Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

Саясый партиялардын Жогорку Кеңештин депутаттагына талапкерлердин тизмесин көрсөтүүсү аяктап жатат
19.08.2020

Саясый партиялардын Жогорку Кеңештин депутаттагына талапкерлердин тизмесин көрсөтүүсү аяктап жатат

Борбордук шайлоо комиссиясы 19-августта саясый партиялардын КР Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоого талапкерлердин тизмесин көрсөтүүлөрү аяктап жаткандыгын билдирет. 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган КР Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоого катышууну каалаган 44 саясый партиялардын билдирүүлөрү келип түшкөн. 19-августка карата Жогорку Кеңешке депутаттарды  шайлоого катышпай тургандыгын жана өздөрүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакыртып ала тургандыктары боюнча БШКга 10 саясый партия билдиришти: 1. «Кыргыз Республикасынын агрардык партиясы”, 2. «Демократ», 3. «Кыргызстан  коммунисттер партиясы”, 4. “Эмгек” (Партия труда), 5. “Бирик” (“Мекеним Кыргызстан” саясый партиясы менен бириккендигине байланыштуу), 6. “Таза коом” (“Кыргызстан” саясый партиясы менен бириккендигине байланыштуу), 7. “Кыргызстандын элдик-демократиялык  партиясы”, 8. “Ар-Намыс”, 9. “Бийлик элге” (“Власть народу”), 10. Кыргызстан элинин биримдиги (“Ыйман нуру” саясый партиясы менен бириккендигине байланыштуу). Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарына ылайык, “Жаратман эл” саясый партиясынын көрсөтүлгөн убакытта шайлоо фондунун эсеби ачылган эмес. (бул жагдай саясый партиянын талапкерлеринин тизмесин каттоодон баш тартууга негиз берет). 11-августтан 18-августка чейин КР Жогорку Кенешине депутаттарды шайлоого талапкерлердин тизмесин көрсөтүү боюнча “Мекенчил”, “Ата  Мекен”, Кыргызстандын Жашылдар партиясы, “Бир бол” мамлекеттик биримдиктин жана патриотизмдин партиясы, “Чоң Казат”, “Адам-Демократ”, “Актив”, “Ордо” саысяый  партияларынын сьезддери болуп өттү. 19-августта (партиялардын билдирүүлөрүнө караганда) 11 партиянын сьезддери өтүп жатат: 1.         Мекеним Кыргызстан 2.         Республика 3.         «Биримдик» демократиялык партиясы («Единство») 4.         «Ыйман нуру» 5.         «Нур» либералдык-демократиялык партиясы 6.         Мекен ынтымагы 7.         «Кыргызстан» 8.         «Социал- демократтар» 9.         «Бүтүн Кыргызстан» 10.       «Замандаш» 11.       «Реформа» КР БШКсы саясый партиялардын талапкерлердин тизмесин көрсөтүү үчүн сьезддерди өткөрүү учурунда санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоосу үчүн сунуштарды иштеп чыккан. Жарандардын ден соолугун коргоо максатында саясый партиялар сьезддерди офлайн өткөргөн учурда саясый партиялардын биринчи/аймактык делегаттарынын санын азайтуу мүмкүндүгүн карап көрүү (эгер ушундай мүмкүндүк партиянын уставында каралган болсо), сьезддерди имараттан (ачык асман алдында) тышкары өткөрүүнү, ошондой эле республикалык штабдын бет кап тагынуу, имараттарды дезинфекциялоо, социалдык аралыкты сактоо жана колдорду санитайзер менен тазалоо сунуштарын кармануусунушталган. 24-августта саат 18:00гө чейин саясый партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү БШКга талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн алып келүүлөрү зарыл. 1)         саясый партиянын жетекчисинин колтамгасы, мөөрү коюлуп, талапкерлердин тизмесин көрсөткөндүгү боюнча саясый партиянын чечими; 2)     тизмеге кирген талапкердин биографиялык жана башка маалыматын көрсөтүп өз колу менен толтурулган атайын формасы, паспортунун көчүрмөсү, иштеген же окуган жеринен маалымдама, башка мамлекеттин жарандыгына ээ эместиги боюнча маалымат, персоналдуу маалыматтарды иштеп чыгууга кат түрүндөгү макулдугу; Талапкерлердин тизмеси жана талапкер жөнүндөгү маалыматтар БШК бекиткен форма боюнча кагаз түрүндө да, электрондук вариантта берилиши керек  3)   шайлоо күрөөсүн кошкондугун күбөлөгөн документ. Он күндүн аралыгында берилген маалыматтарды текшерүү жүргүзүлүп, 4-сентябрга чейин ЖК депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо өткөрүлөт. КР БШК Маалыматтык бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
БШК мыйзам бузууларга реакция жасоо боюнча укук коргоо органдарына онлайн тренинг өткөрдү
18.08.2020

БШК мыйзам бузууларга реакция жасоо боюнча укук коргоо органдарына онлайн тренинг өткөрдү

КР БШКсы “Жарандык платформа” коомдук уюму менен биргеликте жана Бишкектеги ОБСЕнин программалык офисинин, Кыргызстандагы ПРООНдун колдоосу менен, “2020-жылдагы Жогорку Кеңешке шайлоо. Шайлоо мыйзамдарынын бузулуусуна реакция жасоо жана чараларды иштеп чыгуудагы укук коргоо органдарынын ролу” деп аталган онлайн тренинг өткөрдү. Иш-чарага КР БШК төрайымы Н. Шайлдабекова, Башкы прокурордун орун басары Н. Дюшембиев, КР Ички иштер министринин орунбасары М. Каниметов, “Жарандык платформа” коомдук фондунун директору А. Усупбекова, Бишкектеги ОБСЕнин программалык офисинин тиешелүү департаментинин жетекчиси Ю. Нетесова, ПРООНдун шайлоолорду колдоо программасынын улук кеңешчиси Ю. Шипилова жана укук коргоо органдарынын жүздөй кызматкерлери катышты. Спикерлер катары Канышай Мамытова эксперт, КР БШК мүчөсү Гульнара Журабаева, КР Башкы прокуратурасынын башкармалыгынын улук прокурору Бит-Аврагим Атур, Бегалы Пирманов эксперт катары чыгып сүйлөштү. “Өткөн шайлоо кампанияларынын коопсуздугу жана мыйзамдуулук тажрыйбалары учурдагы шайлоону өткөрүүгө жардам берет деп ойлойм. 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Жогорку Кеңешке шайлоону ишке ашыруу үчүн, биз эффективдүү аракеттенүүнү иштеп чыга алабыз деген үмүттөмүн”, - деди БШК жетекчиси. Н. Шайлдабекова өз сөзүндө ыкчам аракет кылуучу координациялык топтун ишинин маанилүү экендигин белгиледи. “Эл аралык стандарт боюнча ушундай координациялык топтун иши тиешелүү органдардын ишин эффективдүү координациялоого жардам берет”, - деди. ОБСЕнин программалык офисинин тиешелүү департаментинин жетекчиси Ю. Нетесованын айтымында, шайлоо күнү укук коргоо органдары тынч, коопсуз атмосфераны түзүүлөрү зарыл. КР Жогорку Кеңеши тарабынан шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилген. ПРООндун шайлоолорду колдоо программасынын улук кеңешчиси Ю. Шипилова 2015-жылдан тарта Кыргызстан шайлоо процессин санариптештирүүдө ийгиликтерге жетишкендигин белгиледи. “Санариптештирүүнүн деңгээли шайлоо процессине жана добуш берүүнүн жыйынтыктарынын аныктыгына ишенимди жогорулатты”, - деди ал. Тренингде шайлоо процессинин өзгөчөлүктөрү, анын башкы максаты чектөөлөрдү коюу эмес, жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруусу үчүн шарттарды түзүү экендиги айтылды. Анын жүрүшүндө шайлоочуларды сатып алууга жана админресурска каршылык көрсөтүүгө басым жасалды. Коронавирус пандемиясынын шартында шайлоо өтүп жаткандыгын эске алып, БШК шайлоону уюштуруу жана өткөрүүдө жарандардын ден соолугун коргоо жана санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту сактоону камсыз кылуу боюнча аракеттердин алгоритмин иштеп чыккандыгы да айтылды. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрү агитация кампаниясынын учурунда финансылык таасир көрсөтүүнү азайтуу үчүн массалык иш-чаралар анын ичинде стадиондорго эл жыйноо, улуттук оюндарды, концерттерди өткөрүүгө мыйзам аркылуу тыюу салынгандыгы боюнча да маалымат алышты. КР БШК Маалыматтык бөлүм
Кененирээк билүү >>
БШК саясый партияларга пандемия учурунда сьезддерди өткөрүү боюнча сунуштарын айтты
17.08.2020

БШК саясый партияларга пандемия учурунда сьезддерди өткөрүү боюнча сунуштарын айтты

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 14-августтагы партиялар менен болгон коомдук диалогдо депутаттыкка талапкерлерди көрсөтө турган сьезддерди өткөрүү учурунда санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо боюнча бир катар сунуштарын билдирди. Партиялар сьезддерин офлайн режимде өткөрө турган болсо, жарандардын ден соолугун сактоо үчүн сьезддердин делегаттарын партиянын биринчи/аймактык бөлүмдөрүнөн санын азайтуу (эгер ушундай мүмкүндүк партиянын уставында каралган болсо) мүмкүндүгүн кароо; партиялардын сьезддерин имараттан тышкары (ачык аба алдында) өткөрүү сунуштары айтылды.  Эгер сьезддер офлайн өтө турган болсо, партияларга төмөнкүдөй сунуштар берилди: 1. Партиянын сьезди өтө турган имараттын микроклиматынын көрсөткүчтөрүнө сунуштар: - сьезд башталаар алдында имараттын ичин, иш учурунда колдонула турган бардык буюмдардын, эмеректердин үстүн жакшылап дезинфекциялап чыгуу; - эгер желдетүү системасы иштебесе, имараттын ичин ар бир саат сайын желдетип туруу; 2. Санитардык-эпидемиологиялык ченемдердин талаптарын сактоо үчүн шарттарды түзүү: - кире бериште санитардык-эпидемиологиялык абалды эске алуу менен сьезд өткөрүүнүн эрежелерин жайгаштыруу; - колдорду тазалоо үчүн кире бериште жана имараттын ичинде санитайзерлерди колдонууну камсыз кылуу; - сьезддин бардык катышуучуларынан милдеттүү түрдө бет каптарды же респираторлорду тагынуусун талап кылуу; - сьезддин бардык катышуучуларын мүмкүнчүлүккө жараша бир жолку бет каптар жана перчаткалар менен камсыздоо; 3. Партиянын сьезди боло турган имаратка кире бериш жерде “кирүү фильтрин” уюштуруу: - сьезддин катышучусу киргенде байланышсыз ыкма менен анын дене табын ченөө; - имараттын кире беришинде дезинфекциялоочу аралашма сиңирилген атайын килемченин болушу; 4. Элдин массалык чогулуусунун алдын алып, социалдык дистанцияларды кармануусу: - сьезд өтө турган имараттын ичине аралыкты сактоо боюнча белгилерди коюу; - сьезддин бардык процедураларын өткөрүү учурунда сьездге катышуучулардын аралыгын (1,5 – 2 метр аралык) сактоону камсыз кыла турган жооптуу адамдарды дайындоо. Сьезд бүткөн соң пайдаланылган бет каптар менен перчаткаларды утилдештирүү сунушталды.
Кененирээк билүү >>
"Кыргызстандын агрардык партиясы" саясий партиясы ЖК депутаттарын шайлоого катышпай тургандыгын КР БШКсына билдирди
17.08.2020

"Кыргызстандын агрардык партиясы" саясий партиясы ЖК депутаттарын шайлоого катышпай тургандыгын КР БШКсына билдирди

"Кыргызстандын агрардык партиясы" саясий партиясы 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоого катышпай тургандыгын жана өзүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакыртып ала тургандыгы жөнүндө КР БШКсына билдирди.  КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 17-августтагы жыйынында партиянын билдирүүсүн карап, аны эске ала турган чечим чыгарды. Аталган партиянын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жокко чыгарылып, алардын катталган күбөлүктөрү жараксыз деп табылды.
Кененирээк билүү >>
Кадыров Рысбек Зарлыкович  Он-Арча айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды
17.08.2020

Кадыров Рысбек Зарлыкович Он-Арча айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды

Бүгүн, 2020-жылдын 17-августунда, Нарын облусунун Нарын  районундагы Он-Арча айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоо болуп ѳттү. Он-Арча айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапакер -  Кадыров Рысбек Зарлыкович айылдык кеңештин депутаттар тобу тарабынан кѳрсѳтүлгѳн. Он-Арча айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоого Он-Арча айылдык кеңешинин 11 депутатынын 9 депутаты катышты. Нарын  аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу 2020-жылдын 17-августандагы протоколуна ылайык, жашыруун добуш берүүнүн натыйжасы боюнча талапкер Кадыров Р.З. 9 добуш, «бардык талапкерге каршы» позициясына 0 депутат добуш берген. 2020-жылдын 17-августундагы шайлоонун натыйжасы жѳнүндѳ протоколго ылайык Кадыров Рысбек Зарлыкович Он-Арчаайыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп таанылды. БШКнын токтомуна ылайык жергиликтүү мамлекеттик орган жана ЖӨАБ органы менен бирдикте Нарын АШК тарабынан эпидемиологиялык коопсуздукту жана жарандардын ден соолугун сактоону камсыз кылуу үчүн тѳмѳндѳгү чаралар кабыл алынган: - шайлоонун алдында добуш берүү үчүн орун-жайлар, ошондой эле үстүнкү беттер толук түрдѳ дезинфекцияланган, - шайлоо процессинин катышуучуларынын ортосунда 1,5-2 метрлик аралыктарды сактоо үчүн белгилер коюлган. Шайлоого 11 депутат катышарын эске алуу менен, ал эми жол-жободо 3 саат аралыгында добуш берүү мүмкүнчүлүгү каралгандыгынан улам, арлыктарда жана убакыттарда катышуучуларды дистанциялоо үчүн мүмкүнчүлүктѳр бар. - добуш берүү үчүн жайдын кире беришинде жана бюллетендерди берүүчү жерде санитайзерлер коюлган, ал эми кире бергенде контаксыз термометр менен денет абы ѳлчѳнѳт. - алгоритмге ылайык шайлоонун бардык катышуучуларына АШК тарабынан жеке коргоо каражаттары – бир жолку бет кап жана кол кап берилген, - шайлоо процессинен бүткүл жүрүшүндѳ материалдарды жана предметтерди дезинфекциялоо жүргүзүлгѳн.  
Кененирээк билүү >>
ЖӨБОнун башчыларын шайлоонун графиги
17.08.2020

ЖӨБОнун башчыларын шайлоонун графиги

ЖӨБОнун башчыларын шайлоонун графиги № Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын Шайлоону өкөрүү убактысы Талапкерлердин документтерин кабыл алуу мөнөтү Талапкерлердин каттоо мөнөтү 25 август 2020-жылы Нарын облусу Ат-Башы району   1 Талды-Суу айылдык 9-00дөн 12-00 чейин Саат 18-00гө чейин 17.08.2020 -жылы Саат 18-00гө чейин 19.08.2020 -жылы 28 август 2020-жылы Чүй облусу Аламүдүн району   2 Кара –Джыгач    айылдык 9-00дөн 12-00 чейин Саат 18-00гө чейин 21.08.2020 -жылы Саат 18-00гө чейин 24.08.2020 -жылы Чүй району   3 Чүй    айылдык 9-00дөн 12-00 чейин Саат 18-00гө чейин 21.08.2020 -жылы Саат 18-00гө чейин 24.08.2020 -жылы 1 сентябрь 2020-жыл Чуй облусу Сокулук району 4 Сокулук айылдык 9-00дөн 12-00 чейин Саат 18-00гө чейин 23.08.2020 -жылы Саат 18-00гө чейин 25.08.2020 -жылы Ысык-Көл облусу Ысык-Көл району 5 Ананьево айылдык 9-00дөн 12-00 чейин Саат 18-00гө чейин 26.08.2020 -жылы Саат 18-00гө чейин 28.08.2020 -жылы    
Кененирээк билүү >>
«Мир – свет культуры» коммерциялык эмес уюму жана  «Эгль» коомдук фонду КР ЖК депутаттарын шайлоодо байкоочу болушат
17.08.2020

«Мир – свет культуры» коммерциялык эмес уюму жана  «Эгль» коомдук фонду КР ЖК депутаттарын шайлоодо байкоочу болушат

«Мир – свет культуры» коомдук бирикмеси жана “Эгль” коомдук фонду 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган КР ЖК депутаттарын шайлоодо байкоочу боло турган ниеттери тууралу КР БШКсына билдиришти. КР Боршайкомунун 17-августтагы жыйынында коомдук уюмдардын билдирүүлөрү эске алынып, бул тууралуу БШК чечими тиешелүү аймактык шайлоо участокторуна жиберилип, алардын байкоочуларын каттоого алып тиешелүү үлгүдөгү кубөлүктөрдү берүү тапшырмасы берилет. «Эгль» коомдук фондусунан байкоочу катары Адилов А.М катталды. Эске салсак, 30-июлда КР БШКсы өз жыйынында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого байкоочу катары “Жалпы  иш”коомдук фондунун жана “Таза шайлоо ассоциациясы” юридикалык жактарынан коомдук байкоочуларды каттоо чечимин кабыл алган. КР БШКсы 12-августтагы жыйынында “Ден соолугу боюнча чектелген адамдарга колдоо көрсөтүү боюнча “Билоу”, “Майыптыгы бар адамдарды коргоо боюнча комитет” коомдук фонддорунан коомдук байкоочуларды каттоо боюнча чечим кабыл алган.
Кененирээк билүү >>
«Республика» партиясынын шайлоо боюнча жаңы ыйгарым укуктуу өкүлү дайындалды
17.08.2020

«Республика» партиясынын шайлоо боюнча жаңы ыйгарым укуктуу өкүлү дайындалды

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 17-августтагы жыйынында «Республика» саясый партиясынан Мидин уулу Канатбектин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары каттоосун жокко чыгарган чечим кабыл алынды. Бул чечим  «Республика» саясый партиясынын 13-августта түшкөн,  мурда сунуш кылган шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүн чакыртып алуу жөнүндөгү арызынын негизинде кабыл алынган.    «Республика» саясый партиясынын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары КР БШКсы Исмаилов Анарбек Касымовичти каттады.
Кененирээк билүү >>
“Кыргызстан” партиясынын шайлоо боюнча жаңы ыйгарым укуктуу өкүлү дайындалды
17.08.2020

“Кыргызстан” партиясынын шайлоо боюнча жаңы ыйгарым укуктуу өкүлү дайындалды

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 17-августтагы жыйынында «Кыргызстан» саясый партиясынан Баетов Аяз Батыркуловичтин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары каттоосун жокко чыгарган чечим кабыл алынды.   Бул чечим 13-августта келип түшкөн «Кыргызстан» саясый партиясы мурда сунуш кылган шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүн чакыртып алуу жөнүндө арызынын негизинде кабыл алынды. «Кыргызстан” саясый партиясынан шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Абелдиева Эльвира Тилековнаны  КР БШКсы каттады.
Кененирээк билүү >>
«Демократ» саясый партиясы КР БШКсына Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышпай тургандыгы боюнча билдирди
17.08.2020

«Демократ» саясый партиясы КР БШКсына Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышпай тургандыгы боюнча билдирди

«Демократ» саясый партиясы  2020-жылдын 4-октябрына дайындалган ЖК депутаттарын шайлоого катышуудан баш тартуу,  ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакыртып алуу жөнүндө КР БШКсына билдирди. КР Боршайкому 17-августтагы өз жыйынында аталган партиянын билдирүүсүн карап, аны эске алуу тууралуу чечим кабыл алды. «Демократ» саясый партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн каттоосу жокко чыгарылды, алардын катталган күбөлүктөрү жараксыз деп табылды.
Кененирээк билүү >>
БШК Лейлек жана Балыкчы аймактык шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизди
17.08.2020

БШК Лейлек жана Балыкчы аймактык шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизди

17-августта КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы өз жыйынында Лейлек жана Балыкчы территориялык шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизди.   Лейлек жана Балыкчы аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн арыздарынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 7-18-19-22-беренелерине ылайык, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176-токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кабыл алды: 1. Баткен облусунун Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Саттарова Гулхаё Ибодуллаевна комиссиянын курамынан чыгарылсын; - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Бабаев Фаррух Абдикодирович резервден комиссиянын курамына киргизилсин. 2. Ысык-Көл облусунун Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Керимбаева Асель Сагыновна, «НУР» саясый партиясынан көрсөтүлгөн Айбалиев Темирбек Асанович комиссиянын курамынан чыгарылсын; - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Гуланбаева Чолпон Нарынбаевна, «Замандаш» саясый партиясынан көрсөтүлгөн Эгембаев Алмазбек Жанышевич резервден комиссиянын курамына киргизилсин.   КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК айрым шайлоо участокторунун даректерин өзгөрттү
17.08.2020

БШК айрым шайлоо участокторунун даректерин өзгөрттү

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы 17-августтагы жыйынында Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы, Чүй облусунун Ысык-Ата жана Аламүдүн райондорунун айрым шайлоо участокторунун даректерин өзгөрткөн чечим кабыл алды. Базар-Коргон, Ысык-Ата жана Аламүдүн территориялык шайлоо комиссияларынын “Кыргыз Республикасындагы шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөгү” КР мыйзамынын 7-беренесинин 2-4-1 пункттарына ылайык, айрым шайлоо участокторунун даректерин өзгөртүү тууралуу кайрылууларынын негизинде, КР Боршайкому төмөнкү шайлоо участокторунун даректерин өзгөртүү тууралуу токтом кабыл алды.   Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон району: - Кеӊеш айыл аймагындагы № 2141 шайлоо участкасы, Совет айылындагы Достук көчөсүндөгү № 93 балдар бакчасынын имаратынан Совет айылындагы Абдраимов көчөсүндөгү № 70 спорт залдын имаратына өзгөртүлсүн; - Бешик-Жон айыл аймагындагы № 2042 шайлоо участкасы, Баймундуз айылындагы К. Насирдинбеков көчөсүндөгү № 4 маданият үйүнүн имаратынан Баймундуз айылындагы К. Кайназаров көчөсүндөгү № 5 № 22 орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн. 2. Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кант шаары: - № 7119 шайлоо участкасы, Буслаева № 1 көчөсүндөгү Кант типографиясындагы имаратынан Пушкина № 53 көчөсүндөгү № 3 орто мектебиндеги имаратына өзгөртүлсүн; - № 7123 шайлоо участкасы, 3 микрорайонундагы Физкультуралык-ден соолукту чыңдоочу борбордун имаратынан 3-микрорайондогу Спорт комплексиндеги имаратына өзгөртүлсүн. 3. Чүй облусунун Аламүдүн району: - № 7413 Васильевка айылындагы Фрунзе көчөсүндөгү № 117 ГСВ  имаратынан Клубный чолок көчөсүндөгү № 2 «Солнышко» ДОО имаратына өзгөртүлсүн; - № 7160 Пригородный айылындагы Дорожная көчөсүндөгү № 50 ОсОО ЛТД «Энесай» имаратынан Дорожная көчөсүндөгү № 52б ЗАО               «Улук-Транс» имаратына өзгөртүлсүн. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте шайлоочулардын арасында шайлоо участкаларынын даректери өзгөрүлгөндүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасы берилди.    КР БШК Маалыматтык бөлүм
Кененирээк билүү >>
БШК жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
17.08.2020

БШК жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

17-августта КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында Токтогул, Бишкек жана Сузак территориялык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу,  талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жана ваканттуу депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин келе жатышкан КР жергиликтүү кеңештеринин депутаттыкка талапкерлерине тапшыруу жөнүндөгү чечимдерин бекитти. Токтогул, Бишкек жана Сузак территориялык шайлоо комиссиялары тарабынан «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөгү” КР мыйзамынын 20-беренесине ылайык, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөгү” КР мыйзамынын 3-беренеси боюнча, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” КР мыйзамынын 52-беренесине ылайык, жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын токтотуу, талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жана ваканттуу депутаттык мандаттарды саясый партиялардан шайланган депутаттардан кийин келе жатышкан депутаттыкка талапкерлерге тапшыруу чечимдери кабыл алынган.   2 жергиликтүү кеңештин 2 депутатынын ыйгарым укуктары жеке арыздары боюнча токтотулду: Бекматова Зина Абылгазиевнаныкы (№3) «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты- Токтогул шаардык кеңеши, Токтогул району, Жалал-Абад облусу; Абдыраманов Кубанычбектики – Көк-Арт айылдык кеңеши, Сузак району, Жалал-Абад облусу. Жергиликтүү кеңештердин эки ваканттык депутаттык мандаты шайланган депутаттардан кийин келе жатышкан, тиешелүү көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын көп добуштарын алган депутаттыкка талапкерлерге тапшырылды: Караева Динара Текишовнага (№9) «Өнүгүү-Прогресс» саясый партиясы, жеке ишкер – Токтогул шаардык кеңеши, Токтогул району, Жалал-Абад облусу; Эгембердиев Темирбек Калыбековичке, Көк-Арт айылдык кенеши, убактылуу иштебейт, Сузак району, Жалал-Абад облусу. Токтогул, Бишкек территориялык шайлоо комиссияларынын чечими менен, саясый партиялардан талапкерлердин катталган тизмесинен төмөнкү эки талапкер өз арыздары боюнча чыгарылды: Джоошбаева Гулнара Аманкуловна (№ 6) – “Өнүгүү-Прогресс” саясый партиясы, Токтогул шаардык кеңеши, Токтогул району, Жалал-Абад облусу; Заирбеков Жаныбек Мирланович (№ 89) – “Мекеним Кыргызстан” саясый партиясы, Бишкек шаардык кеңеши. Токтогул, Бишкек жана Сузак территориялык шайлоо комиссияларына жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарына күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшыруу тапшырмасы берилди. КР БШК Маалыматтык бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
БШК эки айыл өкмөт башчысын шайлоону дайындады
17.08.2020

БШК эки айыл өкмөт башчысын шайлоону дайындады

17-августта КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Ананьево айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону, ошондой эле Чүй облусунун Сокулук районундагы Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындады. Ысык-Көл райондук администрация башчысы-акимдин 2020-жылдын 12-августтагы №3/11-буйругу менен, Ысык-Көл районундагы Ананьево айыл өкмөтүнүн башчысы Кубат уулу Таалайбек көзү өткөндүгүнө байланыштуу кызматынан бошотулган.  Ананьево айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону 2020-жылдын 4-сентябрында саат 09дан 12ге чейин өткөрүү дайындалды. БШКнын 2020-жылдын 27-июлундагы токтому менен Чүй облусунун Сокулук районунун Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысын 2020-жылдын 14-августуна дайындалган шайлоодо катталган талапкерлер зарыл болгон добуштарды топтой албагандыктан, айыл өкмөт башчысы шайланбай калган. Сокулук районунун Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысын жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен кайра шайлоону 2020-жылдын 1-сентябрында саат 9дан 12ге чейин өткөрүү дайындалды. Сокулук жана Ысык-Көл территориялык шайлоо комиссияларына шайлоолорду өткөрүүнү КР мыйзамдарына ылайык өткөрүү, ошондой эле мамлекеттик жана жергиликтүү өзү-өзү башкаруу органдары менен биргеликте санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо тапшырылды.           Добуш берүүчү имаратты жана буюмдардын үстүңкү беттерин дезинфекциялап чыгуу; Шайлоо процессинин катышуучулары үчүн 1,5 – 2 метр аралыкты сактоо белгилерин коюу; Кире бериштерге жана бюллетендерди бере турган жерге санитайзерлерди коюу; Шайлоо процессинин катышуучуларынын дене табын байланышы жок термометр менен ченөө; Шайлоо процессинин катышуучуларына бир жолку бет каптарды жана перчаткаларды берүү; Колдонулган материлдар менен предметтердин бардыгын дезинфекциялап чыгуу. КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2020–ж. 17-августа өтө турган КР БШКнын отурумунун күн бекитилген тартиби
17.08.2020

2020–ж. 17-августа өтө турган КР БШКнын отурумунун күн бекитилген тартиби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БОРБОРДУК ШАЙЛОО КОМИССИЯСЫНЫН ОТУРУМУНУН КҮН ТАРТИБИ                                                                                                   Өткөрүү датасы: 17- август  2020-ж.                                                                                               Убактысы: 14.00                                                                                               Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы     1. Чүй облусунун Сокулук районунун Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Ананьево айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону  дайындоо жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)   2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Токтогул, Бишкек жана Сузак аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)   3. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун, Чүй облусунун  Ысык-Ата, Аламүдүн райондорунун кээ бир шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)   4. Лейлек жана Балыкчы аймактык шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)    5. «Демократ» саясий партиясынын билдирүүсү жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)   6. «Кыргызстан» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)   7. «Республика» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)   8. 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүү ниети тууралуу коммерциялык эмес уюмдарынын билдирүүсү жана коомдук байкоочуну каттоо жөнүндө (баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти)   9. «Кыргызстандын агрардык партиясы» саясий партиясынын билдирүүсү жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 10. Ар түрдүү маселелер
Кененирээк билүү >>
2020–ж. 17-августа өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
17.08.2020

2020–ж. 17-августа өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору

долбоор   КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БОРБОРДУК ШАЙЛОО КОМИССИЯСЫНЫН ОТУРУМУНУН КҮН ТАРТИБИ                                                                                                   Өткөрүү датасы: 17- август  2020-ж.                                                                                               Убактысы: 14.00                                                                                               Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы     1. Чүй облусунун Сокулук районунун Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Ананьево айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону  дайындоо жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)   2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Токтогул, Бишкек жана Сузак аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)   3. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун, Чүй облусунун  Ысык-Ата, Аламүдүн райондорунун кээ бир шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)   4. Лейлек жана Балыкчы аймактык шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)    5. «Демократ» саясий партиясынын билдирүүсү жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)   6. «Кыргызстан» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)   7. «Республика» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)   8. 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүү ниети тууралуу коммерциялык эмес уюмдарынын билдирүүсү жана коомдук байкоочуну каттоо жөнүндө (баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти)     9. Ар түрдүү маселелер    
Кененирээк билүү >>
1 … 313 315 … 483