Башкы Жаңылыктар БШК 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерине …

БШК 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерине депутаттарды шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитти

16-Фев, 2021

          2021-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын 448 жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо өтөт, алардын ичинен 420и айылдык кеңештер жана 28и шаардык кеңештер. БШК Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерине шайлоолорду даярдоого жана өткөрүүгө жалпы суммасы 425 243,5 миң сом өлчөмүндө чыгымдардын сметасын бекитти:                                                                                                                          

        - 418 айылдык кеңештердин кезектеги шайлоосу анын ичинде ыйгарым укуктары 2020-жылдын декабрында аяктаган 386 кеңештердин шайлоосу (370 айылдык кеңеши жана 16 шаардык кеңеши);

        -  2021-жылдын майында ыйгарым укуктары аяктай турган 32 кеңештин шайлоосу (26 айылдык кеңештин жана 6 шаардын);

        - мурда токтотулган 30 айылдык кеңештин, алардын ичинен 25 айылдык кеңештин жана 5 шаардык кеңештин.

        - жергиликтүү башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоого байланышкан чыгымдар.

        Сметага участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө бериле турган сый акынын суммасы киргизилген: 53 АШКда – 638 адам, 2276 УШКда – 28498 адам, буларга акы төлөө шайлоолорду даярдоо убагында айына 2,0 – 3,0 миң сомду түзөт (бир шайлоо комиссиясында адатта  комиссиянын 11-13 мүчөсү иштейт), автоматтык эсептөөчү шаймандардын 2222 операторлору үчүн, ошондой эле шайлоонун алдындагы күнү жана шайлоо күнүндө коопсуздукту сактоо үчүн ишке тартылган ИИМдин 4636 кызматкери үчүн күнүмдүк каражат да кирет.

          Ошондой эле смета шайлоону даярдоо жана өткөрүүгө зарыл болгон товарларды жана кызматтарды сатып алуучу чыгымдарды, мындан башка  шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана жабдуулардын операторлору үчүн окутуучу иш-чаралар менен кызматтык жол жүрүүлөрдүн, байланыш кызматынын, предметтерди жана материалдарды сатып алуу үчүн, жабдууларды жана материалдарды ташуу үчүн транспорттук чыгымдарды, аймактардын ичиндеги территориялык шайлоо комиссияларынан участкалык шайлоо комиссияларына чейин шайлоого керектүү жабдууларды (шайлоочуларды биометрикалык идентификациялоочу жабдуулар, компьютердик техникалар комплектилери, бюллетендерди кабыл алуу жана иштеп чыгуу боюнча автоматтык шаймандар) жеткирүү жана кайра ташуулар боюнча транспорттук чыгымдар, жана материалдарды (бюллетендер, маалыматтык материалдар, анын ичинде баннерлер, канцеляриялык буюмдар, шайлоочулардын жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн саламаттыгын санитардык-эпидемиологиялык жактан коргоо үчүн каражаттар) жеткирүү чыгымдарын камтыйт.  

Кененирээк

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды
07-Окт, 2026

Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды

Бүгүн, 7-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын (Civic Trainers Lab) жыйынтыктоочу жолугушуусу өттү. Долбоордун уюштуруучулары - КР БШКнын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси, ошондой эле «Жаштарды өнүктүрүү институту» коомдук бирикмесинин колдоосу менен өткөрүлдү. Иш-чарага өлкөнүн жети аймагынан келген программанын эки агымынын бүтүрүүчүлөрү - жаш тренерлер катышты.Катышуучуларга КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР БШКнын ЖБББнын директору Анара Бейшембаева, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин өкүлү жана ЖӨИнин директору Элизар Тилебалды уулу куттуктоо сөздөрү менен кайрылышты.Жаш тренерлерди даярдоо программасынын негизги окуялары жана жыйынтыктары, окутуу раунддарынын жана практикалык фазанын жыйынтыктарын, анын ичинде камтылган географияны, өткөрүлгөн каскаддык тренингдердин саны менен ЖӨИнин өкүлү Адельфия Аманкулова тааныштырды.КР БШКнын Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар башкармалыгынын башчысы Аскар Акимбаевдин шайлоо процессиндеги заманбап санариптик инструменттерге арналган, ошондой эле КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү Бакай Кожомкул уулунун катышуучуларды мамлекеттик жаштар саясатынын багыттары жана аймактардагы жаштардын жарандык катышуу механизмдери менен тааныштырган конок лекциялары өттү.«Окутуудан практикага: эмне реалдуу иштеп кетти?» аттуу интерактивдүү сессияда катышуучулар аймактык кейстерди сунуштап, натыйжалуу усулдарды, тоскоолдуктарды талкуулашты жана биргелешкен «Жарандык тренерлер лабораториясынын тажрыйба картасын» түзүштү.Катышуучулар жана уюштуруучулар жаш тренерлердин КР БШК алдындагы ЖБББ жана мамлекеттик түзүмдөр менен кызматташуу форматтарын талкуулашты.
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү
07-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү

Үстүбүздөгү жылдын 6-7-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Миргүл Темирбаева Баткен облусунун Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунда жана Ош облусунун Ноокат районунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жыйындарды өткөрүштү.Жыйындардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүүнүн алкагында шайлоочулардын өз шайлоо укуктарын ишке ашыруусу үчүн тиешелүү шарттарды түзүү, ошондой эле шайлоону өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктарын жана эркиндиктерин сактоо боюнча маселелер талкууланды.БШК төрагасынын орун басары шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, шайлоо технологияларынын жаңыланышы, аралыктан добуш берүүнүн артыкчылыктары, автоматташтырылган маалыматтык тутумдар жана талапкерлерди колдоонун өзгөчөлүктөрү боюнча кеңири маалымат берди.Р. Жакышов шайлоону уюштуруу жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн ролуна токтолду.“Сиздердин милдетиңиздер – шайлоону уюштурууда анын калыс жана ачык өтүшү үчүн шарт түзүүгө көмөктөшүү. Ошол эле учурда процесске аралашпай, бардык процедуралардын мыйзамга ылайык өтүп жатканына көз салуу керек. Шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын жана шайлоо комиссияларынын уюштуруу-техникалык маселелерди чечүү боюнча ишине жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көмөк көрсөтүүсү зарыл”, – деп белгиледи Р. Жакышов.Мындан тышкары, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн мыйзам бузуулардын алдын алуу, кысым көрсөтүү же кийлигишүү аракеттерине өз убагында чара көрүү жана процесстин бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды түзүүгө чакырды.Жыйындарга облус жана шаар бийлигинин өкүлдөрү, акимдер, райондук уюмдар менен мекемелердин жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештердин төрагалары жана депутаттары, айыл башчылары, ошондой эле билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышты. 
Кененирээк билүү >>
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>