Башкы Жаңылыктар Бишкек шаарынын шайлоочуларына, ЖӨАБ ѳкүлчүлүктүү органдарына, коомдук жана …

Бишкек шаарынын шайлоочуларына, ЖӨАБ ѳкүлчүлүктүү органдарына, коомдук жана коммерциялык эмес уюмдарга, саясий партияларга Бишкек АШКнын кайрылуусу

09-Ноя, 2020

2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоонун алдында Бишкек шаарынын участкалык шайлоо комиссяларынын (мындан ары – УШК)  резервин толуктоо зарылчылыгы жаралды. УШКнын резервин толуктоонун зарылчылыгына байланыштуу Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы (мындан ары – Бишкек АШК) жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун ѳкүлчүлүктүү органдарынан ѳкүлдѳрдү жана саясий партиялардан ѳкүлдѳрдү кѳрсѳтүү жѳнүндѳ маалымайт.  УШКнын резервине талапкерлерди кѳрсѳтүүдѳ жарандардын ѳздѳрүнүн макулдугун, ошондой эле шайлоо кампанияларына, коомдук турмушка катышу тажрыйбасын,  кесипкѳйлүк жана жеке сапатын эске алуу зарыл.

Мыйзамга ылайык, УШК саясий партиялардан ѳкүлдѳрдүн экиден биринин, жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун ѳкүлчүлүктүү органдарынан ѳкүлдѳрдүн экиден биринин курамында түзүлѳт. УШК шайлоолорду даярдоону жана ѳткѳрүүнү уюштурган, жарандардын шайлоо укуктарын жүзѳгѳ ашырууну жана коргоону камсыз кылган коллегиалдуу орган болуп саналат. УШКнын курамында иштѳѳ жооптуу жана шайлоо мыйзамдарына ылайык кынтыксыз жүргүзүлѳт.

Ушуга байланыштуу УШКнын резервине талапкерлерди кѳрсѳтүүдѳ жарандардын ѳздѳрүнүн макулдугун, алардын ишке даярдыгынын деңгээлин, шайлоо комиссияларына катышу тажрыйбасын эске алууга тийиш. Талапкерлерди кѳрсѳткѳн субъекттер шайлоо комиссияларынын мүчѳлүгүнѳ талапкер, эреже катары, ошол тийиштүү калктуу конуштун аймагында жашаптурууга тийиш экендигин эске алуусу зарыл

Жарандардын, коомдук бирикмелердин чогулуштарында кѳрсѳтүлгѳн талапкерлер жѳнүндѳ протокол чогулуштун тѳрагасынын жана катчысынын кол тамгасы менен күбѳлѳндүрлүүгѳ тийиш. Протоколго жашаган жерин жана алардын кол тамгалары күбѳлѳндүргѳнүн кѳрсѳтүү менен чогулуштун катышуучуларынын тизмеси тиркелүүсү керек.

Саясий партиялардан кѳрсѳтүү алардын уставдарына ылайык жүргүзүлѳт. Аймактык шайлоо комиссиясына чогулуштун тѳрагасынын жана катчысынын кол тамгасы саясий партиянын аймактык бѳлүмүнүн мѳѳрү менен күбѳлѳндүрүлгѳн тийиштүү документтер берилет.

Жогоруда аталган документке тѳмѳндѳгүлѳр тиркелет:

- УШКнын курамында иштѳѳгѳ макулдугу жѳнүндѳ жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын нормаларын сактоо тууралуу талапкердин арызы;

- паспортунун кѳчүрмѳсү;

- иштеген, окуган жерин, билимин кѳрсѳтүү менен ѳмүр баяны тууралуу маалымат (кадрлардын эсеби боюнча жеке баракчасы же резюме);

- байланыш маалыматтары: жашаган жеринин дареги, телефон номери.

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Ре6спубликасынын Мыйзымынын 22–беренесине ылайык тѳмѳндѳгүлѳр УШКнын мүчѳсү боло албайт:

- ЖогоркуКеңештин депутаты, жергиликтүү кеңештин депутаты;

- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары;

- судья, укук коргоо жана фискалдык органдын кызматкери, аскер кызматчысы;

-талапкер, талапкердин жана саясий партиянын өкүлү;

-  башка мамлекеттин жарандыгы бар адам;

-мыйзамда белгиленген тартипте, соттуулугу алып салынбаган же жоюлбаган адам;

- башка шайлоо комиссиясынын мүчөсү;

-терс негиздер боюнча шайлоо комиссиянын мүчөсүнүн милдеттеринен мөөнөтүнөн мурда бошотулган адам.

Кыйла кененирээк «Шайлоо комиссияларын түзүүнүн жана таркатуунун тартиби жѳнүндѳ» жана «Шайлоо комиссияларынын резевдерин түзүүнүн жана жүргүзүүнүн тартиби жѳнүндѳ» жоболор менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана  референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтында  www.shailoo.gov.kg таанышса болот.

Эскертүү: «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Ре6спубликасынын Мыйзымынын 19–беренесинин 2-пунктуна ылайык аймактык шайлоо комиссияларынын курамында ар бир саясий партиядан бирден ашык эмес ѳкүл боло алат, б.а. тийиштүү УШКнын курамына (КР БШКнын расмий сайтын караңыз) кирген саясий партия ошол УШКнын резервине документтерин бербейт.

Зарыл документтердин үлгүлѳрү: арыз, СП протоколу, чогулуштун протоколу

Участкалык шайлоо комиссияларынын резервине жарандардан, коомдук уюмдардан талапкерлерди кѳрсѳтүү жѳнүндѳ протоколдор  Бишкек шаардык кеңешинде 2020-жылдын 17-ноябрында 18.00 саатка чейин кабыл алынат.

Саясий партиялардан талапкерлерди кѳрсѳтүү жѳнүндѳ протоколдор Бишкек АШКда2020-жылдын 17-ноябрында 18.00 саатка чейин кабыл алынат.

Телефон боюнча маалымат:  Бишкек шаардык кеңеши 0312 61 04 32

Бишкек АШК  0312 38 24 26

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү
16-Окт, 2026

КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-октябрындагы жыйынында 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо маселесин карады.Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун сунушун эске алып, КР БШКсы жалпысынан 81 ЖМКны аккредитациялады.Алардын ичинде:-        басылмалар – 19;-        телерадиоуюмдар – 22; -        радиолор – 13;-        интернет-басылмалар – 27. КР БШКнын расмий сайтындагы “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” бөлүмүндө ЖМКнын эфир убактысын, басылма аянтын жана интернет-басылмаларда жарыялоо укугун бергендиги үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары боюнча маалыматтар жайгаштырылат.Аккредитациядан өткөн ЖМК жана интернет-басылмалар талапкерлердин үгүт иштерин өлкөнүн мыйзамдарынын алкагында так жана калыс жүргүзүүгө милдеттүү.Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлдү.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
16-Окт, 2026

КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Касенов Аймен Абдыталиповичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө токтом кабыл алды. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А. А. Касеновдун шайлоого катышуу менен байланышкан маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Мазыкин Виталий Валерьевич катталды.Белгилей кетсек, талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүгү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
16-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрда өз жыйынында Токтогул, Түп, Сүлүктү, Нарын, Ак-Талаа жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.- Токтогул районунун Э. Иманалиев айылдык кеңешинин депутаты Бекишов Абдыбек Дүйшебековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тейтиев Улан Керимбаевичке өткөрүлүп берилди;   - Түп районунун Карасаев айылдык кеңешинин депутаты Кожомкулова Зыягүл Үсөнбековнанын ыйгарым укуктары Карасаев айылдык кеңешинин 2026-жылдын 9-октябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Шаршеев Руслан Исаевичке өткөрүлүп берилди;   - Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаты Исаков Бекзат Каюмовичтин (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары Сүлүктү шаардык кеңешинин 2026-жылдын 28-сентябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Дүйшөбай уулу Абдумуталипке (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан) өткөрүлүп берилди;   - Нарын районунун Чет-Нура айылдык кеңешинин депутаты Оролов Бек Магдыбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тилекмат уулу Байжигитке өткөрүлүп берилди;- Ак-Талаа районунун Ала-Буга айылдык кеңешинин депутаты Самибаева Гульбарчын Баатырбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдраим уулу Канатбекке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат
16-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат

Бүгүн, 16-октябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Коомдук байкоо борборунун ишмердигин уюштуруу тартибин бекитти.Борбордун негизги максаты - Кыргыз Республикасында өтүүчү шайлоолордо жана референдумдарда добуш берүү күнү шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү реалдуу режимде көрүү үчүн шарттарды түзүү.Борбор шайлоо процессинин ачыктыгын камсыз кылуу жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоо максатында Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан добуш берүү күнү уюштурулат.Белгиленген талаптарды сактоо менен Борборго жарандар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, эл аралык жана башка байкоочулар, ошондой эле башка кызыкдар адамдар эркин кире алышат.Борбордун иш тартибинде келүүчүлөрдү каттоо, убактылуу бейдждерди берүү жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү эрежелери каралган.Борборго келгендерге үгүт жүргүзүүгө, жабдуулардын ишине кийлигишүүгө жана коомдук тартипти бузууга тыюу салынат. Ошондой эле видеокөрсөтүүлөрдү үгүт максатында пайдаланууга жана шайлоочунун эркин билдирүүсүнүн мазмунун аныктоого багытталган аракеттерге жол берилбейт.
Кененирээк билүү >>