Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
1000ден ашуун адам атайын автобустардын кызматын колдонгон
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Мамлекеттик каттоо кызматы менен биргеликте, Кыргыз Республикасындагы ПРООНдун колдоосу менен, жарандарга атайын маалыматтык автобустардын жардамы менен биометрикалык каттоодон өтүү боюнча кызмат көрсөтөт.
Биометрикалык каттоонун болушу шайлоочулардын тизмесине киргизүү үчүн негиз болуп саналат. Акция 2021-жылдын 11-апрелине белгиленген жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого жарандардын катышуусун кеңейтүү максатында башталды.
3-марттан баштап атайын автобустар республиканын шаарларын жана айылдарын кыдырып, биометрикалык маалыматтарды тапшыруу, паспортторду алмаштыруу үчүн документтерди берүү, туруктуу жашаган (катталган) жерге каттоодон өтүү жана электрондук цифралык кол тамга алуу боюнча жергиликтүү кызматтарды көрсөтүшүүдө.
Учурда мобилдик топтордун жардамы менен 862 жаран биометрикалык каттоодон өтүштү, 44 жаран паспорт алмаштырууга, 137 жаран каттоосун өзгөртүү үчүн кайрылды. Атайын автобустар 20-мартка чейин иштей берет.
КР БШК Маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Республиканын аймактарында шайлоочулардын биометрикалык маалыматтарын чогултуу боюнча кеңири өнөктүк уланууда
Борбордук шайлоо комиссиясы республиканын аймактарындагы шайлоочулардан биометрикалык маалыматтарды чогултуу боюнча кеңири өнөктүк 3-мартта башталгандыгын эскерет. Калкты биометрикалык каттоо менен камтууну кеңейтүү максатында шаарларга жана облустарга 11 мобилдик автобус жөнөп кетти, алардын негизинде шайлоочулардын тизмеси түзүлүп, шайлоолордо жана референдумдарда добуштарды эсептөөнүн ишенимдүүлүгү камсыздалды. 19-мартка чейин атайын автобустар 130 калктуу конушту кыдырат.
Бул автобустар ПРООНдун колдоосу менен Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жана Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан уюштурулган.
БШК жана МККнын тобу калкка жардам берет:
• биометрикалык маалыматтарды каттоодон өткөрүү;
• паспорт алмаштырууга арыз берүү;
• туруктуу жашаган жери боюнча каттоого туруу (катталуу);
• электрондук санарип кол тамга алуу.
Ошондой эле жарандар үгүт өнөктүгү жана жергиликтүү кеңештерге боло турган шайлоо боюнча суроолорун Call-борбордун 1255 номери аркылуу бере алышат.
Ош облусуна мобилдик автоунаалардын чыгуу графиги:
Аталышы
Өтө турган жери
даталар
Араван району
Араван а.
9-мартта
Нур-Абад а. Тепе-Коргон
10-мартта
Мангыт а. Кермет-Тоо
11-мартта
Алай району
Гулчө а.
12-мартта
Сопу-Коргон а.
13-мартта
Сары-Могол а.
14-мартта
Чон-Алай району
Дароот-Коргон а.
15-мартта
Ош шаары
Ош ш.
16-мартта
Ноокат району
Ноокат ш.
9-мартта
Жаны-Ноокат
10-мартта
Көк-жар а.
11-мартта
Исанов а.
12-мартта
Өзгөн району
Өзгөн ш.
13-мартта
Мырза-Аке а.
14-мартта
Куршаб а.
15-мартта
Баткен облусу боюнча мобилдүү машиналардын графиги:
Аталышы
Өтө турган жери
даталар
Баткен району
Кара-Бак а.
9 -мартта
Бужум а.
10-мартта
Кадамжай району
Кадамжай ш.
11-мартта
Халмион а.
12-мартта
Уч-Коргон а.
13-мартта
Кызыл-Кыя ш.
Кызыл-Кия ш.
14-мартта
Баткен ш.
Баткен ш.
15-мартта
Жалал-Абад облусу боюнча мобилдүү машиналардын жүрүү графиги:
Аталышы
Өтө турган жери
даталар
Аксы району
Уч-Коргон а.
9-мартта
Кош-Дөбө а.
10-мартта
Ала-Бука району
Ала-Бука а.
11-мартта
Айрытам а.
12-мартта
Ак-Коргон а.
13-мартта
Чаткал району
Каныш-Кыя а.
15-мартта
Терек-Сай а.
16-мартта
Жалал-Абад шаары
Жала-Абад ш.
17-мартта
Таш-Көмүр району
Таш-Көмүр
9-мартта
Таш-Көмүр ш.
10-мартта
Кара-Көл району
Кара-Көл ш.
11-мартта
Кара-Көл
12-мартта
Токтокул району
Токтогул ш.
13-мартта
Кетмен-ТӨбө а.
14-мартта
Үч-Терек а.
15-мартта
Базар-Коргон району
Базар-Коргон ш.
16-мартта
Ооган-Тала а.
17-мартта
Каба а.
18-мартта
Талас облусу боюнча мобилдүү машиналардын жүрүү графиги:
Аталышы
Өтө турган жери
Даталар
Кара-Буура району
Казыл-Адыр а.
9-мартта
Манас району
Покровка а.
10-мартта
Покровка а.
11-мартта
Талас ш.
Талас ш.
12-мартта
Нарын облусу боюнча мобилдүү машиналардын жүрүү графиги:
Аталышы
Өтө турган жери
даталар
Казарман а.
9-мартта
Нарын ш.
Нарын ш.
10-мартта
Ысык-Көл облусу боюнча мобилдүү машиналардын жүрүү графиги:
Аталышы
Өтө турган жери
даталар
Тон району
Боконбаев а.
9-мартта
Кара-Кой а.
10-мартта
Кочкор а.
Кочкор а.
11-мартта
Түп району
Түп а.
9-мартта
Түп а.
10-мартта
Түп а.
11-мартта
Ысык-Көл району
Чолпон-Ата ш.
12-мартта
Бостери а.
13-мартта
Садыр-Аке а.
14-мартта
Ананьево а.
15-мартта
Каракол шаары
Каракол ш.
16-мартта
Чүй облусуна мобилдүү машиналардын жүрүү графиги:
Аталышы
Өтө турган жери
даталар
Чүй району
Кегети а.
9-мартта
Дон-Арык а.
10-мартта
Кошой а.
11-мартта
Чүй а.
12-мартта
Кемин району
Шабдан а.
Боролдой а.
13-мартта
Кемин ш.
Кызыл-Октябрь а.
14-мартта
Орловка ш.
Чым-Коргон а.
15-мартта
Аламүдүн району
Лебединовка а.
16-мартта
Ленинское а.
17-мартта
Таш-Мойнок а.
18-мартта
Аламудун а.
19-мартта
Москва району
Спартак а.
9-мартта
Темен-Суу а.
10-мартта
Жайыл району
Кара-Балта ш.
11-мартта
Федоровка а.
12-мартта
Сосновка а.
13-мартта
Панфилов району
Панфиловка а.
14-мартта
Кайыңды ш.
15-мартта
Бишкек шаары
Бишкек ш.
17-мартта
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 8-март – Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктоосу
Урматтуу айымдар!
Жадыраган жаз майрамы – Эл аралык аялдар күнү менен чын жүрѳктѳн чыккан куттуктоону кабыл алыңыздар!
Жаратылыш аял затына сулуулук жана назиктик менен бирге, Каныкей энебиздей кеменгерликти жана мээрмандыкты кошо берген.
Үй-бүлѳнүн касиеттүү куту болуу менен бирге, кесипкѳйлүктүн бийиктигин багындарып, илимде, маданиятта, спортто кыйла натыйжаларга жетишип, бизнести үзүрлүү аркалап, коомдук-саясий турмушка ийгиликтүү катышып келесиздер.
Аял затынын мээрмандыгы, бакубат жана байгер турмушка умтулуу сыяктуу сапаттары үй-бүлѳ үчүн гана эмес, жалпы мамлекетибиз үчүн ѳтѳ маанилүү, алар гуманизмге сугарылган, таразаланган чечимдерди кабыл алууга ѳбѳлгѳ болуп кызмат кылат.
Башкарууда аялдардын ѳкүлчүлүгү Конституиция жана шайлоо мыйзамдары менен кепилденген. 2019-жылдын августунда күчүнѳ кирген «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамды кабыл алуу менен айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоодо аялдар үчүн 30% резерв кепилденген жана мындай механизмди пайдалануунун ийгиликтүү тажрыйбасы 2019-жылдын сентябрында болуп ѳттү.
Быйылкы жылы алдыда болуучу жергиликтүү кеңештерге шайлоодо квота иш жүзүндѳ биринчи ирет бүткүл ѳлкѳ боюнча жүзѳгѳ ашырылат. Бул процесс бардык деңгээлде саясий колдоого ээ болуп жатканы ѳтѳ кубанычтуу, бул мындай норманы иш жүзүндѳ ийгиликтүү жүзѳгѳ ашыруу мүмкүнчүлүгүн жаратып, аялдардын ѳлкѳнүн коомдук-саясий турмушуна катышуусун дагы кеңейтүү үчүн ѳбѳлгѳ жаратууда.
Биз ар дайым камкордугу жана колдоосу үчүн, үй-бүлѳлүк жана турмуштук маанилүү маселелерди чече билгендиги үчүн, ѳз иштериндеги кесипкѳйчүлгү үчүн энелерибизге, эже-карындаштарыбызга, курбуларыбызга ыраазычылык билдиребиз, ошондой эле аял затынын ѳзүбүздүн айылдар жѳнүндѳ, жашаган конушубузду жашылдандырып кѳрктѳндүрүү, социалдык коргоо жана жардам кѳрсѳтүү маселесинде, жаратылыш ресурстарын кошуп алганда, ѳзүбүздүн каражаттарды жана менчиктерди башкарууга, жалпы бакубат турумушубузду жакшыртууга салым кошуп, камкордугун ийгилктүү уланта берүүсүн каалайбыз.
Жергиликтүү кеңештерге шайлоонун алдында ар бир эркек адамы ѳзүнүн энелерине, эже-карындаштарына, жубайларына, кыздарына, курбуларына айылдык кеңештин депутаты болууга кѳмѳктѳшүп, мындай чечимди колдоого алуусун каалар элек, бул ѳзүнүн үй-бүлѳсү, айылы, ѳлкѳсү үчүн кам кѳрүүнүн үлгүсү болор эле.
Ошондой эле мындай демилгенин жүзѳгѳ ашышы кѳп жагынан кѳз каранды болгон жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарына жана аймактык шайлоо комиссияларына кайрылабыз. Келгиле, аял-талапкерлерди колдоп, аларга кѳмѳк кѳрсѳтүп, мына ушул реформаны чогуу-чаран ийгиликтүү ишке ашыралы.
Аял затына да кайрылабыз. Урматтуу кыз-келиндер, айымдар, ѳзүңүздѳргѳ терең ишениңиздер, ѳлкѳнүн турмушуна активдүү катышып, биздин Кыргызстандын дагы жакшы, дагы ийгиликтүү, дагы байгер болушуна ѳз салымыңыздарды кошуңуздар.
Биз сиздердин колдоого жана Сиздердин катышууңуздарга муктажбыз, биз сиздердин үй-бүлѳдѳ жана ѳз ишиңиздерде гана эмес, коомдук-саясий турмушта да ѳзүңѳрдү кѳрсѳтѳ билүүңүздѳрдү ар дайым колдойбуз. Айылдык кеңештин депутаттыгына ѳзүңүздѳрдү кѳрсѳтүп, ѳлкѳнүн ѳнүгүүсүнѳ ѳз салымыңыздарды кошуңуздар!
Урматтуу айымдар!
Сиздердин жадыраган жаздан алгачкы гүлдѳрүндѳй жайнаган майрамыңыздардын шаңы, жакындарыңыздын жүрѳк толкуткан куттуктоосу жана ыраазычылыгы бүткүл ѳмүрүңүздү коштоп жүрсүн. Сиздерге ак сүйүү, ден-соолук, бакубатчылык, ак-пейил жазгы маанай каалайбыз!
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы
Кененирээк билүү >>
«Жалпы иш» коомдук фонду жергиликтүү кеңештердеги шайлоолорго байкоо жүргүзөт
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиясы 2021-жылдын 7-мартындагы дагы отурумунда 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде байкоо жүргүзүү ниети тууралуу «Жалпы иш» коомдук фондунан келип түшкөн билдирүүлөрдү эске алды.
БШК «Жалпы иш» коомдук фондунан Асылбеков Таалайбек Спартакович, Мамытова Канышай Болотбековна жана Самаков Бакытбек Таалайбековичти коомдук байкоочу катары каттап белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берүү чечимин кабыл алды.
Чечим «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-1-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин, 2021-жылдын 8-февралындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» ПЖ № 21 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 11-июлундагы № 226 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын, жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо жана Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүүдө коомдук байкоочуларды каттоонун тартиби жөнүндө» Жобону жетекчиликке алып, «Жалпы иш» коомдук фондунун билдирүүсүнүн жана жолдомосунун негизинде кабыл алынды.
КР БШК Маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
-
-
Кененирээк билүү >>
БШК Жогорку Кеңештин депутатынын ваканттык мандатын Атазов Шайлообек Карыбековичке тапшырды
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Жогорку Кеңештин депутатынын ваканттык мандаты болгондуктан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына «Ата-Мекен» саясий Социалисттик партиясынын катталган талапкерлеринин тизмесиндеги кийинки талапкер Атазов Шайлообек Карыбекович Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты катары таануу токтомун чыгарды.
БШК токтому менен Атазов Шайлообек Карыбекович КР Жогорку Кеңешинин депутаты болуп катталып, ага күбөлүк жана төш белги берилди.
Чечим «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 3, 4-1 бөлүктөрүнө, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерине ылайык кабыл алынды.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК Жогорку Кеңештин депутатынын ваканттык мандатын Аманова Бурун Кушбековнага тапшырды
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Жогорку Кеңештин депутатынын ваканттык мандаты болгондуктан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына «Ата Мекен» саясий Социалисттик партиясынын катталган талапкерлеринин тизмесиндеги кийинки талапкер Аманова Бурун Кушбековна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты катары таануу токтомун чыгарды.
БШК токтому менен Аманова Бурун Кушбековна КР Жогорку Кеңешинин депутаты болуп катталып, ага күбөлүк жана төш белги берилди.
Чечим «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 3, 4-1 бөлүктөрүнө, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерине ылайык кабыл алынды.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2021–ж. 7-мартында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 7-март 2021-ж.
Убактысы: 12:00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө
(баяндамачы – Закиров А., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн эксперти)
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө
(баяндамачы – Закиров А., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн эксперти)
3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Нарын шаардык, Жалал-Абад, Таш-Көмүр жана Аламүдүн аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(баяндамачы – Закиров А., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн эксперти)
4. 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүү ниети тууралуу коммерциялык эмес уюмдун билдирүүсү жана коомдук байкоочуну каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти)
5. «Демократия жана жарандык коом үчүн Коалиция” КБнын даттануусу жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти)
6.Ар түрдүү маселелер
Төрага
Кененирээк билүү >>
-
-
Кененирээк билүү >>
-
-
Кененирээк билүү >>
"Жалпы иш" коомдук фонду жана БШК шайлоо мыйзам бузууларына каршы туруу механизмдерин талкуулашты
"Жалпы иш" коомдук фонду 2021-жылдын 10-январында өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын Президентинин мөөнөтүнөн мурда шайлоосуна байкоо жүргүзүү учурунда катталган мыйзам бузуулар менен тааныштырат. Анын негизинде, шайлоо процессинин субъекттеринин арыздарын натыйжалуу кароо жана шайлоо мыйзамдарынын бузгандарды жоопко тартуу боюнча сунуштарын тартуулайт.
Жалпысынан өлкөдө шайлоо процесстери жогору бааланат. Ошого карабастан, байкоочулар шайлоонун жүрүшүндө кээ бир мыйзам бузууларды аныкташат. Алардын айрымдары шайлоо процесстеринин туруктуулугуна таасир этиши мүмкүн.
Шайлоонун жүрүшүндө мыйзам бузууларга каршы туруучу механизмдер каралганбы? Бул жана башка суроолорго толук жоопту "Жалпы иш" коомдук фондунун эксперттери Борбордук шайлоо комиссиясы жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен биргеликте өткөрүлө турчу тегерек стол учурунда талкуулашат.
Фонддун көз карандысыз байкоо жүргүзүү жыйынтыктарына таянсак, шайлоо алдындагы үгүт эрежелеринин бузулушу шайлоо жүрүшүндө эң эле көп катталган мыйзам бузуулардын бири болду.
Мындан тышкары, шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө "Жалпы иш" коомдук фонду тарабынан 86 мыйзам бузуу жөнүндө маалымат жөнөтүшкөн. Анын ичинен административдик ресурстарды колдонуу боюнча 53, шайлоочулардын добуштарын сатып алуу боюнча 17, кысым көрсөтүү, коркутуу жана зомбулук боюнча 16 иш. 22 мыйзам бузуу БШК тарабынан түзүлгөн Ыкчам чара көрүү координациялык топко өткөрүлүп берилди.
Көпчүлүк бурмалоолор талапкерлер тарабынан үгүт иштерин жүргүзүү учурунда катталгандыктан, Фонд БШКга талапкерлердин жана алардын штабдарынын үстүнөн бул жаатта көзөмөлдү күчөтүүнү сунуш кылат. Фонд ошондой эле административдик ресурстарды кыянаттык менен колдонууга байланыштуу фактылар боюнча арыздануу жол-жобосун жөнөкөйлөтүү маанилүү деп эсептейт.
Шайлоо күнүндө Фонддун байкоочулары тарабынан участкалык жана аймактык шайлоо комиссияларынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу 81 мыйзам бузуу катталган.
Жалпысынан бардык тартип бузуулар процедуралык же техникалык мүнөздө болгон, ошого карабастан "Жалпы иш" коомдук фонду БШКга АШК жана УШК мүчөлөрү үчүн окутуучу тренингдерди өткөрүүнү жана алардын алдын ала даярдануусун күчөтүүнү сунуш кылат.
Ошондой эле, Фонддун байкоочулар тарабынан шайлоого чейин жана анын жүрүшүндө келип түшкөн арыздар менен даттануулар өз убагында каралбагандыгы тууралуу эскертүүлөр болгон. Мыйзам бузуулар жөнүндө түшкөн эскертүүлөр жана даттануулар өз убагында каралып чыгышы үчүн укук коргоо органдарынын ишин күчөтүүнү, көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө коомчулукту убагында маалымдоо жана шайлоо мыйзамдарын бузуунун айрым түрлөрү үчүн жоопко тартуунун бирдиктүү тажрыйбасын иштеп чыгуу зарылдыгын Фонд белгилей кетмекчи.
Тегерек столдогу талкууга БШК мүчөлөрү, КР президент аппаратынын жана Өкмөттүн кызматкерлери, Башкы прокуратуранын, ИИМдин, УКМКнын, Жогорку Соттун өкүлдөрү, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Кененирээк билүү >>
Ысык-Көл облусунун депутаттыгына талапкер аялдар менен жергиликтүү кеңештерге шайлоону даярдоо боюнча диалог болуп өттү
5-мартта Балыкчы шаарында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы БУУӨП менен БУУ-Аялдар биргелешкен долбоорунун алкагында жергиликтүү кеңештерге талапкер аялдар менен диалог өткөрдү.
Кыргызстандын ар кайсыл облустарында 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча алкагында диалогдордун сериясы өткөрүлүүдө, ал лидер аялдардын саясатка катышуусун кеңейтүүгө, аларды талапкер катары жергиликтүү шайлоого даярдоого, шайлоо укугу, шайлоо процесси чөйрөсүндө алардын дараметин арттырууга, ошондой эле жергиликтүү кеңештерде аялдар үчүн мандаттардын 30 пайызын резервге калтыруу боюнча мыйзам тууралуу кеңири маалымат берүүгө багытталган.
Рита Карасартова спикер болду. Тренингге Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы У.Исмаилов, Ысык-Көл облусунун ар кайсы район, шаарларынан – Ак-Суу, Жети-Өгүз, Түп райондорунан, Балыкчы, Каракол шаарларынан лидер аялдар катышты.
Диалогдун катышуучулары аялдардын шайлоого толук жана натыйжалуу катышуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. Трансформациялык өзгөртүүлөрдү алга жылдырууда лидер аялдар кандай роль аткарары тууралуу, чечим кабыл алууга/шайлоого аялдардын катышуусу эмне себептен маанилүү экендиги жана бул жамаатка кандай пайда алып келери тууралуу ачык пикир алмашуу болду. Катышуучуларга жергиликтүү бийликтин иш-милдеттери, шайлоо мыйзамдары, шайлоо процессинин этаптары, аялдардын саясий укуктарын коргоонун жана илгерилетүүнүн эл аралык жана улуттук механизмдери, аялдардын лидерлиги тууралуу маалымат берилди. Диалог чечим кабыл алуу процессине аялдардын катышуусунун маанилүүлүгүн алга жылдырган жана аялдардын шайлоого катышуусу жөнүндө стереотипке айланган түшүнүктөрдөн арылууга көмөктөшүүчү жаңы социалдык ченемдер тууралуу ой-пикирди биргелешип иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк берди.
Лидер аялдар шайлоо алдындагы платформаларды түзүүнүн практикалык көндүмдөрүнө ээ болушту. Учурдагы шайлоо КР БШКнын расмий сайтына шайлоо алдындагы программаларды милдеттүү түрдө жайгаштыруу тууралуу КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын талабы аткарылуучу жергиликтүү кеңештерге алгачкы шайлоо болору белгиленди.
КР БШКнын сайтында алдыдагы шайлоого катталган партиялардын жана талапкерлердин программалары жана каржылык отчеттору жайгаштырылмакчы. Сайттан партиялар жана талапкерлер тууралуу жалпы маалыматты дагы алууга болот.
Каржылоо булактарын жана сарптоолордун бардык беренелерин көрсөтүү менен партиялардын жана талапкерлердин каржылык отчетторун жарыялоо шайлоонун маанилүү учуру болуп калат.
№
Өткөрүлүүчү жер
Өткөрүлүүчү дата
1
Бишкек ш.
03.03.21
2
Нарын ш.
04.03.21
3
Балыкчы ш.
05.03.21
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
-
-
Кененирээк билүү >>
-
-
Кененирээк билүү >>
Жергиликтүү кеңештерге шайлоону даярдоо боюнча республикалык штаб Жалал-Абад облусунун даярдыгын текшерди
Жалал-Абад шаарында 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча республикалык штабдын отуруму болуп, аны Шайлоо жана Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Н. Шайлдабекова.
Жолугушууга Жалал-Абад шаарынын мэри Э.Ормоков, Жалал-Абад шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Н.Садыков, райондордун акимдери: Аксы - Ж.Шакиев, Ала-Бука - Б.Сагынбаев, Ноокен - А.Осмонов, Сузак - Т.Түркбаев, Токтогул - Т.Жайылов , Тогуз-Торо - У. Иманбердиев, Чаткал - Ж.Накатаев, Майлуу-Суу - Н. Маматов, Ноокен Н. Доолбеков, Кербен, Көк-Жаңгак, Майлуу-Суу, Кочкор-Ата, Кара-Көл, Базар-Коргон шаарларынын мэрлери, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, Мамлекеттик каттоо кызматынын Калкты тейлөө борборлорунун өкүлдөрү, “Жалал-Абадэлектро” ААК өкүлдөрү, аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын төрагасы катышты.
Учурда Жалал-Абад облусу боюнча шайлоочулардын тизмесинде 614 899 шайлоочу катталган, бул жалпы калктын 52,8% түзөт (1 165 001 адам). 2016-жылы өткөн жергиликтүү кеңештерге өткөн шайлоолорго салыштырмалуу тизменин өсүшү 4,4% түздү (1 миллион 050 034 жаранды түзгөн облустун жалпы калкынын ичинен 487 307 шайлоочу).
КР БШК башчысы Н. Шайлдабекова БШК мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте шаар тургундарын шайлоочулардын тизмесине киргизүү боюнча системалуу саясат жүргүзүп жаткандыгын белгиледи.
«Учурда БШКны ПРООНдун колдоосу менен БШК жана МКК өлкө боюнча маалыматтык автобустарды ишке киргизишти, алар 20-мартка чейин жарандарга биометрикалык маалыматтарды тапшыруу, паспортко документтерди тапшыруу ж.б кызматтарды көрсөтүшөт. Башкача айтканда, шайлоочулардын тизмесине киргизилиши керек болгон кызматтар көрсөтүлүүдө. Жалал-Абад облусунда автобустар 3-марттан баштап иштей баштады, алар жалпы 30 шаарды жана айылдарды кыдырышат. Биометрика шайлоонун ишенимдүүлүгүн камсыз кылуунун жана коррупция менен күрөшүүнүн маанилүү бөлүгү экендигин түшүнүшүбүз керек», - деди ал.
Саясий партиялардан талапкерлердин тизмесин шаардык кеңештерге каттоо 12-мартка чейин, айылдык кеңешке талапкерлердин тизмесин каттоо 22-мартка чейин уланары айтылды. Учурда Борбордук шайлоо комиссиясы саясий партиялардын, анын ичинде Жалал-Абад облусунун шаарларынын өкүлдөрү үчүн тренингдерди аяктап жатат, анда шайлоо мыйзамдарынын негизги маселелерин, шайлоо фонддорун түзүүнү, шайлоо кампаниясын каржылоонун ачыктыгын жана мыйзамдуулугун камсыз кылуу, үгүт иштерин жүргүзүү , ошондой эле ыкчам жооп кайтаруу координациялык топторунун иши жөнүндө маалымдалууда. Ошондой эле азыркы учурда жергиликтүү кеңештерге депутаттыкка талапкер аялдарды окутуу жүрүп жатат.
Жалал-Абад облусунда жергиликтүү кеңештерге боло турган шайлоолор үчүн 418 шайлоо участкалары жана 261 шайлоо округдары түзүлгөн. Мандаттардын жалпы саны 1 549 мандатты түздү, анын ичинен 522 мандат аялдарга таандык.
Шайлоо 7 шаардык жана 62 айылдык кеңеште өтөт.
Жалал-Абад шаардык кеңешине 5 саясий партиядан талапкерлердин тизмеси берилген, тизмеде 306 талапкер (аялдар - 105) бар, мандаттардын саны 31ди түзөт.
Кербен шаардык кеңешине 5 саясий партиядан талапкерлердин тизмеси берилген, тизмелерде 246 талапкер (аялдар - 81) бар, мандаттардын саны - 31.
Көк-Жаңгак шаардык кеңешине 3 саясий партия талапкерлердин тизмесин, 102 талапкер (36 аял) тизмеде, мандаттардын саны - 21.
Майлы-Суу шаардык кеңешине 5 саясий партиядан талапкерлердин тизмеси берилген, тизмеде 192 талапкер (64 аял), мандаттардын саны 31ди түзөт.
Кочкор-Ата шаардык кеңешине 5 саясий партиядан талапкерлердин тизмеси берилген, тизмеде 102 талапкер (аялдар - 36) бар, мандаттардын саны - 21.
5 саясий партиядан талапкерлердин тизмеси Базар-Коргон шаардык кеңешине берилген, тизмелерде 267 талапкер (аялдар - 88) бар, мандаттардын саны - 31.
Кара-Көл шаардык кеңешине 7 саясий партиядан талапкерлердин тизмеси берилген, тизмеде 350 талапкер (аялдар - 119) бар, мандаттардын саны - 21.
Жолугушуунун жүрүшүндө шайлоо комиссияларынын шайлоо күнкү ишин материалдык-техникалык жактан камсыздоо, санитардык-эпидемиологиялык коопсуздуктун нормаларын камсыз кылуу маселелери талкууланды.
Республикалык штабдын отурумунун аягында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Н. Шайлдабекова аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын БШКнын Ардак грамоталарын жана ыраазычылык каттарын тапшырды.
Кененирээк билүү >>
Кайыңды шаарында саясий партиялардын өкүлдөрүнө үгүт өнөктүгүнүн инклюзивдүү компоненти жөнүндө айтып беришти
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы КРдагы ПРООНдун колдоосу менен саясий партиялар үчүн бүткүл өлкө боюнча өткөрүлүп жаткан семинарлардын алкагында, Кайыңды шаардык кеңешине тизмесин тапшырган саясий партиялардын өкүлдөрү үчүн шайлоо мыйзамдары боюнча окутуу уюштурду.
Партияларга жергиликтүү кеңештердин депутаттарына мыйзамдар тарабынан коюлган талаптар эскертилди. Ошентип, тиешелүү административдик-аймактык бирдиктин жергиликтүү жамаатынын 21 жашка толгон жана кеминде орто жалпы билимге ээ болгон мүчөсү жергиликтүү кеңештин депутаты болуп шайланууга укуктуу. Сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылган же соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү менен эркиндигинен ажыратуу жайларында кармалып турган жарандар, соттолгондугу мыйзамда белгиленген тартипте алынып салынбаган адамдар шайланууга укугу жок.
Шаардык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо 2021-жылдын 12-мартына чейин, айылдык кеңештин депутаттарына - 2021-жылдын 22-мартына чейин аяктайт.
Талапкерлерге талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялар (ыйгарым укуктуу өкүл аркылуу) шайлоо фондусун түзүү жөнүндө, саясий партиянын каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү шайлоо катталган күндөн тартып 5 календардык күндүн ичинде түзүлүшү керектиги жөнүндө айтып беришти. Шайлоо күрөөсү төмөнкүдөй өлчөмдө белгиленет:
• Бишкек жана Ош шаардык кеңештерине - 50 000 сом;
• шаардык кеңештерге - 20 000 сом.
Катышуучуларга https://talapker.shailoo.gov.kg// сайтында жарыялануучу шайлоо фонддорунун каржылык ачык-айкындуулугу, ачык отчеттуулук жөнүндө айтып беришти.
Борбордук шайлоо комиссиясынын кызматкерлери үгүт өнөктүгүнүн жаңы стандарттары биринчи жолу жергиликтүү кеңештерге шайлоодо колдонула тургандыгын такташты. Маалыматтык материалдар аудио жана видео форматтарында (санариптик маалымат каражаттарында) сурдокотормо котормосун же субтитрди колдонуп, чоңойтулган шрифт менен басылып, окууга жеңил, ошондой эле Брайль шрифти жана (же) атайын шаймандар (тифло каражаттары) аркылуу экраны жеткидей программада тексттик файлдарды үн же тактилдүү сигналдарга айландырган компьютерде жана башка атайын каражаттарда даярдалышы керек.
Ошондой эле, шайлоо талаш-тартыштарын кароонун жол-жобосуна, бардык райондордо түзүлгөн ыкчам жооп кайтаруучу координациялык топтордун ишине көңүл бурулуп, алар аныкталган мыйзам бузууларга жооп бериши керек.
КР БШК Маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
07.10.2026
Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды
07.10.2026
КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү
06.10.2026
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
05.10.2026
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
02.10.2026
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
01.10.2026
КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү