Башкы Жаңылыктар КР БШКсы Нурланбек Пусуровду Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер …

КР БШКсы Нурланбек Пусуровду Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тартты

06-Ноя, 2025

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 6-ноябрда, Жогорку Кеңештин депутаттыгына көп мандаттуу №9 шайлоо округу боюнча өзүн-өзү талапкер катары көрсөткөн Пусуров Нурланбек Давлетакуновичти каттоодон баш тартуу чечимин кабыл алды.

Н.Пусуров №9 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңешке талапкер кылып өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде шайлоого катышуу ниети жөнүндө арызды 2025-жылдын 23-октябрында КР БШКга тапшырган.

2025-жылдын 6-ноябрында талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун отуруму өткөрүлүп, ага Н.Пусуров чакырылып, угулду.

Жумушчу топтун отурумунда Н.Пусуровдун Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерге коюлган мыйзамдагы талаптарга ылайык келбестиги аныкталып, Борбордук шайлоо комиссиясына аны талапкер катары каттоодон баш тартуу жөнүндө сунуш киргизилген.

КР Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 2025-жылдын 30-октябрындагы маалымкатына ылайык, Н.Пусуров 2011-жылдан 2019-жылга чейин уюшкан кылмыштуу топко (кылмыштуу коомдоштукка, кылмыштуу уюмга), ошондой эле куралдуу топко (бандага) тиешеси бар адам катары алдын алуучу, ыкчам-алдын алуучу каттоодо турганы аныкталган.

Мындан тышкары, КР Агартуу министрлигине караштуу Билим берүү сапатын өнүктүрүү департаментине суроо-талап жиберилип, аталган ыйгарым укуктуу органдын 2025-жылдын 3-ноябрындагы маалымкатына ылайык Н.Пусуровго берилген Ош мамлекеттик университетинин 2000-жылдын 25-июнунда № CD 200062362 берилген жогорку кесиптик билими жөнүндө документтин аныктыгы тастыкталган жок деп келген.

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 61-беренесинин 11-бөлүгүнө ылайык, эгерде адам уюшкан кылмыштуу топко, кылмыштуу коомдоштукка (кылмыштуу уюмга), же куралдуу топко (бандага) тиешеси бар адам катары алдын алуучу, ыкчам-алдын алуучу каттоодо турса же мурда турган болсо, талапкерди каттоодон баш тартууга негиз болуп саналат.

Жогорудагыларды эске алуу менен, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 59-беренесинин 4-бөлүгүн, 61-беренесинин 11-бөлүгүн, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 3, 4 жана 8-беренелерин жетекчиликке алып, КР БШКсы Пусуров Нурланбек Давлетакуновичти № 9 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тартты.

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>