Башкы Жаңылыктар Бишкекте КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого байкоо жүргүзүүнүн …

Бишкекте КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча тегерек үстөл өттү

03-Мар, 2021

2021-жылдын 3-мартында Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Н. Шайлдабекованын, мөөнөтүнөн мурдагы президенттик шайлоого байкоо жүргүзгөн бейөкмөт коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн, мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн жана ЖМК катышуусунда "Кыргыз Республикасынын Президентин кезексиз шайлоого байкоо жүргүзүүнүн натыйжалары" аталган тегерек столу болуп өттү. Тегерек столдо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, Кыргыз Республикасынын БШКсына шайлоо мыйзамдарын мындан ары өркүндөтүүгө, жарандардын активдүү жана пассивдүү шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыз кылууга, каржылоонун ачык-айкындуулугуна, шайлоо фонддорунун, шайлоо укуктарынын бузулушуна натыйжалуу каршы туруу жана шайлоо комиссияларынын потенциалын жогорулатууга багытталган сунуштар талкууланды. Кыргыз Республикасынын БШК төрайымы Н. Шайлдабекова мониторингдин натыйжалары каталар боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүүгө жана андан ары өркүндөтүүнү талап кылган суроолорго жоопторду бергендигин белгиледи. «Шайлоонун натыйжалары боюнча тегерек стол адаттагыдай эле шайлоо жараянын жакшыртуу жана өркүндөтүү, жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча пикир алуу максатында өткөрүлөт. Өткөн шайлоо өнөктүгүндө шайлоо процесстеринин көптөгөн нюанстарына жана өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу, мониторингидин мазмуну жана сапаты жакшыргандыгын белгилегим келет. Өзгөчө 2018-2020-жылдарга шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү стратегиясын ишке ашырууга акыркы мыйзамдык өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин, бул процесс жакшырды. Шайлоо процессинин бир катар конкреттүү маселелери боюнча БШК менен коомдук байкоочулардын ортосунда түшүнүккө жетишилди. Сапаттуу байкоо жүргүзүү абдан маанилүү, анткени компетентсиз мониторинг жана бир жактуу жыйынтыктарды жарыялоо шайлоо процессинин катышуучуларынын ортосунда чыр-чатактардын келип чыгышына себеп болушу мүмкүн ”. Анын пикиринде, жалпыга маалымдоо каражаттарынын ролу коомдук пикирдин калыптанышына, ошондой эле шайлоочуга ишенимдүү маалымат жеткирүүгө таасир этет. Бул үчүн алар компетенттүү жана ишенимдүү булакты айырмалай билиши керек жана шайлоочуга туура, такталган маалыматты жеткириши керек. «Белгилей кетүүчү нерсе, бардык эл аралык байкоочулар, анын ичинде ЕККУ / ДИАУБ миссиясы жана ЕККУ ПА биргелешкен алдын-ала отчетунда Кыргыз Республикасынын Президентин кезексиз шайлоо жогорку деңгээлде өткөндүгүн моюнга алышты. Шайлоо тутуму өркүндөлүү процессинде, шайлоо жараянынын ишенимдүүлүгү жана ачык-айкындуулугунда чоң жетишкендиктер бар, жарандар өзүлөрүнүн катышуусун аныктап турган эркин шайлоолордун мүмкүнчүлүктөрү бар.  Биз бардык сунуштар боюнча тынымсыз иштеп жатабыз, өркүндөтүүнү талап кылган маселелерди эске алып, аларды менен иштешүүгө даярбыз.

Веб-сайттардын жана АСУнун иши ар бир шайлоодо дайыма көңүл бурууну талап кылат, жергиликтүү кеңештерге шайлоонун алдында, бардык маалымат базаларын камтыган техникалык шаймандарыбыздын кубаттуулугу жогорулады», - деди БШК төрайымы. Коомдук уюмдардын өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Президентин кезексиз шайлоого көз карандысыз байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыктары жөнүндө презентация жасашты.

"Жалпы иш" КФ төрагасы Аида Сүйүндүева: "Кыргыз Республикасынын Президентин кезексиз шайлоого байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыктары боюнча корутунду отчету" менен баяндама жасады. БШК тарабынан түзүлгөн жумушчу топтордун ишине мониторинг жүргүзүү жөнүндө сөз кылып, алардын ачыктыгын, ошондой эле БШКнын маалыматтык ресурстарынын эл аралык байкоочулар тарабынан жогору баалангандыгын белгиледи. "Таза Шайлоо" ассоциациясынын юристи Тимур Арыков "Кыргыз Республикасынын Президентин кезексиз шайлоого көз карандысыз байкоо жүргүзүүнүн негизги аспектилери" деген презентациясында, шайлоо жагымсыз эпидемиологиялык жана саясый кырдаалда өткөрүлгөнүнө карабастан, уюмдун мүчөлөрү шайлоонун деңгээлин демократиялык шайлоонун шарттарына ылайык деп белгилешти. “Медиа Өнүктүрүү Борбору” коомдук фондунун улук юристи Айжамал Джаныбаева “2021-жылдагы президенттик шайлоо учурунда жалпыга маалымдоо каражаттарына мониторинг жүргүзүү” деген темада презентация жасап, мониторингдин жүрүшү жана анын натыйжалары жөнүндө айтып берди.

"Социалдык технологиялар агенттигинин" аткаруучу директору Зульфия Көчөрбаева “Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого гендердик мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыктары” презентациясында өткөн шайлоолордогу гендердик теңсиздикке тынчсыздануусун билдирди. "Айрым категориялардын шайлоочулары" үчүн, башкача айтканда ден соолугунан кемтилгеси бар жарандар үчүн шайлоо кандай өткөндүгүн "Эгль" КФ укуктук эксперти Мирлан Медетов айтып берип, алар үчүн шарттар жакшыргандыгын белгиледи. 

КР БШК Маалыматтык бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо округдарынын жана участокторунун схемалары менен чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобо бекитилди
09-Сен, 2026

Шайлоо округдарынын жана участокторунун схемалары менен чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобо бекитилди

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 9-сентябрдагы жыйынында “Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 41 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизди.Бекитилген жобого ылайык, бир шайлоо участогундагы шайлоочулардын санынын чеги 3000ден 4000ге чейин көбөйтүлөт. Бул талаптарга жооп берген имараттардын жетишсиздигинен улам жаңы шайлоо участокторун ачуу зарылдыгын азайтып, материалдык-техникалык, каржылык ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууга, уюштуруучулук жана эмгек акы чыгымдарын оптималдаштырууга шарт түзөт.Мындан тышкары, калктын санынын өсүшү жана курулуштардын тыгыздыгы эске алынып, шайлоо участокторунун чек араларын аныктоодо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көбүрөөк мүмкүнчүлүк берилет.
Кененирээк билүү >>
Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди
09-Сен, 2026

Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 9-сентябрда өз жыйынында “Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү” жөнүндө токтом кабыл алды.Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Камбаров Акынбек Осконович (“Ыйман Нуру” саясий партиясынан) чыгарылып, ордуна резервден Калилов Рустам Нийматович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Кожошев Нураалы Кожошевич жана Төрөбек кызы Айзада (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Бегаалы кызы Кенжегүл жана Токушова Жаннат Бообековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) комиссиянын курамына киргизилди.Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Айтказы уулу Марат (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, ордуна резервден Качкынова Назгуль Сарыгуловна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Джумагазиева Аэлита Байышовна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, ордуна резервден Омуркулова Багдагул Зарлыковна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Медербек кызы Жылдыз (“Ишеним” саясий партиясынан) чыгарылды.Кара-Балта аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Брежнева Олеся Сергеевна жана Раймкулова Назгуль Джолдошбековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Намазбек кызы Рахат жана Садыбакасова Асылгул Талайбековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Синельникова Людмила Викторовна, Джекшенов Бекназар Амантурович, Долетов Самат Шамидинович жана Ишембаев Элзар Талантович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Тенирбергенова Гулзахир Акматбековна, Алмазбеков Азиз Алмазбекович, Сагымбаев Каныбек Асанбекович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
09-Сен, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 9-сентябрда өз жыйынында Ак-Суу, Панфилов, Манас, Талас шаардык, Кара-Суу жана Ноокен аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.Ак-Суу районунун Хан-Теңири айылдык кеңешинин депутаты Алмерекова Гульзат Доктурбаевнанын ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош мандат Султанбаева Эльмира Кеңешовнага өткөрүлүп берилди;Ак-Суу районунун Хан-Теңири айылдык кеңешинин депутаты Шергазиев Саламат Жумадыловичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Жумадылов Нурлан Оморовичке өткөрүлүп берилди;Панфилов районунун Курама айылдык кеңешинин депутаты Джумагулова Назгуль Джаныбаевнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду.Панфилов районунун Кайыңды шаардык кеңешинин депутаты Адеп кызы Алинанын (“Ынтымак” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду.Манас районунун Семетей айылдык кеңешинин депутаты Суранбаева Нурпери Бакеновнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Джельчиева Зарина Усембековнага өткөрүлүп берилди;Талас шаардык кеңешинин депутаты Атагелдиев Урмат Эсенгелдиевичтин (“Бирге-Вместе” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдыкулов Тилек Абдыкуловичке өткөрүлүп берилди;Кара-Суу районунун Ынтымак айылдык кеңешинин депутаты Өмүрбеков Эркин Өмүрбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тургунбаев Кылычбек Суратбековичке өткөрүлүп берилди;Ноокен районунун Момбеков айылдык кеңешинин депутаты Урбаев Зайирбек Кадыровичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Эрмамат кызы Мавлюдага өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди
09-Сен, 2026

КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди

Бүгүн, 9-сентябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди.Жободо топтун милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары такталып, талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорун жана референдум фонддорунун каражаттарын түзүү тартибин контролдоо, ошондой эле финансылык отчеттуулукту текшерүү боюнча ыйгарым укуктары так көрсөтүлгөн.Мындан тышкары, талапкер болууну каалаган жарандардын шайлоо фондун түзүүсүнө, атайын эсеп ачуусуна жана шайлоо төгүмүн төлөөсүнө байланыштуу ченемдер такталган.Өзгөртүүлөр укуктук карама-каршылыктарды жана эки ача түшүнүктөрдү жоюуга, терминологияны бирдей колдонууга багытталган.
Кененирээк билүү >>