Башкы Жаңылыктар БШК “Шайлоолордун ачыктыгы жана аныктыгы – ишенимдин жана …

БШК “Шайлоолордун ачыктыгы жана аныктыгы – ишенимдин жана стабилдүүлүктүн кепилдиги!” коомдук диалогун өткөрдү

14-Авг, 2020

Бүгүн, 14-августта Бишкекте Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы “Жарандык платформа” коомдук фонду менен өнөктөштүктө “Шайлоолордун ачыктыгы жана аныктыгы – ишенимдин жана стабилдүүлүктүн кепилдиги!” деп аталган коомдук диалог өткөрдү.  

Бул иш-чара Кыргыз Республикасындагы ПРООНдун колдоосу менен КР Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо кампаниясын каржылоонун ачык-айкындык маселелери боюнча билим берүүчү долбоордун алкагында ишке ашырылып жатат.

Диалогдун максаты 2020-жылдагы Жогорку Кеңешке шайлоолорду өткөрүүдөгү өзгөчөлүктөр жана концептуалдуу маселелер менен катышуучуларды тааныштыруу. Иш-чарага КР БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова, “Жарандык платформа” коомдук фондунун директору Айнура Усупбекова, Кыргызстандагы ПРООНдун өкүлү Юлия Шипилова, саясый партиялардын өкүлдөрү, эл аралык жана улуттук эксперттер катышты.

Н.Шайлдабекова 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган шайлоолорду өткөрүүнү уюштуруунун өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып берди.

“Добуш берүүнүн жеткиликтүүлүгү маселесиндеги көз карандысыздыкты камсыздоо максатында шайлоочулардын тизмесин тактоо укуктары Мамлекеттик каттоо кызматынан Боршайкомго берилди. Добуш берүүгө жетүүнүн жалпы шарттарын жакшыртуу үчүн “Тизме” (https://tizme.gov.kg/ порталы эми ай сайын актуалдаштырылып турат. Жарандардын шартына карап шайлоочулардын тизмесинен өзүн тактоо мөөнөтү 20 күнгө көбөйдү. Республикадан тышкары же чет өлкөлөрдө жашаган шайлоочулар үчүн шайлоо участокторунун саны 44кө чейин көбөйдү. Консулдук каттоого коердо шайлоо укугунун артыкчылыктуу экендиги киргизилди”, - деди БШК төрайымы.

Мурдагы парламенттик шайлоого салыштырмалуу быйылкы шайлоодо шайлоочулардын саны 667 миң адамга көбөйгөнү белгиленди.

БШК төрайымы өз сөзүндө шайлоонун инклюзивдүүлүгүн жогорулатуу боюнча чараларды белгиледи. Ал шайлоочулардын маалыматтарды алууларынын, процесстин бардык катышуучуларынын шайлоо процессин түшүнүүсүнүн шарты жакшыртылгандыгын айтып берди.

“БШК тарабынан атайын иштелип чыккан “Талапкер” платформасында саясый партиялардын жана талапкерлердин программалары, партиялардын, талапкерлердин шайлоо фонддору тууралуу маалыматтар жарыяланып турат. Шайлоону каржылоо ачык болот, ал эми партиялардын программалары менен таанышуу мүмкүндүгү шайлоого жоопкерчиликтүү мамиле жасоого алып келет. Мындан тышкары, мурда мыйзам аркылуу жарандардын эркин билдирүүсүнө ресурстардын таасирин азайтууга багытталган агитациянын жаңы эрежелери киргизилген, дебаттарды уюштуруу үчүн аянттар кеңейтилет.

Ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүктөрү чектелген шайлоочулар үчүн атайын форматтар иштелип чыкты. Шайлоо учатокторунун кесилиштери боюнча керектөөлөрдүн картасы түзүлүп жана туруктуу такталып жатат. Талапкерлер жана саясый партиялар агитациялык материалдарды сурдокотормону колдонуу же субтитрлерди берүү менен, окууга ыңгайлуу чоңойтулган шрифттер менен басуу, ошондой эле Брайль шрифтин колдонуу же башка атайын каражаттарды колдонуу менен, жалпы агитациялык материалдардан бир пайыздан кем эмес материалдарды басып чыгарып, таратууга милдеттүү”, - деди Н. Шайлдабекова. 

Коомдук диалогдо Кыргыз Республикасынын шайлоо системасына ишенимди жана ачыктыкты жогорулатууга багытталган шайлоолордун укуктук негиздери, технологиялык процесстер да талкууланып жатат.

БШК жетекчиси ошондой эле шайлоону уюштуруу жана өткөрүүнүн жүрүшүндө жарандардын ден соолугун коргоо жана санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыздоо боюнча аткарылып жаткан иш-аракеттерге көңүл бурду. Белгилеп кете турган жагдай, коомдук диалог да санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен (бет кап тагынуу, социалдык аралыкты сактоо, имаратты жана үстүңкү жактарды тазалап чыгуу, бардык катышуучулардын санитайзерлерди колдонуусу) өткөрүлдү.

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү
16-Окт, 2026

КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-октябрындагы жыйынында 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо маселесин карады.Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун сунушун эске алып, КР БШКсы жалпысынан 81 ЖМКны аккредитациялады.Алардын ичинде:-        басылмалар – 19;-        телерадиоуюмдар – 22; -        радиолор – 13;-        интернет-басылмалар – 27. КР БШКнын расмий сайтындагы “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” бөлүмүндө ЖМКнын эфир убактысын, басылма аянтын жана интернет-басылмаларда жарыялоо укугун бергендиги үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары боюнча маалыматтар жайгаштырылат.Аккредитациядан өткөн ЖМК жана интернет-басылмалар талапкерлердин үгүт иштерин өлкөнүн мыйзамдарынын алкагында так жана калыс жүргүзүүгө милдеттүү.Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлдү.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
16-Окт, 2026

КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Касенов Аймен Абдыталиповичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө токтом кабыл алды. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А. А. Касеновдун шайлоого катышуу менен байланышкан маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Мазыкин Виталий Валерьевич катталды.Белгилей кетсек, талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүгү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
16-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрда өз жыйынында Токтогул, Түп, Сүлүктү, Нарын, Ак-Талаа жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.- Токтогул районунун Э. Иманалиев айылдык кеңешинин депутаты Бекишов Абдыбек Дүйшебековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тейтиев Улан Керимбаевичке өткөрүлүп берилди;   - Түп районунун Карасаев айылдык кеңешинин депутаты Кожомкулова Зыягүл Үсөнбековнанын ыйгарым укуктары Карасаев айылдык кеңешинин 2026-жылдын 9-октябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Шаршеев Руслан Исаевичке өткөрүлүп берилди;   - Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаты Исаков Бекзат Каюмовичтин (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары Сүлүктү шаардык кеңешинин 2026-жылдын 28-сентябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Дүйшөбай уулу Абдумуталипке (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан) өткөрүлүп берилди;   - Нарын районунун Чет-Нура айылдык кеңешинин депутаты Оролов Бек Магдыбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тилекмат уулу Байжигитке өткөрүлүп берилди;- Ак-Талаа районунун Ала-Буга айылдык кеңешинин депутаты Самибаева Гульбарчын Баатырбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдраим уулу Канатбекке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат
16-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат

Бүгүн, 16-октябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Коомдук байкоо борборунун ишмердигин уюштуруу тартибин бекитти.Борбордун негизги максаты - Кыргыз Республикасында өтүүчү шайлоолордо жана референдумдарда добуш берүү күнү шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү реалдуу режимде көрүү үчүн шарттарды түзүү.Борбор шайлоо процессинин ачыктыгын камсыз кылуу жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоо максатында Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан добуш берүү күнү уюштурулат.Белгиленген талаптарды сактоо менен Борборго жарандар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, эл аралык жана башка байкоочулар, ошондой эле башка кызыкдар адамдар эркин кире алышат.Борбордун иш тартибинде келүүчүлөрдү каттоо, убактылуу бейдждерди берүү жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү эрежелери каралган.Борборго келгендерге үгүт жүргүзүүгө, жабдуулардын ишине кийлигишүүгө жана коомдук тартипти бузууга тыюу салынат. Ошондой эле видеокөрсөтүүлөрдү үгүт максатында пайдаланууга жана шайлоочунун эркин билдирүүсүнүн мазмунун аныктоого багытталган аракеттерге жол берилбейт.
Кененирээк билүү >>