Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

Кыргыз Республикасынын Президентинин шайлоосуна 217 ЖМК катталды
11.11.2020

Кыргыз Республикасынын Президентинин шайлоосуна 217 ЖМК катталды

Бүгүн, 2020-жылдын 11-ноябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы 217 маалымат каражаттарын аккредитациялоо чечимин кабыл алды. Акрредитациядан өткөндөр: 56 телекомпания, 28 радиостанция, 61 гезит жана журналдар жана 72 интернет-басылмалар. Жалпыга маалымдоо каражаттары менен интернет-басылмаларына маалымат берүү укугу жана ага берилүүчү обо убактысы, басылма аянтынын көлөмү жана акы төлөмү боюнча маалыматтар Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтында жайгаштырылат. КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
-
11.11.2020

-

-
Кененирээк билүү >>
-
11.11.2020

-

-
Кененирээк билүү >>
2020–ж. 11-ноябрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
11.11.2020

2020–ж. 11-ноябрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору

                                  Өткөрүү датасы:11-ноябрь2020-ж. Убактысы:15:00                                   Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы 1.Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Мадумаров Адахан Кимсанбаевич ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө (баяндамачы –  Т.О. Айтикеев, шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмүнүн башчысы)    2. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Тагаев Рашид Бакирович ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө (баяндамачы –  Т.О. Айтикеев, шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмүнүн башчысы)    3. 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоодо шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо жөнүндө (баяндамачы –  Т.З.Абдысатаров, укуктук камсыздоо блөмүнүн эксперти) 4. Ар түрдүү маселелер
Кененирээк билүү >>
БШКга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер С. К. Сооронкуловадан арыз келип түштү
11.11.2020

БШКга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер С. К. Сооронкуловадан арыз келип түштү

БШКга 2020-жылдын 11-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын жараны, 1969-жылы 18-мартта туулган, "Укук мектеби" коомдук уюмунун жетекчиси Клара Сооронкуловадан арыз түштү. 11-ноябрга чейин КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын 12 жаранынан (А. Мадумаров, А. Абдылдаев, К. Чороев, Н. Нышанов, Б. Асанов, Б. Бакетаев, К. Исаев, А. Сыдыков, С. Турдумалиев, Н. Мотуев, Р. Тагаев, Ж. Байгуттиев) Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары көрсөткөн арыздар түшкөн. БШК Маалыматтык бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
ЖӨБОнун башчыларын шайлоонун графиги
11.11.2020

ЖӨБОнун башчыларын шайлоонун графиги

ЖӨБОнун башчыларын шайлоонун графиги № Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын Шайлоону өткөрүү убактысы Талапкерлердин документтерин кабыл алуу мөөнөтү Талапкерлердин каттоо мөөнөтү 2020-жылдын 12-ноябры Нарын облусу Ак-Талаа району 1 Тоголок-Молдо айыл өкмөтү саат 9:00дөн 12:00 чейин саат 18:00гө чейин 04.11.2020-ж. саат 18:00гө чейин 07.11.2020-ж. 2020-жылдын 13-ноябры Чуй облусу Сокулук району 2 Новопавлов айыл өкмөту саат 9:00дөн 12:00 чейин саат 18:00гө чейин 05.11.2020 ж. саат 18:00гө чейин 08.11.2020 ж. 2020-жылдын 17-ноябры Жалал-Абад облусу   3 Жалал-Абад шаары     саат 9:00дөн 12:00 чейин саат 18:00гө чейин 9.11.2020 ж. саат 18:00гө чейин 12.11.2020 ж. Жалал-Абад облусу Сузак району 4 Барпы айыл өкмөту саат 9:00дөн 12:00 чейин саат 18:00гө чейин 9.11.2020 ж. саат 18:00гө чейин 12.11.2020 ж. 2020-жылдын 18-ноябры   5 Көк-Арт айыл өкмөту     саат 9:00дөн 12:00 чейин саат 18:00гө чейин 10.11.2020 ж. саат 18:00гө чейин 13.11.2020 ж. Ош облусу Узгенский район 6 Ак-Жарский айыл окмоту саат 9:00дөн 12:00 чейин саат 18:00гө чейин 10.11.2020 ж. саат 18:00гө чейин 13.11.2020 ж. 2020-жылдын 24-ноябры Нарын облусу Кайра шайлоо Нарын району 7 Учкун айыл өкмөтү саат 9:00дөн 12:00 чейин саат 18:00гө чейин 16.11.2020-ж. саат 18:00гө чейин 19.11.2020-ж. 2020-жылдын 25-ноябры Нарын облусу Нарын району 8 Эмгекчил  айыл өкмөтү саат 9:00дөн 12:00 чейин саат 18:00гө чейин 17.11.2020-ж. саат 18:00гө чейин 20.11.2020-ж. Чүй облусу Ысык-Ата  району 9 Милянфан айыл өкмөтү саат 9:00дөн 12:00 чейин саат 18:00гө чейин 17.11.2020-ж. саат 18:00гө чейин 20.11.2020-ж. Ысык-Көл облусу Тоң району 10 Күн-Чыгыш айыл өкмөтү саат 9:00дөн 12:00 чейин саат 18:00гө чейин 04.11.2020-ж. саат 18:00гө чейин 07.11.2020-ж. 2020-жылдын 30-ноябры Нарын облусу Кочкор  району 11 Кочкор айыл өкмөтү саат 9:00дөн 12:00 чейин саат 18:00гө чейин 22.11.2020-ж. саат 18:00гө чейин 25.11.2020-ж. Чүй облусу Жайыл  району 12 Кара-Балта шаары саат 9:00дөн 12:00 чейин саат 18:00гө чейин 22.11.2020-ж. саат 18:00гө чейин 25.11.2020-ж.
Кененирээк билүү >>
БШК Учкун айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо датасын дайындады
10.11.2020

БШК Учкун айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо датасын дайындады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 10-ноябрындагы ѳзүнүн жыйынында жаңы талапкерлерди сунуш кылуу менен Нарын облусунун Нарын районундагы Учкун айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону 2020-жылдын 24-ноябрына дайындоо чечимин кабыл алды. “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын   6, 7, 14, 18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоо тартиби жөнүндө” жобосуна ылайык БШК жаңы шайлоону дайындоо жѳнүндѳ чечим кабыл алды. БШК маалымат бѳлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
10.11.2020

БШК жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы  2020-жылдын 10-ноябрындагы жыйынында, Талас жана Тоң аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана ваканттык депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге берүү жөнүндө чечимин бекитүү токтомун чыгарды: Талас облусунун Талас районундагы Өмүралиев айылдык кеңешинин депутаты Алмаз Токторович Токторовдун көзү өткөндүгүнө байланыштуу анын мандаты "Кыргызтелекомдун" монтеру болуп иштеген Болотбек Орозбекович Тууганбаевге тапшырылды. Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Төрт-Күл айылдык кеңешинин депутаты Бакыт Шүкүрович Зарлыковдун жеке арызына ылайык анын мандаты #5-бала бакчанын кароолчусу болуп иштеген Жеңишкүл Кыдыковна Тулобаевага ыйгарылды. Токтом "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 6-7-14-18-беренелерине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР мыйзамынын 52-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" КР мыйзамынын 3-беренесине ылайык, Талас жана Тоң аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери боюнча кабыл алынды. КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындады
10.11.2020

БШК Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 10-ноябрында өз жыйналышында Нарын облусунун Кочкор районунун Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө токтом кылды. Нарын облусунун Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2020-жылдын 5-ноябрындагы №29-б, буйругу менен Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы Абакиров Рахатбек Болотбекович өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган. «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген «Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык, БШК Нарын облусунун Кочкор районунун Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2020-жылдын 30-ноябрына дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн деп токтом кылды. БШК Кочкор аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан 2020-жылдын 11-майындагы   № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышы менен (1,5-2 метр аралыкты сактоону камсыздоо жана контролдоо, бир жолку бет каптарды колдонуу, дезинфекциялоочу эритмелер, спирт камтылган антисептик менен колду тазалоо) өткөрүүнү уюштурууну тапшырды. КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кара-Балта шаарынын мэрин шайлоо дайындалды
10.11.2020

Кара-Балта шаарынын мэрин шайлоо дайындалды

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 10-ноябрындагы жыйынында Жайыл районунун Кара-Балта шаарынын мэрин шайлоону дайындады. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин2020-жылдын 29-октябрындагы №527 буйругу менен Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта шаарынын мэри  Шабданов Данияр Автандилович «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесинин 6-бөлүгүнүн 9-пунктунун негизинде ээлеген кызмат ордунан бошотулду. 2020-жылдын 28-октябрында Д.А. Шабданов «Кара-Балта шаарынын мэрин ээлеген кызмат ордунан бошотуу жөнүндө жана Кара-Балта шаарынын вице-мэрине милдеттерди жүктөө жөнүндө» Кара-Балта шаардык кеңешинин 2020-жылдын 6-октябрындагы №1 буйругун жараксыз деп таануу жөнүндө административдик доо менен Чүй облусунун административдик сотуна кайрылган. 2020-жылдын 3-ноябрында Д.А. Шабданов административдик доону кайра чакыртып алган. БШК «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесине ылайык, Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген «Шаардын мэрин шайлоо тартиби жөнүндө» жобосуна ылайык, шайлоо жөнүндө чечим кабыл алды. Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта шаарынын мэрин шайлоо 2020-жылдын 30-ноябрына дайындалды. Шайлоо саат 9.00дөн 12.00гө чейин өткөрүлөт. Жайыл аймактык шайлоо комиссиясыга шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышы менен (1,5-2 метр аралыкты сактоону камсыздоо жана контролдоо, бир жолку бет каптарды колдонуу, дезинфекциялоочу эритмелер, спирт камтылган антисептик менен колду тазалоо) өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды. КР БШК маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
Кайназаров Данияр  Александровка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды
10.11.2020

Кайназаров Данияр  Александровка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 10-ноябрындагы жыйналышында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 12-октябрда №253 токтому менен дайындалган Чүй облусунун Москва районунун Александровка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгын жана шайлоонун натыйжаларын бекитүү токтомун кабыл алды. Александровка   айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2  талапкер – Кайназаров Данияр Шамшидинович жана Темирбекова Тамара Акыновна катталган, талапкерлер жергиликтүү кеңештин депутаттарынан сунушталган. Москва аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2020-жылдын 4-ноябрындагы протоколу менен Александровка айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 19 депутаты катышып, Д.Ш. Кайназаров 15 добуш, Т.А. Темирбекова 1 добуш, «бардык талапкерлерге каршы»позициясына – 3 добуш берилгендиги белгиленген. Москва аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2020-жылдын4-ноябрындагы протоколу менен Кайназаров Данияр Шамшидинович Александровка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган. Чүй облусунун Москва районунун Александровка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок. КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШКга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер  Ж.С. Байгуттиевден арыз келип түштү
10.11.2020

БШКга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ж.С. Байгуттиевден арыз келип түштү

2020-жылдын 10-ноябрында КР БШКга ѳзүн ѳзү кѳрсѳтүү тартибинде Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна ѳзүнүн талапкерлигин кѳрсѳтүү жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын жараны, 1966-жылдын 9-майында туулган, «Толубай» АКБ ЖААнын директорлор советинин кеңешчиси Байгуттиев Женишбек Сейтбекович арыз менен кайрылды. 2020-жылдын 10-ноябрына карата абал боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна ѳзүн ѳзү кѳрсѳтүү жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын жарандарынан 11 арыз келип түшкѳндүгүн эске салабыз (А. Мадумаров, А. Абдылдаев, К. Чороев, Н. Нышанов, Б. Асанов, Б. Бакетаев, К. Исаев, А. Сыдыков, С. Турдумалиев, Н. Мотуев, Р. Тагаев). БШКнын маалымат бѳлүмү  
Кененирээк билүү >>
2020–ж. 10-ноябрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
10.11.2020

2020–ж. 10-ноябрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору

                                                                                                Өткөрүү датасы: 10-ноябрь 2020-ж.                                                                                                Убактысы: 16.00                                                                                                Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы 1. 2020-жылы 4-ноябрындагы өткөрүлгөн Чүй облусунун Москва  районунун Александровка  айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө (баяндамачы –  Т.О. Айтикеев, шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмүнүн башчысы)    2. Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта шаарынын мэрин шайлоону дайындоо жөнүндө (баяндамачы –  Т.О. Айтикеев, шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмүнүн башчысы)    3. Нарын облусунун Кочкор районунун Кочкор айыл айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө (баяндамачы –  Т.О. Айтикеев, шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмүнүн башчысы)          4. Нарын  облусунун Нарын  районунун Учкун айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө (баяндамачы –  Т.О. Айтикеев, шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмүнүн башчысы)    5. 2020-жылдын 14-августунда болуп өткөн Ысык-Көл облусунун Тоң районунудагы Кажи-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана натыйжаларын жокко чыгаруу жөнүндө (баяндамачы –  Т.О. Айтикеев, шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмүнүн башчысы)    6. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Талас жана Тоң  аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу (баяндамачы –  Т.О. Айтикеев, шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмүнүн башчысы)    7. Каракол аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (баяндамачы –  Т.О. Айтикеев, шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмүнүн башчысы)    8. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Мадумаров Адахан Кимсанбаевич ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө (баяндамачы –  М. Кожокеева, КР Президентинин кызмат ордуна талапкерлеринин документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү)    9. Ар түрдүү маселелер
Кененирээк билүү >>
БШКга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Р.Б. Тагаевден арыз келип түштү
10.11.2020

БШКга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Р.Б. Тагаевден арыз келип түштү

БШКга 2020-жылдын 10-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары өзүн өзү көрсөтүү менен Р. Б. Тагаев аттуу жаран арыз менен кайрылды. Р. Б. Тагаев 1958-жылы 21-августта туулган, "Ошгаз" филиалынын директору. Эске салсак, 2020-жылдын 10-ноябрына карата Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары 10 жарандан (А. Мадумаров, А. Абдылдаев, К. Чороев, Н. Нышанов, Б. Асанов, Б. Бакетаев, К. Исаев, А. Сыдыков, С. Турдумалиев, Н. Мотуев) арыз түшкөн.БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарынын шайлоочуларына, ЖӨАБ ѳкүлчүлүктүү органдарына, коомдук жана коммерциялык эмес уюмдарга, саясий партияларга Бишкек АШКнын кайрылуусу
09.11.2020

Бишкек шаарынын шайлоочуларына, ЖӨАБ ѳкүлчүлүктүү органдарына, коомдук жана коммерциялык эмес уюмдарга, саясий партияларга Бишкек АШКнын кайрылуусу

2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоонун алдында Бишкек шаарынын участкалык шайлоо комиссяларынын (мындан ары – УШК)  резервин толуктоо зарылчылыгы жаралды. УШКнын резервин толуктоонун зарылчылыгына байланыштуу Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы (мындан ары – Бишкек АШК) жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун ѳкүлчүлүктүү органдарынан ѳкүлдѳрдү жана саясий партиялардан ѳкүлдѳрдү кѳрсѳтүү жѳнүндѳ маалымайт.  УШКнын резервине талапкерлерди кѳрсѳтүүдѳ жарандардын ѳздѳрүнүн макулдугун, ошондой эле шайлоо кампанияларына, коомдук турмушка катышу тажрыйбасын,  кесипкѳйлүк жана жеке сапатын эске алуу зарыл. Мыйзамга ылайык, УШК саясий партиялардан ѳкүлдѳрдүн экиден биринин, жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун ѳкүлчүлүктүү органдарынан ѳкүлдѳрдүн экиден биринин курамында түзүлѳт. УШК шайлоолорду даярдоону жана ѳткѳрүүнү уюштурган, жарандардын шайлоо укуктарын жүзѳгѳ ашырууну жана коргоону камсыз кылган коллегиалдуу орган болуп саналат. УШКнын курамында иштѳѳ жооптуу жана шайлоо мыйзамдарына ылайык кынтыксыз жүргүзүлѳт. Ушуга байланыштуу УШКнын резервине талапкерлерди кѳрсѳтүүдѳ жарандардын ѳздѳрүнүн макулдугун, алардын ишке даярдыгынын деңгээлин, шайлоо комиссияларына катышу тажрыйбасын эске алууга тийиш. Талапкерлерди кѳрсѳткѳн субъекттер шайлоо комиссияларынын мүчѳлүгүнѳ талапкер, эреже катары, ошол тийиштүү калктуу конуштун аймагында жашаптурууга тийиш экендигин эске алуусу зарыл Жарандардын, коомдук бирикмелердин чогулуштарында кѳрсѳтүлгѳн талапкерлер жѳнүндѳ протокол чогулуштун тѳрагасынын жана катчысынын кол тамгасы менен күбѳлѳндүрлүүгѳ тийиш. Протоколго жашаган жерин жана алардын кол тамгалары күбѳлѳндүргѳнүн кѳрсѳтүү менен чогулуштун катышуучуларынын тизмеси тиркелүүсү керек. Саясий партиялардан кѳрсѳтүү алардын уставдарына ылайык жүргүзүлѳт. Аймактык шайлоо комиссиясына чогулуштун тѳрагасынын жана катчысынын кол тамгасы саясий партиянын аймактык бѳлүмүнүн мѳѳрү менен күбѳлѳндүрүлгѳн тийиштүү документтер берилет. Жогоруда аталган документке тѳмѳндѳгүлѳр тиркелет: - УШКнын курамында иштѳѳгѳ макулдугу жѳнүндѳ жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын нормаларын сактоо тууралуу талапкердин арызы; - паспортунун кѳчүрмѳсү; - иштеген, окуган жерин, билимин кѳрсѳтүү менен ѳмүр баяны тууралуу маалымат (кадрлардын эсеби боюнча жеке баракчасы же резюме); - байланыш маалыматтары: жашаган жеринин дареги, телефон номери. «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Ре6спубликасынын Мыйзымынын 22–беренесине ылайык тѳмѳндѳгүлѳр УШКнын мүчѳсү боло албайт: - ЖогоркуКеңештин депутаты, жергиликтүү кеңештин депутаты; - мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары; - судья, укук коргоо жана фискалдык органдын кызматкери, аскер кызматчысы; -талапкер, талапкердин жана саясий партиянын өкүлү; -  башка мамлекеттин жарандыгы бар адам; -мыйзамда белгиленген тартипте, соттуулугу алып салынбаган же жоюлбаган адам; - башка шайлоо комиссиясынын мүчөсү; -терс негиздер боюнча шайлоо комиссиянын мүчөсүнүн милдеттеринен мөөнөтүнөн мурда бошотулган адам. Кыйла кененирээк «Шайлоо комиссияларын түзүүнүн жана таркатуунун тартиби жѳнүндѳ» жана «Шайлоо комиссияларынын резевдерин түзүүнүн жана жүргүзүүнүн тартиби жѳнүндѳ» жоболор менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана  референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтында  www.shailoo.gov.kg таанышса болот. Эскертүү: «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Ре6спубликасынын Мыйзымынын 19–беренесинин 2-пунктуна ылайык аймактык шайлоо комиссияларынын курамында ар бир саясий партиядан бирден ашык эмес ѳкүл боло алат, б.а. тийиштүү УШКнын курамына (КР БШКнын расмий сайтын караңыз) кирген саясий партия ошол УШКнын резервине документтерин бербейт. Зарыл документтердин үлгүлѳрү: арыз, СП протоколу, чогулуштун протоколу Участкалык шайлоо комиссияларынын резервине жарандардан, коомдук уюмдардан талапкерлерди кѳрсѳтүү жѳнүндѳ протоколдор  Бишкек шаардык кеңешинде 2020-жылдын 17-ноябрында 18.00 саатка чейин кабыл алынат. Саясий партиялардан талапкерлерди кѳрсѳтүү жѳнүндѳ протоколдор Бишкек АШКда2020-жылдын 17-ноябрында 18.00 саатка чейин кабыл алынат. Телефон боюнча маалымат:  Бишкек шаардык кеңеши 0312 61 04 32 Бишкек АШК  0312 38 24 26  
Кененирээк билүү >>
Учкун айыл өкмөтүнүн башчысы шайланган жок
09.11.2020

Учкун айыл өкмөтүнүн башчысы шайланган жок

2020-жылдын 9-ноябрына дайындалган Нарын облусунун Нарын районундагы Учкун айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болбой калды, себеби талапкерлер  айыл кеңешинин депутаттарынын тиешелүү сандагы добушуна ээ болушпады. Жалпы депутаттардан 16сы катышты, 5и катышкан жок. "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 6-беренесинин 5-пунктуна ылайык, ошондой эле "Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жөнүндө" КР мыйзамынын 49-беренесине ылайык, кайра шайлоо дайындалды. КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
1 … 285 287 … 483