Башкы Жаңылыктар КР БШК төрагасы коомдук байкоочулар менен жолугушту

КР БШК төрагасы коомдук байкоочулар менен жолугушту

08-Янв, 2021

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында анын төрайымы Н. Шайлдабекова менен, 2021-жылдын 10-январына дайындалган КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого жана КР референдумуна мониторинг жүргүзүүгө каалоосун билдирген коомдук байкоочулардын жолугушуусу болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалган мезгилден бери 13 коммерциялык эмес уюм Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдык көрүүгө жана өткөрүүгө жарандык мониторинг жүргүзүү ниети бар экендигин билдиришкен. 2021-жылдын 7-январына карата дагы 5 коммерциялык эмес уюм Кыргыз Республикасынын референдумуна байкоо жүргүзүү боюнча чечимин кабарлашкан.

“Кыргызстандын шайлоо модели шайлоолордун ишенимдүүлүгүн камсыз кыла алат. Биздин шайлоочуларды идентификациялоочу технологиялар, автоматтык эсептөөчү урналар аркылуу добуштарды эсептөөлөр шайлоонун ишенимдүүлүгүн камсыз кыла алуусун биз баалай турган убакыт да келет. Бул шайлоо системасын реформалоонун маанилүү жетишкендиги. 2021-жылдын 10-январында добуш бере турган күнү 2 миң 474 участок иштейт. Кыргызстандын президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого жана референдумга 3 миллион 563 миң 574 шайлоочу катыша алат. 2017-жылдагы президенттик шайлоого салыштырганда шайлоочулар 537 804 адамга көбөйгөн. Өткөн жылдын октябрь айында болгон парламенттик шайлоого салыштырмалуу тизме 40 020 шайлоочуга көбөйгөн”, - деди Н. Шайлдабекова.

КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого Кыргызстандын чегинен тышкары 48 шайлоо участогу түзүлүп, алар дүйнөнүн 28 мамлекетинде жайгашкан. Ал эми 2017-жылдагы президенттик шайлоодо дүйнөнүн 26 мамлекетинде 36 шайлоо участогу ачылган. 2021-жылдын 2-январына карата чет өлкөлөрдөгү шайлоочулардын тизмесиндеги жарандардын жана референдумдун катышуучуларынын саны 49 479.

Талапкерлер боюнча КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу үчүн 65 адамдан талапкерлигин көрсөткөндүгү боюнча арыз түшкөндүгү айтылды. Алардын ичинен 18 КР БШКсы тарабынан КР Президенти кызматына талапкер катары катталган, 1 талапкер катышуудан баш тарткан.

Боршайком бардык каалоочулардын программалар менен таанышуусун  https://talapker.shailoo.gov.kg// маалыматтык порталы аркылуу түзүп берген. Анда алдыда турган шайлоого катталган талапкерлердин программалары жана финансылык отчеттору жайгашкан. Ал жактан ар бир талапкер тууралуу жалпы маалымат алууга да болот. Шайлоонун маанилүү жагдайы, талапкерлердин финансылоо булагын ачыктап, ошондой эле чыгашалардын бардыгын көрсөтүү менен финансылык отчетторун жарыялашы болуп эсептелет.

Шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү, ошондой эле шайлоо процессинин ачык-айкындыгын камсыздоо максатында, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан талапкерлердин шайлоо фонддорун финансылоого байланыштуу шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилип, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуунун жобосуна, шайлоо фонддорунун каражаттарын чыгымдоого жана эсептөөгө бирдей ыкмалар кирип, ошондой эле акчадан кайрымдуулук кылууга тыюу салынган жана финансылык отчетторду БШК сайтында милдеттүү жарыялоо киргизилген.

Шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүнө байланыштуу Боршайком тарабынан туруктуу негизде ден соолугунан кемтилгеси бар шайлоочулардын Керектөө карталары түзүлүп, алардын иш жүзүндөгү саны боюнча эсеби алынып, атайын форматтарды колдонуу менен аларга маалымат берүү иштери уюштурулуп турат.

Азыркы учурда  КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону жана референдумду өткөрүүнүн алкагында кемтилгеси бар шайлоочулардын Керектөө  карталары жаңыртылды.

2017-жылы өткөн президенттик шайлоодо пандустар менен шайлоо участокторунун үч бөлүгүнүн бири гана жабдылган, алардын 10 пайызы гана КРдагы СНиПтин талабына туура келген. Өткөн жылдын февралында пандустар менен жабдылган шайлоо участокторунун саны 43 пайыз, августта 65,7 пайыз, сентябрда 79 пайыз, декабрда 83,4 пайызга жеткен.

Жолугушууда коомдук байкоочулар жиберип жаткан маалыматтарды иликтеп жаткан Ыкчам аракет кылуучу координациялык топтун (ЫАККТ) ишмердиги жөнүндө да айтылды.

“Өткөн шайлоо кампаниясынын сабактарын эске алып, шайлоо мыйзамдарын бузуу боюнча иштер - шайлоону жана референдумду даярдап өткөрүүдө мамлекеттик органдардын эң негизги иштери болуп калды. Борбордук ЫАККТ менен аймактык ЫАККТтардын өз ара иштешүүсү күнүгө жүрүп турат. БШКда өз ара аракеттенүү борбору – ЫАККТ катчылыгы түзүлгөн, ал түшкөн сигналдарга анализ жасап, маалыматтарды райондук жана шаардык ЫАККттарга аларды ыкчам текшерүү жана мыйзамга ылайык тиешелүү чараларды кабыл алуу үчүн жиберип турат”, - деди БШК төрайымы.

Мындан тышкары Боршайком төрайымы бир катар маалыматтык ресурстар шайлоо процессинин түрдүү жактары боюнча ар кандай маалыматтарды берип турары жөнүндө айтты.

 КР БШК расмий сайты - https://shailoo.gov.kg/ учурдагы окуялар, шайлоо процесси, жыйындар, жоболор, КР БШК курамы жөнүндө маалыматтарды берет. Сайттын негизги максаты – шайлоочуларды, шайлоо комиссияларын, саясый партияларды, мамлекеттик бийлик органдарын, жалпыга маалымдоо каражаттарын маалыматтык жактан колдоо үчүн маалыматтык-технологиялык чөйрөнү түзүү болуп эсептелет.

Маалыматтык шайлоо системасы – http://ess.shailoo.gov.kg/ өткөн жана азыркы шайлоолордогу добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча маалыматтарды берет.

Добуштарды кол менен саноо протоколун жана идентификациянын жыйынтык отчетун графикалык чагылдарган сайт - http://protocol.shailoo.gov.kg/  өткөн жана азыркы шайлоолордогу АСУнун жана добуштарды кол менен саноонун сканирленген протоколун алууга жол ачат.

“Тизме” порталы - https://tizme.gov.kg/  шайлоочулардын тизмесин облустар боюнча, гендер, жаш курагы боюнча маалыматтарды камтыйт. Мында шайлоо убагында күндө, ал эми шайлоолор аралыгында ай сайын жаңыртылып турган шайлоочулардын тизмеси жөнүндө статистика жайгашкан. Ресурс шайлоо кампанияларын пландоо үчүн пайдалуу, электораттын чөйрөсүнүн динамикасы боюнча аналитикалык бөлүм да бар.

Шайлоо участокторунун картасы - https://shailoo.gov.kg/kg/map/, https://shailoo.gov.kg/ru/map/   шайлоочуларды чек аралар, картадан визуалдуу көрүү менен шайлоо участокторунун борборлору менен тааныштырат.

Даттануулар жана арыздар ресурсу - https://shailoo.gov.kg/kg/registry/  ачык негизде шайлоо комиссияларына (БШКга, АШКга, УШКга) берилген арыздарды, алар боюнча кабыл алынган чечимдерди жана сот актыларын жайгаштырат.

КР БШК Маалыматтык бөлүмү

 

 

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады
14-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады

2026-жылдын 13–14-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Алмаз Айбалаев Ош шаарында, Ош облусунун Кара-Суу, Араван жана Алай райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жыйындарды өткөрүштү.Жолугушуулардын негизги темасы 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу маселелери болду.Талкуунун жүрүшүндө шайлоочулардын шайлоо укуктарын толук кандуу ишке ашыруусуна зарыл шарттарды түзүү, шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктары менен эркиндиктерин сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары, аралыктан добуш берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, автоматташтырылган маалыматтык тутумдардын колдонулушу жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди.Ошондой эле шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигине токтолду. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, мыйзамсыз кысым көрсөтүү жана шайлоо процессине кийлигишүү аракеттеринин алдын алуу, ошондой эле анын бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.Өткөрүлгөн жолугушуулар шайлоого даярдык көрүү боюнча жергиликтүү деңгээлдеги уюштуруу иштерин талкуулоого, тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга жана шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоо маселелерине көңүл бурууга багытталды.
Кененирээк билүү >>
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>