Башкы Жаңылыктар ЖӨБ өкүлдөрү менен жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоону өткөрүүнүн …

ЖӨБ өкүлдөрү менен жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоону өткөрүүнүн өзгөчөлүктөрү талкууланды

02-Мар, 2021

Бишкекте “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу: туруктуу жергиликтүү өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү, тоскоолдуктар жана жарандардын кызыкчылыгы үчүн кызмат көрсөтүү” аттуу тегерек столдун алкагында, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын өнүктүрүүнүн көйгөйлөрү жана мүмкүнчүлүктөрү  талкууланды.

Тегерек столго мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, Борбордук шайлоо комиссиясынын жана медиа коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу бирлигинин директору Бектурган Орозбаев мамлекеттик башкарууну реформалоонун алкагында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө айтып берди. Мамлекеттик башкаруу тутумун кайра түзүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын оптималдаштыруу жана натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Ал өз сөзүндө ушул мүмкүнчүлүктөрдү кандайча пайдалануу, мамлекетке жана калкка кандай пайда алып келе турганы боюнча сунуштарды берди.

КР БШК жетекчиси Н. Шайлдабекова 2021-жылдын 11-апрелинде өтө турган жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоону өткөрүүдөгү өзгөчөлүктөр жана жергиликтүү башкаруу органдарынын шайлоолорду даярдап жана өткөрүүдөгү жардамы тууралуу маалымат берди.

Октябрь жана апрель айларында добуш берүүнүн бирдей  күнүн караган шайлоолордун жаңы графигинин пландалуусу боюнча түшүндүрүлдү. Ошентип, 2021-жылдын апрелинде  448 жергиликтүү кеңешке, 28 шаардык кеңешке жана 420 айылдык кеңешке, анын ичинен 2020-жылы шайлоосу токтотулган 30 жергиликтүү кеңешке, ыйгарым укуктары 2020-жылдын декабрь айында аяктаган 386 кеңешке жана ыйгарым укуктары 2021-жылдын майында аяктай турган 32 кеңешке шайлоолор дайындалган.

Учурда республика боюнча 8 722 мандат бар, анын ичинен: эркектер - 7 783 (89,2%), аялдар - 933 (10,8%). Ошол эле учурда, айылдык кеңештердеги аялдардын саны айылдык депутаттардын жалпы санынын 9% ашпайт.

Ушуга байланыштуу, аялдардын жергиликтүү деңгээлдеги шайлоого жана башкарууга активдүү катышуусу үчүн шарттарды түзүү максатында, мамлекет ар бир шайлоо округундагы аялдар үчүн айылдык кеңештердеги мандаттардын кеминде 30% аялдар үчүн резерв кылуу сыяктуу мыйзамдык атайын чараларды киргизди. Учурдагы жергиликтүү кеңештерге шайлоодо бул ченем бардык айылдык кеңештерде биринчи жолу кеңири ишке ашырылат. Аялдардын жергиликтүү кеңештерге кирүү мүмкүнчүлүктөрү кеңейип, жергиликтүү башкаруу процесстерине активдүү катыша алышат.

Ошол эле учурда, мыйзамдын ушул ченемдерин жүзөгө ашыруунун ийгилиги үчүн бардык тараптардын аракеттери, анын ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн колдоосу талап кылынаарын БШК жетекчиси белгилеп кетти.

Шайлоо алдында гана түзүлүп, жүктөлүп келген шайлоочулардын тизмеси, эми https://tizme.gov.kg// сайтындагы шайлоо участкаларынын чектеринде алфавиттик тартипте, ар дайым жеткиликтүү экени белгиленди.

 

Учурда шайлоочулардын тизмесинде 3 563 574 шайлоочу бар. Шайлоочулардын тизмеси боюнча 18 жаштан жогору жана али өтө элек жарандарды биометрикалык каттоодон өткөрүү боюнча иштер турат. Ошондой эле, шайлоочулардын бир кыйла бөлүгүндө паспорттогу белги менен даректик - маалымдамалык базада каттоонун айырмачылыктары бар, демек, жарандар менен паспортторун жаңыртуу, эски паспортторду ID-карталарга алмаштыруу боюнча иш алып баруу керек.

БШК МКК менен биргеликте шайлоочулардын тизмесине киргизүү үчүн биометрикалык каттоодон өтпөй калган жарандардын санын кыскартуунун үстүндө иштеп жатат. Бул үчүн 20-мартка чейин Борбордук шайлоо комиссиясынын жана Мамлекеттик каттоо кызматынын мобилдик автобустары менен бардык шаарларды жана райондорду кыдырып, алар аркылуу биометрикалык каттоодон өтүп, паспорт алмаштырууга арыз жазып, туруктуу жашаган жери боюнча каттоону жаңыртып, электрондук санарип колтамгага ээ болуп, ошондой эле шайлоо боюнча суроолорго жооп алууга болот.

БШКнын башчысы ЖӨБ органдарын өкмөттүн токтомуна ылайык шаарлардын жана айылдардын даректеринин регистринин маалыматтарын тынымсыз жаңыртып турууга, ал жакка жаңы жана кайрадан аталган көчөлөрдү жана обьектилерди убагында киргизүүнү, ал жактарда катталган жарандар өздөрүнө тиешелүү участоктор боюнча шайлоочулардын тизмесине туура киргизилиши үчүн бирге аракет кылууга чакырды.  

Мыйзамдарда бекитилген жергиликтүү мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маанилүү милдети, ден-соолугунда кемтилгеси бар адамдар үчүн шайлоо участкаларынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу жана алардын добуш берүүгө катышуусуна көмөктөшүү болуп саналат. Өткөн шайлоолордо ушул ишти активдештиргендиги үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына ыраазычылык билдирилди, анын натыйжасында шайлоо участкаларынын 85% пандустар менен жабдылган жана бардык УШКларды пандустар менен камсыздоону жергиликтүү кеңештерге шайлоонун алдында аяктоо сунушталды. УШКлардын жеткиликтүүлүгү адам укуктарынын сакталышы боюнча прокурордук көзөмөлгө алынат.

Шайлоолордо жергиликтүү өз алдынча башкаруунун мыйзамдар менен бекитилген милдеттерине, ошондой эле бардык талапкерлерге бирдей шарттарда - үгүт материалдарын илүүгө жана шайлоочулар менен жолугушуу үчүн жай берүүнү камтыйт.

Ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлдөрүнө атайын алгоритмге ылайык, шайлоодо санитардык-эпидемиологиялык коргоо чараларын катуу камсыз кылуусу, анын ичинде имараттарды дезинфекциялоосу, температураны көзөмөлдөө, социалдык аралыкты сактоосу ж.б. тууралуу айтылды. 

Шайлоого даярдануу учурунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жардамы  натыйжалуу, бирок шайлоо процессине кийлигишүүдөн алыс болуп, мыйзамда көрсөтүлгөн чектерде болушу керек. Ошол эле учурда айрым талапкерлерге жана партияларга жардам берүү максатында административдик ресурстарды колдонуу аракеттерине жол берилбеши зарыл. Административдик ресурстарды кыянаттык менен колдонуу, Жоруктар кодексине ылайык кылмыш жоопкерчилигине жана айрым кызматтарды ээлөөгө тыюу салуу менен 20 000ден 30 000 сомго чейин айып салууга алып келет.

Шайлоо мыйзамдарына ылайык, административдик ресурстарды кыянаттык менен пайдаланууга талапкерлердин, кызмат адамдарынын, мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын жетекчилеринин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын мүчөлөрү жана уюштуруучулары шайлоодо адамдык, каржылык, материалдык, жалпыга маалымдоо каражаттарын, институционалдык ресурстарды кыянаттык менен пайдалануу кирет. Мындан тышкары мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын жетекчилеринин же мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын кызматкерлеринин мамлекеттик (муниципалдык) үлүшү 30% болгон муниципалдык ишканалардын, мекемелердин үстүнөн көзөмөлдүк кылуусу, бардык талапкерлердин теңчилигин бузуп тигил же бул талапкерлерди, саясый партияларды колдоого трансформациялана турган финансы булактарын көзөмөлдөө жана аларды бөлүштүрүү кирет.

Маалымат үчүн:  Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануунун түрлөрүнө булар кирет:  

1) өзүнө баш ийген же башка кызматтык көз карандылыктагы адамдарды, башка мамлекеттик же муниципалдык кызматкерлерди, мамлекеттик же муниципалдык билим берүү уюмдарынын жана саламаттыкты сактоо мекемелеринин кызматкерлерин талапкерди көрсөтүүгө жана (же) шайлоого көмөктөш болгон иш-чараларды жүргүзүүгө тартуу;

2) эгерде башка талапкерлер ошол эле жайларды ошондой эле шарттарда колдоно алышпаса, мамлекеттик органдар же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ээлеген жайларды шайлоого көмөктөш болгон иш-чараларды жүзөгө ашыруу үчүн колдонуу;  

3) мамлекеттик мекемелердин же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштешин камсыз кылган телефон, факсимилдик жана байланыштын башка түрлөрүн, маалыматтык кызматтарды, оргтехниканы колдонуу жана (же) шайлоого көмөктөш болгон иш-чараларды жүзөгө ашыруу үчүн пайдалануу;

4) мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган транспорт каражаттарын талапкерлерди көрсөтүүгө жана (же) шайлоого өбөлгө түзгөн иш-чараларды жүзөгө ашыруу үчүн акысыз же жеңилдетилген шарттарда пайдаланууга;

5) мамлекеттик кызматчылардын же муниципалдык кызматкерлердин иш сапарларында шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүсү;

6) үгүт иштерин жүргүзүү үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарына (башка талапкерлерге салыштырмалуу) артыкчылыктуу жеткиликтүүлүк;

7) мамлекеттик органдар жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары уюштурган массалык (коомдук) иш-чаранын жүрүшүндө үгүт иштерин жүргүзүү;

8) шайлоо алдындагы үгүт мезгилинде жасалган иштер жөнүндө отчетторду жалпыга маалымдоо каражаттарында, үгүт басылмаларында жарыялоо, талапкердин атынан тиешелүү шайлоо фондунун каражаттарынан төлөнбөгөн куттуктоолорду жана башка материалдарды таркатуу.

9). Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген талапкерлер, ошондой эле мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын, мекемелердин, мамлекеттик (муниципалдык) үлүшү 30 пайыздан жогору болгон ишканалардын жана алардын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилеринин кызмат орундары, алардын кызмат адамынын артыкчылыктарын же кызматтык абалдын жана административдик ресурстардын башка түрлөрүн пайдаланууга укуктары жок.

Талапкер болбогон жана мамлекеттик, муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар, ошондой эле мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын, мекемелердин, мамлекеттик (муниципалдык) катышуусу 30 пайыздан жогору болгон ишканалардын жана алардын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилеринин кызмат орундары, талапкерди көрсөтүү же шайлоо максатында кызматтык же кызматтык абалдын жана административдик ресурстардын башка түрлөрүнүн артыкчылыктарын пайдаланууга укуксуз.

10). Жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет басылмалардын жетекчилери, башкаруу мүчөлөрү жана уюштуруучулары, журналисттер, жалпыга маалымдоо каражаттарын өндүрүүчү уюмдардын башка чыгармачыл кызматкерлери, эгерде бул адамдар талапкердин, саясий партиянын ишенимдүү адамы же ыйгарым укуктуу өкүлү болсо, аларга шайлоо кампаниясын маалымат каражаттары аркылуу чагылдырууга катышууга тыюу салынат.  

 

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо округдарынын жана участокторунун схемалары менен чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобо бекитилди
09-Сен, 2026

Шайлоо округдарынын жана участокторунун схемалары менен чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобо бекитилди

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 9-сентябрдагы жыйынында “Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 41 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизди.Бекитилген жобого ылайык, бир шайлоо участогундагы шайлоочулардын санынын чеги 3000ден 4000ге чейин көбөйтүлөт. Бул талаптарга жооп берген имараттардын жетишсиздигинен улам жаңы шайлоо участокторун ачуу зарылдыгын азайтып, материалдык-техникалык, каржылык ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууга, уюштуруучулук жана эмгек акы чыгымдарын оптималдаштырууга шарт түзөт.Мындан тышкары, калктын санынын өсүшү жана курулуштардын тыгыздыгы эске алынып, шайлоо участокторунун чек араларын аныктоодо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көбүрөөк мүмкүнчүлүк берилет.
Кененирээк билүү >>
Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди
09-Сен, 2026

Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 9-сентябрда өз жыйынында “Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү” жөнүндө токтом кабыл алды.Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Камбаров Акынбек Осконович (“Ыйман Нуру” саясий партиясынан) чыгарылып, ордуна резервден Калилов Рустам Нийматович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Кожошев Нураалы Кожошевич жана Төрөбек кызы Айзада (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Бегаалы кызы Кенжегүл жана Токушова Жаннат Бообековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) комиссиянын курамына киргизилди.Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Айтказы уулу Марат (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, ордуна резервден Качкынова Назгуль Сарыгуловна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Джумагазиева Аэлита Байышовна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, ордуна резервден Омуркулова Багдагул Зарлыковна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Медербек кызы Жылдыз (“Ишеним” саясий партиясынан) чыгарылды.Кара-Балта аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Брежнева Олеся Сергеевна жана Раймкулова Назгуль Джолдошбековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Намазбек кызы Рахат жана Садыбакасова Асылгул Талайбековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Синельникова Людмила Викторовна, Джекшенов Бекназар Амантурович, Долетов Самат Шамидинович жана Ишембаев Элзар Талантович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Тенирбергенова Гулзахир Акматбековна, Алмазбеков Азиз Алмазбекович, Сагымбаев Каныбек Асанбекович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
09-Сен, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 9-сентябрда өз жыйынында Ак-Суу, Панфилов, Манас, Талас шаардык, Кара-Суу жана Ноокен аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.Ак-Суу районунун Хан-Теңири айылдык кеңешинин депутаты Алмерекова Гульзат Доктурбаевнанын ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош мандат Султанбаева Эльмира Кеңешовнага өткөрүлүп берилди;Ак-Суу районунун Хан-Теңири айылдык кеңешинин депутаты Шергазиев Саламат Жумадыловичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Жумадылов Нурлан Оморовичке өткөрүлүп берилди;Панфилов районунун Курама айылдык кеңешинин депутаты Джумагулова Назгуль Джаныбаевнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду.Панфилов районунун Кайыңды шаардык кеңешинин депутаты Адеп кызы Алинанын (“Ынтымак” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду.Манас районунун Семетей айылдык кеңешинин депутаты Суранбаева Нурпери Бакеновнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Джельчиева Зарина Усембековнага өткөрүлүп берилди;Талас шаардык кеңешинин депутаты Атагелдиев Урмат Эсенгелдиевичтин (“Бирге-Вместе” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдыкулов Тилек Абдыкуловичке өткөрүлүп берилди;Кара-Суу районунун Ынтымак айылдык кеңешинин депутаты Өмүрбеков Эркин Өмүрбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тургунбаев Кылычбек Суратбековичке өткөрүлүп берилди;Ноокен районунун Момбеков айылдык кеңешинин депутаты Урбаев Зайирбек Кадыровичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Эрмамат кызы Мавлюдага өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди
09-Сен, 2026

КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди

Бүгүн, 9-сентябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди.Жободо топтун милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары такталып, талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорун жана референдум фонддорунун каражаттарын түзүү тартибин контролдоо, ошондой эле финансылык отчеттуулукту текшерүү боюнча ыйгарым укуктары так көрсөтүлгөн.Мындан тышкары, талапкер болууну каалаган жарандардын шайлоо фондун түзүүсүнө, атайын эсеп ачуусуна жана шайлоо төгүмүн төлөөсүнө байланыштуу ченемдер такталган.Өзгөртүүлөр укуктук карама-каршылыктарды жана эки ача түшүнүктөрдү жоюуга, терминологияны бирдей колдонууга багытталган.
Кененирээк билүү >>