Башкы Жаңылыктар КМШдан байкоочулар миссиясы: Кыргызстандагы парламенттик шайлоо жогорку деңгээлде …

КМШдан байкоочулар миссиясы: Кыргызстандагы парламенттик шайлоо жогорку деңгээлде өттү

05-Окт, 2020

Кыргызстандагы парламенттик шайлоо жогорку деңгээлде жана эрк-ниетти эркин билдирүү атмосферасында өттү. Бул тууралу КМШдан байкоочулар миссиясынын башчысы Виктор Гуминский 5-октябрдагы брифингде билдирди.

Анын айтымында, парламенттик шайлоо Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык Мыйзамына ылайык өткөрүлдү. КР шайлоо комиссиялары шайлоонун жүрүшүндө өлкөнүн жарандарынын эрк-ниетти эркин билдирүү укугун ишке ашырууну камсыздады. Шайлоо ачык, айкын жана атаандаштык негизде өттү.

Миссия бардык деңгээлдеги шайлоо комиссиялары аткарган чоң уюштуруу иштери өзүнүн оң натыйжаларын бергендигин белгиледи. Участоктор автоматтык жана санариптик жабдыктардын комплекси менен жабдылганы шайлоо процессин ачык-айкын кылып, жаңы деңгээлге алып чыкты. “Баарын техника аткарды. Биз буга ишендик. Биз жабдык, техника иштебей калган ж.б. айрым учурларды белгилейбиз, бирок аппаратуранын дагы өз талаптары бар, мисалы, эгерде манжа тердеп турса, аппаратура манжа изин окуй албай калат ж.б. Техника деген техника. Миссия аппаратура кайсы бир жерде бир нерсени жасалмалап же бурмалап койду деген маселени койбойт”, - деди Виктор Гуминский.

Эл аралык байкоочу кыргыз кесиптештеринин бул тажрыйбасын өздөштүрүүгө ниеттенгенин билдирди. Андай аппаратураны тажрыйбада колдонуу шайлоону ачык-айкын жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Автоматтык комплекс өзүнүн оң натыйжаларын берди.

“Биздин миссиянын байкоочулары 857 участокто байкоо жүргүздү. Алар жогорку уюшкандыкты жана добуш берүү процессинин ачыктыгын белгилешүүдө. Улуттук жана эл аралык байкоочуларга өздөрүнүн байкоо миссиясын аткаруу үчүн бардык зарыл шарттар түзүлдү. Участоктордо көп байкоочулар жүрдү. Бул дагы шайлоо процессинин ачык-айкындыгынын кепилдигинен кабар берет. Ошондой эле  көп учурларда участоктордо ДМЧА үчүн шарттар түзүлгөн. Бул дагы жогорку уюшкандыкты күбөлөндүрөт”, - деп белгиледи ал.

КР БШК маалымат бөлүмү 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында аяктайт. Бул акыркы күн! Шашылыңыздар! Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” https://accreditation.srs.kg/ автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>