Башкы Жаңылыктар КР БШКсы 2025-жылдын 8-ноябрында талапкерлердин шайлоо бюллетенине киргизүү …

КР БШКсы 2025-жылдын 8-ноябрында талапкерлердин шайлоо бюллетенине киргизүү кезектүүлүгүн аныктоо боюнча чүчү кулак өткөрөт (график)

07-Ноя, 2025

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы эртең, 8-ноябрда 30 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына катталган талапкерлердин шайлоо бюллетенине киргизүү кезектүүлүгүн аныктоо боюнча жана мамлекеттик телерадио уюмдарынын каналдарында талапкерлерге акысыз эфир убактысын жана мамлекеттик мезгилдүү басылмаларда акысыз басма аянтын бөлүштүрүү боюнча чүчү кулак өткөрөт.

Ушул эле күнү 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу үчүн көп мандаттуу шайлоо округу боюнча катталган талапкерлердин меморандумга кол коюу иш-чарасы болот.

Ушуга байланыштуу, мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдары менен өз ара тыгыз кызматташып, БШКнын атайын өкүлдөрү, округдук шайлоо комиссияларынын төрагалары төмөнкү иш-чараларды жүргүзөт:

– “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” конституциялык мыйзамынын 3-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте чүчү кулак өткөрүү үчүн имараттарды техникалык жабдуулар менен лототрондорду камсыздоо;

– чүчү кулакты өткөрүүдө коомдук, анын ичинде эл аралык байкоочуларга катышууга жол берүү;

– чүчү кулакты өткөрүү боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө алдын ала кабар жөнөтүү.

КР БШКнын атайын өкүлдөрү жана округдук шайлоо комиссияларынын төрагалары 8-ноябрда өтүүчү иш-чараларды уюштурууну жана өткөрүүнү көзөмөлгө алат.

Төмөндө чүчү кулак өткөрүү иш-чараларынын графиги тиркелет:

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
Бактыбек Калмаматов КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылды
11-Ноя, 2026

Бактыбек Калмаматов КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылды

Бүгүн, 11-ноябрда, Калмаматов Бактыбек Орозалиевич Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды.Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын шайлоочуларды маалымдоо боюнча аткарган жумуштары
10-Ноя, 2026

КР БШКнын шайлоочуларды маалымдоо боюнча аткарган жумуштары

2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан кыргыз-орус тилдеринде бүгүнкү күндө 10 маалыматтык видеоролик тартылып, дагы бир канчасы даярдалууда.Алар: “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна ким талапкер боло алат?”, “Президенттик шайлоодо талапкерди көрсөтүү жана каттоо кандай жүргүзүлөт?”, “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин шайлоо фондун түзүү тартиби”, “Шайлоочунун кабинети”, “Талапкерди онлайн колдоону каалайсызбы?”, “Шайлоочулар тизмесинен өзүңүздү тактаңыз”, “Байкоочунун шайлоодогу укуктары жана милдеттери”, “Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун этаптары”, “Өлкөнүн келечеги ар бирибиздин тандообуздан башталат”, “Өзүңүзгө ыңгайлуу жерден добуш бериңиз”.Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 24-сентябрындагы №715-VIII токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо дайындалган мезгилинен, тагыраагы 29-сентябрдан тартып, видео материалдар УТРКнын, анын аймактык бөлүмдөрүнүн, радиолорунун, ЭлТРдин жана коммерциялык телеканалдардын эфирлеринен чагылдырылып жатат.Мындан сырткары, Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтында, социалдык тармактагы баракчаларында маалыматтык видеороликтер жайгаштырылууда. Белгилей кетсек, талапкерди онлайн колдоо (кол топтоо) боюнча видеоролик 7-октябрдан тартып көрсөтүлүүдө.Бүгүнкү күндө аталган видеороликтер мамлекеттик телеканалдарда 1442, коммерциялык телеканалдарда 798 жолу эфирге чыкты.Ошондой эле өлкөнүн бардык аймактарындагы 400дөн ашуун LED-экрандарында аталган роликтер байма-бай көрсөтүлүүдө.
Кененирээк билүү >>
Садыр Жапаров КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылды
10-Ноя, 2026

Садыр Жапаров КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылды

Бүгүн, 10-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаров Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды.2026-жылдын 10-ноябрына карата КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлерди көрсөтүү боюнча жалпысынан алты арыз келип түштү.Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы “Түндүк” тиркемеси аркылуу кол чогултуунун жол-жобосун дагы бир жолу түшүндүрөт
09-Ноя, 2026

КР БШКсы “Түндүк” тиркемеси аркылуу кол чогултуунун жол-жобосун дагы бир жолу түшүндүрөт

Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө Конституциялык мыйзамдын 52-беренесине ылайык, Президенттин кызмат ордуна талапкер 30 минден кем эмес шайлоочунун колу менен колдоого алынууга тийиш. Колдор булуттук санарип кол тамгасын колдонуу менен санарип форматта, же болбосо активдүү шайлоо укугуна ээ болгон шайлоочулардын арасында кол коюу барактарында чогултулушу мүмкүн.Кол коюу барагынын таризи, кол чогултуунун жана текшерүүнүн тартиби жана ыкмасы Борбордук шайлоо комиссиясы тарабын аныкталат.2026-жылдын 23-сентябрында кабыл алынган КР Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колдорун чогултуу тартиби жөнүндө Жобого ылайык, Президенттик кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колдорун чогултуу “Кол чогултуу” автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу электрондук форматта жүзөгө ашырылат. Талапкерге кол чогултуу электрондук форматта “Түндүк” электрондук кызмат көрсөтүүлөр  мамлекеттик порталы аркылуу жүргүзүлүп, талапкердин ыйгарым укуктуу кызмат адамдарына чогултулган колдор жөнүндө маалыматтарды көрүү жана кол коюу барактарын түзүү мүмкүнчүлүгүн берет. Тутумда талапкерди колдоону билдирген шайлоочулар жөнүндөгү маалыматтарды көрүү мүмкүнчүлүгү камсыздалат, б.а. колдоо көрсөткөн шайлоочулар боюнча жеке жана толук статистикалык маалыматтар камтылган. Аталган маалыматтар жаш курагы жана аймактык бөлүнүшүнө карап түзүлөт.Талапкерге иреттик номерин, аты-жөнүн, аймагын, колдоосун билдирген, датасын камтыган шайлоочулардын катталган колдорунун жалпы саны жана тизмеси көрсөтүлөт.“Кызмат” мамлекеттик мекемесинин берген маалыматына ылайык, “Түндүк” электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталынын колдонуучуларынын саны 3 миллион 600 миңден ашык.  
Кененирээк билүү >>