Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктоо
07.11.2020

Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктоо

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлери! Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын атынан жана өзүмдүн атымдан сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм! Калктын көпчүлүк бөлүгү үчүн ЖМК маалымат алуунун маанилүү булагы болуп турган биздин заманда журналисттик эмгектин мааниси күндөн күнгө өсүүдө. Сиздер маанилүү жана керектүү иш аткарып жатасыздар, сиздердин ишиңиздерсиз өлкөнүн, коомдун жана адамдын алга өнүгүүсүн, коомдо сөз эркиндигинин жана тең укуктуулуктун, өз ара сыйлашуунун жана тынчтыктын бекемделүүсүн элестетүү мүмкүн эмес. Мамлекеттин жана жарандык коомдун өз ара аракеттешүүсүнө көмөктөшүү аркылуу сиздер калк менен кайра байланышуунун баалуу социалдык миссиясын ишке ашырып жатасыздар. Өлкөбүздө ачык, мыйзамдуу жана адилет демократиялык шайлоо тутумун калыптандырууда журналисттердин салымы чоң мааниге ээ. Биз жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлеринин, журналисттин негизги принциптерин – аныктык, объективдүүлүк жана ыкчамдык принциптерин жетекчиликке алып, өз ишин абийирдүүлүк жана намыскөйлүк менен аткарган кесипкөйлөрдүн эмгегин жогору баалайбыз. Көз карандысыз ой жүгүртүүлөр, калыс айтылган жарыялоолор жана иштиктүү сын үчүн ыраазычылык билдиребиз. Сиздерге жаңы жетишкендиктерди, чыгармачылык идеяларды жана кызыктуу маалыаттык табылгаларды каалайбыз. Ден соолугуңуздар бекем, чыгармачылык эргүү жана баштаган ишиңиздерде ийгиликтер болсун! Урматтоо менен, БШК төрагасы                                              Нуржан Шайлдабекова    
Кененирээк билүү >>
-
06.11.2020

-

-
Кененирээк билүү >>
БШКга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер  Н.А. Мотуевден арыз келип түштү
06.11.2020

БШКга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Н.А. Мотуевден арыз келип түштү

2020-жылдын 6-ноябрында КР БШКга ѳзүн ѳзү кѳрсѳтүү тартибинде Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына ѳзүнүн талапкерлигин кѳрсѳтүү жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын жараны, 1969-жылдын 10-декабрында туулган, убактылуу иштебеген Мотуев Нурлан Аманканович арыз менен кайрылды. 2020-жылдын 6-ноябрына карата абал боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына ѳзүн ѳзү кѳрсѳтүү жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын жарандарынан 9 арыз келип түшкѳндүгүн эске салабыз (А. Мадумаров, А. Абдылдаев, К. Чороев, Н. Нышанов, Б. Асанов, Б. Бакетаев, К. Исаев, А. Сыдыков, С. Турдумалиев). БШКнын маалымат бѳлүмү  
Кененирээк билүү >>
ЖӨБОнун башчыларын шайлоонун графиги
06.11.2020

ЖӨБОнун башчыларын шайлоонун графиги

                         ЖӨБОнун башчыларын шайлоонун графиги             № Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын Шайлоону өткөрүү убактысы Талапкерлердин документтерин кабыл алуу мөөнөтү Талапкерлердин каттоо мөөнөтү 2020-жылдын 9-ноябры   Нарын облусу Нарын району   1 Учкун айыл өкмөтү саат 9:00дөн 12:00 чейин саат 18:00гө чейин 01.11.2020-ж. саат 18:00гө чейин 04.11.2020-ж. 2020-жылдын 12-ноябры Нарын облусу Ак-Талаа району   2 Тоголок-Молдо айыл өкмөтү саат 9:00дөн 12:00 чейин саат 18:00гө чейин 04.11.2020-ж. саат 18:00гө чейин 07.11.2020-ж. 2020-жылдын 13-ноябры Чуй облусу   Сокулук району   3 Новопавлов айыл өкмөту саат 9:00дөн 12:00 чейин саат 18:00гө чейин 05.11.2020 ж. саат 18:00гө чейин 08.11.2020 ж. 2020-жылдын 17-ноябры Жалал-Абад облусу       4 Жалал-Абад шаары     саат 9:00дөн 12:00 чейин саат 18:00гө чейин 9.11.2020 ж. саат 18:00гө чейин 12.11.2020 ж. Жалал-Абад облусу   Сузак району   5 Барпы айыл өкмөту саат 9:00дөн 12:00 чейин саат 18:00гө чейин 9.11.2020 ж. саат 18:00гө чейин 12.11.2020 ж. 2020-жылдын 18-ноябры       6 Көк-Арт айыл өкмөту     саат 9:00дөн 12:00 чейин саат 18:00гө чейин 10.11.2020 ж. саат 18:00гө чейин 13.11.2020 ж. Ошская область   Узгенский район   7 Ак-Жарский айыл окмоту саат 9:00дөн 12:00 чейин саат 18:00гө чейин 10.11.2020 ж. саат 18:00гө чейин 13.11.2020 ж. 2020-жылдын 25-ноябры Нарын облусу Нарын району   8 Эмгекчил  айыл өкмөтү саат 9:00дөн 12:00 чейин саат 18:00гө чейин 17.11.2020-ж. саат 18:00гө чейин 20.11.2020-ж. Чүй облусу Ысык-Ата  району   9 Милянфан айыл өкмөтү саат 9:00дөн 12:00 чейин саат 18:00гө чейин 17.11.2020-ж. саат 18:00гө чейин 20.11.2020-ж. Ысык-Көл облусу Тоң району   10 Күн-Чыгыш айыл өкмөтү саат 9:00дөн 12:00 чейин саат 18:00гө чейин 04.11.2020-ж. саат 18:00гө чейин 07.11.2020-ж.
Кененирээк билүү >>
БШК шайлоо участоктору үчүн көрнөктүн жана календардын тексттерин бекитти
06.11.2020

БШК шайлоо участоктору үчүн көрнөктүн жана календардын тексттерин бекитти

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылы 6-ноябрда өз жыйналышында 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо шайлоо участоктору үчүн көрнөктүн жана календардын тексттерин бекитүү жөнүндө токтом кылды. Чечим “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 20, 21-беренелерине ылайык кабыл алынды. КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК бир катар айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындады
06.11.2020

БШК бир катар айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындады

Бүгүн – 2020-жылы 6-ноябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өз жыйналышында Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Күн-Чыгыш, Нарын облусунун Нарын районунун Эмгекчил, Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Милянфан айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону 2020-жылдын 25-ноябрына дайындоо жөнүндө токтом кылды. Шайлоо саат 9:00дөн 12:00гө чейин өткөрүлөт. Ысык-Көл облусунун Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2020-жылдын 3-ноябрындагы №60 буйругу менен Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн башчысы Турганбаев Улан Калмакович өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган. Нарын облусунун Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2020-жылдын 30-октябрындагы №20-пр буйругу менен Эмгекчил айыл өкмөтүнүн башчысы Мукамбетов Ишенбек Кадыракунович өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган. Чүй облусунун Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2020-жылдын 26-октябрындагы №60-р буйругу менен Милянфан айыл өкмөтүнүн башчысы Губеза Сулейман Маданзанович “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 7-бөлүгүнүн 5-пунктунун негизинде ээлеген кызматынан бошотулган. БШК чечимин “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоо тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык кабыл алды. Ысык-Көл, Нарын жана Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссияларына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын өкмөтү 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекиткен санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышы менен (1,5-2 метр аралыкты сактоону камсыздоо жана контролдоо, бир жолку бет каптарды колдонуу, дезинфекциялоочу эритмелер, спирт камтылган антисептик менен колду тазалоо) өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды. КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2020–ж. 6-ноябрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
06.11.2020

2020–ж. 6-ноябрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 6-ноябрь 2020-ж. Убактысы: 11.30 Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы 1. Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Күн-Чыгыш, Нарын облусунун Нарын районунун Эмгекчил, Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Милянфан айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмүнүн башчысы) 2. 2020-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо шайлоо участкалар үчүн көрнөктүн жана календардын тексттерин бекитүү жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмүнүн башчысы) 3. Ар түрдүү маселелер
Кененирээк билүү >>
БШКга Кыргыз Республикасынын Президентине кызматына талапкер  С.А Турдумалиевден арыз келип түштү
05.11.2020

БШКга Кыргыз Республикасынын Президентине кызматына талапкер С.А Турдумалиевден арыз келип түштү

2020-жылдын 5-ноябрында КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына ѳзүнүн талапкерлигин кѳрсѳтүү жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын жараны, 1954-жылы 28-августунда туулган, «Комплекстүү жабдуу борборунун» башкы директору,  «Улутман» республикалык партиясы» саясий партиясынан кѳрсѳтүлгѳн Турдумалиев Сазыкбай Абдрахманович арыз менен кайрылды. 2020-жылдын 5-ноябрына карата абал боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына ѳзүн ѳзү кѳрсѳтүү жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын жарандарынан 8 арыз келип түшкѳндүгүн эске салабыз(А. Мадумаров, А. Абдылдаев, К. Чороев, Н. Нышанов, Б. Асанов, Б. Бакетаев, К. Исаев, А. Сыдыков). БШК маалымат бѳлүмү
Кененирээк билүү >>
БШКга Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына өзүн-өзү көрсөткөн А. Т. Сыдыковдон арыз түштү
05.11.2020

БШКга Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына өзүн-өзү көрсөткөн А. Т. Сыдыковдон арыз түштү

2020-жылдын 5-ноябрында КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына өзүн-өзү көрсөтүү  менен 1959-жылы туулган, пенсиядагы Абдыкаар Токтобекович Сыдыковдон арыз түштү. Эске салсак, 5-ноябрга чейин Кыргыз Республикасынын 7 жаранынан (А. Мадумаров, А. Абдылдаев, К. Чороев, Н. Нышанов, Б. Асанов, Б. Бакетаев, К. Исаев) Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына өзүн-өзү көрсөтүү менен талапкер катары арыздар түшкөн. КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Бишкек АШКнын шайлоочуларга, КРнан тышкары убактылуу жашап жаткандарга же анын чегинен тышкары жүргөн жарандарынын коомдук бирикмелерине, ошондой эле КРнын саясий партияларына КАЙРЫЛУУСУ
04.11.2020

Бишкек АШКнын шайлоочуларга, КРнан тышкары убактылуу жашап жаткандарга же анын чегинен тышкары жүргөн жарандарынын коомдук бирикмелерине, ошондой эле КРнын саясий партияларына КАЙРЫЛУУСУ

2021-жылдын 10-январына Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалгандыгына байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” конституциялык мыйзамдын 2-3-беренелерин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөгү” КР мыйзамынын 19-20-беренелерин, “Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жашаган же жүрүшкөн жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыздоо жөнүндөгү” Жобону жетекчиликке алып, чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторунда шайлоочулардын саны өсүп жаткандыгын эске алуу менен, шайлоо комиссияларынын үзгүлтүксүз ишмердигин камсыздоо максатында, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы (мындан ары Бишкек АШК) шайлоочулардан, Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жашаган же ошол жакта жүргөн жарандардын коомдук бирикмелеринен, саясий партиялардан Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аркылуу чет өлкөлөрдөгү шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлерди көрсөтүүнү жарыя кылат: Чет өлкөлөрдөгү шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлерди көрсөтүүдө жарандардын өздөрүнүн макулдугун, шайлоо кампанияларына, коомдук турмушка катышуу тажрыйбасын, кесиптик жана жеке сапаттарын эске алуу зарыл. Чет өлкөлөрдөгү шайлоо комиссияларынын курамдары мамлекеттин аймагынан тышкары жүргөн же жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин кызматкерлеринен эсебинен түзүлөт. Чет өлкөлөрдөгү шайлоо комиссияларынын резервине жарандардын жыйындарынан талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдорду жыйындын төрагасы жана катчысы кол коюп күбөлөндүрүп бериши керек. Протоколго жыйынга катышкандардын тизмеси алардын колу коюлуп, жашаган жери көрсөтүлүп кошо тиркелиши зарыл. Чет өлкөлөрдөгү шайлоо комиссияларынын резервине саясий партиялардан талапкерлерди тандоо саясий бирикмелердин уставына жараша жүргүзүлөт. Бишкек АШКына саясий партиянын жетекчисинин (жыйындын төрагасынын) колу коюлуп, мөөрү басылган тиешелүү документ көрсөтүлөт. Жогорудагы документтерге булар тиркелет: Талапкердин чет өлкөдөгү шайлоо комиссиясынын курамында иштөөгө макулдугу жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин сактоо жөнүндөгү милдеттенмеси; паспортунун көчүрмөсү; иштеген, окуган жерин, билимин көрсөтүп жазган биографиялык маалыматтар (кадрлар бөлүмүнөн жеке баракчасы же резюмеси); байланыш маалыматтары: жашаган жеринин дареги, телефондор (үйдөгү, мобилдүү, электрондук почтасы). Чет өлкөлөрдөгү шайлоо комиссияларынын резервине жарандардын жыйындарынан, саясий партиялардан талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор, анын ичинде электрондук түрдө да Бишкек АШКында 2020-жылдын 11-ноябрга чейин, саат 18ге дейре кабыл алынат. Сурап билүү: +996-312-382-426 Телефондор:  +996-500-382-426 (WhatsApp) Эл. почта:       tikbishkek@gmail.com Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы  
Кененирээк билүү >>
Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо кайрадан өтөт
04.11.2020

Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо кайрадан өтөт

2020-жылдын 4-ноябрында КР Боршайкому өзүнүн жыйынында Ош облусунун Өзгөн районундагы Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо жөнүндө токтомун кабыл алды. Бул чечим "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 6-7-14-18-беренелерине, "Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жөнүндө" КР мыйзамынын 49-беренесине ылайык, "Айыл өкмөт башчыларын шайлоонун тартиби жөнүндөгү" КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3-токтому менен бекитилген Жобого ылайык кабыл алынды. Өзгөн районундагы Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысын жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен кайра шайлоо 2020-жылдын 18-ноябрына дайындалды. КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
ЖӨБОнун башчыларын шайлоонун графиги
04.11.2020

ЖӨБОнун башчыларын шайлоонун графиги

                                                                           ЖӨБОнун башчыларын шайлоонун графиги № Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын Шайлоону өткөрүү убактысы Талапкерлердин документтерин кабыл алуу мөөнөтү Талапкерлердин каттоо мөөнөтү 2020-жылдын 9-ноябры Нарын облусу Нарын району 1 Учкун айыл өкмөту саат 9:00дөн 12:00 чейин саат 18:00гө чейин 01.11.2020 ж. саат 18:00гө чейин 04.11.2020 ж. 2020-жылдын 12-ноябры Нарын облусу Ак-Талаа району 2 Тоголок-Молдо айыл өкмөту саат 9:00дөн 12:00 чейин саат 18:00гө чейин 04.11.2020 ж. саат 18:00гө чейин 07.11.2020 ж. 2020-жылдын 13-ноябры Чуй облусу Сокулук району 3 Новопавлов айыл өкмөту саат 9:00дөн 12:00 чейин саат 18:00гө чейин 05.11.2020 ж. саат 18:00гө чейин 08.11.2020 ж. 2020-жылдын 17-ноябры Жалал-Абад облусу 4 Жалал-Абад шаары     саат 9:00дөн 12:00 чейин саат 18:00гө чейин 9.11.2020 ж. саат 18:00гө чейин 12.11.2020 ж. Жалал-Абад облусу Сузак району 5 Барпы айыл өкмөту саат 9:00дөн 12:00 чейин саат 18:00гө чейин 9.11.2020 ж. саат 18:00гө чейин 12.11.2020 ж. 2020-жылдын 18-ноябры 6 Көк-Арт айыл өкмөту     саат 9:00дөн 12:00 чейин саат 18:00гө чейин 10.11.2020 ж. саат 18:00гө чейин 13.11.2020 ж. Ош облусу Өзгөн  району 7 Ак-Жар айыл өкмөту саат 9:00дөн 12:00 чейин саат 18:00гө чейин 10.11.2020 ж. саат 18:00гө чейин 13.11.2020 ж.
Кененирээк билүү >>
БШК жети коомдук байкоочуну каттады
04.11.2020

БШК жети коомдук байкоочуну каттады

Бүгүн – 2020-жылы 4-ноябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өз жыйналышында 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилине белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү берүү менен төмөнкү коомдук байкоочуларды каттоо жөнүндө чечим кылды: 1) “Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы” коомдук бирикмесинен: - Атагозиев Мурат Джаныбековичти, - Ирискулбеков Эрик Белековичти, - Эсенгулов Акылбек Молутбековичти; 2) “Таза Шайлоо Ассоциациясы” юридикалык жактардын бирикмесинен: - Арыков Тимур Дженишбековичти, - Талканчиев Медер Неербековичти; 3) “Эгль” коомдук фондунан:  - ОмуркановаЧолпон Аскербековнаны; - Медетов Мирлан Кубатовичти. Чечим Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-1-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин, “Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 24-октябрындагы №263 токтомун, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 11-июлундагы №226 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо коомдук байкоочулардын статусу, ыйгарым укуктары жана иш тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып кабыл алынды. КР БШК маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
БШК мөөнөтүнөн мурда айылдык кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын токтотту
04.11.2020

БШК мөөнөтүнөн мурда айылдык кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 4-ноябрындагы ѳзүнүн жыйынында жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мѳѳнѳтүнүн мурда токтотуу жана депутаттардын бошогон мандаттарын шайланган депутаттардан кийин турган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин дептуаттыгына талапкерлерге берүү жѳнүндѳ Жалал-Абад жана Жумгал аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекиткен токтом кабыл алды. Жалал-Абад облусундагы Жалал-Абад шаардык кеңешиндеАзизов Оятулла Нематулаевич бир жылдын аралыгында тѳрт жолудан ашык жергиликтүү кеңештин сессияларына жүйѳлүү себептерсиз катышпагандыгына байланыштуу  (Жалал-Абад шаардык кеңешинин 28. 10. 20-ж. № 3 токтому). Мандат жеке ишкерСолтоев Элдар Максатбековичке ѳткѳрүлүп берилди. Нарын облусундагы Жумгал районунун Куйручук айылдык кеңешинде Абдылдаева Махабад Асангазиевна каза болгондугуна байланыштуу. Мандат фермер Абдырасулов Сталбек Кыдырмаевичке ѳткѳрүлүп берилди. Чечим «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ» Кыргыз  Республикасынын Мыйзамынын  6, 7, 14, 18-беренелерине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын  шайлоо жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык,  Жалал-Абад жана Жумгал аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдеринин негизинде кабыл алынды. КР БШК маалыматбѳлүмү
Кененирээк билүү >>
Ак-Жар айыл ѳкмѳтүнүн башчысы шайланган жок
04.11.2020

Ак-Жар айыл ѳкмѳтүнүн башчысы шайланган жок

2020-жылдын 4-ноябрына дайындалган Ош облусунун Өзгѳн районундагы Ак-Жар айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоо талапкерлер айылдык кеңештин депутаттарынын зарыл керектүү добуштарын албагандыгына байланыштуу болгон жок. Депутаттардын жалпысанынан  20 депутат катышкан, 1 депутат катышкан жок. «Кыргыз  Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын  6-беренесинин 5-пунктуна, 7-беренесинин 1-бѳлүгүнүн 2-пунктуна, ошондой эле  «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык КР БШК тарабынан кайра шайлоо дайындалат. КР БШК маалыматбѳлүмү
Кененирээк билүү >>
БШКга К. К. Исаевден Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер болуу үчүн өзү-өзү көрсөткөн арызы келип түштү
04.11.2020

БШКга К. К. Исаевден Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер болуу үчүн өзү-өзү көрсөткөн арызы келип түштү

2020-жылдын 4-ноябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 1975-жылдын 7-февралында туулган, депутат  Исаев Канатбек Кедейканович Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен талапкерлигин койгон арыз менен кайрылган. Эске салсак, 2020-жылдын 4-ноябрына карата КР БШКсына Кыргыз Республикасынын 6 жаранынан Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына өзүн-өзү көрсөтүү менен талапкерлигин койгон адамдардан (А. Мадумаров, А. Абдылдаев, К. Чороев, Н. Нышанов, Б. Асанов, Б. Бакетаев) арыздар түшкөн. КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
1 … 286 288 … 483