КР БШКсына 2021-жылдын 10-январына дайындалган КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого жана референдумга (жалпы элдик добуш берүүгө) айрым категориядагы шайлоочулардын тизмеси берилди

02 января 2021

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 14-беренесинин    5-бөлүгүнө ылайык, тиешелүү органдардын жана мекемелердин жетекчилеринен айрым категориядагы шайлоочулардын тизмелери Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого жана референдумга (жалпы элдик добуш берүүгө) шайлоочулардын тизмесине киргизүү үчүн, жалпы саны 17043 шайлоочунун тизмеси берилди:

- стационардык дарылоо-алдын алуу мекемелеринде;

- шектүүлөр жана айыптуулар катары кайтарууда кармоочу жайларда;

- иш цикли үзгүлтүксүз ишканаларда (вахталык иштерде);

- мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчылары, аскер бөлүктөрүндө жашаган аскер кызматчылары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү жана башка адамдар.

Берилген айрым категориялардын тизмелеринин ичинен 16400 шайлоочу тизмеге киргизилген, 643 шайлоочу тизмеге киргизилген эмес (маалымат базасында жок, биометрикалык маалыматтарын тапшырган эмес, паспорттору жок ,ПИН  туура эмес, же буга чейин тизмеде бар).

Айрым категориялардын тизмесине киргизилген шайлоочулар 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин кезексиз шайлоого жана референдумга (жалпы элдик добуш берүүгө) катыша алышат.