БШК Алай районундагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындады
07 декабря 2020
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 7-декабрдагы жыйынында Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындады. Буга чейин 2020-жылдын 18-ноябрында БШКнын №345-токтому менен 2020-жылдын 7-декабрында Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындалган. Бирок талапкер керектүү сандагы добуш ала албагандыктан шайлоо өткөнү жокко чыгарылган.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 6-7-14-18-беренелерине, "Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жөнүндө" КР мыйзамынын 49-беренесине, Боршайком 2017-жылдын 6-январында №3-токтому менен бекиткен "Айыл өкмөт башчыларын шайлоонун тартиби жөнүндө" Жобосуна ылайык, КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысын жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен 2020-жылдын 21-декабрында саат 9дан 12ге чейин кайра шайлоо өткөрүүнү дайындаган токтом кабыл алды.
Алай аймактык шайлоо комиссиясына кайра шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы №244-токтому менен бекиитилген санитардык=эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен өткөрүү тапшырылды.
КР Маалыматтык бөлүмү
