БШК Ош аймактык шайлоо комиссиясынын курамын жана резервин өзгөрттү

28 сентября 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 28-сентябрында, өзүнүн отурумунда, Ош облусунун Ош аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизди:

  • Маматалиев Нурбакыт Мухтаровичти ("Кыргызстан" саясий партиясынан) комиссиянын курамынан чыгаруу;
  • Сатыбалдиева Аида Амангелдиевна жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан комиссиянын курамына резервден киргизүү.

Чечим Ош аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү Н.М. Маматалиевдин арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18, 19-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы № 375 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык кабыл алынды.

КР БШК маалымат бөлүмү