Башкы Жаңылыктар БШК жергиликтүү кеңештердин 12 депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн …

БШК жергиликтүү кеңештердин 12 депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

03-Фев, 2021

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 3-февралындагы отурумунда Нарын шаардык,  Ноокат, Жалал-Абад, Сокулук, Тоң, Ысык-Көл жана Каракөл аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп  берүү жөнүндөгү чечимдерин бекитүү токтомун кабыл алды.  

Нарын облусу,  Нарын шаары

 

Нарын шаардык кеңеши:  (№ 2, «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан) Сакыбаев Майрамбек Сыдыковичтин ыйгарым укугу жеке арызынын негизинде токтотулуп, ваканттуу депутаттык мандат (№ 6, «Өнүгүү-Прогресс» с/п) жеке ишкер, Сыдыков Тельман Усенбаевичке тапшырылды.

Ош облусу, Ноокат району

Көк-Жар айылдык кеңеши: Пирматов Тойчубай Умаралиевич депутаттык ыйгарым укуктарын аткаруусуна сыйышпаган башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу жеке арызынын негизинде токтотулуп, ваканттуу депутаттык мандат  фермер, Жолдошов Кошназар Шермаматовичке тапшырылды.

Жалал-Абад облусу Жалал-Абад шаары

 

Жалал-Абад шаардык кеңеши: (№ 3, «Ата-Журт» депутаттык фракциясы) Парханова Упел Токтосуновнанын ыйгарым укугу жеке арызынын негизинде токтотулуп, ваканттуу депутаттык мандат (№25, «Ата-Журт» с/п) Сузак райондук эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси, Калымбетова Насыйкат Чотуровнага тапшырылды.

 

Чүй облусу, Сокулук району

 

Шопоков шаардык кеңеши: (№4, «Акшумкар» деп.фракциясы) Гвоздев Александр Владимировичтин ыйгарым укугу жеке арызынын негизинде токтотулуп, ваканттуу депутаттык мандат (№ 7, «Акшумкар» с/п) “Ынтымак-Ырыс” дыйкан чарбасынын мүчөсү Абдыкулов Бек Жащасыновичке тапшырылды.

 

Кызыл-Туу айылдык кеңеши:  Касымбеков Руслан Касымбековичтин ыйгарым укугу жеке арызынын негизинде токтотулуп, ваканттуу депутаттык мандат убактылуу иштебеген, Султанбеков Жолдошбек Жумабековичке тапшырылды.

 

Воено-Антоновка айылдык кеңеши:  Шабданбеков Самат Шабданбековичтин ыйгарым укугу жеке арызынын негизинде токтотулуп, ваканттуу депутаттык мандат, дарыгер Матаева Гульнара Ибраимовнага тапшырылды.

 

Новопавловка айылык кеңеши: Батыров Жоодат Борисович депутаттык ыйгарым укуктарын аткаруусуна сыйышпаган башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу жеке арызынын негизинде токтотулуп, ваканттуу депутаттык мандат, пенсионер Гафуров Анвар Катибовичке тапшырылды.

 

Ысык-Көл облусу, Тоң району

 

Күн-Чыгыш айылдык кеңеши: Монолдоров Самат Шаршенбекович депутаттык ыйгарым укуктарын аткаруусуна сыйышпаган башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу жеке арызынын негизинде токтотулуп, ваканттуу депутаттык мандат, дыйкан Байгашкаев Эрмек Жалгабековичке тапшырылды.

 

Кажы-Сай айылдык кеңеши: Байгазиева Чынара Байгазиевна депутаттык ыйгарым укуктарын аткаруусуна сыйышпаган башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу жеке арызынын негизинде токтотулуп, ваканттуу депутаттык мандат, жеке ишкер Кулубеков Урматбек Талайбековичке тапшырылды.

 

Ысык-Көл облусу, Тоң району

 

Чоң-Сары-Ой айылдык кеңеши:

 

Абдырахманов Уланбек Кадыркуловичтин ыйгарым укугу жеке арызынын негизинде токтотулуп, ваканттуу депутаттык мандат, “Ак-Марал”  панционатынын ашпозчусу  Саматова Дилдекан Асанбековнага тапшырылды.

 

Абдыкадыров Малик Калыковичтин ыйгарым укугу жеке арызынын негизинде токтотулуп, ваканттуу депутаттык мандат, убактылуу иштебеген Мамырканов Календер Алпамышовичке тапшырылды.

 

Ысык-Көл облусу, Каракол шаары

 

Каракол шаардык кеңеши:  (№6, “Табылга” деп фракциясы) Хурова Галия Ринатовнанын ыйгарым укугу жеке арызынын негизинде токтотулуп, ваканттуу депутаттык мандат (№ 24,  “Табылга” с/п), убактылуу иштебеген Кулдаева Аида Казыбековнага тапшырылды.

 

Жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош  калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жана саясий партиялардын катталган тизмесиндеги шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү  Нарын шаардык,  Ноокат, Жалал-Абад,  Сокулук, Тоң, Ысык-Көл жана Каракол аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык кабыл алынган .

 

КРнын БШКсы жогоруда белгиленген АШКлардын чечимдерин «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7,14,18-беренелерине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык бекитүү токтомун кабыл алды. 

 

КР БШК Маалыматтык бөлүмү

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү
10-Окт, 2026

«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү

Бишкек шаарындагы «Маариф» окуу-билим берүү комплексинде 2026-жылдын 9-октябрында Кыргыз Республикасынын БШКсынын алдындагы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун өкүлдөрү 9-класстын окуучулары жана билим берүү мекемесинин жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү.Борбордун өкүлдөрү «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин директору Мехмет Черчикая менен жолугушуп, кызматташуунун келечегин, ошондой эле жаш муунду тарбиялоо, окуучулардын укуктук жана шайлоо маданиятын жогорулатуу маселелерин талкуулашты.Жолугушууга Бишкек шаарынын мектептеринин Президенттер кеңешинин өкүлдөрү Ясин Мырсабеков жана Адинай Токтобекова да катышып, окуучуларга Мектеп президенттери кеңешинин келечектеги түзүмүн тааныштырышты.Иш-чара «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин мектеп парламентинин Президентин шайлоонун алдында өттү. Аталган шайлоо 2026-жылдын 12-октябрында болот жана ага КР БШКсынын эксперттери шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча уюштуруучулук-методикалык жардам көрсөтүшөт: добуш берүү урналарын беришет, байкоочуларды тартууга көмөк көрсөтүшөт жана шайлоону уюштуруу жана өткөрүү маселелери боюнча консультациялык жардам беришет.Жолугушуунун программасына «Шайлоо жана жаштар» аттуу видеороликти көрсөтүү жана талкуулоо, №68 орто мектеби парламентинин президентинин сөзү, суроо-жооп сессиясы, ошондой эле «Шайлоо жөнүндө эмнени билем?» аттуу викторина кирди. Викторинанын жеңүүчүлөрү жана активдүү катышуучулары ЖБШТБ тарабынан эстелик байгелер менен сыйланышты. Иш-чарага жалпысынан 9-класстын 109 окуучусу катышты.Мындай жолугушууларды өткөрүү жаштардын шайлоо маданиятын жогорулатуу үчүн маанилүү. Мектеп партасынан баштап потенциалдуу шайлоочулар менен иштөө шайлоого аң-сезимдүү мамиле жасоону, ар бир добуштун баалуулугун түшүнүүнү жана өлкөнүн коомдук-саясий жашоосуна жоопкерчиликтүү катышууга даярдыкты калыптандырууга мүмкүндүк берет.
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>