Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

КР БШКсы КР ЖК депутаттарын шайлоону өткөрүүгө көмөктөшүү боюнча республикалык штабы менен бирдикте Нарын облусунда штабдын көчмө жыйынын өткөрдү
15.08.2020

КР БШКсы КР ЖК депутаттарын шайлоону өткөрүүгө көмөктөшүү боюнча республикалык штабы менен бирдикте Нарын облусунда штабдын көчмө жыйынын өткөрдү

КР БШКнын жана шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча республикалык штабдын мүчөлөрү Нарын облусунда көчмө жыйын өткөрүштү.  Нарын шаарындагы жана Нарын облусундагы шайлоо участкаларынын даярдыгын карап чыгышты.  Жер-жерлерде УШКнын материалдык-техникалык базасы текшерилди. Нарын облусунда 6 аймактык шайлоо комиссиялары жана 171 участкалык шайлоо комиссиялары иштешет. Аларга 1704 кызматкер ишке тартылган. Нарын облусундагы шайлоочулардын жалпы саны август аягында 201 584 шайлоочуну түздү. Жергиликтүү участкалык комиссиялардын өкүлдөрүнүн маалыматы боюнча, УШКлар пандустар менен жана чакыруу кнопкасы менен жабдылууда. Жабдуулар кыймыл-аракети чектелген адамдарга - ДМЧА, кичинекей балдары бар ата-энелерге, улгайган адамдарга арналган. Кыргыз Республикасынын БШКсы менен УШКлардын ортосунда ыкчам маалымат алмашууну жакшыртуу максатында, шайлоо участкаларына планшеттер жана ири өлчөмдүү мониторлор таратылды. Жабдууларды Кыргыз Республикасындагы БУУнун Өнүктүрүү программасы камсыз кылды. Гаджеттер ошондой эле участкалык комиссияларынын мүчөлөрүн окутууда колдонулат. Пандемия мезгилинде КР БШКсы ар бир шайлоо участогун жеке коргонуу каражаттары – бет каптар, санитайзерлер, кол каптар жана дезинфекциялык салфеткалар менен жабдыды. Облустук жана шаардык штабдын отурумунда УШКларды жогорку ылдамдыктагы интернет, байланыш жана оргтехника менен камсыз кылуу маселелери көтөрүлдү. Жергиликтүү бийлик органдарына аймактагы эпидемиологиялык кырдаалды көзөмөлдө тапшырмасы жана санитардык стандарттарды жана талаптарды камсыз кылууга чоң көңүл буруу тапшырылды. КР БШК Маалыматтык бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
Саясый партиялардын алардын шайлоо алдындагы кампаниясын каржылоо үчүн түзүлгөн шайлоо фонддору боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы ченемдердин талаптары жөнүндө маалымат
15.08.2020

Саясый партиялардын алардын шайлоо алдындагы кампаниясын каржылоо үчүн түзүлгөн шайлоо фонддору боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы ченемдердин талаптары жөнүндө маалымат

Саясый партиялардын алардын шайлоо алдындагы кампаниясын каржылоо үчүн түзүлгөн шайлоо фонддору боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы ченемдердин талаптары жөнүндө маалымат   “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо жөнүндөгү” КР конституциялык мыйзамынын 41-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, “Шайлоо фонддорун түзгөн бардык акча каражаттары банктык же башка мекемедеги атайын эсепке которулат. Бул эсеп Борбордук шайлоо комиссиясынын уруксаты менен саясый партия, талапкер тарабынан ачылат. Шайлоо фонддоруна түшүп жаткан каражаттар бир гана улуттук валютада кабыл алынышы керек. Көрсөтүлгөн эсептерге кирешелер кошулуп эсептелбейт жана төлөнбөйт” деп көрсөтүлгөн. Жогорку берененин 6-бөлүгүндө “Банктык же башка мекемелердин тизмеси, ачуунун тартиби, көрсөтүлгөн эсептерди жүргүзүү, шайлоо фонддорунун каражаттары боюнча отчеттуулугу жана эсеби Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан банктык же башка мекемелер менен макулдашуу аркылуу ишке ашырылат” деп көрсөтүлгөн. 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоого катыша турган саясый партиялар үчүн, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумду өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 7-июлдагы №127-токтому менен, ААК “Айыл Банк” жана ААК “РСК Банк” шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн банктык мекемелер катары аныкталган. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, “Мамлекет, анын органдары, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары жана алардын кызматтагы адамдары ушул Конституция жана мыйзамдар аркылуу аныкталган ыйгарым укуктардан чыга алышпайт”. “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” конституциялык мыйзамдын, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөгү” КР мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндөгү Жобонун ченемдеринде, саясый партиялардын шайлоо фонддоруна акча каражаттарынын түшүүсү үчүн банктык мекемеде мультивалюттук эсепти ачууга БШКнын уруксат берүүсү боюнча ыйгарым укуктары эске алынбайт. “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” конституциялык мыйзамдын 41-беренесинин 3-бөлүгүнүн онунчу абзацына ылайык, “Анонимдүү... сый акыларга тыюу салынат (анонимдүү сый акы берүүчү катары төмөнкү маалыматтардын бирин көрсөтпөгөн жаран эсептелет: фамилиясын, атын, атасынын атын, жашаган жеринин дарегин, паспорттогу маалыматтарын, ошондой эле ал өзү жөнүндө туура эмес маалыматтарды билдирсе). Мындан тышкары,  “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” конституциялык мыйзамдын 41-беренесинин 12-бөлүгүнө ылайык, “..Саясый партиянын, талапкердин атайын эсебине каражаттын түшүүсү жана сарпталышы тууралуу маалымат, персоналдуу маалыматтар жана банктын жашыруун сыры жөнүндөгү мыйзамды эске алуу менен, Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтында милдеттүү түрдө жайгаштырылууга жатат. Бул үчүн аны БШКнын расмий сайтында жарыялоо боюнча сый акы төккөн адамдын макулдугун алуу талап кылынат, мындай жагдай “Персоналдуу мүнөздөгү маалыматтар жөнүндөгү”КР мыйзамынын 7-беренесинин 2-бөлүгүндө жана “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк ишмердүүлүгү жөнүндө” КР мыйзамынын 13-беренесинин 1-бөлүгүндө эске алынган. КР БШКнын көзөмөлдөө-ревизиондук тобуна “РСК Банктын” жана “Айыл Банктын” берген маалыматтары боюнча, Кыргыз Республикасынын убактылуу чет өлкөлөрдө жүргөн же жашаган жарандары тарабынан саясый партиянын шайлоо фонддоруна өз эрки менен сый акы жасоону каалагандарга мыйзам тарабынан эч кандай тоскоолдук жок. Алар банктын транзиттик эсебин акча каражаттарын чет элдик валютада которуу, аларды андан ары конвертациялоо жана саясый партиялардын шайлоо фонддорунун атайын эсептерине улуттук валютада которуу үчүн колдоно алышат. Ошол эле учурда мындай которууну анонимдүү деп эсептебеш үчүн, “төлөмдүн дайындамасында” өз фамилиясын, атын жана атасынын атын, туулган жылын, жашаган жеринин дарегин (каттоосун), ID паспорттун/жалпы жарандык паспорттун сериясын жана номерин, ошондой эле аларды БШКнын сайтында персоналдуу маалыматтарды жана банктык жашыруун сыр жөнүндөгү мыйзамды эске алуу менен, расмий жарыялоого уруксат берген макулдугун көрсөтүү зарыл. КР БШКнын көзөмөлдөө-ревизиондук тобунун чечими менен, саясый партияларга сый акы бере турган жарандар менен маалыматтык – түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, Кыргыз Республикасындагы саясый партиялардын шайлоо фонддорун түзүү боюнча мыйзам талаптары жөнүндө, шайлоо алдындагы кампанияны каржылоонун максаты - шайлоо процессинин финансылык ачык-айкындык принциптерин сактоо экендигин жеткирүү сунуш кылынды. Саясый партиялардын шайлоо фонддорунун атайын эсептерин тейлөө боюнча ыйгарым укуктуу банктардын өздөрүнүн расмий сайттарына саясый партиялардын шайлоо фонддоруна сый акы бергиси келген жарандар үчүн маалыматтарды жайгаштыруу, саясый партиялардын атайын эсептерине өз эрки менен акча каражаттарын которуунун процедуралары жөнүндө, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо менен саясый партиялардын шайлоо фонддорун түзүү боюнча жана шайлоо процессинин финансылык ачык-айкындык принциптерин сактоо менен иш алып баруу сунуш кылынды.   КР БШКнын Көзөмөлдөө-ревизиондук тобу
Кененирээк билүү >>
Коомдук диалогдо саясый партиялардын шайлоо фонддорунун финансылык ачыктыгын камсыздоо жөнүндө айтылды
14.08.2020

Коомдук диалогдо саясый партиялардын шайлоо фонддорунун финансылык ачыктыгын камсыздоо жөнүндө айтылды

14-августта Бишкекте Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы “Жарандык платформа” коомдук фонду менен өнөктөштүктө “Шайлоолордун ачыктыгы жана аныктыгы – ишеним менен стабилдүүлүктүн кепилдиги!” аталышындагы коомдук диалог өткөрдү. Шайлоолорду колдоо боюнча ПРООН долбоорунун эксперти, КР БШКнын көзөмөлдөө-ревизиондук тобунун мүчөсү Раида Баширова, шайлоого катышуу үчүн өз талапкерлеринин тизмесин көрсөтүшкөн саясый партиялардын шайлоо фонддорун түзгөн финансы ресурстарынын ачык болушун камсыздоо тууралуу, Боршайком аткарып жаткан иш-чаралар жөнүндө айтып берди. “Кыргыз Республикасында иштеп жаткан шайлоолор жөнүндөгү мыйзамдардын шайлоо кампанияларын каржылоонун ачыктыгы боюнча бөлүгү, эл аралык стандарттарга, сунуштарга жана талаптарга жооп берет. БШК шайлоолорду өткөрүүдө ачык-айкындуулук принциптерин аткаруу менен өзүнүн сайтында  “Талапкер” деп аталган атайын платформаны түздү. Бул жерден шайлоочулар саясый партиялардын шайлоо фонддоруна түшкөн каражаттар, алардын сарпталышы жана алардын финансылык отчеттору тууралуу маалыматтарды туруктуу алып турушат. Ошондой эле БШК сайтында шайлоо фонддорундагы каражаттардын коротулушу боюнча жума сайын маалыматтар жарыяланып, анда партиянын фондуна ким, канча каражат кошкону, чыгымдар боюнча: качан, кимге товарлар же кызмат көрсөтүүлөр үчүн канча төлөнгөндүгү боюнча жарыя болуп турат”, - деп айтып берди эксперт. Раида Баширова саясый партиялар БШКга шайлоо фонддорун түзүүнүн бардык булактары жана өлчөмдөрү боюнча, ошондой эле бардык кеткен чыгымдар боюнча отчетторду берүүгө милдеттүү экендигин баса көрсөттү. “Саясый партиялар өздөрүнүн шайлоо фонддорун түзүүнүн бардык булактары жана өлчөмдөрү жөнүндө, ошондой эле бардык кеткен чыгымдар тууралуу БШКга отчет бериши керек. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясый партия өзүнүн финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү КР БШКдан каттоодон өтүп ага катталгандыгы тууралуу күбөлүк берилгенден кийин 5 календарлык күндүн ичинде өзүнүн шайлоо фондун түзөт. Шайлоо фондун түзбөгөндүгү  БШКнын саясый партиянын талапкерлеринин тизмесин каттоодон баш тартуусуна негиз болот”, -деди ал. Ошондой эле андан аркы сөздө партиянын шайлоо фонддоруна каражат которууга кимдерге тыюу салынганы жана БШК кайсы банктарда шайлоо фонддорун ачууга уруксат берилгендиги тууралуу айтылды. Коомдук диалогдо БШК жана партиялар Кыргыз Республикасынын шайлоо системасына ишенимди жана анын ачыктыгын жогорулатууга багытталган технологиялык процесстерди да талкуулашты. Иш-чара санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен (бет кап тагынуу, социалдык аралыкты сактоо) өткөрүлдү. Бул иш-чара Кыргызстандагы ПРООНдун колдоосу менен, КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо кампаниясын каржылоонун ачыктыгы маселелери боюнча билим берүү долбоорун ишке ашыруу рамкасында өтүп жатат. Диалогдун максаты – 2020-жылдагы Жогорку Кеңешке шайлоону өткөрүүнүн өзгөчөлүктөрү жана концептуалдуу маселелер менен катышуучуларды тааныштырууну көздөйт. Иш-чарага КР БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова, “Жарандык платформа” коомдук фондунун директору Айнура Усупбекова, ПРООНдун Кыргызстандагы өкүлү Юлия Шипилова, саясый партиялардын өкүлдөрү, эл аралык жана улуттук эксперттер катышышты.
Кененирээк билүү >>
БШК “Шайлоолордун ачыктыгы жана аныктыгы – ишенимдин жана стабилдүүлүктүн кепилдиги!” коомдук диалогун өткөрдү
14.08.2020

БШК “Шайлоолордун ачыктыгы жана аныктыгы – ишенимдин жана стабилдүүлүктүн кепилдиги!” коомдук диалогун өткөрдү

Бүгүн, 14-августта Бишкекте Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы “Жарандык платформа” коомдук фонду менен өнөктөштүктө “Шайлоолордун ачыктыгы жана аныктыгы – ишенимдин жана стабилдүүлүктүн кепилдиги!” деп аталган коомдук диалог өткөрдү.   Бул иш-чара Кыргыз Республикасындагы ПРООНдун колдоосу менен КР Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо кампаниясын каржылоонун ачык-айкындык маселелери боюнча билим берүүчү долбоордун алкагында ишке ашырылып жатат. Диалогдун максаты 2020-жылдагы Жогорку Кеңешке шайлоолорду өткөрүүдөгү өзгөчөлүктөр жана концептуалдуу маселелер менен катышуучуларды тааныштыруу. Иш-чарага КР БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова, “Жарандык платформа” коомдук фондунун директору Айнура Усупбекова, Кыргызстандагы ПРООНдун өкүлү Юлия Шипилова, саясый партиялардын өкүлдөрү, эл аралык жана улуттук эксперттер катышты. Н.Шайлдабекова 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган шайлоолорду өткөрүүнү уюштуруунун өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып берди. “Добуш берүүнүн жеткиликтүүлүгү маселесиндеги көз карандысыздыкты камсыздоо максатында шайлоочулардын тизмесин тактоо укуктары Мамлекеттик каттоо кызматынан Боршайкомго берилди. Добуш берүүгө жетүүнүн жалпы шарттарын жакшыртуу үчүн “Тизме” (https://tizme.gov.kg/ порталы эми ай сайын актуалдаштырылып турат. Жарандардын шартына карап шайлоочулардын тизмесинен өзүн тактоо мөөнөтү 20 күнгө көбөйдү. Республикадан тышкары же чет өлкөлөрдө жашаган шайлоочулар үчүн шайлоо участокторунун саны 44кө чейин көбөйдү. Консулдук каттоого коердо шайлоо укугунун артыкчылыктуу экендиги киргизилди”, - деди БШК төрайымы. Мурдагы парламенттик шайлоого салыштырмалуу быйылкы шайлоодо шайлоочулардын саны 667 миң адамга көбөйгөнү белгиленди. БШК төрайымы өз сөзүндө шайлоонун инклюзивдүүлүгүн жогорулатуу боюнча чараларды белгиледи. Ал шайлоочулардын маалыматтарды алууларынын, процесстин бардык катышуучуларынын шайлоо процессин түшүнүүсүнүн шарты жакшыртылгандыгын айтып берди. “БШК тарабынан атайын иштелип чыккан “Талапкер” платформасында саясый партиялардын жана талапкерлердин программалары, партиялардын, талапкерлердин шайлоо фонддору тууралуу маалыматтар жарыяланып турат. Шайлоону каржылоо ачык болот, ал эми партиялардын программалары менен таанышуу мүмкүндүгү шайлоого жоопкерчиликтүү мамиле жасоого алып келет. Мындан тышкары, мурда мыйзам аркылуу жарандардын эркин билдирүүсүнө ресурстардын таасирин азайтууга багытталган агитациянын жаңы эрежелери киргизилген, дебаттарды уюштуруу үчүн аянттар кеңейтилет. Ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүктөрү чектелген шайлоочулар үчүн атайын форматтар иштелип чыкты. Шайлоо учатокторунун кесилиштери боюнча керектөөлөрдүн картасы түзүлүп жана туруктуу такталып жатат. Талапкерлер жана саясый партиялар агитациялык материалдарды сурдокотормону колдонуу же субтитрлерди берүү менен, окууга ыңгайлуу чоңойтулган шрифттер менен басуу, ошондой эле Брайль шрифтин колдонуу же башка атайын каражаттарды колдонуу менен, жалпы агитациялык материалдардан бир пайыздан кем эмес материалдарды басып чыгарып, таратууга милдеттүү”, - деди Н. Шайлдабекова.  Коомдук диалогдо Кыргыз Республикасынын шайлоо системасына ишенимди жана ачыктыкты жогорулатууга багытталган шайлоолордун укуктук негиздери, технологиялык процесстер да талкууланып жатат. БШК жетекчиси ошондой эле шайлоону уюштуруу жана өткөрүүнүн жүрүшүндө жарандардын ден соолугун коргоо жана санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыздоо боюнча аткарылып жаткан иш-аракеттерге көңүл бурду. Белгилеп кете турган жагдай, коомдук диалог да санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен (бет кап тагынуу, социалдык аралыкты сактоо, имаратты жана үстүңкү жактарды тазалап чыгуу, бардык катышуучулардын санитайзерлерди колдонуусу) өткөрүлдү.
Кененирээк билүү >>
Тоң районунун Кажы-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Мээримбек Мадииевич Усубалиев шайланды
14.08.2020

Тоң районунун Кажы-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Мээримбек Мадииевич Усубалиев шайланды

2020-жылдын 14-августунда Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү. Кажы- Сай айыл өкмөтүнүн башчылыгына эки талапкер – Тюльпан Джунусовна Дүйшөнбаева жана  Мээримбек Мадииевич Усубалиев катталган. Кажы-Сай айыл өкмөтүндө бардыгы 11 айылдык кеңештин депутаты болсо, шайлоого алардын 10у катышты. 2020-жылдын 14-августундагы Тоң территориялык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу протоколу боюнча, талапкер М. М. Усубалиев депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгон. Ошентип, Мээримбек Мадииевич Усубалиев Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кажы-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.   
Кененирээк билүү >>
Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болбой калды – талапкерлер зарыл болгон добуштарды ала алышпады
14.08.2020

Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болбой калды – талапкерлер зарыл болгон добуштарды ала алышпады

14-августта Чүй облусунун Сокулук районундагы Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болбой калды. Себеби талапкерлер зарыл болгон добуштарды ала алышкан жок. Чүй облусунун Сокулук райондук администрациясынын башчысы – акимдин 2020-жылдын 16-июндагы №302-р буйругу менен өзү берген арызы боюнча, Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысы Бакытбек Дамирбекович Сыдыков ээлеген кызматынан бошотулган. “Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жөнүндөгү” КР мыйзамынын 49-беренесине ылайык, КР БШКсы 2020-жылдын 27-июлдагы №14-токтому менен, Сокулук районунун Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону 2020-жылдын 14-августуна дайындаган. Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысы болууга 3 талапкер - Асылбек Киргизбаевич Адылбеков, Руслан Рашидович Токкожоев жана Нурбек Балкашбекович Тургунов айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлүп, катталышкан. 14-августта болуп өткөн Сокулук айыл өкмөт башчысын шайлоого айылдык кеңештин 21 депутатынын 18и катышкан. 2020-жылдын 14-августундагы Сокулук территориялык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү протоколу боюнча, добуш берүүнүн биринчи турунда талакер А. К. Адылбеков 4 добуш, талапкер Р. Р. Токкожоев 4 добуш, талапкер Н. Б. Тургунов 10 добуш алышкан. “Бардыгына каршы” позициясы боюнча эч ким добуш берген эмес. Экинчи турда талапкер Н. Б. Тургунов 10 добуш алган, “бардыгына каршы” позициясы боюнча Сокулук айылдык кеңешинин 8 депутаты добуш беришкен. Шайлануу үчүн депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушун алуу зарыл эле, башкача айтканда 11 добуш алуу керек болчу. “Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 49-беренеси боюнча, эгер талапкерлер добуштардын зарыл болгон санына ээ болбосо анда жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен кайра шайлоо өткөрүлөт.
Кененирээк билүү >>
«Мекенчил» саясий партиясы санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди сактоо менен съезд өткөрдү
13.08.2020

«Мекенчил» саясий партиясы санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди сактоо менен съезд өткөрдү

13-августта “Мекенчил” саясий партиясынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган шайлоосуна катышуу үчүн депутаттыкка талапкерлердин тизмесин көрсөтүү боюнча кезексиз сьезди болду.   Партиянын чакыруусу менен КР БШКнын документтерди кабыл алуу боюнча жумушчу тобунун жетекчиси А. Ж. Эшимов сьездин мониторингине катышты. Иш-чара санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди жана жарандардын ден соолугун сактоо боюнча Республикалык штабдын сунуштарын сактоо менен өткөрүлдү.   Сьездге 43 делегат катышып, бул дагы жабык имараттагы массалык иш-чарага оптималдуу сандагы катышуучулардын болгондугунан улам,  Республикалык штабдын сунуштарына ылайык болду.   Иш-чаранын башында имарат дезинфекциялык каражаттар менен тазаланды. Имаратка кире бериште делегаттардын дене табы ченелип жана антисептиктер колдонулду. Сьездге келген делегаттар уюштуруучулар тарабынан социалдык аралыкты сактоо менен отургузулду. Жыйындын катышуучулары тарабынан бет кап жана респираторлорду тагынуу режими сакталды.   “Мекенчил” саясый партиясынын кезексиз сьездинин күн тартиби боюнча 3 маселе каралды: 1.Саясий партиянын программасын бекитүү; 2.Партиянын саясый кеңешинин курамын бекитүү; 3.КР ЖК депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү жана добуш берүү.   “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды жана Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо жөнүндөгү” конституциялык мыйзамдын 60-беренесине ылайык, талапкерлердин тизмесин көрсөтүү жөнүндөгү чечим, саясый партиянын сьездинде жашыруун добуш берүү менен кабыл алынды.   Эске салсак, 20-августка чейин Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү этабы. 24-август күнү саат 18:00гө чейин саясый партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү талапкерлердин тизмесин каттоодон өткөрүү үчүн, КР БШКсына тиешелүү документтерди алып келүүлөрү зарыл. Депутаттыкка талапкерлердин тизмесин каттоо 2020-жылдын 4-сентябрына чейин жүргүзүлөт.   
Кененирээк билүү >>
БШК КМШ өлкөлөрүндө жашаган Кыргызстандын жарандары менен онлайн жолугушуу өткөрдү
13.08.2020

БШК КМШ өлкөлөрүндө жашаган Кыргызстандын жарандары менен онлайн жолугушуу өткөрдү

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Н. Шайлдабекова 12-августта Кыргызстандан тышкары жашаган жарандар менен 2020-жылдын 4-октябрында Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо маселелери боюнча үчүнчү онлайн жолугушууну өткөрдү. Онлайн жолугушуулар ар шаршембиде Бишкек убактысы боюнча саат 18:00дө ТИМ, Мамлекеттик каттоо кызматы, ПРООН жана Миграция боюнча эл аралык уюмдун биргелешкен аракети менен өтүп келет. Биринчи жолугушуу 29-июлда Түркиядагы кыргызстандыктардын коомдук бирикмелеринин өкүлдөрү менен болуп өткөн. 5-августта Россияда жана Казакстанда жашаган Кыргызстандын жарандары менен онлайн жолугушуу болгон. 19-26-августтарда АКШда, Европа өлкөлөрүндө, Азия жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө жашашкан мекендештер менен онлайн жолугушуулар болмокчу. COVID-19 коронавирус пандемиясынан улам жарандардын ден соолугун коргоо максатында иш-чаралар онлайн режимде өтүүдө. Мындай жолугушуулардын башкы максаты – ар бир кыргызстандыктын конституциялык укугун ишке ашырып шайлоо процессине катышуусу, шайлоо процессинин ачыктыгы менен аныктыгын камсыз кылуу. 12-августта болуп өткөн жолугушууда чет өлкөлөрдө жашашкан кыргызстандыктар шайлоо процессин уюштуруу маселелери, шайлоочулардын тизмесине кошуу мүмкүнчүлүктөрү, консулдук каттоого туруу, биометрикалык маалыматтарды тапшыруу жана башка маселелерге кызыгууларын билдиришти. БШК төрайымы Н. Шайлдабекова тарабынан кенен-кесири жооптор берилди. Ошону менен бирге чет өлкөлөрдө жашаган Кыргызстандын жарандары үчүн төмөнкү маанилүү жагдайлар белгиленди: “КР ЖК депутаттарын жана Президентин шайлоо жөнүндөгү” конституциялык мыйзамга ылайык, чет өлкөлөрдөгү шайлоо участоктору КР дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин, ошондой эле КР мамлекеттик органдарынын өкүлчүлүктөрүнүн территорияларында ачылышы мүмкүн. 2020-жылдын 4-октябрында өтө турган ЖК депутаттарын шайлоого карата чет өлкөлөрдө түзүлгөн шайлоо участокторунун жалпы саны 44 (кырк төрт). Биринчи жолу Иркутск, Сургут, Южно-Сахалинск жана Якутск шаарларында КР Россиядагы элчилигинин канцеляриясы негизделгендиктен, бул шаарларда шайлоо участоктору ачылды. Ошондой эле биринчи жолу шайлоо участоктору Париж, Рим шаарларында түзүлдү.   КРдин жарандык жөнүндөгү мыйзамына ылайык, КР жарандыгынан кабыл алынган тартип боюнча чыгууну аткарбаган жаран да Кыргыз Республикасы үчүн КР жараны болуп кала берет жана шайлоо укугуна ээ болот.   “КР ЖК депутаттарын жана Президентин шайлоо жөнүндөгү” конституциялык мыйзам боюнча, биометрикалык маалыматтарын тапшырган жана КРдин жакынкы дипломатиялык өкүлчүлүгүндө же консулдук мекемесинде консулдук каттоодо турган жарандар, тиешелүү участоктордогу шайлоочулардын тизмесине автоматтык түрдө кошулат.https://shailoo.gov.kg/ru/konstitucionnye-zakony-kr/konstitucionnye-zakony-kr/O_vyborah_Pr-1913/   Консулдук каттоого туруу үчүн чет өлкөдөгү мекемеге жеке өзү келип документтер пакетин тапшыруусу, же болбосо Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесинин расмий электрондук дарегине сканерленген документтерди салуу же КР ТИМдин https://mfa.gov.kg  порталындагы «Консулдук каттоо” электрондук маалыматтык системасы аркылуу жөнөтүү зарыл.   Жарандардын шайлоочулардын тизмесине кошулушу боюнча маалыматты мамлекеттик «Тизме» http://www.tizme.gov.kg порталынан тактап билүүгө же шайлоолордун убагында Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелеринин территорияларындагы шайлоо участокторунан билүүгө болот.  
Кененирээк билүү >>
Боршайком шайлоо фонддорунун финансылык отчеттуулугунун ачыктыгы боюнча саясый партиялар үчүн төртүнчү онлайн-тренинг өткөрдү
13.08.2020

Боршайком шайлоо фонддорунун финансылык отчеттуулугунун ачыктыгы боюнча саясый партиялар үчүн төртүнчү онлайн-тренинг өткөрдү

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы саясый партиялар үчүн “Талапкерлер жөнүндөгү маалыматтардын электрондук системасы. Шайлоо фонддорунун финансылык отчеттуулугу” деп аталган темада төртүнчү онлайн-тренинг өткөрдү. Саясый партиялардын кырктай өкүлдөрү катышкан бул иш-чара “Жарандык платформа” коомдук фонду менен бирге уюштурулуп, ага ПРООН колдоо көрсөттү. КР БШК төрайымы Н. Шайлдабекова Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан мамлекеттик бюджеттен шайлоолорду каржылоонун ачыктыгын камсыздоого, ошондой эле шайлоого катышып жаткан партиялардын шайлоо фонддорунун ачыктыгына багытталган ченемдик актылардын комплекси кабыл алынгандыгы тууралуу айтып берди. “Кабыл алынган жоболор шайлоо боюнча мамбюджеттин отчеттуулугун жана пландаштыруудан тышкары саясый партиялардын шайлоо фонддоруна кошкон акча каражаттарынын булагын да ачыктоону, шайлоо кампаниясынын убагында саясый партиялардын чыгымдарынын ачык болушун да эске алат. БШК сайтында шайлоо фонддорундагы акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө: фондго түшүүлөрдүн булактары боюнча, партиянын фондуна ким, качан, канча каражат кошконун, чыгымдар боюнча, товар же кызмат көрсөткөнү үчүн кимге канча төлөнгөнү боюнча маалыматтар жума сайын жарыяланып турат”, - деди төрайым. Спикер катары катышып сүйлөгөн ПРООНдун Кыргызстандагы өкүлү Юлия Шипилова шайлоо талаш-тартыштарынын эл аралык практикасы тууралуу айтып берди. “Шайлоо талаш-тартыштары жана финансылык ачыктык шайлоо процессинин сапатына абдан таасир тийгизет. Шайлоо кампанияларын каржылоо шайлоо процессинде чечүүчү роль ойнойт, анткени шайлоочу саясый партиялар, алардын каалоолору тууралуу маалыматтарды алышат”, - деди Юлия Шипилова. БШК эксперти Раида Баширова саясый партиялардын шайлоо фонддоруна түшкөн жана чыгымдалган каражаттардын финансылык отчеттуулугу тууралуу презентация жасады. Ал шайлоо күрөөсү жөнүндө, саясый партиялардын шайлоо фонддорундагы акча каражаттарынын эсеби жана чыгымдары жөнүндө айтып берди. КР БШКнын маалыматтык технологиялар боюнча эксперти Кайратбек Абдилатов катышуучуларга талапкерлер жөнүндөгү маалыматтардын электрондук системасы тууралуу айтты. Бул КР БШК тарабынан атайын иштелип чыккан система шайлоо процессинин жоопкерчилигин жогорулатууга багытталган. БШКнын маалыматтык бөлүмү Боршайком “Жарандык платформа” коомдук фонду менен биргеликте жана ПРООНдун колдоосу менен, Кыргызстанда шайлоо процессине катышып жаткан саясый партиялар жана башка катышуучулар үчүн, шайлоо кампаниясын каржылоонун ачык-айкындык маселелерин окутуу максатында системалуу негизде вебинарларды өткөрүп келээрин белгилелейт.
Кененирээк билүү >>
БШКда саясый партиялар үчүн шайлоо талаш-тартыштарынын маселелери боюнча тренинг болуп өттү
12.08.2020

БШКда саясый партиялар үчүн шайлоо талаш-тартыштарынын маселелери боюнча тренинг болуп өттү

12-августта Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында саясый партиялардын өкүлдөрү үчүн шайлоо талаш-тартыштарын чечүү маселелери боюнча кезектеги онлайн тренинг болуп өттү. Катышуучуларга КР БШК мүчөсү, шайлоо процессинин субьектилеринин даттанууларын жана арыздарын кароо боюнча жумушчу топтун жетекчиси Алмаз Асаналиев кайрылды. ПРООН эксперттери  Мамытова Канышай жана Андашева Назира тренингдин катышуучуларын, аркасынан конституциялык-укуктук (шайлоочулук) жоопкерчилик алып келе турган   талаш-тартыштардын процедураларын шайлоо комиссияларынын кароосу  менен тааныштырышты. Тренингдин катышуучулары КР Бузуулар жөнүндөгү кодексине ылайык шайлоо комиссиялары акча түрүндө айып салууга укугу бар категориядагы иштер менен тааныша алышты. Тренингдин жүрүшүндө эксперттер катышуучулардын көңүлүн шайлоо жоопкерчилигин тарта турган талаш-тартыштар боюнча даттануулардын процедурасы менен, КР бузуулар кодекси боюнча жоопкерчилик тарта турган талаш-тартыштар абдан эле айырмаланып турарын, демек, шайлоо процессинин субьектилери өздөрүнүн укуктарын коргоо жана аны ишке ашырууда ушул процедуралардын айырмасын жакшы билүүлөрү зарыл экендигине бурушту. Ал эми тренингдин катышуучулары талапкерлердин каттоосун жокко чыгаруу, каттоого берилген документтерге өзгөртүүлөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгү, форма-2 боюнча шайлоо дарегин алмаштыруу, партиялар менен кызматкерлердин ортосундагы укуктук мамилелерди юридикалык жолго салуу жана башкалар тууралуу суроолорду беришти. Мындан тышкары тренингдин катышуучулары шайлоочуларды сатып алганы үчүн жана административдик ресурсту кыянаттык менен колдонгону үчүн жоопкерчилик тартуу маселелерине кызыгышты. Маалымат катары: КР БШКсы ПРООНдун колдоосу менен шайлоо талаш-тартыштары боюнча саясый партиялардын өкүлдөрү жана жарандык коомдун уюмдары үчүн жалпысынан 5 тренингди өткөрөт. Кийинки үч тренингде Бузуулар кодексине ылайык жоопкерчилик тарта турган шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин бузуу жөнүндөгү иштердин категориясы онлайн форматында каралат. Саясый партиялар үчүн тренингдер өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдан улам жана жарандардын ден соолугун коргоо максатында онлайн форматында өтүп жатат.
Кененирээк билүү >>
ЖӨБОнун башчыларын шайлоонун графиги
12.08.2020

ЖӨБОнун башчыларын шайлоонун графиги

ЖӨБОнун башчыларын шайлоонун графиги № Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын Шайлоону өкөрүү убактысы Талапкерлердин документтерин кабыл алуу мөнөтү Талапкерлердин каттоо мөнөтү 7 август 2020-жылы Чүй облусу Кемин району 1 Жаны-Алыш айылдык 9-00дөн 12-00 чейин Саат 18-00гө чейин 29.07.2020 -жылы Саат 18-00гө чейин 01.08.2020 -жылы 14 август 2020-жылы Чүй облусу Сокулук району 2 Сокулук айылдык 9-00дөн 12-00 чейин Саат 18-00гө чейин 06.08.2020 -жылы Саат 18-00гө чейин 08.08.2020 -жылы 14 август 2020-жылы Ысык-Көл облусу Тон району 3 Каджи-Сай айылдык 9-00дөн 12-00 чейин Саат 18-00гө чейин 06.08.2020 -жылы Саат 18-00гө чейин 08.08.2020 -жылы 17 август 2020-жылы Нарын облусу Нарын району 4 Он-Арчин айылдык 9-00дөн 12-00 чейин Саат 18-00гө чейин 09.08.2020 -жылы Саат 18-00гө чейин 11.08.2020 -жылы 17 август 2020-жылы Кайра шайлоо Ысык-Көл облусу Түп району 5 Арал айылдык 9-00дөн 12-00 чейин Саат 18-00гө чейин 09.08.2020 -жылы Саат 18-00гө чейин 11.08.2020 -жылы Чүй облусу Чүй району 6 Ибраимов айылдык 9-00дөн 12-00 чейин Саат 18-00гө чейин 09.08.2020 -жылы Саат 18-00гө чейин 11.08.2020 -жылы 25 август 2020-жылы Нарын облусу Ат-Башы району   7 Талды-Суу айылдык 9-00дөн 12-00 чейин Саат 18-00гө чейин 17.08.2020 -жылы Саат 18-00гө чейин 19.08.2020 -жылы 28 август 2020-жылы Чүй облусу Аламүдүн району   8 Кара –Джыгач айылдык 9-00дөн 12-00 чейин Саат 18-00гө чейин 21.08.2020 -жылы Саат 18-00гө чейин 24.08.2020 -жылы Чүй району   9 Чүй айылдык 9-00дөн 12-00 чейин Саат 18-00гө чейин 21.08.2020 -жылы Саат 18-00гө чейин 24.08.2020 -жылы  
Кененирээк билүү >>
Дагы үч коммерциялык эмес уюм БШКга ЖК депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүү ниеттерин билдиришти
12.08.2020

Дагы үч коммерциялык эмес уюм БШКга ЖК депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүү ниеттерин билдиришти

Үч коммерциялык эмес уюм КР БШКсына 2020-жылдын 4-октябрында өтө турган КР Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоого даярданууга жана өткөрүүгө байкоо жүргүзүүнү каалай тургандыктарын билдиришти. Булар “Ден соолугу жагынан чектелген адамдарды колдоочу “Билоу” коомдук фонду, “Майып адамдарга юридикалык жардам көрсөтүү” коомдук фонду жана “Майыптыгы бар адамдардын укуктарын коргоо боюнча комитет” коомдук фонду. Аталган коомдук уюмдар БШКда, Бишкек ТШКда жана борбордун аймагындагы шайлоо участокторунда байкоо жүргүзөөрүн кабарлашты. Билдирүүлөр Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 12-августтагы чечими менен эске алынып, кабыл алынды. КР БШК чечими Бишкек шаарынын территориясында жайгашкан Бишкек ТШКсына жана ШКУна жогоруда аталган коммерциялык эмес уюмдардын коомдук байкоочуларын каттоо үчүн жана аларга кабыл алынган үлгүдөгү күбөлүктөрдү берүү үчүн жиберилет. Эске салсак, 30-июлда Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоого  “Жалпы иш” коомдук фондунан жана юридикалык жактардын бирикмеси болгон “Таза шайлоо ассоциациясынан” байкоочуларды  каттоого ала тургандыгы боюнча өз жыйынында чечим кабыл алган.
Кененирээк билүү >>
«Кыргызстандын коммунисттер партиясы» Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуудан баш тарта тургандыгын КР БШКсына билдирди
12.08.2020

«Кыргызстандын коммунисттер партиясы» Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуудан баш тарта тургандыгын КР БШКсына билдирди

“Кыргызстандын коммунисттер партиясы” 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган КР Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоого катышуудан баш тарта тургандыгын жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакыртып ала тургандыгын КР БШКсына билдирди. Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 12-августтагы өз жыйынында партиянын билдирүүсүн карап аны эске алуу менен чечим кабыл алды. “Кыргызстан коммунисттер партиясынын” ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн каттоосу жокко чыгарылып, алардын катталган күбөлүктөрү жараксыз деп табылды.
Кененирээк билүү >>
БШК жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
12.08.2020

БШК жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

12-августта Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жөнүндө жана ваканттуу депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардын артынан келе жаткан Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге берүү жөнүндө чечим кабыл алды. “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 20-беренесине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 52-беренесине ылайык, Сокулук, Чүй, Бакай-Ата жана Түп территориялык шайлоо комиссиялары: Төрт жергиликтүү кеңештин төрт депутатынын мандатын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ваканттуу мандаттарын шайланган депутаттардан кийин келе жатышкан жана тиешелүү көп мандаттуу шайлоо округунан “Жергиликтүү кеңештерге депутатарды шайлоо жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын ченемдерине ылайык добуш берүүгө катышып, шайлоочулардын добушун баарынан көп алган талапкерлерге берүү жөнүндө чечим кабыл алышты. Сокулук районунун Сокулук  айылдык кеңешинен – Аида Туратбековна Шамканованын ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу токтотулду. Мандат Бактияр Согушпекович Артыбаевге (LFC ЖСКсы) берилди.   Чүй облусунун Чүй районунун Чүй айылдык кеңешинен – Руслан Жолдошбекович Дуулановдун ыйгарым укуктары жеке арызына байланыштуу токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Нурболот Нурбекович Кошоевге берилди. Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Акназаров айылдык кеңешинен – Максат Манасович Манасовдун ыйгарым укуктары жеке арызына байланыштуу токтотулду. Мандат дыйкан чарбасынын жетекчиси Таласбай Жуматаевич Бекмановго берилди. Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Талды-Суу айылдык кеңешинен – Майрамбек Сүйүнбекович Асанбековдун ыйгарым укуктары, депутаттын тиешелүү административдик-территориялык бирдиктин жергиликтүү коомчулугуна мүчөлүгү токтогондугуна байланыштуу токтотулду. Мандат дыйкан чарбасында иштеген Темирлан Абдыкадырович Бекбоевге берилди.   2. Өздөрүнүн берген арыздары боюнча депутаттыкка талапкерлердин катталган тизмесинен: Чүй облусунун Чүй районунун Чүй айылдык кеңешинен  - Роман Владимирович Лулаковду, Чүй облусунун Чүй районунун Чүй айылдык кеңешинен - Бакыт Сагынбекович Дейдиевди чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынды. КР БШК Маалыматтык бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
БШК бир катар шайлоо участокторунун даректерине өзгөртүүлөрдү киргизди
12.08.2020

БШК бир катар шайлоо участокторунун даректерине өзгөртүүлөрдү киргизди

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы 12-августтагы жыйынында Талас шаарындагы, Ош облусунун Алай районундагы Бүлөлү айыл аймагынын, Жалал-Абад облусундагы Ноокен районунун Сакалды жана Бүргөндү айылдык аймактарынын бир катар шайлоо участокторуна өзгөртүүлөрдү киргизди. Өзгөртүүлөр Талас шаардык, Алай, Ноокен райондук территориялык шайлоо комиссияларынын айрым шайлоо участокторунун даректеринин өзгөрүшүнө байланыштуу кайрылууларынан улам киргизилди. Өзгөрүүлөр 4 шайлоо участокторунун даректерине тиешелүү. Талас шаары: Талас шаарындагы №6106-шайлоо участогу – Ч. Айтматов атындагы көчөдөгү №259дагы облустук оорукананын имаратынан Ч. Айтматов атындагы көчөдөгү №253тө жайгашкан №4 орто орто мектептин имаратында жайгашат. Алай районундагы Бүлөлү айылдык аймагы: Кошулуш айылындагы Бүлөлү айылдык кеңешинин имаратында жайгашкан №5129-шайлоо участогу, Кошулуш айылындагы Ж. Исаев атындагы орто мектептин имаратына жайгашат. 2. Ноокен району: Сакалды айылдык аймагы: Кыргызстан айылынын Ы. Орозалиев көчөсү  №41деги Э. Алиев атындагы орто мектептин имаратында жайгашкан №2186-шайлоо участогу Кыргызстан айылындагы Ы. Орозалиев көчөсү №38деги маданият үйүнүн имаратына жайгашат. Бүргөндү айылдык аймагы: Бүргөндү айылындагы Ак-Бата көчөсү №6-бдагы автовокзалдын имаратындагы №2401-шайлоо участогу, Жаңы-Арык айылындагы С. Турдалиев көчөсү №50дөгү М. Молдалиев атындагы орто мектептин имаратына  жайгашат. КР БШК Маалыматтык бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
БШК Кара-Жыгач жана Чүй айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындады
12.08.2020

БШК Кара-Жыгач жана Чүй айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындады

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 12-августтагы өз жыйынында Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн башчысын жана Чүй районундагы Чүй айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону 2020-жылдын 28-августунда өткөрүүнү дайындады. Шайлоолор саат 9дан 12ге чейин өткөрүлөт. Аламүдүн райондук администрациянын башчысы - акимдин 2020-жылдын 1-июлдагы №313-буйругу менен, Аламүдүн районундагы Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн башчысы Иса Жүзүмалиевич Жаманбаев ээлеген кызматынан көзү өтүп кеткендигине байланыштуу бошотулду. Чүй райондук администрациянын башчысы – акимдин 2020-жылдын 7-августтагы №100-буйругу менен Чүй облусуна караштуу Чүй районундагы Чүй айыл өкмөтүнүн башчысы Жантай Мыктыбекович Шакеев өзү берген арыздын негизинде ээлеген кызматынан бошотулду. Аламүдүн жана Чүй территориялык шайлоо комиссияларына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык шайлоолорду өткөрүү, ошондой эле санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо (1,5 – 2 метрлик аралыкты сактоо жана көзөмөлдөө, бир жолку маскаларды колдонуу, колдорду дезинфекциялык аралашма же спирти бар антисептик менен тазалоо) менен уюштуруу тапшырылды.
Кененирээк билүү >>
1 … 314 316 … 483