Башкы Жаңылыктар 2020-жылдын 29-декабрына чейин шайлоочулар өздөрүн алдын ала түзүлгөн …

2020-жылдын 29-декабрына чейин шайлоочулар өздөрүн алдын ала түзүлгөн тизмеден текшере алышат

08-Дек, 2020

Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого шайлоочулардын алдын ала тизмеси Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан түзүлүп, 2020-жылдын 10-ноябрынан тарта Тизме - https://tizme.gov.kg/  порталында жайгаштырылган.

2020-жылдын 19-ноябрынан тарта шайлоочулардын тизмеси бардык шайлоо участокторунда илинип турат, шайлоо участокторунун бардык саны азыркы учурда 2475, анын ичинде чет өлкөлөрдөгү 45 участок да бар.  

2020-жылдын 10-ноябрына карата шайлоочулардын алдын ала тизмеси боюнча, шайлоочулардын саны 3 544 403 жаран. Алардын ичинен эркектер – 1 693 035, аялдар – 1 851 368 же болбосо 47,77 % жана 52,23%.

2020-жылдын октябрында болгон шайлоого салыштырганда, шайлоочулардын саны 20 849 адамга, 2017-жылы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого караганда 264 473 шайлоочуга, 2015-жылы Жогорку Кеңешке болгон шайлоого салыштырмалуу 762 257 шайлоочуга көбөйгөн.

Шайлоочулардын санынын көбөйүшү, калктын санынын өскөнүнө, биометрикалык маалыматтарды жыйноо боюнча туруктуу иштерге, шайлоочулардын тизмесинин инклюзивдүүлүгүн көбөйтүү боюнча башка чаралардан улам, ошондой эле чет мамлекеттердеги жарандардын уюмдары менен иштешүүлөргө байланыштуу.

2020-жылдын 19-ноябрынан 29-декабрынын кечине чейин  жарандар өздөрүн алдын ала тизмелерден текшере алышат.

Текшерүү үчүн:

  • шайлоо участогуна келүү;
  • «Тизме» - https://tizme.gov.kg/ шайлоочулардын порталынан;
  • 119 номерине чалуу менен (телефон чалуу акысыз);
  • 119 номерине жеке ПИН номериңизди СМС аркылуу жиберип, сиз шайлоо участогуңуздун номерин жана дарегин биле аласыз.

Эгер кандайдыр бир ката же так эместик кеткен болсо же шайлоочулардын алдын ала тизмесинде жок болсо, жарандар 2020-жылдын 29-декабрынын кечине чейин тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына өзгөртүү киргизүү же шайлоочулардын тизмесине киргизүү (мурдагы № 1 формасы), паспорттун (ID – картты) көчүрмөсүн көрсөтүү менен,  кабыл алынган үлгүдөгү арызды жазып кайрыла алышат.

Ал эми добуш берүү күнүндө Кыргыз Республикасынан тышкары жашаган же жүргөн жарандар 29-декабрдын кечине чейин чет өлкөдөгү дипломатиялык өкүлчүлүккө же консулдук мекемеге арыз жазып ага паспортунун көчүрмөсүн тиркөө менен, чет өлкөдөгү шайлоо участогунда добуш берүү каалоосун билдирип кайрыла алышат. Чет өлкөлөрдөгү мекемелерде консулдук каттоодо турган, биометрикалык маалыматын берген жарандар чет өлкөлөрдөгү шайлоочулардын тизмесине автоматтык түрдө кошулат.

Жогорудагы арыздарды берүү менен шайлоочулар биометрикалык идентификациялоодон өтүшөт. Ошондой эле “Тизме” порталындагы шайлоочунун кабинети аркылуу авторизациялоодон өтүү менен, арызды электрондук форматта берүүгө да болот.

Биометрикалык каттоо жок болгон учурда Кыргыз Республикасында жашаган жери боюнча Мамлекеттик каттоо кызматынын мекемелеринен, калкты тейлөө борборлору (ЦОН) аркылуу, Кыргызстандын чет мамлекеттердеги элчиликтери жана консулдуктары аркылуу андан өтүүгө болот.

КР БШК Маалыматтык бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>