди каттоодон баш тартуу үчүн негиз болуп саналат.
Жумушчу топтун 2025-жылдын 28-октябрындагы № 6 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Атазов Шайлообек Карыбековичти Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тартуу жөнүндө корутундусунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 59-беренесинин 4-бөлүгүн, 61-беренесинин 11-бөлүгүн жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 3, 4, 8-беренелерине ылайык, КР БШКсы Атазов Шайлообек Карыбековичти № 6 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тартты.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Ж.Нурбаевди Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тартты
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 28-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына көп мандаттуу №5 шайлоо округу боюнча өзүн-өзү талапкер катары көрсөткөн Нурбаев Жалолидин Паязидиновичти каттоодон баш тартуу чечимин кабыл алды.
Ж.Нурбаев №5 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңешке талапкер кылып өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде шайлоого катышуу ниети жөнүндө арызды 2025-жылдын 13-октябрында КР БШКга тапшырган.
Талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ
Нурбаев Жалолидин Паязидиновичтин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлерге коюлуучу мыйзамдардын талаптарына ылайык келбестигин аныктап, аны талапкер кылып каттоодон баш тартууну сунуштаган.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын “Түндүк” электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу алынган маалыматка ылайык, Ж.Нурбаевге карата кылмыш иштери кыскартылгандыгы тууралуу маалыматтар келип түшкөн.
2006-жылдын 6-октябрында Бишкек ш. ИИБнын Тергөө бөлүмү тарабынан Кыргыз ССРнин Кылмыш-жаза кодексинин (1960-ж. редакциясында) 235-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмыштын белгилери боюнча козголгон № 51-96-688 кылмыш иши, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин
28-беренесинин 1-бөлүгүнүн 11-пунктунун негизинде кыскартылган.
Мындан тышкары, 2021-жылдын 30-июнунда Ош облусунун Араван райондук ИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин (2017-ж. редакциясы) 359-беренесинин
1-бөлүгүндө каралган кылмыштын белгилери боюнча козголгон № 03-030-2020-000012 кылмыш иши, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 26-беренесинин 1-бөлүгүнүн 13-пунктунун негизинде кыскартылган.
2025-жылдын 28-октябрында болуп өткөн Жумушчу топтун отурумунда Ж.Нурбаевдин ыйгарым укуктуу өкүлү жана КР Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын кызматкери катышып, алар угулду.
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 3-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланууга төмөнкү адамдар укуксуз:
1) соттолгондугу бар, анын ичинде алып салынган же жоюлган;
2) аларга карата кылмыш иши реабилитацияланбаган негиздер боюнча кыскартылган, төмөнкүлөрдү кошпогондо:
- коркунучтуулугу аз кылмыштар, этиятсыздыктан жасалган анча оор эмес кылмыштар;
- Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жана аларда каралган тартипте жабырлануучу жеке-ачык айыптоону колдоодон баш тарткан жана (же) жабырлануучу айыпталуучу менен макулдашууга жетишкен учурлар.
Жумушчу топтун 2025-жылдын 28-октябрындагы № 5 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Нурбаев Жалолидин Паязидиновичти Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тартуу жөнүндө корутундусунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 3-беренесинин 4-бөлүгүн, 61-беренесинин 11-бөлүгүн жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 3, 4, 8-беренелерине ылайык КР БШКсы Нурбаев Жалолидин Паязидиновичти № 5 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тартты.
Кененирээк билүү >>
КР БШК Г.Каримованы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тартты
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 28-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына көп мандаттуу №12 шайлоо округу боюнча өзүн-өзү талапкер катары көрсөткөн Каримова Гүлсара Оморбековнаны каттоодон баш тартуу чечимин кабыл алды.
Г.Каримова № 12 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңешке талапкер кылып өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде шайлоого катышуу ниети жөнүндө арызды 2025-жылдын 7-октябрында КР БШКга тапшырган.
Борбордук шайлоо комиссиясынын 26.09.2025-ж. № 78 токтому бекитилген № 61-формага ылайык, диний ишмерлер үчүн чектөөлөрдү сактоо жөнүндө декларацияга ылайык, Каримова Гулсара Оморбековна өзүн “диний ишмер эмесмин” деп билдирген.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттигинин
2025-жылдын 11-октябрындагы маалымкатына ылайык, Г.Каримова “Келечек Умма” диний уюмун түзүү боюнча демилгечилердин 2022-жылдын 1-майындагы өткөн чогулушунун №1 Протоколунун негизинде, диний уюмунун мүдүрлүгүнө дайындалган.
Ошондой эле, Г. Каримова 2024-жылга карата берген отчету боюнча “Келечек Умма” диний уюмунун жетекчиси катары көрсөтүлгөн.
Мындан сырткары, Г.Каримова “Сыддык Мухаммед Балту” диний окуу борборунун директору кызматын 2023-жылдан 2025-жылга чейин аркалап келген. “Сыддык Мухаммед Балту” диний окуу борбору 2023-жылдын 13-июнунда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттигинин каттоосунан № 0838-ДОЖ номери менен өткөн.
Аталган диний окуу борбор өзүнүн ишмердүүлүгүн Жалал-Абад облусунун аймагында жүргүзүп келет.
Талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ
Каримова Гулсара Оморбековнанын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлерге коюлуучу мыйзамдардын талаптарына ылайык келбестигин аныктап, аны депутаттыкка талапкер кылып каттоодон баш тартуу жөнүндө сунуш берген.
2025-жылдын 28-октябрында болуп өткөн Жумушчу топтун отурумунда Каримова Гулсара Оморбековнанын ыйгарым укуктуу өкүлү катышкан.
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 3-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык диний ишмерлер өздөрүнүн диний ишин токтоткондон кийин 5 жыл ичинде Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланууга укуксуз.
Жумушчу топтун № 12 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Каримова Гулсара Оморбековнанын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө корутундусунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 3-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктун жетекчиликке алып, КР БШК “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 3, 4, 8-беренелерине ылайык, КР БШКсы Каримова Гулсара Оморбековнаны № 12 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тартты.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы өзүн-өзү көрсөткөн беш талапкердин парламенттик шайлоого катышуудан баш тартуу арыздарын карады
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 28-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн жарандардын 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган мөөнөтүнөн мурда өтүүчү парламенттик шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арыздарын карады.
Шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арыздарын төмөнкү жарандар беришкен:
№ 3 шайлоо округу боюнча талапкер Жамалдинов Зиядин Исламович,
№ 19 шайлоо округу боюнча талапкер Кыдыров Акай Имаралиевич;
№ 3 шайлоо округу боюнча талапкер Түмөнов Чынгыз Сүйүнбаевич;
№ 24 шайлоо округу боюнча талапкер Каюмов Зулкайнар Каюмович;
№ 29 шайлоо округу боюнча талапкер Кудайбергенов Борончу Молдокматович.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого 44 эл аралык байкоочуларды аккредитациялады
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 28-октябрда 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого эл аралык байкоочуларды аккредитациялады.
БШКнын токтому менен ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун Байкоочулар миссиясынын 44 өкүлдөрү эл аралык байкоочулар катары аккредитацияланды.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Жогорку Кеңештин депутаттыгына 21 талапкерди каттады
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 28-октябрда, көп мандаттуу шайлоо округдарынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына өзүн-өзү көрсөткөн төмөнкү талапкерлерди каттоо боюнча чечим кабыл алды:
-Усенова Эльмира Валентиновна — №28 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
-Кермалиев Таалайбек Женишович — №20 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
-Аскарова Айнура Алмасбековна — №26 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
-Шамаев Акылбек Арапбаевич — №3 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
-Юсупов Замир Байышович — №7 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
Аманова Санталат Абдылдаевна — №6 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
-Мадумаров Акрам Камбаралиевич — №3 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
-Самыйкожо Мирлан — №30 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
-Сагынаев Болот Турусбекович — №28 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
-Кудайбердиев Алтынбек Мусажанович — №6 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
-Мөндүрбаева Ырысбүбү Муканбетовна — №30 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
-Чотонов Медер Осконбекович — №16 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
-Джумабекова Акылсайра Кадыралиевна — №27 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
-Курманалиева Жылдыз Кочкоралиевна — №12 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
-Нурбаева Гүлназ Абдулатиповна — №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
-Толтоев Эрнис Мукашбекович — №9 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
-Исаева Джамиля Кубанычбековна — №26 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
-Матосмонова Дамира Джамалдиновна — №3 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
-Карабаева Канымбу Исираиловна — №25 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
-Нариманов Тургунбек Нариманович — №15 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
-Борбиев Болотбек Ибраимович — №14 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер.
Аталган талапкерлердин шайлоо документтери талапкерлер, саясий партиялар тарабынан сунушталган шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ тарабынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерге коюлуучу мыйзамдардын талаптарына ылайык келери аныкталган жана аларды каттоо сунушталган.
Катталган талапкерлерге белгиленген үлгүдөгү ырастама берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2025-жылдын 28-октябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 2025-жылдын 28 -октябры
Убактысы: 17.00
Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы
2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө
(баяндамачы – Турсунбаева Н., Эл аралык кызматташуу жана шайлоо процессин катышуучулары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн эксперти)
Усенова Эльмира Валентиновнаны № 28 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
Кермалиев Таалайбек Женишовичти № 20 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
Аскарова Айнура Алмасбековнаны № 26 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
Шамаев Акылбек Арапбаевичти № 3 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
Юсупов Замир Байышовичти № 7 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
Аманова Салтанат Абдылдаевнаны № 6 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
Мадумаров Акрам Камбаралиевичти № 3 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
Самыйкожо Мирланды № 30 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
Сагынаев Болот Турусбековичти № 28 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
Кудайбердиев Алтынбек Мусажановичти № 6 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
Мөндүрбаева Ырысбүбү Муканбетовнаны № 30 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
Чотонов Медер Осконбековичти № 16 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
Джумабекова Акылсайра Кадыралиевнаны № 27 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
Курманалиева Жылдыз Кочкоралиевнаны № 12 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
Нурбаева Гүлназ Абдулатиповнаны № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
Толтоев Эрнис Мукашбековичти № 9 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
Исаева Джамиля Кубанычбековнаны № 26 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
Матосмонова Дамира Джамалдиновнаны №3 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
Карабаева Канымбу Исираиловнаны № 25 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
Нариманов Тургунбек Наримановичти № 15 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
Борбиев Болотбек Ибраимовичти № 14 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
№ 3 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн Жамалдинов Зиядин Исламовичтин шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызы жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
№ 19 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн Кыдыров Акай Имаралиевичтин шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызы жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
№ 3 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн Түмөнов Чынгыз Сүйүнбаевичтин шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызы жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
№ 24 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн Каюмов Зулкайнар Каюмовичтин шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызы жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
№ 29 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн Кудайбергенов Борончу Молдокматовичтин шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызы жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
№ 23 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылыпөзүн-өзү көрсөткөн Кожомкулова Айсулуу Жоомартовнанын ыйгарым укуктуу өкүлү кылыпБ.М. Нарбаеваны каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№ 30 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн
Ашимбаев Сабыркул Абасовичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кылып Н.М. Утановду жана Ш.О. Медетбекованы каттоо жөнүндө
№ 23 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн Султанов Токтосун Султановичтин ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№ 8 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылыпөзүн-өзү көрсөткөн Калмаматова Элиза Бакалбаевнанын ыйгарым укуктуу өкүлү кылып М. Асилбек кызын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№ 19 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн
Аманбаев Бактыбек Абдилашимовичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кылып Д.Т. Сатыбалдиевди жана Э.М. Ормоновду каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№ 9 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн Турдубаева Гульмира Мамаевнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кылып М.Т. Сатыбалдиевди жана А.М. Турдубаевди каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№ 9 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн Токтомуратова Гульпери Абдылдаевнанын ыйгарым укуктуу өкүлү кылып Э. Танаевди каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№ 22 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн Абдрахманов Сагынбек Уметалиевичтин ыйгарым укуктуу өкүлү кылып Б.М. Садамкуловду каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№ 1 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн
Ахмедов Канатбек Абдурашидовичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кылып К.Т. Алиевди жана У. Абдыкаар уулун каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№ 8 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн Ашимова Динара Ашимовнанын ыйгарым укуктуу өкүлү кылып
Б.К. Абдыкадыровду каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№ 9 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн Камбардинова Рахат Махмутжановнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кылып К.К. Батыралиевди жана К.А. Жалиловду каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№ 23 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн Исатбек кызы Аиданын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кылып Н.Ж. Жангазиеваны жана А.М. Дандаеваны каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№ 30 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн Осмоналиева Ханзада Исакновнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кылып А.А. Оморовду жана Ж.М. Молдосунованы каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№ 2 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн
Төлөмүшов Бегали Пирмаматовичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кылып Ш. Молдоказы уулун жана Т.М. Жороевди каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№ 28 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн Ибраев Саматбек Кулукеевичтин ыйгарым укуктуу өкүлү кылып Ж.Т. Жуманалиевди каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№ 14 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн Жапарова Жеңишгүл Молдокеримовнанын ыйгарым укуктуу өкүлү кылып Н.Ө. Оморованы каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№ 17 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн Курманалиева Койсун Аблабековнанын ыйгарым укуктуу өкүлү кылып Р.М. Курманалиевди каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№ 4 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Жаанбаев Уланбек Коргонбаевичтин ыйгарым укуктуу өкүлү кылып А. Бакытбек уулун каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№ 9 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн
Саипбаев Нурланбек Жаныбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кылып Э.Э. Полотбековду жана Т.Т. Жээнбековду каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№ 5 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн
Абдуллаев Азизбек Ашимжановичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кылып Б.М. Мансиркуловду жана А.А. Маноновду каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№ 28 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн
Бараканов Руслан Төлөмүшовичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кылып М.А. Сабаевди жана Т.Т. Баямановду каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№ 25 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн Сейтказиева Эркеайым Алымовнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кылып Н.Т. Таштаналиеваны жана Б.Т. Байгазиеваны каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№ 20 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн Абдыгулова Асель Мисировнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кылып А.Т. Туратбекованы жана И.А. Бурхановду каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№ 21 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн Омонова Гульчехра Таабалдиевнанын ыйгарым укуктуу өкүлү кылып М.Т. Джунусалиевди каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№ 19 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн Усеинова Нургуль Эмилькановнанын ыйгарым укуктуу өкүлү кылып С.А. Джусупбекованы каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
Каримова Гүлсара Оморбековнаны № 12 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тартуу жөнүндө
(баяндамачы – Кайыпов Ш., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти)
Нурбаев Жалолидин Паязидинович № 5 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тартуу жөнүндө
(баяндамачы – Кайыпов Ш., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти)
Атазов Шайлообек Карыбековичти № 6 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тартуу жөнүндө
(баяндамачы – Кайыпов Ш., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти)
Дүйшеналиев Болотбек Согушбековичти № 14 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тартуу жөнүндө
(баяндамачы – Кайыпов Ш., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти)
Турганов Жылдызбек Момунжановичти № 19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тартуу жөнүндө
(баяндамачы – Кайыпов Ш., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти)
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт эрежелерин бузгандыгы үчүн бир катар жарандарга айып пул салды
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 27-октябрда, 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүдө мыйзам бузууларга жол берилген учурларга байланыштуу маселени карады.
Бул маселени БШКнын отурумунун кароосуна шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топ сунуштаган.
Жумушчу топ социалдык тармактар жана маалымат агенттиктеринин сайттарына мониторинг жүргүзүп, жыйынтыгында шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү эрежелерин бузуу белгилери бар материалдарды аныктаган.
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 23-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, шайлоо алдындагы үгүт иштери талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып, добуш берүү башталганга чейин 24 саат калганда токтотулат.
Ошентип:
- Facebook социалдык тармагындагы Бакмурат Токтогуловдун жеке баракчасында шайлоо алдындагы үгүт эрежелерин бузган жана талапкерлердин кадыр-баркына доо кетирген маалыматтарды тараткан посттор жайгашкан. Конституциялык мыйзамдын 22-беренесинин 10-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык, талапкерлерди шайлоо же шайлабай коюунун мүмкүн болуучу кесепеттерин баяндап жазуу шайлоо алдындагы үгүт катары таанылат;
- Facebook социалдык тармагындагы Айбек Теңизбай, №23 шайлоо округунан талапкер катары көрсөтүлгөн Илим Карыпбеков, Мирлан Дүйшөнбаев, Нургазы Анаркуловдун жеке баракчаларында шайлоо алдындагы үгүт эрежелерин бузган посттор жарыяланган;
- Социалдык тармактарга №18 шайлоо округу боюнча талапкер катары көрсөтүлгөн Карим Ханджеза Лемзарович тууралуу материалдар жарыяланып, шайлоо алдындагы үгүт эрежелерин бузуу катары бааланган посттор жайгашкан;
- Facebook социалдык тармагындагы Айбек Теңизбайдын жеке баракчасында №23 шайлоо округу боюнча талапкер катары көрсөтүлгөн Канат Зерликович Хасанов жөнүндө жарыяланган посттор шайлоо алдындагы үгүт эрежелерин бузуу катары бааланган.
Жумушчу топ КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына төмөнкү жарандарды: Айбек Теңизбай, Илим Карыпбеков, Мирлан Дүйшөнбаев, Нургазы Анаркулов, Карим Ханджеза, Канат Хасанов жана Бакмурат Токтогуловду шайлоо алдындагы үгүт эрежелерин бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке тартууну сунуштады.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Жумушчу топтун чечимин эске алуу менен жана «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» конституциялык мыйзамды жетекчиликке алып, КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65- жана 66-беренелерине ылайык, төмөнкүдөй чечим кабыл алынды:
- Бакмурат Токтогуловго шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бузгандыгы жана талапкерлер жөнүндө жалган маалыматтарды тараткандыгы үчүн 65- жана 66-беренелерге ылайык, жалпы 7500 (жети миң беш жүз) сом жана 12000 сом (он эки миң сом) сом өлчөмүндө айып пул салынды;
- Ал эми Айбек Теңизбай, Илим Карыпбеков, Мирлан Дүйшөнбаев, Нургазы Анаркулов, Карим Ханджеза, Канат Хасановдорго шайлоо алдындагы үгүт эрежелерин бузгандыгы үчүн 65-беренеге ылайык, 7500 (жети миң беш жүз) сом өлчөмүндө айып пул салынды.
КР БШК бардык талапкерлерге, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерине, массалык маалымат каражаттарына жана социалдык тармак колдонуучуларына шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүдө мыйзам талаптарын так сактоону эскертет.
Кененирээк билүү >>
27-октябрь 2025-жылга карата көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча КР ЖКнын депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу жѳнүндѳ ниетин билдирүү боюнча арыз тапшыргандар
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясында 2025-жылдын 30-ноябрында ѳтѳ турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу жѳнүндѳ ниетин билдирген жарандардан арыздар кабыл алынууда. Бүгүнкү күнгө карата 515 жаран арыз тапшырды.
Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниети жөнүндө арыздарды кабыл алуу добуш берүү күнүнө 30 календардык күн калганга чейин, тактап айтканда, 2025-жылдын 30-октябрында саат 18:00гө чейин (кошо алганда) аяктайт.
№
Талапкердин ФАА
Шайлоо округу
Туулган датасы
Ишинин түрү
Көрсөтүү тиби
1.
Ташиев Шаирбек Кыдыршаевич
№11
16.09.1976
КР Жогорку Кеңештин депутаты
Өзүн-өзү көрсөтүү
2.
Аманбаев Бактыбек Абдилашимович
№19
11.05.1969
Кыргыз Республикасынын АКШ жана Канададагы мурдагы элчиси
Өзүн-өзү көрсөтүү
3.
Аскарбеков Мавлян Амангельдиевич
№23
25.11.1979
Коомдук ишмер
Өзүн-өзү көрсөтүү
4.
Кожомкулова Айсулуу Жоомартовна
№23
23.02.1989
«БУУ-Аялдар» түзүмүндөгү социалдык инновациялар боюнча консультант, Function 1 бөлүмүндөгү атайын долбоорлордун жетекчиси.
Өзүн-өзү көрсөтүү
5.
Ашимбаев Сабыркул Абасович
№30
03.03.1968
«Кыргызстан Аэропорттору» ААКнун директорлор кеңешинин мүчөсү.
Өзүн-өзү көрсөтүү
6.
Тазабекова Гүлшат Алпамышовна
№21
28.03.1972
Өзүн-өзү көрсөтүү
7.
Камчыбеков Алтынбек Камалдинович
№9
08.04.1984
Жеке ишкер
Өзүн-өзү көрсөтүү
8.
Ибраев Саматбек Кулукеевич
№28
25.02.1965
«Эл Мурасы» КУнун төрагасы
Өзүн-өзү көрсөтүү
9.
Тайчабаров Кудрет Марипович
№19
18.07.1985
Убактылуу иштебейт
Өзүн-өзү көрсөтүү
10.
Абдыгулова Асель Мисировна
№20
16.12.1975
Өзүн-өзү көрсөтүү
11.
Алыбаева Жаңыл Ишенбековна
№20
04.02.1980
К. Карасаев атындагы БГУнун улук окутуучусу.
Өзүн-өзү көрсөтүү
12.
Абдылдаева Канзада Абдылдаевна
№6
27.01.1973
Убактылуу иштебейт
Өзүн-өзү көрсөтүү
13.
Курманалиева Койсун Аблабековна
№17
01.04.1962
Республикалык илимий методикалык борбору бөлүм башчы
Өзүн-өзү көрсөтүү
14
Толонбаев Таалайбек
№19
05.12.1968
«Биз келечек үчүн» коомдук бирикмесинин төрагасынын орун басары.
15
Исатбек кызы Аида
№23
16.03.1991
КР Жогорку Кеңештин депутаты
Өзүн-өзү көрсөтүү
16
Чомоева Нургул Жаныбековна
№21
09.09.1984
“НурТекстиль и К” башкы директору
Өзүн-өзү көрсөтүү
17.
Мамытова Назгуль Туратбековна
№27
30.03.1985
“Баян-Кырчын” ЖЧКнын директору
Өзүн-өзү көрсөтүү
18
Бараканов Руслан Төлөмүшович
№28
20.11.1985
“Rich Строй” ЖЧКнын башкы директору
Өзүн-өзү көрсөтүү
Тагаев Мирлан Конурович
№1
23.11.1988
«Алтын Уя» билим берүү уюму, мектеп директору
Өзүн-өзү көрсөтүү
Апазов Адилет Усенович
№27
11.08.1988
Убактылуу иштебейт
Өзүн-өзү көрсөтүү
Осмонбетова Венера Кубанычбековна
№22
10.06.1975
АГУПКР - доцент
Өзүн-өзү көрсөтүү
Мыктыбекова Айдана Мыктыбековна
№30
27.08.1993
КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин башкы адиси.
Өзүн-өзү көрсөтүү
Ниязбеков Талгат (онлайн)
№12
04.09.1982
Убактылуу иштебейт
Өзүн-өзү көрсөтүү
Тизме шайлоо округдары боюнча түзүлгөн. Жарандар жөнүндө маалымат менен тиешелүү шайлоо округун тандап, округдар боюнча таанышса болот. Тизме бул жерде:
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүдө шайлоочулардын арасында акысыз жайылтууга тыюу салынбаган үгүт материалдардын жана товарлардын тизмегин бекитти
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 27-октябрда, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө демократиялык принциптерди бекемдөө, эл аралык шайлоо стандарттарына жана өлкөнүн мыйзамдарына толук ылайык келтирүү, шайлоочулардын аң-сезимдүү тандоосун жана шайлоонун ачык-айкындуулугун камсыз кылуу максатында шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүдө шайлоочулардын арасында акысыз жайылтууга тыюу салынбаган үгүт материалдардын жана товарлардын тизмегин бекитти.
Төмөндө тизме тиркелет:
1. Басылма үгүт материалдары (газеталар, баракчалар, плакаттар, буклеттер, календарлар, открыткалар, талапкердин визиттик карточкалары, пакеттер);
2. Талапкердин сүрөтү жана/же талапкердин (толук аты-жөнү) сүрөтү же саясий партиянын символикасынын сүрөтү бар төш белгилер;
3. Талапкердин жана/же талапкердин (толук аты-жөнү) сүрөтү же саясий партиянын символикасы бар футболкалар, жилеткалар;
4. Талапкердин сүрөтү жана/же талапкердин толук аты-жөнү же саясий партиянын символикасынын сүрөтү бар баш кийимдер;
5. Талапкердин сүрөтү жана/же талапкердин аты-жөнү саясий партиянын символикасынын сүрөтү бар моюн ороочтор;
6. Талапкердин сүрөтү жана/же талапкердин толук аты-жөнү же саясий партиянын символикасынын сүрөтү бар желекчелер;
7. Талапкердин сүрөтү жана/же талапкердин аты-жөнү же саясий партиянын символдору түшүрүлгөн аба шарлары;
8. Талапкердин жана/же талапкердин (толук аты-жөнү) сүрөтү же саясий партиянын символикасы бар калемдер, карандаштар, кружкалар, блокноттор.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 27-октябрда, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн жарандардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады:
- № 10 шайлоо округу боюнча талапкер Аттокуров Азрет Али Акылбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Б.Р. Асанов жана каржы боюнча А.У. Жалилова;
- № 6 шайлоо округу боюнча талапкер Эргешов Бекмурза Аскарбаевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Н.Д. Жолдошбаев жана каржы боюнча Б.К. Каныбеков;
- № 6 шайлоо округу боюнча талапкер Тогузакова Айжан Абдиганыевнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Н.К. Калыков жана каржы боюнча Ч.С. Мамаева;
- № 11 шайлоо округу боюнча талапкер Ташиев Шаирбек Кыдыршаевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Б.Б. Беркбаева жана каржы боюнча Д.А. Досиева.
Талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүктөрү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Жогорку Кеңештин депутаттыгына 6 талапкерди каттады
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 27-октябрда көп мандаттуу шайлоо округдарынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына өзүн-өзү көрсөткөн төмөнкү талапкерлерди каттоо боюнча чечим кабыл алды:
- Усеинова Нургуль Эмилькановна - № 19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
- Абсаттаров Азамат Асаттулаевич - № 2 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
- Аманова Бурун Кушбековна - № 2 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
- Ормонов Улугбек Зулпукарович - № 10 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
- Садыков Абдисатар Сайталыевич - № 2 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
- Карыбек уулу Улукбек - № 24 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер.
Аталган талапкерлердин шайлоо документтери талапкерлер, саясий партиялар тарабынан сунушталган шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ тарабынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерге коюлуучу мыйзамдардын талаптарына ылайык келери аныкталган жана аларды каттоо сунушталган.
Катталган талапкерлерге белгиленген үлгүдөгү ырастама берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2025-жылдын 27-октябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 2025-жылдын 27 -октябры
Убактысы: 17.00
Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы
Усеинова Нургуль Эмилькановнаны № 19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
Абсаттаров Азамат Асаттулаевичти № 2 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
Аманова Бурун Кушбековнаны № 2 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
Ормонов Улугбек Зулпукаровичти № 10 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
Садыков Абдисатар Сайталыевичти № 2 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
Карыбек уулу Улукбекти № 24 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер
кылып каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
№ 10 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн
Аттокуров Азрет Али Акылбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кылып Б.Р. Асановду жана А.У. Жалилованы каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№ 6 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн
Эргешов Бекмурза Аскарбаевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кылып Н.Д. Жолдошбаевди жана Б.К. Каныбековду каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№ 6 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн Тогузакова Айжан Абдиганыевнанын ыйгарым укуктуу өкүлү кылып Н.К. Калыковду жана Ч.С. Мамаеваны каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№ 11 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн
Ташиев Шаирбек Кыдыршаевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кылып Б.Б. Беркбаеваны жана Д.А. Досиеваны каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүдө шайлоочулардын арасында акысыз жайылтууга тыюу салынбаган үгүт материалдардын жана товарлардын тизмегин бекитүү жөнүндө
(баяндамачы – Закиров А.М., Укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти)
12. Бакмурат Токтогуловдун социалдык тармактагы баракчасында жайгаштырылган шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузган жана талапкерлердин ар-намысына, кадыр-баркына шек келтирген маалыматтарды камтыган материалдар жөнүндө
(баяндамачы – Закиров А.М., Укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти)
13. №23 шайлоо округунан көрсөтүлгөн талапкер Карыпбеков Илим Майрамбековичтин социалдык тармактагы баракчасындагы үгүт материалдары боюнча
(баяндамачы – Закиров А.М., Укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти)
14. Дуйшонбаев Мирлан жана Анаркулов Нургазынын социалдык тармактагы баракчаларында жайгашкан шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузган материалдар боюнча
(баяндамачы – Закиров А.М., Укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти)
15. №23 шайлоо округунан талапкер катары көрсөтүлгөн Хасанов Канат Зерликович тууралуу үгүт материалы жөнүндө
(баяндамачы – Закиров А.М., Укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти)
16. Айбек Тенизбайдын социалдык тармактагы баракчасында жайгаштырылган шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузган материалдар жөнүндө
(баяндамачы – Закиров А.М., Укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти)
17. “Полит Клиника” интернет гезитинин социалдык тармагындагы баракчасында №18 шайлоо округунан талапкер катары көрсөтүлгөн Ханджеза Карим Лемзарович жөнүндө материалы боюнча
(баяндамачы – Закиров А.М., Укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти)
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын чет өлкөлөрдө жашаган же жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарына кайрылуусу
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чет мамлекеттердеги Кыргыз Республикасынын жарандарын 2025-жылдын 30-ноябрында Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтө тургандыгын маалымдайт.
Бул шайлоодо аралыктан добуш берүү механизми колдонулат, ал жарандарга каттоо дарегине карабастан, учурда кайсы жерде жүргөн болсо, ошол жерден добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берет. Ал эми шайлоо бюллетени шайлоочунун Кыргыз Республикасынын аймагындагы каттоо дарегине туура келген шайлоо округу боюнча берилет.
Эскерте кетсек, чет өлкөдө жүргөн жарандардан добуш берүүгө катышуу үчүн консулдук каттоого туруу талап кылынбайт.
Шайлоочуну идентификациялоо учурунда система анын каттоо маалыматы боюнча шайлоо округун автоматтык түрдө аныктап, тиешелүү бюллетенди берет. Ошентип, ар бир жаран өз шайлоо округунун талапкерине добуш берет. Бул үчүн шайлоочунун Кыргыз Республикасынын аймагында каттоосунун сөзсүз болушу өзгөчө маанилүү.
Эгер сиздин каттоо маалыматыңызда чет мамлекеттин дареги көрсөтүлгөн болсо, же Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу каттоо жок болсо, анда 2025-жылдын 19-ноябрына чейин Сизге жакын жайгашкан Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнө кайрылып, каттоо маалыматыңызды тактап же өзгөртүүлөрдү киргизсеңиз болот.
Мындан тышкары, шайлоочулар өз маалыматтарын текшерип, оңдоо киргизе алышат. Бул үчүн tizme.gov.kg расмий сайтындагы «Шайлоочунун кабинети» кызматына кирип, белгиленген тартипте авторизациядан өтүү зарыл. Арызды 2025-жылдын 19-ноябрына чейин (кошо алганда) берүү керек.
Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын бардык жарандарын өз маалыматын алдын ала текшерүүгө жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого аралыктан катышуу мүмкүнчүлүгүн пайдаланууга чакырат.
Чет өлкөдөгү шайлоочулардын тизмеси бул шилтемеде:
Кененирээк билүү >>
КР БШКда КР Президентинин облустардагы өкүлдөрү жана Бишкек менен Ош шаарларынын мэрияларынын өкүлдөрү менен онлайн-кеңешме өттү
Бүгүн, 27-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында Тынчтык Шайназаровдун төрагалыгында Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин округдарда шайлоочулар менен жолугушууларын уюштурууга байланыштуу маселелерди кароо боюнча онлайн-кеңешме өттү.
Кеңешмеге Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, алардын орун басарлары, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларынын вице-мэрлери катышты.
Кеңешменин катышуучулары талапкерлердин калк менен жолугушууларынын графиги менен таанышып, сунушталган план менен макулдугун билдиришип, анын толук аткарылышын камсыздоого даяр экендиктерин белгилешти.
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо учурунда ыңгайлуу шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, добуш берүү күнү үзгүлтүксүз электр энергиясы жана туруктуу интернет байланышы менен камсыздоону өтүндү.
Ошондой эле ал 30-октябрда республиканын бардык аймактарында кезектеги тесттик добуш берүү өтөрүн эскертип, облустук жана шаардык администрацияларды анын өткөрүлүшүнө активдүү көмөк көрсөтүүгө чакырды.
Маалымат үчүн:
«Кыргыз Республикасынын Президенти жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР конституциялык Мыйзамдын 25 жана 26-беренелерине ылайык, шайлоо комиссиялары талапкерлердин шайлоочулар менен жолугушууларын уюштуруп, шайлоо процессинин бардык катышуучулары үчүн тең укуктуу шарттарды камсыз кылышы керек. Мыйзамда ошондой эле жолугушууларды өткөрүү графигин макулдашуу, жайларды пайдалануу, коомдук тартипти камсыз кылуу жана жарандарды алдыдагы иш-чаралар тууралуу кабардар кылуу тартиби аныкталган.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 27-октябрда, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн жарандардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады:
- № 5 шайлоо округу боюнча талапкер Каримова Самаргул Шаирбековнанын ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо боюнча Ж.К. Тешебаев;
- № 27 шайлоо округу боюнча талапкер Супатаева Альфира Илиясовнанын ыйгарым укуктуу өкүлү: каржы боюнча А.Т. Керимкулова;
- № 25 шайлоо округу боюнча талапкер Иманов Акан Эриковичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча М.О. Алиев жана каржы боюнча У. Калыбеков;
- № 8 шайлоо округу боюнча талапкер Токторов Мырзабек Сарыевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча А.К. Калкожоев жана каржы боюнча Э.Т. Ырсалиева;
- № 30 шайлоо округу боюнча талапкер Жайлообаев Айбек Токтогоновичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча В.С. Ким жана каржы боюнча А.З. Закиров;
- № 24 шайлоо округу боюнча талапкер Кайыпов Эржан Сулаймановичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча А.С. Батырбекова жана каржы боюнча Е.Б. Холодкова;
- № 26 шайлоо округу боюнча талапкер Бейшенбаева Гульниза Джумабековнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча А.Т. Токтомушева жана каржы боюнча Д.Т. Муктарбекова;
- № 24 шайлоо округу боюнча талапкер Исмаилов Арафат Сайдахматовичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча М.К. Ниязова жана каржы боюнча Б.А. Садыров;
- № 21 шайлоо округу боюнча талапкер Тоотаев Улукмырза Абдилашимовичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: каржы боюнча С.Н. Нурдинова;
- № 27 шайлоо округу боюнча талапкер Султанов Каныбек Султановичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча К.Б. Акмолдоев жана каржы боюнча Г.Ж. Мамбетова;
- № 9 шайлоо округу боюнча талапкер Талипов Чынгыз Базарбаевичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: каржы боюнча Ш.Ш. Койчубаев;
- № 26 шайлоо округу боюнча талапкер Абдылас Жаркындын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча А.С. Джумалиев жана каржы боюнча А. Мирбек кызы;
- № 1 шайлоо округу боюнча талапкер Салимбеков Кенжебек Салимбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Ч. Капарбек уулу жана каржы боюнча Э.Э. Бердияров;
- № 15 шайлоо округу боюнча талапкер Өнөрбаева Рахия Райымбековнанын ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо боюнча Ж. Атантай уулу;
- № 21 шайлоо округу боюнча талапкер Тажибаев Канатбектин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча М.Р. Раимжанов жана каржы боюнча А.В. Темиров;
- № 18 шайлоо округу боюнча талапкер Мамаджанова Мунара Мамаджановнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Р.А. Турдубаев жана каржы боюнча Н. Маратбек кызы;
- № 3 шайлоо округу боюнча талапкер Салиев Атамбек Токтоматовичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Х.А. Шарапидинов жана каржы боюнча А.А. Мурзаев;
- № 30 шайлоо округу боюнча талапкер Куленбеков Ырысбек Кырманчиевичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо боюнча А. Кырманчы уулу;
- № 3 шайлоо округу боюнча талапкер Шамаев Акылбек Арапбаевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Ш.М. Маматисаков жана каржы боюнча А.Т. Момбеков;
- № 25 шайлоо округу боюнча талапкер Никитенко Наталья Владимировнанын ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо боюнча В.К. Осмонкулова;
- № 26 шайлоо округу боюнча талапкер Субанов Айбек Манасбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Б.К. Сарыгулова жана каржы боюнча Д.Б. Асангазиева;
- № 20 шайлоо округу боюнча талапкер Курманбекова Бермет Курманбековнанын ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо боюнча Э.Ж. Жолочуев;
- № 15 шайлоо округу боюнча талапкер Тургунбек уулу Нурланбектин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Ж.Т. Шакиев жана каржы боюнча Т.Ө. Субаналиев;
- № 24 шайлоо округу боюнча талапкер Салымбеков Жумабек Мамытбаевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча М.О. Узюров жана каржы боюнча Ж.Ж. Жокоева;
- № 29 шайлоо округу боюнча талапкер Эдилбеков Чолпонбектин ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо боюнча Ж.К. Кубанычбекова;
- № 9 шайлоо округу боюнча талапкер Джаилов Таалайбек Карыповичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча И. Иброхимжон угли жана каржы боюнча Х.А. Мадаминова;
- № 9 шайлоо округу боюнча талапкер Жумаев Байыш Эркебаевичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: каржы боюнча К.С. Азизов;
- № 18 шайлоо округу боюнча талапкер Султанкулова Алтынай Эркинбековнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча С.Т. Талантбеков жана каржы боюнча А.А. Умаралиева;
- № 8 шайлоо округу боюнча талапкер Ашимова Динара Ашимовнанын ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо боюнча К.Т. Токтогазиев;
- № 29 шайлоо округу боюнча талапкер Таштанбекова Мадина Таштанбековнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Э.К. Абдиев жана каржы боюнча А.Болотбек уулу;
- № 14 шайлоо округу боюнча талапкер Жапарова Жеңишгүл Молдокеримовнанын ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо боюнча М.У. Шурубеков;
- № 9 шайлоо округу боюнча талапкер Умарбеков Боронбай Баитовичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча О.Р. Султанов жана каржы боюнча С. Раимкул уулу;
- № 8 шайлоо округу боюнча талапкер Баатыркулов Зайнал Ахматовичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча М.К. Баатыркулов жана каржы боюнча К.К. Кариев;
- № 27 шайлоо округу боюнча талапкер Сураналиев Талгат Чыныбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча М.К. Женбеков жана каржы боюнча А.Д. Чуроков;
- № 18 шайлоо округу боюнча талапкер Эдигеев Женишбек Кубанычбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Т.Т. Уметалиев жана каржы боюнча Дж.И. Меирманова.
Ошондой эле №26 шайлоо округунан депутаттыкка талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Абакиров Эльдар Курманбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлү боюнча чечим кабыл алынды: каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Т.М. Чынарбековдун каттоосу жокко чыгарылып, анын ордуна А.Дж. Дженишбекова Э.Абакировдун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары катталды.
Талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүктөрү берилет.
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
24.09.2026
КР БШКнын мүчөсү Т. Оторбаев Монголияда өтүп жаткан «Саясий каржылоонун ачык-айкындыгы жана көзөмөл» аттуу эл аралык тегерек столго катышууда
23.09.2026
Бир катар шайлоо участокторунун даректери өзгөрдү
23.09.2026
Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана резервин жүргүзүү тартиби бекитилди
23.09.2026
КР БШКсы бир катар шайлоо участокторунун даректерин өзгөрттү
23.09.2026
КР Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колдорун чогултуу тартиби жана “Кол чогултуу” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жоболор бекиди
23.09.2026
Айрым категориялардагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу жөнүндө жобо бекитилди