Э. Өмүрзаков Орток айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды
03 декабря 2020
2020-жылдын 3-декабрында Нарын облусунун Нарын районундагы Орток айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун жыйынтыгы боюнча маалымат.
Орток айыл өкмөтүнүн башчылыгына жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан көрсөтүлгөн бир талапкер Эркинбек Мусилимович Өмүрзаков катталган.
Добуш берүүгө Орток айылдык кеңешинин 11 депутатынын 9у катышып, Э. Өмүрзаков 8 добушка ээ болгон.
3-декабрдагы Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун жыйынтыгы тууралуу протоколу боюнча Э. М. Өмүрзаков Орток айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланган.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
