Башкы Жаңылыктар КР БШКсы Жогорку Кеңештин депутаттыгына 41 талапкерди каттады

КР БШКсы Жогорку Кеңештин депутаттыгына 41 талапкерди каттады

06-Ноя, 2025
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 6-ноябрда, көп мандаттуу шайлоо округдарынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына өзүн-өзү көрсөткөн төмөнкү талапкерлерди каттоо тууралуу чечим кабыл алды:
— Нарматова Орозайым Кочконбаевна – №10 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
— Джунусалиев Рамис Майрамбекович – №19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
— Деркимбаева Асель Урусовна – №27 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
— Абдуллаев Азизбек Ашимжанович – №5 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
— Осмоналиев Илимбек Токтогулович – №6 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
— Каразаков Жунусбек Абдирашитович – №1 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
— Качкынов Самат Турганбекович – №27 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
— Мамбеталиев Алтынбек Джумабаевич – №18 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
— Умарбеков Боронбай Баитович – №9 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
— Акбаев Авазбек Абдирахманович – №12 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
— Акылбек Нурсултан – №9 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
— Мерканов Адилет Асанович – №27 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
— Бодошев Талантбек Темирханович – №18 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
— Султанов Каныбек Султанович – №27 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
— Таштанбекова Мадина Таштанбековна – №29 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
— Супатаева Альфира Илиясовна – №27 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
— Мадазимов Бекболот Акимович – №8 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
— Токтомамбетов Аманкул Жапарбекович – №29 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
— Эргешбаева Таттуубүбү Нурбековна – №14 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
— Даут Ахунов Сардарбек Исмаилжанович – №9 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
— Аширбаев Элкинбек Токтогонович – №18 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
— Абдуллаева Райхан – №2 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
— Эркинбаева Гульнарахан Джумаковна – №9 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
— Аскарова Элмира Исраиловна – №2 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
— Ботобаев Айбек Курманович – №26 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
— Султанова Салима Эргешовна – №5 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
— Токторбаева Кыял Айтбековна – №24 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
— Токторова Карамат Балтабаевна – №8 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
— Токтосунов Алтынбек Турусбекович – №6 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
— Нурунбетов Сыймыкбек Балтахунович – №9 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
— Патиев Нурканбек – №8 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
— Джалилов Азамжан Абдуллажанович – №9 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
— Таалайбеков Тагир Таалайбекович – №27 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
— Кыдыршаев Дамирбек Эрмекбаевич – №10 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
— Машрапова Гүлай Эгемназаровна – №7 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
— Карабекова Айгүл Асановна – №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
— Кулбараков Абтандил Илдузович – №29 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
— Капаров Чынгыз Капарович – №30 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
— Эсенканова Айзада Сатарбековна – №29 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
— Абыкеев Темирболот Асаналиевич – №29 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
— Осмоналиева Ханзада Исаковна – №30 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер.
Аталган талапкерлердин шайлоо документтери талапкерлер, саясий партиялар тарабынан сунушталган шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ тарабынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерге коюлуучу мыйзамдардын талаптарына ылайык келери аныкталган жана аларды каттоо сунушталган.
Катталган талапкерлерге белгиленген үлгүдөгү ырастама берилет.

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
Бактыбек Калмаматов КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылды
11-Ноя, 2026

Бактыбек Калмаматов КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылды

Бүгүн, 11-ноябрда, Калмаматов Бактыбек Орозалиевич Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды.Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын шайлоочуларды маалымдоо боюнча аткарган жумуштары
10-Ноя, 2026

КР БШКнын шайлоочуларды маалымдоо боюнча аткарган жумуштары

2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан кыргыз-орус тилдеринде бүгүнкү күндө 10 маалыматтык видеоролик тартылып, дагы бир канчасы даярдалууда.Алар: “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна ким талапкер боло алат?”, “Президенттик шайлоодо талапкерди көрсөтүү жана каттоо кандай жүргүзүлөт?”, “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин шайлоо фондун түзүү тартиби”, “Шайлоочунун кабинети”, “Талапкерди онлайн колдоону каалайсызбы?”, “Шайлоочулар тизмесинен өзүңүздү тактаңыз”, “Байкоочунун шайлоодогу укуктары жана милдеттери”, “Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун этаптары”, “Өлкөнүн келечеги ар бирибиздин тандообуздан башталат”, “Өзүңүзгө ыңгайлуу жерден добуш бериңиз”.Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 24-сентябрындагы №715-VIII токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо дайындалган мезгилинен, тагыраагы 29-сентябрдан тартып, видео материалдар УТРКнын, анын аймактык бөлүмдөрүнүн, радиолорунун, ЭлТРдин жана коммерциялык телеканалдардын эфирлеринен чагылдырылып жатат.Мындан сырткары, Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтында, социалдык тармактагы баракчаларында маалыматтык видеороликтер жайгаштырылууда. Белгилей кетсек, талапкерди онлайн колдоо (кол топтоо) боюнча видеоролик 7-октябрдан тартып көрсөтүлүүдө.Бүгүнкү күндө аталган видеороликтер мамлекеттик телеканалдарда 1442, коммерциялык телеканалдарда 798 жолу эфирге чыкты.Ошондой эле өлкөнүн бардык аймактарындагы 400дөн ашуун LED-экрандарында аталган роликтер байма-бай көрсөтүлүүдө.
Кененирээк билүү >>
Садыр Жапаров КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылды
10-Ноя, 2026

Садыр Жапаров КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылды

Бүгүн, 10-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаров Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды.2026-жылдын 10-ноябрына карата КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлерди көрсөтүү боюнча жалпысынан алты арыз келип түштү.Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы “Түндүк” тиркемеси аркылуу кол чогултуунун жол-жобосун дагы бир жолу түшүндүрөт
09-Ноя, 2026

КР БШКсы “Түндүк” тиркемеси аркылуу кол чогултуунун жол-жобосун дагы бир жолу түшүндүрөт

Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө Конституциялык мыйзамдын 52-беренесине ылайык, Президенттин кызмат ордуна талапкер 30 минден кем эмес шайлоочунун колу менен колдоого алынууга тийиш. Колдор булуттук санарип кол тамгасын колдонуу менен санарип форматта, же болбосо активдүү шайлоо укугуна ээ болгон шайлоочулардын арасында кол коюу барактарында чогултулушу мүмкүн.Кол коюу барагынын таризи, кол чогултуунун жана текшерүүнүн тартиби жана ыкмасы Борбордук шайлоо комиссиясы тарабын аныкталат.2026-жылдын 23-сентябрында кабыл алынган КР Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колдорун чогултуу тартиби жөнүндө Жобого ылайык, Президенттик кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колдорун чогултуу “Кол чогултуу” автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу электрондук форматта жүзөгө ашырылат. Талапкерге кол чогултуу электрондук форматта “Түндүк” электрондук кызмат көрсөтүүлөр  мамлекеттик порталы аркылуу жүргүзүлүп, талапкердин ыйгарым укуктуу кызмат адамдарына чогултулган колдор жөнүндө маалыматтарды көрүү жана кол коюу барактарын түзүү мүмкүнчүлүгүн берет. Тутумда талапкерди колдоону билдирген шайлоочулар жөнүндөгү маалыматтарды көрүү мүмкүнчүлүгү камсыздалат, б.а. колдоо көрсөткөн шайлоочулар боюнча жеке жана толук статистикалык маалыматтар камтылган. Аталган маалыматтар жаш курагы жана аймактык бөлүнүшүнө карап түзүлөт.Талапкерге иреттик номерин, аты-жөнүн, аймагын, колдоосун билдирген, датасын камтыган шайлоочулардын катталган колдорунун жалпы саны жана тизмеси көрсөтүлөт.“Кызмат” мамлекеттик мекемесинин берген маалыматына ылайык, “Түндүк” электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталынын колдонуучуларынын саны 3 миллион 600 миңден ашык.  
Кененирээк билүү >>