Баткен облусу боюнча бардыгы 140 талапкерден 63 депутат шайланды.
12 шайлоо участогунда добуш берүү участоктук шайлоо комиссияларынын (УШК) 112 мүчөсү тарабынан уюштурулду.
Добуш берүүгө 5 667 шайлоочу катышты, бул шайлоочулардын тизмесине киргизилген 13 722 шайлоочунун 41,3 %ын түздү.
Добуш берүү күнүндө талапкерлерден жана коомдук уюмдардан 109 байкоочу байкоо жүргүздү.
Добуш берүүнүн жана добуштарды эсептөөнүн жүрүшүндө бузуулар жөнүндө арыздар жана даттануулар түшкөн эмес.
Баткен району, Ак-Татыр айылдык кеңеши:
46 талапкерден 21 депутат шайланды. Бардыгы 1 589 шайлоочу добуш берди, бул шайлоочулардын тизмесине киргизилген 3 460 шайлоочунун 45,9%ын түздү. 27 байкоочу байкоо жүргүздү.
Баткен району, Самаркандек айылдык кеңеши:
48 талапкерден 21 депутат шайланды. Бардыгы 2 292 шайлоочу добуш берди, бул шайлоочулардын тизмесине киргизилген 6 411 шайлоочунун 35,8%ын түздү. 27 байкоочу байкоо жүргүздү.
Баткен району, Ак-Сай айылдык кеңеши:
46 талапкерден 21 депутат шайланды. Бардыгы 1 786 шайлоочу добуш берди, бул шайлоочулардын тизмесине киргизилген 3 851 шайлоочунун 46,4%ын түздү. 55 байкоочу байкоо жүргүздү.
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамынын 38-беренесине ылайык шайлоонун натыйжаларын тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы участоктук шайлоо комиссияларынан келип түшкөн протоколдордун негизинде добуш берүү күнүнөн 20 календардык күндөн кечиктирбестен аныктайт.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү