2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан кыргыз-орус тилдеринде бүгүнкү күндө 10 маалыматтык видеоролик тартылып, дагы бир канчасы даярдалууда.
Алар: “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна ким талапкер боло алат?”, “Президенттик шайлоодо талапкерди көрсөтүү жана каттоо кандай жүргүзүлөт?”, “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин шайлоо фондун түзүү тартиби”, “Шайлоочунун кабинети”, “Талапкерди онлайн колдоону каалайсызбы?”, “Шайлоочулар тизмесинен өзүңүздү тактаңыз”, “Байкоочунун шайлоодогу укуктары жана милдеттери”, “Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун этаптары”, “Өлкөнүн келечеги ар бирибиздин тандообуздан башталат”, “Өзүңүзгө ыңгайлуу жерден добуш бериңиз”.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 24-сентябрындагы №715-VIII токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо дайындалган мезгилинен, тагыраагы 29-сентябрдан тартып, видео материалдар УТРКнын, анын аймактык бөлүмдөрүнүн, радиолорунун, ЭлТРдин жана коммерциялык телеканалдардын эфирлеринен чагылдырылып жатат.
Мындан сырткары, Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтында, социалдык тармактагы баракчаларында маалыматтык видеороликтер жайгаштырылууда. Белгилей кетсек, талапкерди онлайн колдоо (кол топтоо) боюнча видеоролик 7-октябрдан тартып көрсөтүлүүдө.
Бүгүнкү күндө аталган видеороликтер мамлекеттик телеканалдарда 1442, коммерциялык телеканалдарда 798 жолу эфирге чыкты.
Ошондой эле өлкөнүн бардык аймактарындагы 400дөн ашуун LED-экрандарында аталган роликтер байма-бай көрсөтүлүүдө.