Башкы Жаңылыктар Саясый партиялардын алардын шайлоо алдындагы кампаниясын каржылоо үчүн …

Саясый партиялардын алардын шайлоо алдындагы кампаниясын каржылоо үчүн түзүлгөн шайлоо фонддору боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы ченемдердин талаптары жөнүндө маалымат

15-Авг, 2020

Саясый партиялардын алардын шайлоо алдындагы кампаниясын каржылоо үчүн түзүлгөн шайлоо фонддору боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы ченемдердин талаптары жөнүндө маалымат
 

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо жөнүндөгү” КР конституциялык мыйзамынын 41-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, “Шайлоо фонддорун түзгөн бардык акча каражаттары банктык же башка мекемедеги атайын эсепке которулат. Бул эсеп Борбордук шайлоо комиссиясынын уруксаты менен саясый партия, талапкер тарабынан ачылат. Шайлоо фонддоруна түшүп жаткан каражаттар бир гана улуттук валютада кабыл алынышы керек. Көрсөтүлгөн эсептерге кирешелер кошулуп эсептелбейт жана төлөнбөйт” деп көрсөтүлгөн.

Жогорку берененин 6-бөлүгүндө “Банктык же башка мекемелердин тизмеси, ачуунун тартиби, көрсөтүлгөн эсептерди жүргүзүү, шайлоо фонддорунун каражаттары боюнча отчеттуулугу жана эсеби Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан банктык же башка мекемелер менен макулдашуу аркылуу ишке ашырылат” деп көрсөтүлгөн.

2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоого катыша турган саясый партиялар үчүн, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумду өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 7-июлдагы №127-токтому менен, ААК “Айыл Банк” жана ААК “РСК Банк” шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн банктык мекемелер катары аныкталган.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, “Мамлекет, анын органдары, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары жана алардын кызматтагы адамдары ушул Конституция жана мыйзамдар аркылуу аныкталган ыйгарым укуктардан чыга алышпайт”.

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” конституциялык мыйзамдын, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөгү” КР мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндөгү Жобонун ченемдеринде, саясый партиялардын шайлоо фонддоруна акча каражаттарынын түшүүсү үчүн банктык мекемеде мультивалюттук эсепти ачууга БШКнын уруксат берүүсү боюнча ыйгарым укуктары эске алынбайт.

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” конституциялык мыйзамдын 41-беренесинин 3-бөлүгүнүн онунчу абзацына ылайык, “Анонимдүү... сый акыларга тыюу салынат (анонимдүү сый акы берүүчү катары төмөнкү маалыматтардын бирин көрсөтпөгөн жаран эсептелет: фамилиясын, атын, атасынын атын, жашаган жеринин дарегин, паспорттогу маалыматтарын, ошондой эле ал өзү жөнүндө туура эмес маалыматтарды билдирсе).

Мындан тышкары,  “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” конституциялык мыйзамдын 41-беренесинин 12-бөлүгүнө ылайык, “..Саясый партиянын, талапкердин атайын эсебине каражаттын түшүүсү жана сарпталышы тууралуу маалымат, персоналдуу маалыматтар жана банктын жашыруун сыры жөнүндөгү мыйзамды эске алуу менен, Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтында милдеттүү түрдө жайгаштырылууга жатат. Бул үчүн аны БШКнын расмий сайтында жарыялоо боюнча сый акы төккөн адамдын макулдугун алуу талап кылынат, мындай жагдай “Персоналдуу мүнөздөгү маалыматтар жөнүндөгү”КР мыйзамынын 7-беренесинин 2-бөлүгүндө жана “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк ишмердүүлүгү жөнүндө” КР мыйзамынын 13-беренесинин 1-бөлүгүндө эске алынган.

КР БШКнын көзөмөлдөө-ревизиондук тобуна “РСК Банктын” жана “Айыл Банктын” берген маалыматтары боюнча, Кыргыз Республикасынын убактылуу чет өлкөлөрдө жүргөн же жашаган жарандары тарабынан саясый партиянын шайлоо фонддоруна өз эрки менен сый акы жасоону каалагандарга мыйзам тарабынан эч кандай тоскоолдук жок. Алар банктын транзиттик эсебин акча каражаттарын чет элдик валютада которуу, аларды андан ары конвертациялоо жана саясый партиялардын шайлоо фонддорунун атайын эсептерине улуттук валютада которуу үчүн колдоно алышат. Ошол эле учурда мындай которууну анонимдүү деп эсептебеш үчүн, “төлөмдүн дайындамасында” өз фамилиясын, атын жана атасынын атын, туулган жылын, жашаган жеринин дарегин (каттоосун), ID паспорттун/жалпы жарандык паспорттун сериясын жана номерин, ошондой эле аларды БШКнын сайтында персоналдуу маалыматтарды жана банктык жашыруун сыр жөнүндөгү мыйзамды эске алуу менен, расмий жарыялоого уруксат берген макулдугун көрсөтүү зарыл.

КР БШКнын көзөмөлдөө-ревизиондук тобунун чечими менен, саясый партияларга сый акы бере турган жарандар менен маалыматтык – түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, Кыргыз Республикасындагы саясый партиялардын шайлоо фонддорун түзүү боюнча мыйзам талаптары жөнүндө, шайлоо алдындагы кампанияны каржылоонун максаты - шайлоо процессинин финансылык ачык-айкындык принциптерин сактоо экендигин жеткирүү сунуш кылынды.

Саясый партиялардын шайлоо фонддорунун атайын эсептерин тейлөө боюнча ыйгарым укуктуу банктардын өздөрүнүн расмий сайттарына саясый партиялардын шайлоо фонддоруна сый акы бергиси келген жарандар үчүн маалыматтарды жайгаштыруу, саясый партиялардын атайын эсептерине өз эрки менен акча каражаттарын которуунун процедуралары жөнүндө, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо менен саясый партиялардын шайлоо фонддорун түзүү боюнча жана шайлоо процессинин финансылык ачык-айкындык принциптерин сактоо менен иш алып баруу сунуш кылынды.
 

КР БШКнын Көзөмөлдөө-ревизиондук тобу

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады
14-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады

2026-жылдын 13–14-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Алмаз Айбалаев Ош шаарында, Ош облусунун Кара-Суу, Араван жана Алай райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жыйындарды өткөрүштү.Жолугушуулардын негизги темасы 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу маселелери болду.Талкуунун жүрүшүндө шайлоочулардын шайлоо укуктарын толук кандуу ишке ашыруусуна зарыл шарттарды түзүү, шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктары менен эркиндиктерин сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары, аралыктан добуш берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, автоматташтырылган маалыматтык тутумдардын колдонулушу жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди.Ошондой эле шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигине токтолду. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, мыйзамсыз кысым көрсөтүү жана шайлоо процессине кийлигишүү аракеттеринин алдын алуу, ошондой эле анын бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.Өткөрүлгөн жолугушуулар шайлоого даярдык көрүү боюнча жергиликтүү деңгээлдеги уюштуруу иштерин талкуулоого, тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга жана шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоо маселелерине көңүл бурууга багытталды.
Кененирээк билүү >>
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>