Башкы Жаңылыктар КРнын БШКсы шайлоо бюллетендерин жана добуш берүү бюллетендерин …

КРнын БШКсы шайлоо бюллетендерин жана добуш берүү бюллетендерин аймактарга жана чет жактагы участокторго жиберди

02-Янв, 2021

2021-жылдын 2-январында “Учкун” ААКнын имаратында Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүү жана Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүү үчүн  даярдалган бюллетендерди Жалал-Абад, Ош, Баткен, Нарын, Ысык-Көл, Талас жана Чүй областтык, Бишкек жана Ош шаардык аймактык шайлоо комиссияларына, ошондой эле чет өлкөдөгү участокторго  кабыл алуу жана өткөрүп берүү актысына кол коюлду.

Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүүгө  - 3567138 бюллетень даярдалды. Андан сырткары, 4948 бюллетень Брайл шрифти менен даярдалды.

Бишкек шаарына 417341, Ош шаарына – 151168,  Жалал-Абад областына – 667265,  Ош - 723620, Баткен – 297574, Нарын областына – 202710, Ысык-Көл – 308091, Талас – 158054, Чүй – 592155, чет өлкөлөрдөгү участокторго – 49160 бюллетен жиберилди.

Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүүгө - 3567138 бюллетен даярдалды. Андан тышкары, 4948 бюллетен  Брайл шрифти менен даярдалды.

Бишкек шаарына - 417341, Ош – 151168, Жалал-Абад областына– 667265, Ош – 723620, Баткен – 297574, Нарын областына – 202710, Ысык-Көл – 308091, Талас – 158054, Чүй – 592155, чет өлкөлөрдөгү участокторго – 49160 бюллетен жиберилди.

Жалпысынан Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого жана Кырыгз Республикасынын референдумун өткөрүүгө 7 134 276 бюллетен даярдалды.

Бюллетендердин саны 2021-жылдын 2-январында  “Тизме” (tizme.gov.kg) порталына жайгаштырылган шайлоочулардын акыркы тизмесинин негизинде эсептелген.  

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 30-беренесине, “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 31-беренесине ылайык, участкалык шайлоо комиссияларына берилүүчү шайлоо бюллетендери жана добуш берүү бюллетендеринин саны шайлоо участокторундагы тизмеге киргизилген шайлоочулардын санынан 0,1 пайыздан ашпоосу  керек (иш жүзүндө 1 УШКга 1-2 бюллетенден ашык эмес).     

“Учкун” ААКсы бюллетендерди тынымсыз (күнү-түнү) басып чыгаруу процессине БШКнын мүчөлөрү, БШКнын аппаратынын бөлүмдөрүнүн кызматкерлери курамында турган жумушчу топ тарабынан мониторинг жүргүзүлгөн. “Учкун” ААКсынын басмаканасына басылып чыккан бюллетендердин партиясын көзөмөлдөн (тестирлөөдөн) өткөрүп туруучу жабдуулардын топтому орнотулган. Коопсуздукту УКМК жана ИИМдин кызматкерлери камсыздашты. 

Шайлоо бюллетендери жана добуш берүү бюллетендеринин ар бирин Автоматтык эсептөөчү урна (АЭУ) анык таанышы үчүн атайын коргоочу боёк менен сырдалып жогорку деңгээлде корголгон.

Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо бюллетен түссүз, Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүү үчүн бюллетень көгүш түстө даярдалды.

Борбордук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссияларына бюллетендерди акты менен өткөрүп берет.

Бюллетендерди өткөрүп өткөрүп берүүдө талапкерлердин, саясий партиялардын, “макул”,  “каршы”  менен  “бардык түрүнө каршы” топтордун, коммерциялык эмес уюмдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.   

Шайлоо бюллетендери жана добуш берүү бюллетендери баардык коопсуздук чаралары каралган атайын байланыштагы транспорт менен жиберилет.

Маалымдама:  Басмаканада жокко чыгарылган бюллетендер Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө акты менен өткөрүлүп берилет. Жараксыз жана ашыкча бюллетендер өткөрүлүп берилгенден кийин, КРнын БШКсынын 3 мүчөсүнүн катышуусунда, талапкерлердин өкүлдөрү, “макул”, “каршы” жана “баардык түрүнө каршы” топтордун 2ден кем эмес өкүлү, басмакананын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жок кылынганы тууралуу баардык катышуучулардын колу коюлган акты түзүлөт.

Конституциялык мыйзамдын талаптарын бузуп басмакананын, шайлоо комиссияларынын имаратынан алып чыгууга, ошондой эле бюллетендерди көчүрүп алууга жана таратууга тыюу салынат.

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо округдарынын жана участокторунун схемалары менен чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобо бекитилди
09-Сен, 2026

Шайлоо округдарынын жана участокторунун схемалары менен чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобо бекитилди

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 9-сентябрдагы жыйынында “Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 41 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизди.Бекитилген жобого ылайык, бир шайлоо участогундагы шайлоочулардын санынын чеги 3000ден 4000ге чейин көбөйтүлөт. Бул талаптарга жооп берген имараттардын жетишсиздигинен улам жаңы шайлоо участокторун ачуу зарылдыгын азайтып, материалдык-техникалык, каржылык ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууга, уюштуруучулук жана эмгек акы чыгымдарын оптималдаштырууга шарт түзөт.Мындан тышкары, калктын санынын өсүшү жана курулуштардын тыгыздыгы эске алынып, шайлоо участокторунун чек араларын аныктоодо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көбүрөөк мүмкүнчүлүк берилет.
Кененирээк билүү >>
Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди
09-Сен, 2026

Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 9-сентябрда өз жыйынында “Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү” жөнүндө токтом кабыл алды.Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Камбаров Акынбек Осконович (“Ыйман Нуру” саясий партиясынан) чыгарылып, ордуна резервден Калилов Рустам Нийматович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Кожошев Нураалы Кожошевич жана Төрөбек кызы Айзада (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Бегаалы кызы Кенжегүл жана Токушова Жаннат Бообековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) комиссиянын курамына киргизилди.Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Айтказы уулу Марат (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, ордуна резервден Качкынова Назгуль Сарыгуловна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Джумагазиева Аэлита Байышовна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, ордуна резервден Омуркулова Багдагул Зарлыковна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Медербек кызы Жылдыз (“Ишеним” саясий партиясынан) чыгарылды.Кара-Балта аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Брежнева Олеся Сергеевна жана Раймкулова Назгуль Джолдошбековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Намазбек кызы Рахат жана Садыбакасова Асылгул Талайбековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Синельникова Людмила Викторовна, Джекшенов Бекназар Амантурович, Долетов Самат Шамидинович жана Ишембаев Элзар Талантович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Тенирбергенова Гулзахир Акматбековна, Алмазбеков Азиз Алмазбекович, Сагымбаев Каныбек Асанбекович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
09-Сен, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 9-сентябрда өз жыйынында Ак-Суу, Панфилов, Манас, Талас шаардык, Кара-Суу жана Ноокен аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.Ак-Суу районунун Хан-Теңири айылдык кеңешинин депутаты Алмерекова Гульзат Доктурбаевнанын ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош мандат Султанбаева Эльмира Кеңешовнага өткөрүлүп берилди;Ак-Суу районунун Хан-Теңири айылдык кеңешинин депутаты Шергазиев Саламат Жумадыловичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Жумадылов Нурлан Оморовичке өткөрүлүп берилди;Панфилов районунун Курама айылдык кеңешинин депутаты Джумагулова Назгуль Джаныбаевнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду.Панфилов районунун Кайыңды шаардык кеңешинин депутаты Адеп кызы Алинанын (“Ынтымак” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду.Манас районунун Семетей айылдык кеңешинин депутаты Суранбаева Нурпери Бакеновнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Джельчиева Зарина Усембековнага өткөрүлүп берилди;Талас шаардык кеңешинин депутаты Атагелдиев Урмат Эсенгелдиевичтин (“Бирге-Вместе” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдыкулов Тилек Абдыкуловичке өткөрүлүп берилди;Кара-Суу районунун Ынтымак айылдык кеңешинин депутаты Өмүрбеков Эркин Өмүрбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тургунбаев Кылычбек Суратбековичке өткөрүлүп берилди;Ноокен районунун Момбеков айылдык кеңешинин депутаты Урбаев Зайирбек Кадыровичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Эрмамат кызы Мавлюдага өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди
09-Сен, 2026

КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди

Бүгүн, 9-сентябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди.Жободо топтун милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары такталып, талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорун жана референдум фонддорунун каражаттарын түзүү тартибин контролдоо, ошондой эле финансылык отчеттуулукту текшерүү боюнча ыйгарым укуктары так көрсөтүлгөн.Мындан тышкары, талапкер болууну каалаган жарандардын шайлоо фондун түзүүсүнө, атайын эсеп ачуусуна жана шайлоо төгүмүн төлөөсүнө байланыштуу ченемдер такталган.Өзгөртүүлөр укуктук карама-каршылыктарды жана эки ача түшүнүктөрдү жоюуга, терминологияны бирдей колдонууга багытталган.
Кененирээк билүү >>