Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

Биометрикалык маалыматтарын тапшырса, Бишкек шаарынын калкынын 11,5% шайлоочу боло алат
04.03.2021

Биометрикалык маалыматтарын тапшырса, Бишкек шаарынын калкынын 11,5% шайлоочу боло алат

2021-жылдын 4-мартында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын башчысы Н. Шайлдабекованын төрагалыгы астында Бишкек шаардык шайлоо комиссиясына жана участкалык шайлоо комиссияларына уюштуруу иштерин чечүүгө көмөктөшүү максатында, 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган Бишкек кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө материалдык-техникалык камсыздоо боюнча Бишкек шаардык штабынын жыйыны болуп өттү. Жыйын Бишкек шаарынын мэри Б.Кудайбергеновдун, шаардык кызматтардын, түзүмдүк бөлүмдөрдүн, АШКлардын жана УШКлардын жетекчилеринин катышуусу менен болду. Жыйында жаңы регламентке ылайык, шаардык жана айылдык кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү декабрь же январь айларында аяктагандыгына карабастан, ушул жылдын апрель айында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо болору белгиленди. Учурда Бишкек шаарында 1 053 915 жаран жашайт, алардын ичинен 416 749 адам шайлоочулардын тизмесинде катталган, же болбосо Бишкек шаарынын тургундарынын жалпы санынын 39,5% бар. Салыштыруу үчүн айта турган болсок, 2016-жылы 958 500 жаран жашаган учурда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо 310 530 шайлоочу же 32,4% жаран катталган. Шайлоочулардын тизмесинин көбөйүшү БШКнын жана мамлекеттик органдардын калктын биометрикалык каттоодон өтүүсүн көбөйтүү боюнча жүргүзгөн иштерине байланыштуу. Ушул тапта Бишкек шаарынын аймагында 228 шайлоо участкалары жана 1 шайлоо округы түзүлгөндүгү айтылды (2016-жылы - 2152 жана 1361). Бишкек шаары боюнча депутаттык мандаттардын саны 45ти түзөт. Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн 27 саясий партия талапкерлердин тизмесин тапшырды. Жалпы көрсөтүлгөн талапкерлердин саны 2021ди түзсө, анын 828и аялдар. БШКнын башчысы жарандардын биометрикалык каттоодон өтүүсүнүн актуалдуулугу жөнүндө маселе көтөрдү. «Бишкек шаарында өткөн шайлоодо 310 миң шайлоочу тизмеге киргизилген, учурда 416 миң шайлоочу бар жана алардын бардыгы мыйзамдын чегинде Бишкек шаарынын райондоруна бөлүштүрүлгөн. Бирок белгилүү нюанстар бар, алар боюнча иштерди күчөтүү керек. Бүгүн жыйын Мамлекеттик каттоо кызматынын, Калкты каттоо департаментинин жана шаардык кызматтардын жетекчилигин бириктирди. Форма 2 боюнча жүргүзүлгөн анализ көрсөткөндөй, ал пара алуу үчүн дагы колдонулган, бирок ал жашаган жери менен каттоосунун айырмачылыгын жоюу максатында иштелип чыккан. Жарандардын ыңгайлуу жерде добуш берүүгө чоң мүмкүнчүлүктөрүн партиянын талапкерлери кыянаттык менен пайдаланышкан. Жалпысынан республиканын 344 миң жараны биометрикалык каттоодон өтпөсө, Бишкек шаары боюнча бул көрсөткүч 53 911 адамды түзөт. Башкача айтканда, Бишкек шаарынын калкынын 18 жаштан жогору, шайлоочу болушу мүмкүн 11,5% калкы, биометрикалык маалымат тапшырбагандыгына байланыштуу тизмеден тышкары бойдон калууда. Ошондой эле 7 миң 799 жарандын 2017-жылдагы үлгүдөгү паспорту бар, анда бир каттоо дареги паспорттун чипине, дагы бири дарек жана маалымдама базасына жазылат. Башкача айтканда учурдагы каттоо паспорттогу маалыматтарга дал келбейт. Биз бул боюнча иштей алабыз, Мамлекеттик каттоо кызматы муниципалдык администрациялар, Бишкек шаарынын райондору боюнча бөлүштүрүлгөн бардык тизмелерди берүүгө даяр. Ар бир турак жаңы конуштарда иш алып баруу керек, ар бир райондун акимдери бул маселени жеке көзөмөлүнө алып, Мамлекеттик каттоо кызматы, Бишкек шаарынын администрациясы менен тыгыз кызматташып, көчмө сапарларда иштеши керек. Бишкекте калкты тейлөө борборлорунун саны жетиштүү, алар ыңгайлуу жайгашкан. Шайлоолорду кеңири өткөрүү жана баарына добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү үчүн муну жасаш керек. Албетте, бул жарандын биометрикалык маалыматтарды тапшыруу же тапшырбоо укугу, ошондой эле жарандардын конституциялык укугу - шайлоо жана шайлануу укугу», - деди ал.  
Кененирээк билүү >>
БУУӨП жана Япония өкмөтүнүн колдоосу менен БШК жана МКК шайлоочулардын тизмесинин инклюзивдүүлүгүн жогорулатуу боюнча ири өнөктүк өткөрүүдө
04.03.2021

БУУӨП жана Япония өкмөтүнүн колдоосу менен БШК жана МКК шайлоочулардын тизмесинин инклюзивдүүлүгүн жогорулатуу боюнча ири өнөктүк өткөрүүдө

Маалыматтык автобустардын иши Чүй облусунда жайгашкан Кант шаарында көрсөтүлдү. Автобустар биометрикалык каттоо, паспорт алмаштыруу, туруктуу дарек каттоосу, электрондук санарип ачкычтарын берүү жана алдыдагы жергиликтүү кеңештерге шайлоого байланыштуу маалыматтарды берүү боюнча кызматтарды көрсөтүүнү максат кылышууда. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова, Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Айнура Туйбаева, Кыргыз Республикасындагы Япониянын элчилигинен Минори Симидзу айым жана БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү Луиза Чемберлен айым катышышты. БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова жолугушууну ачып, төмөнкүлөрдү билдирди: «Шайлоочулардын тизмесине киргизүү биометрикалык каттоонун негизинде жүргүзүлөт, бул добуш берүүнүн ишенимдүүлүгүн камсыз кылууга мүмкүндүк берет, башкача айтканда, бир шайлоочу - бир добуш. Учурда, республикада 1,600,000 жарандын 2004-жылдагы үлгүдөгү паспорттору бар, алардын ичинен 268667 жарандын паспортундагы дареги маалымат бюросундагы учурдагы белгиге дал келбейт. Биздин милдет - добуш берүүгө мүмкүнчүлүк берүү. Ошондуктан, БШК МКК менен биргеликте биометрикадан өтүшүнө шарт түзүү максатында өлкөнүн шаарларына жана айылдарына 11 автобус жөнөттү. Шайлоочулардын тизмесине кирбеген көптөгөн жарандар жашаган конуштарды аныктоо максатында райондук администрациялар менен маршрут иштеп чыктык”. Шайлоочулар "Тизме" порталындагы тизмеде өздөрүнүн шайлоо участкасын билүү үчүн жөн гана дарегин жана фамилиясын жазып, өздөрүнүн участкалык шайлоо участогун биле алышат. Паспортунда көрсөтүлгөн идентификациялык (ПИН) номери менен 119 номерине SMS жөнөтүп, шайлоо участогунун номери жана дареги жөнүндө маалымат алууга болотАндан соң, МККнын төрагасы Айнура Туйбаева айым төмөнкүлөрдү айтты: «Мамлекеттик каттоо кызматына БУУӨП Япония Өкмөтүнүн жардамы менен 2018-жылы 16 микроавтобус берген. Бүгүнкү күнү акысыз негизде мобилдик бустар карылар үйүндө жашаган жарандарга, УАС ардагерлерине, ошондой эле жетим балдарга жана балдар үйүнүн тарбиялануучуларына барып документ кабыл алууга көмөктөшүшөт. Ушул кеэири масштабдуу кампания өлкөбүздүн жаранына өзүнүн каттоо жана шайлоочулук укуктарын ишке ашырууга жардам берээрин күтүүдөбүз”. Япониянын элчилигинин Атташеси Минори Симидзу айым катышуучуларга Япониянын элчиси Шигеки Маеда мырзанын атынан кайрылып, кошумчалады: «Япония Өкмөтү 2015-жылдан бери БУУӨП менен биргеликте Кыргыз Республикасында ачык-айкын жана таза шайлоону өткөрүүнү колдоп келет. Тактап айтканда, эки парламенттик шайлоого, эки президенттик шайлоого жана андан кийинки шайлоолорго Япония Өкмөтү негизинен шайлоочуларды каттоо жана идентификациялоо тутумуна керектүү электрондук жабдууларды сатып алууга 11 миллион доллардан ашык каражат бөлүп берди. Бүгүн биз колдогон тутум ар бир шайлоодо натыйжалуу колдонулуп жаткандыгына кубанып турам. Ачык-айкын жана таза шайлоо демократиянын негизи болуп саналат жана Япония Кыргыз Республикасынын демократияны бекемдөө аракеттерин колдоону улантат». Жыйынтыктап айтканда, БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү Луиз Чемберлен айым төмөнкүлөргө токтолду:  «Толугу менен демократиялык шайлоо бүткүл калкты камтыйт, анын ичинде алыскы аймактарда жашаган же башка себептерден улам каттоодон өтүүдө кыйынчылыктары бар элдер. Бул чара менен БУУӨП өлкөнүн кызыкдар тараптардын алыскы жерлерде жайгашкан шайлоочуларга жетүүгө жана алардын каттоодон өтүп, шайлоого натыйжалуу катышууга мүмкүнчүлүгү бар экендигин колдойт. БШКнын, МККнын жана жергиликтүү бийлик органдарынын муну ишке ашыруу үчүн тыгыз кызматташып, шайлоочулардын добуш берүүсүн жеңилдетүү боюнча иш алып барып жаткандыгына биз абдан кубанычтабыз». Жакында шайлоочуларды автобустар менен мобилдик биометрикалык каттоодон өткөрүү өнөктүгү башталды, анын максаты калкка төмөнкү кызматтарды көрсөтүү, анын ичинде биометрикалык маалыматтарды каттоо, паспортторду алмаштыруу, туруктуу жашаган жерине катталуу, электрондук санарип колтамга алуу. Керектүү шаймандар жана адистер менен жабдылган 11 автобус 2021-жылдын 1-март айынан 20-март айына чейин өлкөнүн 130 шаарларына жана айылдарына барат деп күтүлүүдө. Жарандар үгүт өнөктүгү жана жергиликтүү кеңештерге шайлоолор жөнүндө Чакыруу борбору аркылуу 1255 телефону аркылуу биле алышат. Автобустардын жадыбалы бул жерде.
Кененирээк билүү >>
Бир дарекке 10дон ашык адамды каттоодо укук коргоо органдарына кабар берилет
04.03.2021

Бир дарекке 10дон ашык адамды каттоодо укук коргоо органдарына кабар берилет

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрайымы Н. Шайлдабекова жана өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү М.Мияров 2021-жылдын 11-апрелине белгиленген жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча республикалык штабдын отурумун өткөрүштү. Жолугушууга Токмок шаарынын вице-мэри А.Чотбаев, Чүй районунун акими М.Осмоналиев, Ысык-Ата районунун акими Р.Тайгашкаев, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү жана БШКнын Аламүдүн, Ысык-Ата жана Кемин райондору жана Токмок шаары боюнча атайын өкүлдөрү, аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын төрагалары  катышты. Буга чейин Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерине депутаттарды шайлоо жыл бою ар кайсы мезгилдерде, мөөнөтү бүткөндөн кийин, жыл бою өткөрүлүп келгендиги айтылды. Ушул мезгилде жергиликтүү кеңештерде бирдиктүү шайлоо округдары түзүлүп, б.а. жергиликтүү жана шаардык кеңештерге шайлоо бир күнү өткөрүлөт. Алдыдагы Ысык-Ата районундагы жергиликтүү кеңештерге шайлоодо 1 шаардык жана 18 айылдык округдарда, 69 шайлоо участкаларында жана 61 шайлоо округдарында шайлоо болот. Учурда шайлоочулардын саны 94 296 адамды түздү, бул 2016-жылы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын тизмесинде катталгандан 16317 шайлоочуга көп. Депутаттык мандаттардын саны 309 болсо, анын 78и аялдар. Кемин районунда шайлоо 2 шаарда өтөт жана 8 айылдык кеңеш, 19 шайлоо округу жана 27 шайлоо участкасы түзүлгөн. Шайлоочулардын тизмеси 2016-жылга салыштырмалуу 5135 жаранга көбөйүп, 31 033 шайлоочуну түздү. Мандаттардын саны 130, анын 35и аялдар үчүн бекитилген. Аламүдүн районунда 16 айылдык кеңеште шайлоо өткөрүлүп, 57 шайлоо участогу, 55 шайлоо округу түзүлдү. Шайлоочулардын жалпы саны 101 672 шайлоочу болсо, 2016-жылдагы жергиликтүү шайлоого салыштырмалуу шайлоочулардын саны 24 445 адамга көбөйгөн. 296 депутаттык мандаттын 100ү аялдар үчүн сакталган. Н. Шайлдабекова жарандардын шайлоо укугу менен аларды камтууну жогорулатуу боюнча көрүлүп жаткан иш-чаралар тууралуу билдирди. “Кыргыз Республикасында шайлоодо добуштарды эсептөөнүн ишенимдүүлүгү жана шайлоочулардын тизмесин түзүү биометриканын негизинде түзүлөт. Ушул учурда биометрикалык каттоодон өтпөгөн жарандардын саны Ысык-Ата району боюнча 5335 адам, Кемин району боюнча 2899 адам, Аламүдүн району боюнча 11137 адамды түзөт. Бул жарандарга биометрикалык маалыматтарын тапшырууга жана шайлоого катышуу боюнча конституциялык укугун ишке ашырууга жардам берүү максатында БШК, МКК менен биргеликте, ПРООНдун колдоосу менен 20-мартка чейин Кыргызстандын шаарлары менен айылдарын кыдырган маалымат автобустарын уюштурду. Алар биометрикадан өтүп, паспортун алмаштырууга арыз бере алышат, шайлоо боюнча суроолорго жооп ала алышат», - деди ал. Төрага ошондой эле алдыдагы жергиликтүү кеңештерге шайлоонун жаңылыктары, анын ичинде шайлоочулардын тизмесин түзүү менен байланышкан коррупциялык тобокелдиктердин алдын алуу боюнча БШК тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө айтып берди. «Жаңы эреже боюнча, эгер бир дарек боюнча 10дон ашык адам катталса, анда Мамлекеттик каттоо кызматына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, укук коргоо органдарына кабар берилет, алар бул фактыга жооп бериши керек болот. Ыкчам жооп кайтаруу боюнча координациялык топтор жеринде иштешет», - деди ал. КР БШК маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
-
04.03.2021

-

-
Кененирээк билүү >>
Жети-Өгүз районунун тургундары мобилдик автобустардын кызматынан пайдаланышты
04.03.2021

Жети-Өгүз районунун тургундары мобилдик автобустардын кызматынан пайдаланышты

Бүгүн, 2021-жылдын 4-мартында, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Оргочор, Кызыл-Суу жана Светлая Поляна айыл өкмөттөрүнүн тургундары мобилдик автобустардын кызматынан пайдалана алышты. БШКнын жана МККнын кызматкерлери Жети-Өгүз районунун жергиликтүү тургундарына биометрикалык каттоодон өтүүдө жардам көрсөтүштү, ошондой эле жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун алдында шайлоо процесси боюнча маалыматтарды беришти. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда биометрикалык каттоодон өтпөгөн жарандардын саны 3110 адамды түзөт. Ошондой эле жарандар үгүт өнөктүгү жана жергиликтүү кеңештерге боло турган шайлоолор боюнча суроолорун Call-борбордун 1255 номери аркылуу бере алышат. Мобилдик автобустардын аймактар боюнча кетүү графиги менен бул жерден таанышууга болот.   КР БШК Маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Көчмө автобустар Көк-Ой жана Нуржанов айыл өкмөттөрүнүн жашоочуларына барышты
04.03.2021

Көчмө автобустар Көк-Ой жана Нуржанов айыл өкмөттөрүнүн жашоочуларына барышты

Өлкөнүн калкынан биометрикалык маалыматтарды чогултуу өнөктүгүнүн алкагында, Талас облусунун Талас районунун Көк-Ой жана Нуржанов айыл өкмөттөрүнүн жергиликтүү тургундары мобилдик автобустардын кызматынан пайдаланышты. Жалпысынан Талас облусунун Талас районунда биометрикалык каттоодон өтпөгөн жарандардын саны 3286 адамды түзөт. Калкты биометрикалык каттоо менен камтууну кеңейтүү максатында 11 мобилдик автобус өлкөнүн бардык алыскы аймактарын кыдырып, анын негизинде шайлоочулардын тизмеси түзүлүп, шайлоолордо жана референдумдарда добуштарды эсептөөнүн ишенимдүүлүгү камсыздалмакчы. Мобилдик автобустар 2021-жылдын 20-мартына чейин биометрикалык каттоону чоң форматтагы өнөктүк аркылуу колдой берет. Мобилдик автобустардын аймактар боюнча кетүү графиги менен бул жерден таанышууга болот.  КР БШК Маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Ноокен жана Сакалды айыл өкмөттөрүнүн тургундары мобилдик автобустун кызматынан пайдаланышты
04.03.2021

Ноокен жана Сакалды айыл өкмөттөрүнүн тургундары мобилдик автобустун кызматынан пайдаланышты

2021-жылдын 4-мартында, Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Ноокен жана Сакалды айыл өкмөттөрүнүн жергиликтүү тургундары мобилдик автобустардын кызматынан пайдаланышты. БШКнын жана МККнын кызматкерлери жергиликтүү калкка биометрикалык маалыматтарды каттоодо, паспорт алмаштырууга документтерди тапшырууда, туруктуу жашаган (катталган) жерге каттоодо, электрондук санарип кол тамгасын алууда мобилдик жардам көрсөтүштү, ошондой 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого байланыштуу суроолорго жооп беришти.  Жалпысынан Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда биометрикалык каттоодон өтпөгөн жарандардын саны 7990 адамды түзөт. Көчмө автобустардын иши калкты биометрикалык каттоону камтууну кеңейтүү максатында жүргүзүлөт, анын негизинде шайлоочулардын тизмеси түзүлүп, шайлоолордо жана референдумдарда добуштарды эсептөөнүн ишенимдүүлүгү камсыздалат. Мобилдик автобустардын аймактар боюнча кетүү графиги менен бул жерден таанышууга болот. КР БШК Маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кара-Кулжа районунун мүмкүнчүлүгү чектелген тургундарына мобилдик автобустар жардам көрсөтүштү
04.03.2021

Кара-Кулжа районунун мүмкүнчүлүгү чектелген тургундарына мобилдик автобустар жардам көрсөтүштү

Шайлоочулардан биометрикалык маалыматтарды чогултуу өнөктүгүнүн алкагында Кыргызстандын аймактарына жөнөп кеткен мобилдик автобустар арыз менен кайрылган Ош облусунун Кара-Кулжа районунун мүмкүнчүлүгү чектелген тургундарынын үйлөрүн кыдырып чыгышты. БШКнын жана МККнын кызматкерлери Кара-Кулжа районундагы ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга биометрикадан өтүүдө жардам көрсөтүштү, ошондой эле жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун алдында шайлоо процесси боюнча консультация беришти. ПРООНдун колдоосу менен БШК жана МКК тарабынан уюштурулган мобилдик автобустар шайлоочуларга биометрикалык маалыматтарды каттоого, паспорт алмаштырууга, туруктуу жашаган жерине каттоого (жашап турууга уруксат) жана электрондук санарип кол тамга алууга жардам берет. Мобилдик автобустардын региондор боюнча кетүү графигин бул жерден таба аласыз   КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Базар-Коргондо жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо талкууланды
04.03.2021

Базар-Коргондо жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо талкууланды

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Н. Шайлдабекова Базар-Коргон шаарынын аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын башчылары менен жолугушту. Жолугушууга Базар-Коргон районунун акими дагы катышты. КР БШК башчысы Н. Шайлдабекова катышуучуларды калктуу конуш статусунан шаарга көтөрүлүшү менен куттуктады.  «Базар-Коргон шаары болуп калды. Бул статус өнүгүүнү алып келип, жергиликтүү жамааттын жарандарынын жыргалчылыгын жакшыртышын каалайм», - деди ал. Жолугушууда 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү маселелери талкууланды. Базар-Коргон районунда 1 шаардык кеңеште жана 8 айылдык кеңеште шайлоо болот. Бүгүнкү күндө 95 672 шайлоочу катталды, 2016-жылдагы жергиликтүү шайлоого салыштырмалуу шайлоочулардын тизмеси 19 683 адамга көбөйдү. 65 шайлоо участкасы жана 40 шайлоо округу бар. Депутаттык мандаттардын саны 2016-жылы 209 болсо, 2021-жылы 229га чейин көбөйгөн. Квотага ылайык аялдар үчүн 78 мандат резервге каралган. 5 саясий партиянын - “Улуттар Биримдиги” элдик партиясынын, “Өнүгүү-Прогресс”, “Замандаш”, “Ата Журт Кыргызстан”, “Ишеним” партияларынан депутаттыкка талапкерлердин тизмелери Базар-Коргон шаардык кеңешине сунушталды. Партиялык тизмеде көрсөтүлгөн 267 талапкер бар, алардын 88и аялдар. Жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана биометрикалык маалыматтарды тапшыруу жөнүндө калкты маалымдоо максатында, Базар-Коргон шаарында мобилдүү автобустар төмөнкүдөй иштешет: 16-мартта – Базар-Коргон шаарында 17-мартта – Ооган-Талаа айылында 18-мартта – Каба айылында. КР БШК Маалыматтык бөлүмү    
Кененирээк билүү >>
Бишкекте КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча тегерек үстөл өттү
03.03.2021

Бишкекте КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча тегерек үстөл өттү

2021-жылдын 3-мартында Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Н. Шайлдабекованын, мөөнөтүнөн мурдагы президенттик шайлоого байкоо жүргүзгөн бейөкмөт коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн, мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн жана ЖМК катышуусунда "Кыргыз Республикасынын Президентин кезексиз шайлоого байкоо жүргүзүүнүн натыйжалары" аталган тегерек столу болуп өттү. Тегерек столдо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, Кыргыз Республикасынын БШКсына шайлоо мыйзамдарын мындан ары өркүндөтүүгө, жарандардын активдүү жана пассивдүү шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыз кылууга, каржылоонун ачык-айкындуулугуна, шайлоо фонддорунун, шайлоо укуктарынын бузулушуна натыйжалуу каршы туруу жана шайлоо комиссияларынын потенциалын жогорулатууга багытталган сунуштар талкууланды. Кыргыз Республикасынын БШК төрайымы Н. Шайлдабекова мониторингдин натыйжалары каталар боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүүгө жана андан ары өркүндөтүүнү талап кылган суроолорго жоопторду бергендигин белгиледи. «Шайлоонун натыйжалары боюнча тегерек стол адаттагыдай эле шайлоо жараянын жакшыртуу жана өркүндөтүү, жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча пикир алуу максатында өткөрүлөт. Өткөн шайлоо өнөктүгүндө шайлоо процесстеринин көптөгөн нюанстарына жана өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу, мониторингидин мазмуну жана сапаты жакшыргандыгын белгилегим келет. Өзгөчө 2018-2020-жылдарга шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү стратегиясын ишке ашырууга акыркы мыйзамдык өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин, бул процесс жакшырды. Шайлоо процессинин бир катар конкреттүү маселелери боюнча БШК менен коомдук байкоочулардын ортосунда түшүнүккө жетишилди. Сапаттуу байкоо жүргүзүү абдан маанилүү, анткени компетентсиз мониторинг жана бир жактуу жыйынтыктарды жарыялоо шайлоо процессинин катышуучуларынын ортосунда чыр-чатактардын келип чыгышына себеп болушу мүмкүн ”. Анын пикиринде, жалпыга маалымдоо каражаттарынын ролу коомдук пикирдин калыптанышына, ошондой эле шайлоочуга ишенимдүү маалымат жеткирүүгө таасир этет. Бул үчүн алар компетенттүү жана ишенимдүү булакты айырмалай билиши керек жана шайлоочуга туура, такталган маалыматты жеткириши керек. «Белгилей кетүүчү нерсе, бардык эл аралык байкоочулар, анын ичинде ЕККУ / ДИАУБ миссиясы жана ЕККУ ПА биргелешкен алдын-ала отчетунда Кыргыз Республикасынын Президентин кезексиз шайлоо жогорку деңгээлде өткөндүгүн моюнга алышты. Шайлоо тутуму өркүндөлүү процессинде, шайлоо жараянынын ишенимдүүлүгү жана ачык-айкындуулугунда чоң жетишкендиктер бар, жарандар өзүлөрүнүн катышуусун аныктап турган эркин шайлоолордун мүмкүнчүлүктөрү бар.  Биз бардык сунуштар боюнча тынымсыз иштеп жатабыз, өркүндөтүүнү талап кылган маселелерди эске алып, аларды менен иштешүүгө даярбыз. Веб-сайттардын жана АСУнун иши ар бир шайлоодо дайыма көңүл бурууну талап кылат, жергиликтүү кеңештерге шайлоонун алдында, бардык маалымат базаларын камтыган техникалык шаймандарыбыздын кубаттуулугу жогорулады», - деди БШК төрайымы. Коомдук уюмдардын өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Президентин кезексиз шайлоого көз карандысыз байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыктары жөнүндө презентация жасашты. "Жалпы иш" КФ төрагасы Аида Сүйүндүева: "Кыргыз Республикасынын Президентин кезексиз шайлоого байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыктары боюнча корутунду отчету" менен баяндама жасады. БШК тарабынан түзүлгөн жумушчу топтордун ишине мониторинг жүргүзүү жөнүндө сөз кылып, алардын ачыктыгын, ошондой эле БШКнын маалыматтык ресурстарынын эл аралык байкоочулар тарабынан жогору баалангандыгын белгиледи. "Таза Шайлоо" ассоциациясынын юристи Тимур Арыков "Кыргыз Республикасынын Президентин кезексиз шайлоого көз карандысыз байкоо жүргүзүүнүн негизги аспектилери" деген презентациясында, шайлоо жагымсыз эпидемиологиялык жана саясый кырдаалда өткөрүлгөнүнө карабастан, уюмдун мүчөлөрү шайлоонун деңгээлин демократиялык шайлоонун шарттарына ылайык деп белгилешти. “Медиа Өнүктүрүү Борбору” коомдук фондунун улук юристи Айжамал Джаныбаева “2021-жылдагы президенттик шайлоо учурунда жалпыга маалымдоо каражаттарына мониторинг жүргүзүү” деген темада презентация жасап, мониторингдин жүрүшү жана анын натыйжалары жөнүндө айтып берди. "Социалдык технологиялар агенттигинин" аткаруучу директору Зульфия Көчөрбаева “Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого гендердик мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыктары” презентациясында өткөн шайлоолордогу гендердик теңсиздикке тынчсыздануусун билдирди. "Айрым категориялардын шайлоочулары" үчүн, башкача айтканда ден соолугунан кемтилгеси бар жарандар үчүн шайлоо кандай өткөндүгүн "Эгль" КФ укуктук эксперти Мирлан Медетов айтып берип, алар үчүн шарттар жакшыргандыгын белгиледи.  КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
-
03.03.2021

-

-
Кененирээк билүү >>
Жалал-Абад облусундагы саясий партиялардын өкүлдөрүнө добуш берүүнүн ишенимдүүлүгү кандайча камсыздалаары айтылды
02.03.2021

Жалал-Абад облусундагы саясий партиялардын өкүлдөрүнө добуш берүүнүн ишенимдүүлүгү кандайча камсыздалаары айтылды

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Жалал-Абад, Көк-Жаңгак жана Базар-Коргон шаардык кеңештерине шайлоочулардын тизмесин берген саясий партиялардын өкүлдөрү үчүн шайлоо процессинин негиздери боюнча семинар өткөрдү. Шайлоо процессинин негизги маселелери боюнча окутуу Кыргыз Республикасындагы ПРООН менен өнөктөштүктө өткөрүлүүдө. Катышуучуларга 2021-жылдын 11-апрелинде 448 жергиликтүү кеңештин, анын ичинде 28 шаардык кеңештин, 420 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо боло тургандыгы айтылды. «2016-жылдагы жергиликтүү кеңештерге шайлоого салыштырмалуу шайлоочулардын саны 1 274 923 шайлоочуга көбөйүп, 3 563 574 адамды түздү. Учурда КР БШК МКК менен биргеликте биометрикалык каттоодон өтпөгөн жарандарды шайлоочулардын тизмесине киргизүү боюнча толук масштабдуу иштерди жүргүзүп жатат. Бул үчүн атайын автобустар 20 күндүн ичинде 130 шаарды жана аймактарды кыдырып, жарандарга биометрикалык маалыматтарын тапшырууга, паспорт алмаштырууга шарт түзүп беришет, мындан башка жарандар жергиликтүү кеңештерге шайлоо боюнча кызыккан суроолорун беришет ”, - деди КР БШК төрайымы Н. Шайлдабекова. Жолугушууда белгиленгендей, буга чейин шайлоо алдында түзүлүп жана жүктөлүп келген шайлоочулардын тизмеси https://tizme.gov.kg//  сайтында шайлоо участкаларынын чектери боюнча бөлүнүп, ар дайым жеткиликтүү болуп келүүдө. Бул шайлоо жараянынын ачык-айкын болушу үчүн маанилүү, эми шайлоо аралыгындагы туруктуу ачык тизме ай сайын, шайлоо мезгилинде күн сайын жаңыланып турат. Ошондой эле тизмелердеги тактоо мөөнөтү 20 күнгө көбөйтүлдү. Саясий партиялардын өкүлдөрүнө шайлоодо добуш берүүнүн ишенимдүүлүгү добуш берүү күнүндө берүүчү тармактарга туташтырылбаган автоматтык түрдө эсептөөчү урналар менен камсыздалары; добуш берүүнүн купуялуулугун жайылтышпай тургандыгы айтылды. Маалыматтар жөнөтүүнүн алдында шифрленет жана коопсуз байланыш каналдары аркылуу жиберилет. Добуш берүүнүн жыйынтыгы жарыялангандан кийин, добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол, шайлоочулардын идентификациясы жана автоматтык түрдө эсептөөчү урналар боюнча баштапкы, акыркы чектер участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрүлүп, Борбордук шайлоонун комиссиясынын борбордук серверине автоматтык түрдө эсептөөчү урналарды сканерлөө менен жөнөтүлөт. Добуш берүү аяктагандан кийин маалыматтарды берүү (тармакка кошулгандан кийин) автоматтык режимде байланышсыз жүргүзүлөт, бардык отчеттор протокол.shailoo.gov.kg порталында жарыяланат. Ошондой эле идентификациялоочу шаймандар шайлоодо колдонулат - идентификациялоочу шаймандардын топтомдору тышкы таасирсиз жетүү объектиси болуп саналат. Маалыматтар шифрленген, жөнөтүү мүмкүндүгү жок, интернет тармактарына туташкан эмес. КР БШК автоматтык түрдө эсептөөчү урналардын операторлорун, ошондой эле аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн системалуу түрдө окутуп, мыйзамдуулуктун принциптерине негизделген шайлоону өткөрүү үчүн, коомдук байкоочулар менен жигердүү кызматташып жатканы айтылды. Катышуучулар шайлоо жараянынын бардык этаптары, анын ичинде үгүт жүргүзүү эрежелери жана партиялардын/талапкерлердин шайлоо фонддорун каржылоонун ачыктыгын камсыз кылуу эрежелери жөнүндө маалымат алышты. Талапкерлердин жана саясий партиялардын шайлоо өнөктүгүн каржылоосу үчүн шайлоо фонддорун төмөнкү тартипте каржылоого көңүл бурулду. Бишкек жана Ош шаардык кеңештерине талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын шайлоо фонддору төмөнкү каражаттардын эсебинен түзүлүшү мүмкүн экендиги белгиленди. 1) талапкерлердин тизмесине киргизилген талапкердин өздүк каражаттары, алардын өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 1000 эседен ашпашы керек; 2) өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 5000 эседен ашпаган саясий партиянын жеке каражаттары; 3) эсептик көрсөткүчтөн 1000 эседен ашпаган жеке адамдардын кайрымдуулук каражаттары; 4) эсептик көрсөткүчтөн 3000 эседен ашпаган юридикалык жактардын кайрымдуулук каражаттары. Шайлоо фондусунун эсебинен саясий партиянын чыгымдарынын максималдуу суммасы эсептик көрсөткүчтөн 150 000 эседен ашпашы керек. 3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн шаарларды кошпогондо, шаардык кеңештерге талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын шайлоо фонддору төмөнкү каражаттардын эсебинен түзүлүшү мүмкүн: 1) талапкерлердин тизмесине киргизилген талапкердин өздүк каражаттары, алардын өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 500 эседен ашпайт; 2) өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 5000 эседен ашпаган саясий партиянын жеке каражаттары; 3) эсептик көрсөткүчтөн 1000 эседен ашпаган жеке адамдардын кайрымдуулук каражаттары; 4) эсептик көрсөткүчтөн 2000 эседен ашпаган юридикалык жактардын кайрымдуулук каражаттары. Шайлоо фондусунун эсебинен саясий партиянын чыгымдарынын максималдуу суммасы эсептик көрсөткүчтөн 50 000 эседен ашпашы керек. КР БШК Маалыматтык бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
Жергиликтүү шайлоонун алдында шайлоочулардын биометрикалык маалыматтарын алуу боюнча ири масштабдагы кампания өткөрүлөт
02.03.2021

Жергиликтүү шайлоонун алдында шайлоочулардын биометрикалык маалыматтарын алуу боюнча ири масштабдагы кампания өткөрүлөт

2021-жылдын 3-мартынан 20-мартына чейин республиканын 130 шаары менен айыл аймагына  калкты биометрикалык каттоого алуу максатында 11 мобилдүү автобустар жөнөп кетмекчи. Белгилүү болгондой, биометрикалык каттоонун негизинде шайлоочулардын тизмеси түзүлүп, шайлоо менен референдумдарда добуш берүүнүн аныктыгы камсыздалат.   Аталган автобустар Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жана Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан БУУӨПтүн колдоосу менен уюштурулган.    БШК менен МКК командасы калкка төмөнкүлөр боюнча жардам көрсөтүшөт: биометрикалык маалыматтарын каттоодон өткөрүүгө; паспортун алмаштыруу үчүн документтерин берүүгө; туруктуу жашаган жеринде каттоодон өтүүгө; электрондук санарип кол тамгасын алууга. Ошондой эле жарандар 1255 Call-борборуна чалып, ушул кампания жана алдыда өтө турган жергиликтүү кеңешке шайлоо жөнүндө өздөрүн кызыктырган суроолорду берсе болот. Мобилдүү автобустардын Ош облусу боюнча жүрүү графиги: Наименование Место проведения даты       Кара-Суйский район г. Кара-Суу 3 марта   с. Шарк 3 марта   с. Нариман 4 марта   с. Мады 5 марта   с. Кашкар-Кыштак 6 марта   с. Кызыл-Кыштак 7 марта Араванский район с. Араван 9 марта   с. Нур-Абад             с. Тепе-Коргон                   10 марта   с. Мангыт                с. Кермет-Тоо 11 марта Алайский район с. Гулчо 12 марта   с. Сопу-Коргон 13 марта   с. Сары-Могол 14 марта Чон-Алайский район с. Дароот-Коргон 15 марта г. Ош г. Ош 16 марта       Кара-Кулжинский район с. Кара-Кулжа 3 марта   с. Кара-Кочкор 4 марта   с. Ылай-Тала 5 марта   с. Капчыгай 6 марта Ноокатский район г. Ноокат 7 марта   г. Ноокат 9 марта   с. Жаны-Ноокат 10 марта   с. Кок-жар 11 марта   с. Исанов 12 марта Узгенский район г. Узген 13 марта   с. Мырза-Аке 14 марта   с. Куршаб 15 марта Мобилдүү автобустардын Баткен облусу боюнча жүрүү графиги: Наименование Место проведения даты       Баткенский район   3 марта Лейлекский район г. Исфана 4 марта   с. Кулунду 5 марта   с. Андарак 6 марта Лейлекский район г. Сюлюкта 7 марта Баткенский район       с. Кара-Бак 9 марта   с. Бужум 10 марта Кадамжайский район г. Кадамжай 11 марта   с. Халмион 12 марта   с. Уч-Коргон 13 марта г. Кызыл-Кия г. Кызыл-Кия 14 марта г. Баткен г. Баткен 15 марта Мобилдүү автобустардын Жалал-Абад облусу боюнча жүрүү графиги: Наименование Место проведения даты       Сузакский район с. Сузак                                  с. Ырыс                                 3 марта   с. Таш-Булак               с. Кызыл-Туу                       с. Кыз-Кол                              с. Ленин                               4 марта   с. Кок-Жангак          с. Багыш                с. Кок-Арт                  с. Курманбек                     с. Кара-Алма     5 марта   с. Барпы                   с. Атабек                   с. Кара-Дарыя 6 марта Аксыйский район г. Кербен 7 марта   с. Уч-Коргон 9 марта   с. Кош-Добо 10 марта Алабукинский район с. Ала-Бука 11 марта   с. Айрытам 12 марта   с. Ак-Коргон 13 марта Чаткальский район с. Каныш-Кия 15 марта   с.Терек-Сай 16 марта г. Джалал-Абад г. Джала-Абад 17 марта       Ноокенский район с. Масы 3 марта   с. Ноокен               с. Сакалды 4 марта   с. Шайдан                г. Кочкор-Ата 5 марта Майлуу-Суйский район г. Майлуу-Суу 6 марта   с. Кок-Таш 7 марта Таш-Кумырский район г. Таш-Кумыр 9 марта   г. Таш-Кумыр 10 марта Кара-Колский район г. Кара-кул 11 марта   г. Кара-кул 12 марта Токтокульский район г. Токтогул 13 марта   с. Кетмен-Тюбе 14 марта   с. Үч-Терек 15 марта Базар-Коргонский район г. Базар-Коргон 16 марта   с. Ооган-Тала 17 марта   с. Каба 18 марта Мобилдүү автобустардын Талас облусу боюнча жүрүү графиги: Наименование Место проведения даты       Таласский район с. Кок-Ой 3 марта   с. Кок-Ой 4 марта Бакай-Атинский район с. Бакай-Ата 5 марта   с. Бакай-Ата 6 марта Кара-Буринский район с. Казыл-Адыр 7 марта   с. Казыл-Адыр 9 марта Манасский район с. Покровка 10 марта   с. Покровка 11 марта г. Талас г. Талас 12 марта Мобилдүү автобустардын Нарын облусу боюнча жүрүү графиги: Наименование Место проведения даты       Ат-Башинский район с. Ат-Баши 3 марта   с. Ат-Баши 4 марта Ак-Талинский район с. Баетов 5 марта   с. Баетов 6 марта Тогуз-Тороузский район с. Казарман 7 марта   с. Казарман 9 марта г. Нарын г. Нарын 10 марта       Жумгальский район с. Чаек 3 марта   с. Куйручук 4 марта   с. Минкуш                 с. Кабак                                с. Кок-Ой                                  с. Арал 5 марта г. Балыкчы г. Балыкчы 6 марта   с. Ортотокой 7марта Тонский район с. Боконбаево 9 марта   с. Кара-Коой 10 марта с. Кочкор с. Кочкор 11 марта Мобилдүү автобустардын Ысык-Көл облусу боюнча жүрүү графиги: Наименование Место проведения даты       г. Балыкчы г. Балыкчы 6 марта   с. Ортотокой 7марта Тонский район с. Боконбаево 9 марта   с. Кара-Коой 10 марта с. Кочкор с. Кочкор 11 марта       Жетиогузский район с.Жаргылчак с.Дархан                          с.Саруу 3 марта   с. Кызыл-Суу              с. Оргочор                с. Светлая поляна           4 марта   с. Ак-Добо               с. Липенко                                  с. Ырдык              с. Жети-Огуз 5 марта Ак-Сууйский район с. Боз-Учук 6 марта   с. Теплоключенка 7 марта Тюпский район с. Тюп 9 марта   с. Тюп 10 марта   с. Тюп 11марта Иссыкульский район г. Чолпон-Ата 12 марта   с. Бостери 13 марта   с. Садыр-Аке 14 марта   с. Ананьево 15 марта г. Каракол г. Каракол 16 марта Мобилдүү автобустардын Чүй облусу боюнча жүрүү графиги: Наименование Место проведения даты       Ыссык-Атинский район с. Алмалуу 3 марта   г. Кант 4 марта   с. Жээк 5 марта   с. Сын-Таш 6 марта г. Токмок и Чуйский район г. Токмок 7 марта   с. Кегети 9 марта   с. Дон-Арык 10 марта   с. Кошой 11 марта   с. Чуй 12 марта Кеминский район с. Шабдан с. Боролдой 13 марта   г. Кемин с. Кызыл-Октябрь 14 марта   г. Орловка с. Чым-Коргон 15 марта Аламединский район с. Лебединовка 16 марта   с. Ленинское 17 марта   с. Таш-Мойнок 18 марта   с. Аламудун 19 марта       Сокулукский район с. Сокулук 3 марта   с. Жаны- Жер 4 марта   с. Белек 5 марта Московский район с. Беловодское 6 марта   с. Беловодское 7 марта   с. Спартак 9 марта   с. Темен-Суу 10 марта Жайыльский район г. Кара-Балта 11 марта   с. Федоровка 12 марта   с. Сосновка 13 марта Панфиловский район с. Панфиловка 14 марта   г. Каинды 15 марта г. Бишкек г. Бишкек 7 марта   Ленинский район 16 марта   Первомайский район 17 марта   Октябрьский район 18 марта   Свердловский район 19 марта
Кененирээк билүү >>
Кыргызстандын бардык аймактарында жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкер - аялдардын потенциалын жогорулатуу боюнча тренинг өткөрүлөт
02.03.2021

Кыргызстандын бардык аймактарында жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкер - аялдардын потенциалын жогорулатуу боюнча тренинг өткөрүлөт

"Аялдарга жардам көрсөтүү борбору" коомдук бирикмеси 2021-жылдын 2-3-мартында Жалал-Абад шаарында (Мөл-Мөл” мейманканасында, Ленин көчөсү 17 дарегинде) Борбордук шайлоо комиссиясы менен биргеликте, "Шайлоо процесстеринде аял лидерлердин ролун күчөтүү" тренингин, Швейцария өкмөтүнүн колдоосу менен ПРООН ишке ашырып жаткан Кыргызстанда шайлоону колдоо программасынын алкагында өткөрөт. Тренингдер лидер аялдардын саясатка катышуусун кеңейтүү, аларды жергиликтүү кеңештерге шайлоого талапкер катары даярдоо, шайлоо мыйзамдары, шайлоо жараяны чөйрөсүндө алардын потенциалын жогорулатуу, ошондой эле аялдар үчүн мандаттардын 30% резервде калтыруу мыйзамы боюнча кеңири маалымат берүүгө багытталган. КР БШК төрайымы Н. Шалдабекова катышуучуларга шайлоо процесси жөнүндө маалымат берди. «Шаардык кеңештерге талапкерлердин тизмесин түзүүдө саясий партиялар бир жыныстагы адамдардын 70 пайыздан ашпаган өкүлчүлүгүн эске алышы керек, ошол эле учурда саясый партиялар тарабынан көрсөтүлгөн аялдар жана эркектер үчүн талапкерлердин тизмесиндеги айырмачылыгы эки позициядан ашпашы керек. Айылдык кеңештин депутаттарын шайлоодо аялдар үчүн айылдык кеңештин депутаттарынын мандаттарынын кеминде 30 пайызы ар бир айылдык кеңеште сакталат. Шайлоо округундагы сактала турган мандаттардын саны, тиешелүү округдагы мандаттардын жалпы санына жараша болот. Квота боюнча резерв 2858 мандатты түзөт”,  - деди ал. Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкер аялдар үчүн эки күндүк тренингдер, Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын, аялдардын саясий укуктарын коргоонун жана алдыга жылдыруунун эл аралык жана улуттук механизмдерин, аялдардын лидерлигин, чечендик өнөрдү, PR жана коммуникацияларды колдонуу, ошондой эле шайлоо платформаларын түзүү көндүмдөрүн түзүүнү терең үйрөтүүгө багытталып өткөрүлөт. Тренингдердин алкагында катышуучулар аялдардын чечимдерди кабыл алууга катышуусунун маанилүүлүгүн, шайлоо мезгилинде аларды алдыга жылдыруунун жолдорун, жергиликтүү кеңештерге аялдар үчүн 30 %дык квота боюнча жаңы мыйзамды ишке ашыруу, жергиликтүү активисттерге дем берүүнү талкуулашат. Долбоордун максатына натыйжалуу жетишүү үчүн, “Аялдарды колдоо борбору” коомдук уюму менен тренингдин катышуучуларынын ортосунда бүтүрүүчүлөр үчүн милдеттенме жана мындан аркы кызматташтык жөнүндө меморандум түзүлөт. Окутуулардын графиги  
Кененирээк билүү >>
59 саясий партия 28 шаардык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин сунуштады
02.03.2021

59 саясий партия 28 шаардык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин сунуштады

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын кезектеги шайлоосун даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруучулук жана практикалык иш-чаралардын календардык планына ылайык, шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү аяктады. 59 саясий партия 28 шаардык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин сунуштады: № Шаардык кеңештин аталышы Саны с/п Саясый партиялардын тизмеси 1 Бишкек ш/к 27 Толугураак    2 Ош ш/к 10 Толугураак  3 Баткен ш/к 10 Толугураак    4 Кызыл-Кыя ш/к 12 Толугураак   5 Исфана ш/к 9 Толугураак   6 Сүлүктү ш/к 8 Толугураак   7 Кадамжай ш/к 11 Толугураак   8 Айдаркен ш/к 8 Толугураак   9 Жалал-Абад ш/к 5 Толугураак   10 Кербен ш/к 5 Толугураак   11 Көк-Жангак ш/к 3 Толугураак   12 Майлы-Суу ш/к 5 Толугураак   13 Кочкор-Ата ш/к 5 Толугураак   14 Кара-Көл ш/к 7 Толугураак   15 Базар-Коргон ш/к 5 Толугураак   16 Чолпон-Ата ш/к 7 Толугураак   17 Каракол ш/к 18 Толугураак   18 Балыкчы ш/к 14 Толугураак   19 Нарын ш/к 9 Толугураак   20 Ноокат ш/к 5 Толугураак   21 Өзгөн ш/к 8 Толугураак   22 Талас ш/к 11 Толугураак   23 Кемин ш/к 9 Толугураак   24 Орловка ш/к 5 Толугураак   25 Шопоков ш/к 7 Толугураак   26 Кайыңды ш/к 6 Толугураак   27 Кант ш/к 10 Толугураак   28 Токмок ш/к 5 Толугураак   Шайлоолорго бардыгы 59 партия катышат. Ошол эле учурда: "Ата Журт Кыргызстан" саясий партиясы жыйырма бир шаардагы шайлоого катышат. "Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясы он жети шаардагы шайлоого катышат. Он алты шаардагы шайлоого "Замандаш" саясий партиясы катышат. “Ыйман-Нуру” саясий партиясы он беш шаардагы шайлоого катышат. Он төрт шаардагы шайлоого “Ынтымак” саясий партиясы катышат. Он үч шаардагы шайлоого “Социал-демократтар” саясий партиясы катышат. "Республика" саясий партиясы он эки шаардагы шайлоого катышат. Он бир шаардагы шайлоого  “Эмгек” саясий партиясы катышат.  Он шаардагы шайлоого эки саясий партия - "Бүтүн Кыргызстан" жана "Улуу Журт" катышат. "Бирге Вместе" саясий партиясы алты шаардагы шайлоого катышат. Үч саясий партия: “Ишеним”, “Кыргызстан” жана “Тынчтык” беш шаардагы шайлоого катышат. Төрт шаардагы шайлоого беш саясий партия: “Бир-Бол”, “Жаңы-Доор”, “Ата-Журт, “Кыргызстан Элдик Демократиялык партиясы” жана “Патриот ынтымагы” катышат. Жети саясий партия: "Аманат", "Мекен Ынтымагы", "Нур", "Улуттар Биримдигинин Элдик партиясы", "Ордо", "Табылга" жана "Чоң-Казат" үч шаардагы шайлоого катышат. Бир эле учурда эки шаарга 10 партия көрсөтүлгөн (“Мурас”, “Айкөл-Кыргызстан”, “Асман Ала-Тоо”, “Ата-Мекен”, “Бийлик элге”, “Кыргызстан Жашылдар партиясы”, “Кыргызстан Коммунисттер партиясы”, “Реформа "," Кыргызстан социалисттик партиясы "," Улуу Кыргызстан”). Кийинки партиялардын талапкерлиги бир гана шаарга көрсөтүлөт (“Улутман”, “Акшумкар”, “Калк Ынтымагы”, “Энергетиктер”, “Адилет”, “Адилеттүү Кыргызстан”, “Ак-Бата”, “Ала-Тоо-Кыргыз жери”, "Бүткүл Жаштар", "Калыс", "Кыргызстан жаштарынын прогрессивдүү партиясы", "Элдик партия", "Биздин эл", "Кыргызстан Демократиялык Кыймылынын партиясы" , "Патриот", "Тандоо Эркиндиги", "Тилектештик", "Эл биримдиги", “Элдик  Народная", “Асыл Мурас-Жаштар", "Күчтүү Коом ",  "Столица ", "Тазалык".) "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 53-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы документтер кабыл алынган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде, талапкерлердин тизмесинин көрсөтүлүшүнүн мыйзамга шайкештигин текшерет. Ошондой эле талапкерлердин тизмесин каттоо жөнүндө чечим же андан баш тартуу жөнүндө жүйөөлүү чечим кабыл алат. Бул текшерүү мекемелер аралык өз ара иштешүүнүн “Түндүк” электрондук электрондук тутумун колдонуу менен жүргүзүлөт. Ошол эле учурда, эгер шайлоо комиссиясы талапкерлердин тизмесин каттоого тоскоол болгон документтердеги дал келбестиктерди тапса, анда шайлоо комиссиясы документтерди алгандан кийин 24 сааттын ичинде саясий партияга ушул карама-каршылыктар жөнүндө билдирүүгө милдеттүү. Саясий партия билдирүү алынган учурдан тартып 48 сааттын ичинде зарыл болгон өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана оңдолгон документтерди тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына берүүгө укуктуу. Шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо, шайлоого чейин 30 календардык күн калганда, 2020-жылдын 12-мартына чейин аяктайт. КР БШК Маалыматтык бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
Шайлоодо ишенимди жогорулатуу үчүн БШК эмнелерди жасап жатканы Нарын жана Өзгөн шаарларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге айтылды
02.03.2021

Шайлоодо ишенимди жогорулатуу үчүн БШК эмнелерди жасап жатканы Нарын жана Өзгөн шаарларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге айтылды

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 11-апрелине белгиленген жергиликтүү кеңештерге шайлоодо депутаттыкка талапкерлерди окутуу иш-чараларынын циклин улантууда. Шайлоо процессинин негизги маселелери боюнча окутуу Кыргыз Республикасындагы ПРООН менен өнөктөштүктө өткөрүлүүдө. 1-мартта Өзгөн жана Нарын шаардык кеңештеринде кезектеги тренингдер өткөрүлдү. Борбордук шайлоо комиссиясы өз ишмердүүлүгүндө негизги аракеттерин заманбап санариптик кызматтарды түзүү аркылуу шайлоонун ишенимдүүлүгүн жана ачыктыгын жогорулатууга багыттагандыгы белгиленди. Саясий партияларга жана талапкерлерге БШКнын сайтындагы “Талапкерлер жана партиялар” - http://talapker.shailoo.gov.kg/  бөлүмүндө шайлоочуларга алардын программасы жана кесиптик ишмердүүлүгү менен таанышуу мүмкүнчүлүгү берилет, шаардык жана айылдык кеңештерге депутаттыкка катталган талапкерлердин, саясый партиялардын программалары жана каржылык отчеттору жайгаштырылат. БШК өкүлдөрү жергиликтүү кеңештерге шайлоодо биринчи жолу партиялардын жана талапкерлердин каржы булагы жана чыгымдардын бардык түрлөрү көрсөтүлгөн финансылык отчеттору жарыяланарын баса белгилешти. Бул иш БШК тарабынан жалпысынан шайлоого, айрыкча талапкерлерге / партияларга болгон ишенимди жогорулатуу максатында жүргүзүлүп жаткандыгы, бул үчүн талапкерлердин шайлоо фонддорун каржылоого байланыштуу шайлоо мыйзамдарына тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилгендиги, саясий партиялар, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу, шайлоо фонддорун эсепке алуу жана сарптоо жол-жобосуна бирдиктүү ыкмаларды киргизүү, ошондой эле кайрымдуулук каражаттарына тыюу салуу жана БШКнын сайтында каржылык отчетторду милдеттүү түрдө жарыялоо тууралуу айтылды.      
Кененирээк билүү >>
1 … 246 248 … 483