Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
Анонс: КР БШКсы мөөнөтүнөн мурда өтө турган парламенттик шайлоо боюнча талапкерлер жана саясий партиялардын өкүлдөрү үчүн окутуу өткөрөт
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы эртең, 31-октябрда, талапкерлердин, саясий партиялардын жана алардын өкүлдөрү үчүн 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча окутуу өткөрөт.
Окутуунун алкагында катышуучулар шайлоо процессинин негизги аспектилери боюнча, анын ичинде «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдүн өзгөчөлүктөрү, талапкерлердин жана саясий партиялардын шайлоо фонддорун түзүүнүн тартиби, шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү, ошондой эле шайлоо комиссияларында каралуучу талаштар жана жоопкерчиликтер тууралуу маалымат алышат.
Окутууну БШКнын Аппаратынын кызматкерлери өткөрөт. Алар катышуучуларга актуалдуу укуктук маалыматтарды жана шайлоо кампаниясынын учурунда мыйзамдуулукту сактоого практикалык сунуштарды берет.
КР БШКнын бул окутуусу катышуучулардын укуктук маалымдуулугун жогорулатууга, шайлоолордун ачык жана мыйзамдуу өтүшүн камсыздоого багытталган.
Датасы, убактысы: 31-октябрь 2025-ж., саат 9.00-13.00
Орун: Т. Абдумомунов атындагы драма театры, Абдумомунов көчөсү, 230
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоо мыйзамдарын бузууга ыкчам чара көрүү боюнча семинарларды өткөрдү
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы “Шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна ыкчам чара көрүүдө укук коргоо органдарынын иш-аракеттери” деген аталышта семинарлар сериясын аяктады.
2025-жылдын 21-октябрынан 30-октябрга чейин республика боюнча бардык облустарда өткөрүлгөн семинарлар укук коргоо органдарынын жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн камтыды. Семинар 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган мөөнөтүнөн мурда өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо учурунда Ыкчам аракеттенүүчү координациялык топтун ишмердүүлүгүнө арналган.
Координациялык топ шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна ыкчам чара көрүү жана жарандарды кабыл алынган чаралар тууралуу кабардар кылуу милдетин аткарат.
Сегиз семинардын алкагында катышуучулар төмөнкү маселелерди талкуулашты: укуктук маалымдуулукту жогорулатуу, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун өзгөчөлүктөрү, Координациялык топтун ишмердүүлүгү, шайлоо мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик, шайлоо учурунда добуш сатып алууну жана административдик ресурсту кыянаттык менен пайдаланууну алдын алуу, ошондой эле шайлоо мыйзамдарын бузуу боюнча даттанууларды сотко чейинки кароо жана териштирүү тартиби.
Катышуучуларга презентациялык материалдар, видеороликтер жана шайлоону даярдоо жана өткөрүү учурундагы ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу колдонмо түрүндөгү материалдар берилди.
Облустардагы семинарларды графикке ылайык БШКнын мүчөлөрү К.М. Мамбетаипов, А.Н. Кубатбеков, А.К. Жумалиева, У.К. Жылкыбаев жана Н.Ч. Койчукеев өткөрүштү.
Маалымат үчүн: шайлоо мыйзамдарына ылайык, шайлоону даярдоо жана өткөрүү учурунда Борбордук шайлоо комиссиясы Ыкчам аракеттенүүчү координациялык топту түзөт. Топтун негизги милдеттери - шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна ыкчам чара көрүү, жарандарды кабыл алынган чаралар тууралуу кабардар кылуу. Анын курамына КР БШКнын, аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, БШКнын аппаратынын кызматкерлери, прокуратура, ички иштер жана улуттук коопсуздук органдарынын өкүлдөрү кирет.
Кененирээк билүү >>
Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн өлкө боюнча бардык шайлоо участокторунда кезектеги тесттик добуш берүү өткөрөт
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 30-октябрда, республикадагы бардык шайлоо участокторунда кезектеги тесттик аралыктан добуш берүүнү өткөрөт.
Буга чейин тесттик добуш берүү 10- жана 20-октябрда бүт өлкө боюнча жана Россия Федерациясынын айрым шаарларында өткөрүлгөн.
Аралыктан добуш берүүнүн колдонулушу - келе жаткан парламенттик шайлоодогу негизги жаңылыктардын бири. Ал онлайн-идентификацияга негизделет: шайлоочу туруктуу катталган жеринде добуш берүүгө мүмкүнчүлүгү болбосо, өз участогунан тышкары же чет өлкөдө добуш бере алат.
КР БШКсы каалоочуларды тесттик режимде аралыктан добуш берүүгө катышууга чакырат жана шайлоо процессинин бардык катышуучуларына активдүү жарандык позициясы үчүн ыраазычылыгын билдирет.
Тесттик добуш берүү “Дордой-плаза” жана “Азия-молл” сыяктуу соода борборлорунда да уюштурулат.
Кененирээк билүү >>
29-октябрь 2025-жылга карата көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча КР ЖКнын депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу жѳнүндѳ ниетин билдирүү боюнча арыз тапшыргандар
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясында 2025-жылдын 30-ноябрында ѳтѳ турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу жѳнүндѳ ниетин билдирген жарандардан арыздар кабыл алынууда. Бүгүнкү күнгө карата 559 жаран арыз тапшырды.
Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниети жөнүндө арыздарды кабыл алуу добуш берүү күнүнө 30 календардык күн калганга чейин, тактап айтканда, 2025-жылдын 30-октябрында саат 18:00гө чейин (кошо алганда) аяктайт.
№
Талапкердин ФАА
Шайлоо округу
Туулган датасы
Ишинин түрү
Көрсөтүү тиби
1.
Молдокулова Гулзар Кумаровна
№25
31.05.1992
Бишкек шаарынын мэриясы, адис
Өзүн-өзү көрсөтүү
2.
Акаев Кылычбек Муталиевич
№9
30.08.1983
«АК Бизнес Групп» ЖЧК
Өзүн-өзү көрсөтүү
3.
Борончиева Айгерим Шамильевна
№26
12.11.1985
Убактылуу иштебейт
Өзүн-өзү көрсөтүү
4.
Бекташова Кишимжан
№8
19.10.1976
Ош шаары, адвокаттар коллегиясынын юристи
Өзүн-өзү көрсөтүү
5.
Ибраимова Малика Багдатовна
№20
27.07.1986
«Бишкекгаз» бөлүм башчы
Өзүн-өзү көрсөтүү
6.
Тургунбаев Алиаскар Абдылдаевич
№23
11.04.1982
Демир банк, башкы адис
Өзүн-өзү көрсөтүү
7.
Кайыпов Сулайман Турдуевич
№12
15.07.1952
КР Улуттук илимдер академиясынын башкы илимий кызматкери
Өзүн-өзү көрсөтүү
8.
Кыдыров Акай Имаралиевич
№19
16.11.1991
ОсОО “Номад Лоджистик”, старший менеджер
Өзүн-өзү көрсөтүү
9
Оморова Айнур Самыйбековна
№28
20.11.1967
Жети-Өгүз жалпы дарыгерлик практика борборунун дарыгери
Өзүн-өзү көрсөтүү
10
Таалайбеков Тагир Таалайбекович
№27
28.08.1998
Ысык-Көл облусунун шахмат федерациясынын президенти
Өзүн-өзү көрсөтүү
11
Оргалча Токтобубу
№3
10.09.1972
ККФ «Азия Дүйнө»
Өзүн-өзү көрсөтүү
12
Жайчиев Эмиль Аканбекович
№12
22.12.1976
Убактылуу иштебейт
Өзүн-өзү көрсөтүү
13
Абдрахманов Кубанычбек Ишенкадырович
№22
23.02.1973
КР Министрлер Кабинетине караштуу Бажы кызматынын улук инспектору
Өзүн-өзү көрсөтүү
14
Узакова Аида Орозалиевна
№22
14.12.1981
Эл аралык Жогорку Медицина Мектебинин Акушердик жана гинекология кафедрасынын доценти
Өзүн-өзү көрсөтүү
15
Чыныбаева Айжан Адамкалиевна
№17
11.04.1978
«Эко Деми» фондунун көзөмөл кеңешинин төрайымы
16
Жумалиева Жылдызкан Зайнидиновна
№25
28.12.1979
М.Рыскулбекова а. ИИУ КЭУ доценти
Өзүн-өзү көрсөтүү
17
Саматов Жыргалбек Алимбаевич
№10
11.03.1973
Жеке ишкер
Өзүн-өзү көрсөтүү
18
Арзибаев Бекболот Осконбаевич
№6
21.01.1985
Ош шаардык кеңешинин депутаты
Өзүн-өзү көрсөтүү
19
Темирова Танзиля Рустамовна
№12
23.11.1991
Үй кожойке, швея, кондитер
Өзүн-өзү көрсөтүү
20
Абдуллаева Райхан
№2
22.03.1956
И.Арабаев а. КМУ . Кыргыз тили жана аны окутуунун технологиялары кафедрасынын профессору
Өзүн-өзү көрсөтүү
Аматов Жаныбек Женишбекович (онлайн)
№3
22.04.1989
Кызыл-Кыя шаардык кенешинин төрагасы
Өзүн-өзү көрсөтүү
Рахманова Диляфруз Дилдарбековна (онлайн)
№5
10.11.1970
Ош шаардык кеңешинин депутаты
Өзүн-өзү көрсөтүү
Жунушалиева Мээрим Кубанычбековна (онлайн)
№28
16.07.1978
Д. Иманова атындагы ОМ директору
Өзүн-өзү көрсөтүү
Камилова Дилбар Зулпуевна
№5
08.03.1969
Жеке ишкер
Өзүн-өзү көрсөтүү
Жусупова Зайнапхон Балтабаевна (онлайн)
№12
05.06.1974
Студент
Өзүн-өзү көрсөтүү
Ташиева Клара Ромашевна (онлайн)
№12
17.10.1980
Базар-Коргон районунун социалдык коргоо бөлүмү
Өзүн-өзү көрсөтүү
Киргизова Раиса Ашиновна (онлайн)
№8
01.03.1988
Убактылуу иштебейт
Өзүн-өзү көрсөтүү
Кошматова Айгуль Абдыганиевна (онлайн)
№6
28.01.1970
Алтын Мурас окуу тарбия комплекси
Өзүн-өзү көрсөтүү
Тизме шайлоо округдары боюнча түзүлгөн. Жарандар жөнүндө маалымат менен тиешелүү шайлоо округун тандап, округдар боюнча таанышса болот. Тизме бул жерде:
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 29-октябрда, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн жарандардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады:
-№ 11 шайлоо округу боюнча талапкер Мамадалиева Айданек Талантовнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Д.Т. Туратбеков жана каржы боюнча С.Т. Акбаралиев;
-№ 13 шайлоо округу боюнча талапкер Курбаналиев Жаныбек Масабировичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча У.А. Айдаралиев жана каржы боюнча Э.М. Шамурзаев;
-№ 12 шайлоо округу боюнча талапкер Жалилова Гүльназ Тажибаевнанын ыйгарым укуктуу өкүлү: каржы боюнча Н.А. Оморбекова;
-№ 29 шайлоо округу боюнча талапкер Ибраев Талантбек Жекшеновичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: каржы боюнча К.Т. Ибраева;
-№ 16 шайлоо округу боюнча талапкер Биймырза уулу Азиздин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча А. Алманбек кызы жана каржы боюнча Э. Мирбек уулу;
-№ 5 шайлоо округу боюнча талапкер Бердикулова Эльмира Маматеминовнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Б.К. Омошев жана каржы боюнча Р.А. Мойдунов;
-№ 25 шайлоо округу боюнча талапкер Шерикулова Минара Анарбековнанын ыйгарым укуктуу өкүлү: каржы боюнча М.К. Суюнтбекова;
-№ 6 шайлоо округу боюнча талапкер Осмоналиев Илимбек Токтогуловичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Г.И. Джораев жана каржы боюнча Э.М. Мусурманкулов;
-№ 9 шайлоо округу боюнча талапкер Абжапарова Уултай Амалбековнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча А.А. Абжапарова жана каржы боюнча Э.Б. Маматов;
-№ 6 шайлоо округу боюнча талапкер Абдылдаева Канзада Абдылдаевнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Г.К. Кубатова жана каржы боюнча Т.Б. Токтосунов;
-№ 2 шайлоо округу боюнча талапкер Сайдимаров Чындыкбек Сейдакматовичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Ч.М. Душенов жана каржы боюнча А.М. Жалилов;
-№ 6 шайлоо округу боюнча талапкер Сатывалдыева Гулнура Ганыбаевнанын ыйгарым укуктуу өкүлү: каржы боюнча Г.М. Мирхамзаева;
-№ 12 шайлоо округу боюнча талапкер Маматов Бакытбек Самагановичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Б.Т. Маматов жана каржы боюнча Л.Н. Нажимидинова;
-№ 3 шайлоо округу боюнча талапкер Алибеков Шерахмад Халиловичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо боюнча А. Койчубай уулу;
-№ 29 шайлоо округу боюнча талапкер Эдилбеков Чолпонбектин ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо боюнча А.Т. Турдубаева;
-№ 9 шайлоо округу боюнча талапкер Акылбек Нурсултандын ыйгарым укуктуу өкүлү: каржы боюнча Б.М. Жаканов;
-№ 20 шайлоо округу боюнча талапкер Алыбаева Жаңыл Ишенбековнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Д.А. Бустанова жана каржы боюнча Дж.М. Джумабаева;
-№ 21 шайлоо округу боюнча талапкер Тазабекова Гүлшат Алпамышовнанын ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо боюнча Т.А. Тазабеков;
-№ 7 шайлоо округу боюнча талапкер Акыл уулу Актилектин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Б. Жоомарт уулу жана каржы боюнча Т. Турдумамбет уулу;
- № 26 шайлоо округу боюнча талапкер Сыдыгалиев Нурмухамед Ашымбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: каржы боюнча Н.М. Новикова.
Ошондой эле № 27 шайлоо округунан депутаттыкка талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Алымбеков Искендер Кенешбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлү боюнча чечим кабыл алынды: шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү О. А. Орозбаковдун каттоосу жокко чыгарылып, анын ордуна Н. Б. Намазбеков И.Алымбековдун шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары катталды.
Талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүктөрү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы чет өлкөлөрдө дагы 6 шайлоо участогун бекитүү жөнүндө токтом кабыл алды
Кыргызстандын аймагынан тышкары мамлекеттердеги Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу максатында бүгүн, 29-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы өзүнүн жыйынында чет өлкөлөрдө добуш берүүнү уюштуруу үчүн түзүлгөн дагы 6 шайлоо участогун бекитүү жөнүндө токтом кабыл алды.
Жаңы шайлоо участоктору төмөнкү өлкөлөрдө жана шаарларда ачылды:
Россияда – 4 участок: Екатеринбург, Челябинск, Тюмень жана Пермь шаарларында;
Болгарияда – София шаарында 1 участок;
Польшада – Варшава шаарында 1 участок.
Ушуну менен чет өлкөлөрдө ачылган шайлоо участкаларынын жалпы саны 97ге жетти.
Эске салсак, 2025-жылдын 18-октябрында БШК 71 шайлоо участогун, ал эми 24-октябрда дагы 20 участок түзүү тууралуу токтом кабыл алган.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы № 7 округдук шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизди
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында бүгүн, 29-октябрда, № 7 округдук шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси каралып, тиешелүү чечим кабыл алынды.
Ибрагим кызы Мираида берген арызына ылайык, Комиссиянын курамынан чыгарылды. Комиссиянын курамына Гуламов Шоятбек Шакиржанович киргизилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Бишкек шаарындагы № 1165 шайлоо участогунун дарегин өзгөрттү
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 29-октябрда “Бишкек шаарындагы № 1165 шайлоо участогунун дарегин өзгөртүү жөнүндө” токтом кабыл алды.
Ага ылайык, Бишкек шаарындагы № 37 мектептин имаратында жайгашкан № 1165 шайлоо участогунун дареги Белорус көчөсү, 37/1ден Көк-Жар кичи району, № 3 үйгө № 404 МАБдын мурдагы имаратына өзгөртүлдү.
№ 22 округдук шайлоо комиссиясына Октябрь административдик району менен биргеликте шайлоочулар арасында шайлоо участогунун дареги өзгөргөндүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Ж.Тургановдун парламенттик шайлоого катышуудан баш тартуу арызын карады
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 29-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн Турганов Жылдызбек Момунжановичтин 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган мөөнөтүнөн мурда өтүүчү парламенттик шайлоого катышуудан баш тартуу арызын карады.
№19 шайлоо округунан талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн Ж.Турганов БШКга арызын 2025-жылдын 28-октябрында берген.
КР БШКсы Ж.Тургановдун арызын эске алып, БШКнын 2025-жылдын 17-октябрындагы чечими менен катталган анын шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү И.С.Момунжановдун, каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү А.О. Шаршенбаеванын каттоолорун жокко чыгарды.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Жогорку Кеңештин депутаттыгына 22 талапкерди каттады
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 29-октябрда, көп мандаттуу шайлоо округдарынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына өзүн-өзү көрсөткөн төмөнкү талапкерлерди каттоо боюнча чечим кабыл алды:
-Орозбаев Мирлан Кубатбекович — №24 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
-Алтыбаева Айнуру Тойчиевна — №5 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
-Нурмухамедов Эрназар Муратбекович — №17 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
-Жумаканов Мустафа Бейшебаевич — №30 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
-Манамкулов Дастан Майрамбекович — №17 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
-Самаков Кубанычбек Карганбекович — №30 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
-Джумабеков Дастанбек Артисбекович — №16 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
-Жумаев Байыш Эркебаевич — №9 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
-Мурзажигит кызы Зарема — №5 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
-Ормонова Авазкан Чынбердиевна — №7 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
-Турсунбаев Азизбек Атакозуевич — №15 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
-Эрматов Нурдин Манапович — №12 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
-Эсенаманова Чолпон Замирбековна — №17 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
-Джаилов Таалайбек Карыпович — №27 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
-Илязбаев Нурбек Илязбаевич — №4 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
-Исираилов Азамат Алмазбекович — №5 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
-Эсенкулов Арно Толобекович — №14 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
-Бердиев Аккулу Тагаевич — №8 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
-Кемелов Акыл Канатбекович — №28 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
-Нышанов Сайдулла Канболотович — №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
-Мамытканова Тамара Акимжановна — №14 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
-Кылычбаев Алтынбек Таирович — №11 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер.
Аталган талапкерлердин шайлоо документтери талапкерлер, саясий партиялар тарабынан сунушталган шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ тарабынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерге коюлуучу мыйзамдардын талаптарына ылайык келери аныкталган жана аларды каттоо сунушталган.
Катталган талапкерлерге белгиленген үлгүдөгү ырастама берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы эскертет: 2025-жылдын 30-октябрында саат 18:00дө Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктайт
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы эскертет, 2025-жылдын 30-ноябрында өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышууга ниетин билдирген жарандардын арыздарын кабыл алуу эртең, 2025-жылдын 30-октябрында саат 18:00гө чейин жүргүзүлөт («Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 60-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык).
Талапкерлер 2-ноябрга чейин документтердин толук пакетин тапшырууга тийиш, ал эми талапкерлерди каттоо 9-ноябрда аяктайт.
10-ноябрдан тарта үгүт кампаниясы башталат.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2025-жылдын 29-октябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 2025-жылдын 29-октябры
Убактысы: 17.00
Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы
Орозбаев Мирлан Кубатбековичти № 24 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
Алтыбаева Айнуру Тойчиевнаны № 5 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
Нурмухамедов Эрназар Муратбековичти № 17 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
Жумаканов Мустафа Бейшебаевичти № 30 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
Манамкулов Дастан Майрамбековичти № 17 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
Самаков Кубанычбек Карганбековичти № 30 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
Джумабеков Дастанбек Артисбековичти № 16 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы
Жумаев Байыш Эркебаевичти № 9 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы
Мурзажигит кызы Зареманы № 5 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы
Ормонова Авазкан Чынбердиевнаны № 7 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы
Турсунбаев Азизбек Атакозуевичти № 15 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы
Эрматов Нурдин Манаповичти № 12 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы
Эсенаманова Чолпон Замирбековнаны № 17 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы
Джаилов Таалайбек Карыповичти № 27 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы
Илязбаев Нурбек Илязбаевичти № 4 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы
Исираилов Азамат Алмазбековичти № 5 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы
Эсенкулов Арно Толобековичти № 14 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы
Бердиев Аккулу Тагаевичти № 8 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы
Кемелов Акыл Канатбековичти № 28 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы
Нышанов Сайдулла Канболотовичти № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы
Мамытканова Тамара Акимжановнаны № 14 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы
Кылычбаев Алтынбек Таировичти № 11 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы
№19 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн Турганов Жылдызбек Момунжановичтин шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызы жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
№ 11 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн Мамадалиева Айданек Талантовнанын ыйгарым укуктуу өкүлү кылып Д.Т. Туратбековду каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№ 13 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн Курбаналиев Жаныбек Масабировичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кылып У.А. Айдаралиевди жана Э.М. Шамурзаевди каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№ 12 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн Жалилова Гүльназ Тажибаевнанын ыйгарым укуктуу өкүлү кылып Н.А. Оморбекованы каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№ 29 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн Ибраев Талантбек Жекшеновичтин ыйгарым укуктуу өкүлү кылып К.Т. Ибраеваны каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№ 27 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн Алымбеков Искендер Кенешбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№ 16 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн Биймырза уулу Азиздин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кылып А. Алманбек кызын жана Э. Мирбек уулун каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№ 5 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн Бердикулова Эльмира Маматеминовнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кылып Б.К. Омошевди жана Р.А. Мойдуновду каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№ 25 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн Шерикулова Минара Анарбековнанын ыйгарым укуктуу өкүлү кылып М.К. Суюнтбекованы каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№ 6 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн Осмоналиев Илимбек Токтогуловичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кылып Г.И. Джораевди жана Э.М. Мусурманкуловду каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№ 9 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн Абжапарова Уултай Амалбековнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кылып А.А. Абжапарованы жана Э.Б. Маматовду каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
Бишкек шаарындагы № 1165 шайлоо участогунун дарегин өзгөртүү жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
№ 7 округдук шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары добуш берүүнү уюштуруу маселелери жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
Кененирээк билүү >>
28-октябрь 2025-жылга карата көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча КР ЖКнын депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу жѳнүндѳ ниетин билдирүү боюнча арыз тапшыргандар
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясында 2025-жылдын 30-ноябрында ѳтѳ турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу жѳнүндѳ ниетин билдирген жарандардан арыздар кабыл алынууда. Бүгүнкү күнгө карата 531 жаран арыз тапшырды.
Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниети жөнүндө арыздарды кабыл алуу добуш берүү күнүнө 30 календардык күн калганга чейин, тактап айтканда, 2025-жылдын 30-октябрында саат 18:00гө чейин (кошо алганда) аяктайт.
№
Талапкердин ФАА
Шайлоо округу
Туулган датасы
Ишинин түрү
Көрсөтүү тиби
1.
Абсалиев Ахматали Садырбекович
№22
23.04.1981
«Бета иншаат ятырымжылык» ЖАКнун башкы бухгалтери
Өзүн-өзү көрсөтүү
2.
Курбаналиев Жаныбек Масабирович
№13
07.05.1963
КР УКМК, отставкадагы полковник.
Өзүн-өзү көрсөтүү
3.
Ибраев Талантбек Жекшенович
№29
24.07.1978
Өзүн-өзү көрсөтүү
4.
Мамадалиева Айданек Талантовна
№11
08.02.1997
Жеке ишкер
Өзүн-өзү көрсөтүү
5.
Мусуралиев Туратбек Абдиларисович
№22
14.01.1967
«Олимп» балдар жана өспүрүмдөрдүн спорт мектебинин улук машыктыруучусу
Өзүн-өзү көрсөтүү
6.
Джаналиев Кенжебек Бектурович
№17
11.02.1987
Убактылуу иштебейт
Өзүн-өзү көрсөтүү
7.
Бердикулова Эльмира Маматеминовна
№5
11.07.1968
Убактылуу иштебейт
Өзүн-өзү көрсөтүү
8.
Сайдимаров Чындыкбек Сейдакматович
№2
20.05.1988
Жеке ишкер
Өзүн-өзү көрсөтүү
9.
Шарапова Жибек Закировна
№24
06.10.1990
Бишкек шаардык кеңешинин депутаты
Өзүн-өзү көрсөтүү
10.
Сатыбалдиев Бусурман
№18
06.01.1953
Пенсионер
Өзүн-өзү көрсөтүү
11.
Асанакунова Жылдыз Жартыевна
№28
28.10.1971
Жеке ишкер
Өзүн-өзү көрсөтүү
12.
Сейдакматов Мирбек Исаевич
№27
06.08.1973
Убактылуу иштебейт
Өзүн-өзү көрсөтүү
13.
Алибеков Шерахмад Халилович
№3
14.10.1974
«Халил» ЖЧКнын директору
Өзүн-өзү көрсөтүү
14
Касымова Нурзида Абабакировна
№10
29.09.1983
КР Агартуу министрлигинин мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башчысы.
15
Акыл уулу Актилек (онлайн)
№7
18.08.1994
Маданият тармагында эмгектенген кызматкер.
Өзүн-өзү көрсөтүү
16
Осмоналиев Илимбек Токтогулович (онлайн)
№6
23.06.1987
Жеке ишкер
Өзүн-өзү көрсөтүү
Тизме шайлоо округдары боюнча түзүлгөн. Жарандар жөнүндө маалымат менен тиешелүү шайлоо округун тандап, округдар боюнча таанышса болот.Тизме бул жерде:
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 28-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн жарандардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады:
- № 23 шайлоо округу боюнча талапкер Кожомкулова Айсулуу Жоомартовнанын ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо боюнча Б.М. Нарбаева;
- № 30 шайлоо округу боюнча талапкер Ашимбаев Сабыркул Абасовичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Н.М. Утанов жана каржы боюнча Ш.О. Медетбекова;
- № 8 шайлоо округу боюнча талапкер Калмаматова Элиза Бакалбаевнанын ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо боюнча М. Асилбек кызы;
- № 19 шайлоо округу боюнча талапкер Аманбаев Бактыбек Абдилашимовичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Д.Т. Сатыбалдиев жана каржы боюнча Э.М. Ормонов;
- № 9 шайлоо округу боюнча талапкер Турдубаева Гульмира Мамаевнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча М.Т. Сатыбалдиев жана каржы боюнча А.М. Турдубаев;
- № 9 шайлоо округу боюнча талапкер Токтомуратова Гульпери Абдылдаевнанын ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо боюнча Э. Танаев;
- № 22 шайлоо округу боюнча талапкер Абдрахманов Сагынбек Уметалиевичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо боюнча Б.М. Садамкулов;
- № 1 шайлоо округу боюнча талапкер Ахмедов Канатбек Абдурашидовичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча К.Т. Алиев жана каржы боюнча У. Абдыкаар уулу;
- № 8 шайлоо округу боюнча талапкер Ашимова Динара Ашимовнанын ыйгарым укуктуу өкүлү: каржы боюнча Б.К. Абдыкадыров;
- № 9 шайлоо округу боюнча талапкер Камбардинова Рахат Махмутжановнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча К.К. Батыралиев жана каржы боюнча К.А. Жалилов;
- № 23 шайлоо округу боюнча талапкер Исатбек кызы Аиданын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Н.Ж. Жангазиева жана каржы боюнча А.М. Дандаева;
- № 30 шайлоо округу боюнча талапкер Осмоналиева Ханзада Исаковнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча А.А. Оморов жана каржы боюнча Ж.М. Молдосунова;
- № 2 шайлоо округу боюнча талапкер Төлөмүшов Бегали Пирмаматовичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Ш. Молдоказы уулу жана каржы боюнча Т.М. Жороев;
- № 28 шайлоо округу боюнча талапкер Ибраев Саматбек Кулукеевичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо боюнча Ж.Т. Жуманалиев;
- № 14 шайлоо округу боюнча талапкер Жапарова Жеңишгүл Молдокеримовнанын ыйгарым укуктуу өкүлү: каржы боюнча Н.Ө. Оморова;
- № 17 шайлоо округу боюнча талапкер Курманалиева Койсун Аблабековнанын ыйгарым укуктуу өкүлү: каржы боюнча Р.М. Курманалиев;
- № 4 шайлоо округу боюнча талапкер Жаанбаев Уланбек Коргонбаевичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: каржы боюнча А. Бакытбек уулу;
- № 9 шайлоо округу боюнча талапкер Саипбаев Нурланбек Жаныбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Э.Э. Полотбеков жана каржы боюнча Т.Т. Жээнбеков;
- № 5 шайлоо округу боюнча талапкер Абдуллаев Азизбек Ашимжановичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Б.М. Мансиркулов жана каржы боюнча А.А. Манонов;
- № 28 шайлоо округу боюнча талапкер Бараканов Руслан Төлөмүшовичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча М.А. Сабаев жана каржы боюнча Т.Т. Баяманов;
- № 25 шайлоо округу боюнча талапкер Сейтказиева Эркеайым Алымовнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Н.Т. Таштаналиева жана каржы боюнча Б.Т. Байгазиева;
- № 20 шайлоо округу боюнча талапкер Абдыгулова Асель Мисировнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча А.Т. Туратбекова жана каржы боюнча И.А. Бурханов;
- № 21 шайлоо округу боюнча талапкер Омонова Гульчехра Таабалдиевнанын ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо боюнча М.Т. Джунусалиев;
- № 19 шайлоо округу боюнча талапкер Усеинова Нургуль Эмилькановнанын ыйгарым укуктуу өкүлү: каржы боюнча С.А. Джусупбекова;
- № 10 шайлоо округу боюнча талапкер Эсенбай уулу Талантбектин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча А.Исакова жана каржы боюнча Ж.Шабаев;
- № 12 шайлоо округу боюнча талапкер Карабекова Кызжибек Советовнанын ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо боюнча К.С. Карабекова;
- № 29 шайлоо округу боюнча талапкер Сардарбеков Садырбектин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Ш. Иниятов жана каржы боюнча У.М. Алимкулов.
Ошондой эле № 23 шайлоо округунан депутаттыкка талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Султанов Токтосун Султановичтин ыйгарым укуктуу өкүлү боюнча чечим кабыл алынды: каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү А.О. Абдыракманованын каттоосу жокко чыгарылып, анын ордуна М.Ж. Бекматова Т.Султановдун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары катталды.
Талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүктөрү берилет.
Кененирээк билүү >>
Шайлоону өткөрүү процесси жана шайлоо мыйзамдарындагы реформаларга сереп боюнча жарандар үчүн семинарлар өткөрүлөт
Шайлоону өткөрүү процесси жана шайлоо мыйзамдарындагы реформаларга сереп боюнча жарандар үчүн семинарлар өткөрүлөт
Кыргыз Республикасынын 7 облусунда жана Бишкек шаарында «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдагы мөөнөтүнөн мурдагы шайлоону өткөрүү процесси жана шайлоо мыйзамдарындагы реформаларга сереп» аттуу жарандар үчүн семинарлар өткөрүлөт.
Шайлоочуларды окутуу КР БШК мүчөлөрү жана шайлоо боюнча эксперттер тарабынан жүргүзүлөт. Бул катышуучуларга шайлоо укугу жана шайлоо процесси, жарандардын шайлоодогу ролу, ошондой эле аялдардын, жаштардын жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын коомдук турмушка натыйжалуу катышуусу боюнча комплекстүү түшүнүк алууга мүмкүндүк берет. Окутуу учурдагы шайлоо мыйзамдарынын негизинде жана жүргүзүлүп жаткан реформаларды эске алуу менен өткөрүлөт.
Семинарлардын катышуучулары төмөнкү билимдерге ээ боло алышат:
● Шайлоо мыйзамдары жана мыйзамдардагы реформаларды эске алуу менен шайлоо өткөрүү процесси боюнча билим;
● Шайлоодогу жарандардын ролу жана натыйжалуу катышуунун ыкмалары тууралуу түшүнүк;
● Кыргыз Республикасында өкүлчүлүктүн мааниси жана аялдардын лидерлигин ар тараптан өнүктүрүү боюнча түшүнүк;
● Жарандык активдүүлүктү жогорулатууга болгон мотивацияны күчөтүү.
Окутуулар «ДаткАйым» улуттук кампаниясынын алкагында өткөрүлөт.
Күнү
Сааты
Шаары
29.10.25
13.00.-16.00
Баткен ш.
30.10.25
12.00-15.00
Ош ш.
31.10.25
11.00-13.00
Манас ш.
02.11.25
12.00
Нарын ш.
03.11.25
09.00-13.00
Чолпон-Ата ш.
04.11.25
15.00
Бишкек ш.
04.11.25
11.00
Беловодск ш.
05.11.25
12.00-15.00
Талас ш.
05.11.25
11.00
Токмок ш.
КР БШКнын өкүлдөрү/ жана Эксперттер
Бекматов Абдыжапар Гапырович
Жумалиева Акбалык Калыевна
Усупбекова Айнура Максатбековна
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Б.Дүйшеналиевди Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тартты
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 28-октябрда, Жогорку Кеңештин депутаттыгына көп мандаттуу №14 шайлоо округу боюнча өзүн-өзү талапкер катары көрсөткөн Дүйшеналиев Болотбек Согушбековичти каттоодон баш тартуу чечимин кабыл алды.
Б.Дүйшеналиев №14 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңешке талапкер кылып өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде шайлоого катышуу ниети жөнүндө арызды 2025-жылдын 9-октябрында КР БШКга тапшырган.
Талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ Дүйшеналиев Болотбек Согушбековичтин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлерге коюлуучу мыйзамдардын талаптарына ылайык келбестигин аныктап, аны талапкер кылып каттоодон баш тартууну сунуштаган.
КР Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 2025-жылдын 16-октябрындагы маалымкатына ылайык, Б.Дүйшеналиев уюшкан кылмыштуу топко, кылмыштуу коомдоштукка (кылмыштуу уюмга), куралдуу топко (бандага) тиешеси бар адам катары алдын алуучу, ыкчам-алдын алуучу каттоодо 2011-жылы тургандыгы аныкталды.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын 2025-жылдын 15-октябрындагы тиешелүү маалымкатына ылайык, Б.Дүйшеналиевдин “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 59-беренесинин 4-бөлүгүнүн талаптарына ылайык келбей тургандыгы аныкталды. Тагыраак айтканда, Б.Дүйшеналиев талапкерлигин көрсөтүүнүн алддында 2023-жылдын 11-ноябрынан 2024-жылдын 4-февралына чейин (84 күн), 2024-жылдын 20-апрелинен 8-июнуна чейин (48 күн) жана 2024-жылдын 18-июлунан 4-октябрына чейин (78 күн) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жүргөн (210 күн).
2025-жылдын 28-октябрында болуп өткөн Жумушчу топтун отурумунда Б.Дүйшеналиев жана КР Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкери катышып, алар угулду.
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 61-беренесинин 11-бөлүгүнө ылайык, эгерде адам уюшкан кылмыштуу топко, кылмыштуу коомдоштукка (кылмыштуу уюмга), куралдуу топко (бандага) тиешеси бар адам катары алдын алуучу, ыкчам-алдын алуучу каттоодо турса же болгон болсо талапкерди каттоодон баш тартуу үчүн негиз болуп саналат.
Жумушчу топтун 2025-жылдын 28-октябрындагы № 14 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Б.Дүйшеналиевди Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тартуу жөнүндө корутундусунун жана КР Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын маалыматынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 59-беренесинин 4-бөлүгүн, 61-беренесинин 11-бөлүгүн жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 3, 4, 8-беренелерине ылайык, КР БШКсы Дүйшеналиев Болотбек Согушбековичти № 14 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тартты.
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
24.09.2026
КР БШКнын мүчөсү Т. Оторбаев Монголияда өтүп жаткан «Саясий каржылоонун ачык-айкындыгы жана көзөмөл» аттуу эл аралык тегерек столго катышууда
23.09.2026
Бир катар шайлоо участокторунун даректери өзгөрдү
23.09.2026
Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана резервин жүргүзүү тартиби бекитилди
23.09.2026
КР БШКсы бир катар шайлоо участокторунун даректерин өзгөрттү
23.09.2026
КР Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колдорун чогултуу тартиби жана “Кол чогултуу” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жоболор бекиди
23.09.2026
Айрым категориялардагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу жөнүндө жобо бекитилди